Emil Andartegin Ustaz "СУРОО-ЖООП" КАНАЛ

Description
Advertising
We recommend to visit

❤️‍🔥 Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz 🎶

❤️‍🔥 Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda 🎶

Reklama uchun: @T1MoTel_23

Last updated 1 month, 1 week ago

🔞 КАТТАЛАР УЧУН❗️
Ходиса расмий канали ✅️

🌐 Жаҳондаги муҳим воқеалар, тезкор ва махфий ходисалар!

⚡️Воқеа ёки ҳодисанинг гувоҳи бўлдингизми?
Унда бизга юборинг:

📩 Taklif uchun: @Reklama715

Last updated 1 month, 3 weeks ago

3 days, 19 hours ago

“Куран шапаат берүүчү, шапааты кабыл болуучу, ошондой эле ишеничтүү коргоочу. Ким Куранды астына койсо, аны бейишке ээрчитип барат, артында таштаса, тозокко айдап барат”.

Ибн Хиббан (1793), аль-Байхакий (2010), ат-Тобарий (8655, 10450).

4 days, 10 hours ago

СУРОО:
Өгөй кайнатанын астында жоолук (хижаб) салынып журуу окуму кандай?

Ustaz Emil Andartegin:
Өгөй кайын ата - махрам эмес.
Хиджабыңызды алдында чечпешиңиз керек.

Махрамдыктын себептери үчөө:
1. насаб (ата-бала, эне-кыз).
2. Мусахара (өз кайната-өгөй бала, кайын эне-өгөй кыз).
3. Радаъа (эмчектеш бир туугандык)
Ушул себептердин бирөө болсо - махрам болот. Ал менен никеге туруу түбөлүккө арам. Ошондуктан аял киги махрамдын алдында жоолугу жок жүрсө болот.

@andartegin
#андартегин
#суроо-жооп

1 week, 1 day ago

Ахлу Суннат уаль Жамаа (Матуридия) акыйдасынын аламаттары:
1. Кудай Затын жана сыпаттарын, кыялга келген бардык элестерден аруулоо. Бардык жеткилең сыпаттарды таңуулоо, бардык кемчиликтерден аруулоо.
2. Алла Тааланын орду жок. Аршта отурбайт.
3. Алла Таалага мүчө таңуулабайбыз. Алла Таала андайдан Аруу Зат.
4. Чоң күнөө кылган адам каапыр эмес.
5. Тавассуль (ортомчу кылуу) уруксат (фикхий маселе).
6. Таухид үчкө бөлүнбөйт.
7. Пайгамбарыбыз (С.А.В) кылбаган нерсенин өкүмү АРАМ эмес (фикхий маселе).
8. Өлгөн адамга Куран окуп, сообун багыштоо - уруксат (фикхий маселе).
9. Куран-Сүннөттү түшүнүүдө акыл иштетишет.
10. Пайгамбарыбыздын (С.А.В) доорунан баштап мусулмандардын көпчүлүгү туура жолдо.

Туура эмес агымдардын, секталардын аламаттары:
1. Алла Таала асманда, аршта дешет.
2. Кудайдын колу бар, кандай кол экенин билбейбиз дешет.
3. Чоң күнөө кылган адам каапыр болот дешет.
4.Тавассуль кылса ширк болот дешет.
5. Таухид үчкө бөлүнөт дешет. Улухият, Рубубият ж/н асмаа уа сыфат.
6. Пайгамбарыбыз (С.А.В) кылбаган нерсени кылуу арам, БИДЪАТ дешет.
7. Өлгөн адамга Куран окуганга болбойт дешет.
8. Куран-Сүннөттү түшүнүүдө акыл иштетишпейт.
9. Пайгамбарыбыздын (С.А.В) доорунан кийин ортодо миң жыл мусулмандар ширкте жүрүшкөн дешет.
10. Мөөлүт, кызыл ашыктан узун шым кийүү арам дешет ж.б.

Emil Andartegin

2 months, 1 week ago

СУРОО:
Салам алейкум Устаз.
Тулпар футболкасын сатып алып, лотерея ойносо болобу?

Ustaz Emil Andartegin:
Кардарларды тартуу максатында товар сатып алгандардын арасында байге утуш ойнотуу төмөнкү шарттар менен уруксат:
1. утуш (лотерея, розыгрыш) ойнотуу үчүн товардын баасына кошулбашы керек б.а. утуш ойнотулган товар ошондой эле бирок утушу жок товардын баасындай болуусу керек.
2. Утуш ойнолуп жаткан товардын өзү, сатып алууда биринчи кезекте, утушка карабастан максат кылыныш керек.
Ушул шартты товардын сатуучусу жалпыга жарыялоосу кажет. Эгер товарды сатып алуунун негизги максаты - байге утуу болсо, бул абалда утуш ойнотуу дурус болбой.
3. Утуш мүмкүнчүлүгү бардык кардарларда бирдей болуусу керек.
4. Утушка катышуу үчүн кошумча төлөмдөр түз же кыйыр түрдө коюлбоо керек.

Сиздин маселеңизде айтылган шарттар табылган болсо, товарды сатып алып, байге утушка катышса болот. Эгер жогорку шарттар табылбаса, кумар оюндарына кирип калгандыктан шариятта уруксат эмес.

#andartegin

3.3.3: يجوز منح جائزة يشترط للدخول في السحب عليها شراء سلعة أو خدمة بالشروط الآتية:
3.3.3.1 ألا يزاد في ثمن السلعة أو الخدمة المشترط شراؤها للدخول في السحب عن سعرها بدون حق السحب.
3.3.3.2 أن تكون السلعة أو الخدمة المشترط شراؤها للدخول في السحب مما يقصد شراؤه بصرف النظر عن الجائزة، و على المؤسسة تنبيه الجمهور إلى ذلك عند الإعلان عن الجائزة. فإن غلب على الظن أن الداخلين في السحب لا يشترونها إلا لغرض الحصول على الجائزة، فلا يجوز وضع الجائزة في هذه الحال.
3.3.3.3 أن تكون فرص الفوز في كل سحب متساوية لجميع الداخلينفي السحب.
3.3.3.5 لا يجوز اشتراط دفع رسم أو ثمن للدخول في السحب على الجائزة بشكل مباشر أو غير مباشر.

المعايير الشرعية: المعيار رقم 55. صـ 1288.

2 months, 2 weeks ago

СУРОО:
Саламатсызбы!
Хотела спросить: допускается ли аборт если муж категорически против?
Или можно ли развестись с мужем будучи беременной, если он не хочет ребенка.
PS: есть двое маленьких детей.
Причина аборта-отсутствие своего дома, и мое состояние (головокружения частые)

Ustaz Emil Andartegin:
{Кедейликтен коркуп балдарыңарды өлтүрбөгүлө! Аларга да, силерге да ырыскыны Биз беребиз. Акыйкатта, аларды өлтүрүү - чоң күнөө} (Исра: 31-аят).

Эркектик белсуу менен энелик жумуртканын уруктануусу - түйүлдүктүн пайда болуусуна себеп.
Себепти тоссо болот (сактануу каражаттарын колдонуп).
Урукташып, түйүлдүктүн байлануусу - Алланын өкүмү.
Эненин жанын сактап калуу максатынан башка эч бир абалда Алланын өкүмү менен пайда болгон жанды кыйганга болбойт (өлтүрүү).

Ажырашпаңыз. Анда ал оңой кутулат. Силерди баксын. Милдети.

﴿وَلَا تَقۡتُلُوۤا۟ أَوۡلَـٰدَكُمۡ خَشۡیَةَ إِمۡلَـٰقࣲۖ نَّحۡنُ نَرۡزُقُهُمۡ وَإِیَّاكُمۡۚ إِنَّ قَتۡلَهُمۡ كَانَ خِطۡـࣰٔا كَبِیرࣰا﴾ [الإسراء ٣١]

2 months, 2 weeks ago

СУРОО:
"Аль-Анкабут" сүрөөсүнүн 45- аяты. Иним ушул сүрөөнү окуп алып, намаз андай эле маанилүү эмес деп жатат. Туурабы?

Ustaz Emil Andartegin:
Курандын котормосун устазсыз окуганга болбойт. Дин илими китептерден алынбайт, аалымдардын жүрөктөрүнөн алынат. Ким устаздардан илим албаса, шайтан анын устазы болот.

Имам аль-Байдавий (و لذكر الله أكبر)[ал эми Алланы эстөө (зикр) эң чоң!]- деген аятты мындай деп тафсирлейт:
Биринчи мааниси - Намаз башка итааттарга (ибадаттарга) караганда эң чоң итаат. Анткени намазды башка ибадаттардан артык кылган, күнөөлөрдөн тоскон нерсеси - зикр (Алланы эстөө), намаздын өзөгү.
Экинчи мааниси - Алланын силерди ырайымы менен эстөөсү, силердин Алла Тааланы ибадат менен эстөөңөрдөн да чоң!

4 months ago

СУРОО:
Ассалоому алейкум. Узтаз сурайын дегем… Балалуу болуш үчүн кыз же уул болушун кээ бир адамдар санатат экен. Баланча жылы баланча айда кыз болот.( же эркек болот) деп ошого ишенсе, Кудайга ширк кылган болуп калабызбы?

Ustaz Emil Andartegin:
Аялдын тазалык күндөрүнү санап, тажрыйбадан, адатта ушул күндөрү бойго бүтсө уул болот, мындай болсо кыз болот деп, болжолдуу түрдө себеп катары санатса уруксат. Бирок мынчанчы жылы, мындай айда уул же кыз болот деген акыйдабызга туура келбейт. Ал бакшылык. Ширк.

4 months ago

СУРОО:
Ассаламу алейкум устаз гайморитте чыккан ириң дааратты бузабы?

Ustaz Emil Andartegin:
Гаймориттен чыккан ириң (чимкирик) дааратты бузбайт.

النتف في الفتاوى لأبي الحسن السغدي البخاري ــ - (1 / 35)
قسم منه طاهر وبخروجه لا ينتقض الوضوء وان اصاب شيئا لا ينجسه وهو عشرة اشياء
1 وسخ الاذان
2 ودموع العين
3 والمخاط
4 والبزاق
5 والبلغم
6 واللبن
7 والعرق
8 ووسخ جميع البدن
9 والرمص
10 واللعاب

4 months ago

СУРОО:
АССАЛАМУ АЛАЙКУМ ВА РАХМАТУЛЛОХИ ВА БАРАКАТУХУ! 5 АЙЛЫК,ВАРАЧТАР ПОРОК СЕРДЦЕ ДЕП ДИАГНОЗ КОЙГОН.БИРӨӨЛӨРДҮН ТАЖЫРЫЙБАСЫНАН УГУП КАЛДЫК.АЛИМРОН СҮРӨӨСҮНҮН 82 АЯТЫНАН 84 ЧҮ АЯТЫНА ЧЕЙИН КАГАЗГА ЖАЗЫП,АНАН ЗАМЗАМ СУУГА КОШУП ИЧИРЕТ ЕКЕН.АНДАН СОН ЗАМ ЗАМ СУУГА ЖУУНТАТ ЭКЕН,ТАЖЫРЫЙБАСЫНДА ЖЫЙЫНТЫК БОЛУПТУР.АЛБЕТТЕ БИЗ СЕБЕБИН КЫЛАБЫЗ ,АЛЛАХ ШЫПАА БЕРҮҮЧҮ.СИЗДЕЙ ААЛЫМДАРДЫН КӨЗ КАРАШЫ КАНДАЙ ЖООБУНУЗДУ КҮТӨМ.АЛЛАХЫМ ИЛИМИНИЗГЕ БЕРЕКЕСИН БЕРСИН🤲🤲БАШКАЛАРГАДА ПАЙДАЛУУ БОЛООР АЛЛАХ КААЛАСА.

Ustaz Emil Andartegin:
Себеп катары дем салып, шыпааны Алладан күтүп мындай нерсени кылсаңыз шариятта уруксат. Аллахым перзентиңизге шыпаа берсин, өмүрүн берекелүү кылып, Өзүнүн такыба пенделеринен кылсын

4 months ago

Далили жок сөз — чала күйгөн чычала.
Бирөө, экөөнүн катасын тууралап койсоң, жаны калбай чычалап “жамаатка душмансың” дешет. Жамаатты аралаштырбай эле жаңылганды оңдо.
Зыярат кылып койсоң, Брелвийсиң, такфиристсиң дешет.

Мен, Эмиль Андартегин - брелвийге тиешем жок! Таблиг да эмесмин!
Орто азияда миң жылдан бери салтуу болуп калыптанган матуридий, ханафиймин. Египетте окуганмын. Азхариймин. Матуридий акыйдасы боюнча ким менден ката тапса, жарыялап айтсын.

Брелвийлерге аалымдар кеңеши, расмий иш сапары менен барганыбыз чын. Таблигчилер чакырса, аларга да сөзсүз барабыз.

Аллахым! Кыргызымды брелвий менен таблигтин ортосундагы фитнадан сакта🤲🏻

(бревлий - дегенди көбү биринчи жолу укса керек😄😄😄)

We recommend to visit

❤️‍🔥 Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz 🎶

❤️‍🔥 Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda 🎶

Reklama uchun: @T1MoTel_23

Last updated 1 month, 1 week ago

🔞 КАТТАЛАР УЧУН❗️
Ходиса расмий канали ✅️

🌐 Жаҳондаги муҳим воқеалар, тезкор ва махфий ходисалар!

⚡️Воқеа ёки ҳодисанинг гувоҳи бўлдингизми?
Унда бизга юборинг:

📩 Taklif uchun: @Reklama715

Last updated 1 month, 3 weeks ago