Мурожаат учун ёки бепул батафсил малъумот олиш учун https://t.me/Uzbekmigrant_bot
Юристга ёзилиш +7 (495) 190-77-94
Last updated 2 weeks, 1 day ago
Last updated 11 months, 1 week ago
Агар сиз идеал она,идеал рафиқа,идеал бека,идеал келин,бир сӯз билан айтганда идеал аёл бўлишни хохласангиз бизнинг каналимиз айнан сиз учундир.
РЕКЛАМА бўйича мурожаат:👸 Админ @ZamzamaS
Last updated 1 week, 6 days ago
📌Жоолук салындыңызбы? Хиджабтын талаптарына ылайык кийиниңиз.
Эскертүү: Үйдө махрамдарынын көзүнчө шым кийип тизеден көйнөк кийип жүрсө болот. Көчөгө чыкканда шым , анын үстүнөн тизеден ылдый узун көйнөк ( кийим ) кийүү керек. Шым кийип башына жоолук ороп алса эле хиджаб болуп эстептелип калбайт. Хиджабтын өзүнүн талаптары бар. Жоолук салынгандан кийин толук дин менен жашоого, такыба болууга аракет кылыңыз динге кирүүнү каалаган адамдар сизди көрүп туура эмес үлгү алып калбасын! Сиз жоолук салынгандан кийин , исламдын жүзүсүз.
Кийимдин милдеттүү болгон шарттары:
1. Кийилген киимдин туруш - турпатынын өзү жасалга (зыйнат) болбоосу .
⠀
2. Кийимдин алдындагы денени көрсөтпөй турган деңгээлдеги калың болуусу .
⠀
3. Мүчөлөрдүн көлөмүн аныктабай турган деңгээлдеги кенен болуусу .
⠀
4. Адамдардын көңүлүн өзүнө тарта турган атырлар жана жыпар жыттардын сүйкөлбөгөнү .
⠀
5. Эркектердин жана пасык (шарият жолунда түз жүрбөгөн) аялдардын кийимдерине окшош болбоосу .
⠀
6. Шухрат (башкалардан өтө айырмаланган жана обочолонгон) кийим болбоосу .
⠀
7. Дененин жүз жана эки колдон башка мүчөлөрүнүн баарын жапкан болуусу керек.
• Жоолукту көкүрөктү жаап салынуу керек, кийилген кийим мусулман аял затынын денесинин түзүлүшүн билдирбөөсү керек.
• "Жука кийим кийген аял Бейиштин жытын да таппайт"
• Хадис: Абу Хурайрадан (р.а) риваят: Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: " Тозок ээлеринин эки жамаатын мен азырга чейин көргөн жокмун " .
• Бир жамаат,аларда уйдун куйругундай камчысы болот, аны менен элдерге зулум кылып, сабашат.
• Экинчи жамаат,ушундай аялдар кийим кийишет,кийим денесин жаппайт. Эркектердин көңүлүн буруучу жана эркектерге көңүл буруучулар болот.
• Алардын баштары төөнүн өркөчү ийилип тургандай сыяктанат башкача айтканда баштын чачын артына жыйнап, үстүнө мода кылышып тургузуп коюшат. Мындай аялдар Бейишке кирбейт, Бейиштин жытын да жыттабайт. Алып көрсөк Бейиштин жыты өтө алыстан келет, башкача айтканда 500 жылдык алыстыктан келет " .
📌 САЛАВАТ ОКУУНУН УБАКТЫЛАРЫ.
• Беш убак намаздан кийин.
• Азандан кийин.
• Икооматтан кийин.
• Мечитке киргенде жана чыкканда.
• Даарат алып жатканда жана даараттан кийин.
• Дубанын башы жана ортосунда.
• Жума күнү.
• Дүйшөмбү кечеси.
• Пайгамбарыбыз с.а.в.дын атын укканда, окуганда жана көргөндө.
• Үйгө киргенде.
• Кайсы бир нерсени унутканда .
• Катуу кыйынчылык келгенде.
• Уктаганда жана уйкудан ойгонгондо.
• Мусулман менен жолукканда.
• Орозо айт жана Курман айт күндөрү.
• Эртең менен жана кечинде.
• Дин китептерин окуп жана окутуп жатканда .
• "Равзаи Мубарак" жана "Каабаны" зыярат кылып жатканда.
Ассаламу алейкум ва рохматуллохи ва баракатух!
Кандайсыздар?
🌝
Жума маарек болсун!
📌 ШАЙТАНДАН КОРГОЙ ТУРГАН АМАЛДАР
• "Ауузу биллаахи минаш - шайтоонир рожиим" деп айтуу.
• Фалак жана Нас сүрөөлөрүн окуп жүрүү.
• Аят Аль- Курсини окуп жүрүү.
• Аль- Бакара сүрөөсүн толук окуу.
• Аль- Бакара сүрөөсүнүн акыркы эки аятын окуу.
• Аллахты көп зикр кылуу.
• "Лаа илааха иллаллоху уахдахуу лаа шариикалаху. Лахуль мульку уа лахуль хамду уа хуа аълаа кулли шайин кодиир" дубасын 100 жолу айтуу.
Мурожаат учун ёки бепул батафсил малъумот олиш учун https://t.me/Uzbekmigrant_bot
Юристга ёзилиш +7 (495) 190-77-94
Last updated 2 weeks, 1 day ago
Last updated 11 months, 1 week ago
Агар сиз идеал она,идеал рафиқа,идеал бека,идеал келин,бир сӯз билан айтганда идеал аёл бўлишни хохласангиз бизнинг каналимиз айнан сиз учундир.
РЕКЛАМА бўйича мурожаат:👸 Админ @ZamzamaS
Last updated 1 week, 6 days ago