Всем Карамба! Тут вас ждут мемы, юмор и приколы
По рекламе: @newbrandmediabot
Last updated 3 weeks, 3 days ago
хэлп от taehyung хелп
Last updated 7 months, 3 weeks ago
Last updated 1 month, 1 week ago
Бул дүйнөдө сиз жетпеген бакыттар, дүйнө ыракаты акырет алдында кыпынчалык да кадырга ээ эмес. Бул күндөр сиз оорусаңыз да, оорубасыңыз да көз ачып жумганча өтүп кетет. Акырет сапары ал түбөлүк бакыт же азап. Ошон үчүн эч качан капаланып кайгыга чөмүлбөңүз, Жараткандын жакшылыгынан үмүт кылып, оорунун себебин алдын алууга аракет кылып жашай бериңиз…
Байкап көрдүңүзбү тууганым, сиздин канчалык Аллах алдында жогору инсан экениңизди. Сизден кабар алган инсандарга канча сооп жазылып жатат, а сиздин ооруган ар бир демиңизге канчалаган кечирим сооптор жазылып жатат болду экен. Балким сиз окуп жаткан болсоңуз, бул убадалар сиздин жүзүңүзгө жылмаюу, жан дүйнөңүзгө тынчтык тартуулап жаткандыр… Бул убадалар адамзаттын куру убадаларынан эмес, Улуу Жараткандын убадасы! Ал сөзсүз ишке ашат!
Пайгамбарыбыз (саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: «Эгер сен оорукчандан кабар алсаң, андан сага дуба кылып коюусун өтүн. Себеби, анын дубасы периштелердин дубасындай (кабыл болот)» (Ибну Мажа).
Аял менен эркектин үй-бүлөдөгү орду
Аялдарга болгон жоопкерчилик эркектерге жүктөлгөндүгүнө байланыштуу эркектер ар дайым аял затын бешиктен кабырга чейин кадырлап кастарлап калкалап жүрүүсү милдеттендирилет. Ошондуктан үй-бүлөдөгү аял менен эркек шарыят көрсөткөн чектен чыкпай ар кимиси озунун ордун толук билгенде гана бактылуу жашоо болот. Шарыят белгилеген төмөнкү милдеттер так аткарылса ал үйдө чыр чатак болбойт жана береке келет.
Намаз пенденин Жаратуучусу менен болгон баарлашуусу, анткени, намаздын ичинде бир канча ибадаттар бар. Мында даарат, ниет, Аллага сажда кылуу, Пайгамбарга (салаллаху алейхи уа саллам) салават айтуу, дуа, зикир камтылган. Намаз менен пенде өзүнүн Эгеси болгон Алла Таалага жакындайт, туура жолго багыт алат, ыйманын бекемдейт, жүрөгү, денеси тазарып, жан дүйнөсү тынчтык табат, Акыреттеги эң биринчи суракка даярданат. Эң негизгиси Бейиштин ачкычын алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Намаз – бул Аллах Субхану уа Тааланын пендесине берген эң чоң белеги, ибаадаттардын эң жогорку даражадагысы. Кыяматта ыймандан кийин эле сурак намаздан башталат.
Аялдар табиятынан сезимтал болгондуктан, эркек аны аяп, анын сезимдерине аяр мамиле кылуу керек.
Эркек убактысын жалаң өзүнүн жумуштары, жолдоштору менен эле өткөрүп, аялына көңүл бурбай койбош керек.
Эркектин аялга болгон мамилеси жөнүндө.
Күйөөсү менен аялы бири бирин толуктап турат. Жашоодо ар биринин өзүнчө милдети бар. Үй-бүлөгө камкорчулук кылуу бийик адеп-ахлактын белгиси, күйөөсү менен аялынын ортосундагы мамиле өз ара сүйүүгө жана мээримдүүлүккө негизделиш керек.
Пайгамбар (с.а.в.) айтты: “Ким өзүнүн үй-бүлөсүнө мээримдүүрөөк болсо, ошол ыйманы бийик момун болуп эсептелет”. Дагы: “Силердин эң жакшыңар өзүнүн үй-бүлөсү менен эң жакшы болгону жана силердин араңардагы эң жакшыңар менмин” деген. Үлгү алууга Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) жашоосу мисал болуш керек. Пайгамбарыбыз (с.а.в) өзүнүн кийимдерин өзү жамап, бут кийимин өзү оңдогон, аялына балдарды тарбиялап, үй жумуштарын кылууда жардам берген. Жана ошондой эле Пайгамбарыбыз (с.а.в) туугандарына да жардам берип турган. Алладан бекем ыйман, диний билим жана ушуга ылайык үй-бүлөдөгү жашкы мамилени сурайбыз.
. О, уулум! Намазды [ар дайым] окуп жүр, жакшылыкка буюруп, жамандыктан кайтар жана өзүңө жеткен машакатка сабырдуу бол! Чынында бул нерселер бекем ниет менен аткарылчу иштерден…
Всем Карамба! Тут вас ждут мемы, юмор и приколы
По рекламе: @newbrandmediabot
Last updated 3 weeks, 3 days ago
хэлп от taehyung хелп
Last updated 7 months, 3 weeks ago
Last updated 1 month, 1 week ago