Мурожаат учун ёки бепул батафсил малъумот олиш учун https://t.me/Uzbekmigrant_bot
Юристга ёзилиш +7 (495) 190-77-94
Last updated 3 weeks, 3 days ago
Last updated 9 months ago
Агар сиз идеал она,идеал рафиқа,идеал бека,идеал келин,бир сӯз билан айтганда идеал аёл бўлишни хохласангиз бизнинг каналимиз айнан сиз учундир.
РЕКЛАМА бўйича мурожаат:👸 Админ @ZamzamaS
Last updated 2 weeks, 1 day ago
Болочоктогу бейиштигиме кат!💌**
Кымбаттуу болочоктогу өмүрлөшүм эгер мени жакшы көрсөң, мага адалсыз сүйүүңдү билдирбе!
Бул мени сага жакындатпайт, тескерисинче, алыстатат!
Мени сезимдер менен ойногон оюндар кызыктырбайт!
Эгер мени чындап жакшы көрсөң, сабыр кыл!
Убакыт келгенде сен менин босогомо келесиң. Мага татыксыз артыкчылыктарды бербе.
Мени өзүңдөн алыстатып койсоң, мен сага жакындайм. Бирок эгер сен мага жакындай турган болсоң, мен сенден алыстайм!
Мени сүйбө. Мен сенин сүйүүнүн эмне экенин билбей турганыңды каалайм. Анткени мен сага сүйүүнү өзүм үйрөтүүнү каалайм. Ал күн келгенде, сен менин адал жолдошум болгондо гана сүйүүнүн ырахатын татып, Аллахтын ыраазычылыгына ээ болобуз !
Мага сезимдериң тууралуу айтпа, мага убактыңды арнаба!
Бул мени сага болгон жолдон алыстатат!
Эгерде мени жоготуп алууну каалабасаң мага такыр жакындаба!
Жакындап да аракет кылба!
Мен сүйгөн адамыма харам сүйүүнү жашоосуна каалабаган адаммын!
Сенин күнөөгө батканыңды, харам үмүт берүүнү каалабайм. Мен сенин жүрөгүңдүн азап тартканын каалабайм!
Өзүңдө сакталган тазалыкты жана сулуулукту,намысыңды, көзүңдү сакта ,корго. Мен сенин таза жана күнөөсүз болушуңду каалайм.
Мен сени каалайм, бирок Аллахтын ыраазычылыгы менен гана, шайтандын азгырыгына берилип эмес!
Ошондо гана мен сен үчүн бардык сыноолорго даяр болом!
Легкодоступтуу болбо, анткени анда мен сени баалай албай калам. Азыр мени сүйбө, ошондо мен сени жек көрбөйм!
Менин жүрөгүм сен менен бир болууну каалайт, сени жоготкусу келбейт!
Мен сенин убактылуу каалоо-муктаждыгым эмес, өмүрлүк жолдошум, сүйүүм, балдарымдын атасы болушуңду каалайм!
Мен сени менен бүт өмүрүмдү өткөрүүнү каалайм!
Бейиште дагы!
Кантип Аллахтын каарын чакырган сүйүүгө ишенем? Бул мүмкүн эмес. Биз шариаттын негизинде никеге турганда гана сүйүүбүз ыйык болот.
Ошондуктан, сабыр кыл жана көңүлүңдү чөгөрбө. Чыныгы сүйүү бул – сени коргоо. Чыныгы сүйүү бул – сени Аллахка жакындатуу. Чыныгы сүйүү бул –келечектеги жубайың үчүн керек болсо ойлорун да дагы кыянат кылбоо!
Мен дагы сен үчүн эч бир балага карабай кокус карап алсам сени эстеп кетип кайрадан кайрылып дагы карабаймын!
Деп,сенин келечектеги жубайыңдан кат!💌
© Жолдогу жолоочу 🪐**
\-Качан турмушка чыгасың?
\-Хаафыза болмоюн чыкпайм
Ошого эртерээк "Хаафыза"болуш керек***😁******😉***
**- Аллахтын Элчиси (саллаллаху алейха вассалам) да кайгыргандан кийин, сен дайыма бактылуу болгуң келеби?
- Ал да ыйлагандан кийин, сен дайыма күлөйүн дейсиңби?
- Ал да ач калган соң, сен дайыма ток болоюн дейсиңби?
- Сенде эч көйгөй болбосун дейсиң. Бирок атүгүл Аллахтын Элчиси кыйынчылыктарды көргөндөн соң, бул мүмкүн эмес…
Жаратылгандардын эң кайырдуусу, эң жакшысы андай жашабаган соң, сен экөөбүз жашайлыбы?
Дүйнө кыйынчылыктарына чыда. Алланын тагдырына сабыр кыл. Алланын жазып, тараткан ырыскысына ыраазы бол. Ыймандуу мусулман адам ушундай болот…**
#эскертүү
• Сыноолор түгөндү, натыйжасын билгени кетти…
NEBÎ СҮЙҮҮСҮ...♥️**
Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Азирети Айшанын үйүнө келип, Айша энебиз Алланын Элчисинин нурдуу сулуулугун карап, жылмайганда: «Эмне үчүн жылмайып жатасың, Айша?» деп сурашат.
Азирети Айша...?
"Оо, Аллахтын Элчиси, колумдагы ийне сен келе электе жерге кулап түштү. Канча издесем да таппай койдум. Сен киргенде бөлмө ушунчалык жарык болуп, ийнени оңой эле көрүп калдым. Ошон үчүн күлүп койдум», - деди ал.**
Кандай гана кооз сүйүү??
1.09.24
0:12
#сапардагы_жазуулар?
Жашоодогу жакшысыда жаманы да өзүңө жакындоомо себеп болсун Аллахым!?****
“Өзүңө өзүңдөй насип этсин”,-
дегенде буйдалбастан туруп
“оозуңа май, аминь” дей алгыдай ?
- өнүгөлү
- окуйлу
- таза жүрөлү
- илим алалы
- амал кылалы
Анын илимдүү, сабаттуу болушун каалайсыңбы?
Намазын бекем тургузган, аракетчил, ыкластуу, бир гана Аллах Тааланын ыраазычылыгына умтулган кул болушунчу?
Ии, дагы жөнөкөй, түшүнүктүү, адамгерчиликтүү, боорукер, берешен болсунбу?
Китепкөй да болсунбу , ээ?
Анда өзүбүз ошондой бололу ?
#nuruday
Апаң сени кыз (бала) үчүн ыйла деп төрөгөн эмес!?
Мурожаат учун ёки бепул батафсил малъумот олиш учун https://t.me/Uzbekmigrant_bot
Юристга ёзилиш +7 (495) 190-77-94
Last updated 3 weeks, 3 days ago
Last updated 9 months ago
Агар сиз идеал она,идеал рафиқа,идеал бека,идеал келин,бир сӯз билан айтганда идеал аёл бўлишни хохласангиз бизнинг каналимиз айнан сиз учундир.
РЕКЛАМА бўйича мурожаат:👸 Админ @ZamzamaS
Last updated 2 weeks, 1 day ago