Infinite Entertainment, Zero Cost: Get Your Free Books, Music, and Videos Today!

Aisuluu Almaz✨

Description
Кыргызча күндөлүк #кыргызча
Advertising
We recommend to visit

Всем Карамба! Тут вас ждут мемы, юмор и приколы

По рекламе: @newbrandmediabot

Last updated 3 weeks, 3 days ago

хэлп от taehyung хелп

Last updated 7 months, 3 weeks ago

Last updated 1 month, 1 week ago

1 month, 1 week ago

Баса жабык телеграм каналым даяр болду, катышкыңар келсе төмөндөгү шилтеме аркылуу маалымат алып, кошулуп алсаңар болот👇🏻

t.me/denisakmamile_bot

1 month, 1 week ago

"Жаңы кыргыз адабияты" аттуу чыгармалар жыйнагына жаш акын-жазуучуларды издейбиз...

Арстан экөөбүз кыргыз тилинин жана адабиятынын өнүгүүсүнө салым кошуу максатында жылда бир жолу жарык көрө турчу "Жаңы кыргыз адабияты" аттуу чыгармалар жыйнагын, биздин куруп жаткан Балаком басма үйү аркылуу чыгарып туралы деп ойлоп жатабыз.

Илгери жазуучулар алгачкы чыгармаларын белгилүү адабий гезиттерге чыгарып жүрүп аты чыгып анан китептери басылып чыкчу эле го... Акындын, жазуучунун эң алгачкы ыры, аңгемеси баланча гезитке басылып чыккан деп адабият сабагынан окучу элек...

Дал ошол жаш акын-жазуучуну эл алдына алып чыгып, окурмандарына жолуктуруп, өзүнүн жана өзү сымал башка жаш таланттардын чыгармаларын алгачкы жолу чоң томдук китепте колуна кармап, чыгармачылыгына тушоо кесилип, өркүндөп-өсүүсүнө өзгөчө шык жана дем алсын деген максат менен "Жаңы кыргыз адабияты" аттуу керемет чыгармалар жыйнагын жылда чыгарууну адатка айланткыбыз келип жатат...

Андыктан, менин ушул ырым, аңгемем, чыгармам 2024-жылынын акырында жарык көрчү "Жаңы кыргыз адабиятында" чыкса сонун болмок деген жаш акын-жазуучуларды издейбиз.

Шарттарыбыз:

Оригиналдуу, башка жерде жарык көрбөгөн чыгармаңызды 1-июнь, 2024-жылга чейин төмөндөгү электрондук дарекке жөнөтүңүз:

madamize.letter@gmail.com

Чыгарманын Word же PDF форматында, каталарын текшерип, "ө, ү, ң" кыргыз тамгаралын колдонуп, төмөндөгү маалыматтар менен кошо жибериңиз:

⁃ толук аты-жөнүңүз
⁃ өзүңүз тууралуу кыскача маалымат
⁃ электрондук дарегиңиз (email)
⁃ телефон номуруңуз

1-июнь, 2024-жылы Бишкек сааты кечки 12де кабыл алуу жабылып, 1-август, 2024-жылга чейин тандоо иштерин жүргүзөбүз.

Тандалган чыгармалардын ээлерине 1-август, 2024-жылы байланышабыз.

Эмитен баардык катышуучуларга ийгилик каалайбыз!

Терең урматыбыз менен,
Арстан & Айсулуу

1 month, 1 week ago

Тиричиликтин арасынан суурулуп чыгып, кыялдарга чуркаган эрдикти талап кылат…

Курсагың, чөнтөгүң тойгондон кийин өзүңдүн чыныгы ким экениңди, нукуралуулугуңду таанып, өзүңдү оң, терс сапаттарың менен кошуп кабыл алганда анан канча жылдан бери аркалап жүргөн кесибиң, ал тургай куруп алган кыялдарыңдын канчалык табигатыңдан алыстап, коомдо актуалдуу болгон “ийгиликтүү болуу” деген идеяны кубалап алганыңды түшүнөт экенсиң…

Балким акыркы он жылда чет өлкөдө окуп да, иштеп да, бир канча жерде жашап да көрүп, бир топ нерсе мени баягыдай түрктөр айткандай, шашыртпай, аа деп таң калдырып, кызыктырбай калдыбы айтор, илгеркидей улам бир жер көрүп көп саякаттагым да көп келбей калды…

Анан ох дал ушундай үзгүлтүксүз иштей берсем, бир күнү дүйнөлүк иш каналардын финансы бөлүмүн жетектейм, бизнес чөйрөсүндө укмуш ийгиликтүү лидер айым болом деген кыялдарды мен эмес эле башка бир адам куруп койгодой кыял-максаттарым да чоочун болуп сезилип калды… ичимде башкача бир оңурайган боштук…

Көрсө бала кезде кыялданып, аркалагың келген кесип, чыныгы табигатыңа жакын болот окшойт да… бала нукуралуулугунан, рухунан мээси, денеси алыстай электе ким болгусу келгенин билет окшойт…

Анан кесибимди алмаштыргым келип, кайрадан окууга тапшырып, өзүмдү кайрадан жараткым келип, жакындарым колдоп, макул болуп койсо эле баштайт элем дегендей ойдо болуп, өткөндө мамама чалып, кайрадан окууга тапшырып, финансыдан башка нерсени окугум келип жатат десем, мамам “азыр өзүңдү каржылаган чоң аялсың да, каалаганыңды оку, кайсы иш жакса ошону жаса” десе ушунчалык жаш баладай, баягы мектепти бүтүрүп жогорку окуу жайына тапшыргым келген 17 жаштагы өспүрүм кыздай сүйүндүм го…

Көрсө, бир убакта кыялданып окуп, жетип, жасап келген кесибиң да кадимки тиричилик абалына келип, баягыдай кызыкпай калуу нормалдуу көрүнүш окшойт…

Эң негизгиси чымырканып, эртең өкүнүп калбайын, жашоомду, өзүмдү кайра жаратайын дегенге кудуретиң жетип, болгон дараметиңди жумшооң эң маанилүү окшойт…

1 month, 2 weeks ago

Баса бул темада телеграмдагы жабык каналымда кеңири айтып берем…

1 month, 2 weeks ago

Дос-душман деген ким билесиңерби?

Адамдан табигатын изилдеген жазуучулардын китептерин окуганды, катышкан подкасттарын укканды аябай жакшы көрөм. Отуруп окуганга убактың жокто, пайдалуу подкастты басып, оокат кылып жүрүп уккан аябай жагымдуу го.

Анан кечээ жумушта көп ойлондурбаган бир баяндаманы анализдеп жатып, белгилүү Америкалык жазуучу, китептери чоң сынга, уруш-талаш чордонунда калган Роберт Грин катышкан подкастты угуп, досуң сымал көрүнүп, а чынында жүрөгүнүн түпкүрүндө сени көрө албаган, сени менен атаандашкан чала дос, тагыраагы дос-душман тууралуу берген аныктамасы ушунчалык жакты…

Дос-душман же англисчеси frenemy түшүнүгүн Роберт мырза, “сени менен атаандашып, же сени, жасаган эмгектериңди көрө албай жаткан сезимдери ашып-ташып кетип, сени менен таанышып, сени менен тез арада достошуп, жан дүйнөңө кирип туруп анан сени жаралайт, анан ал жарадан чоң жабыркайсың, адамдар менен достошкондо, өзгөчө, жан-талашып, сени менен шашып мамиле кургусу келген адамдардан абайлаш керек, жыйынтыгы сен үчүн жаман болот” дейт…

Анан дагы “адамдын аң-сезим түпкүрү ушунчалык күчтүү, сени көрө албай, мээси, денеси кайнап, сени менен атаандашып, сага жакындагысы келип жатканын өзү да көп учурда байкабайт, ал атайылап, билип келгенден да коркунучтуу” дейт жазуучу…

Достон жолум жок, эмнеге ким менен таанышып мамиле куруп баштасам эле бир аздан кийин атаандашым, жасап жаткан ишимди көрө албай, көтөрө албай өйдөлөнүр калышат деп көп изилдеп жаткам.

Ал тургай психологго көрүнүп, өзүмдү эми кайрадан жараткым келет, достон жолум жок, мындан ары таанышкан адамдар менен кандай мамиле куруум керек, кайдан, кандай ката кетирдим деп сураганымда психологум өткөн жумада “сенин аракетчилдигиң, өзүңө ишенгениң, оюңду эч кимден коркпой айта алганың, койгон максаттарыңа жетип, күндө өсүп, өнүгүп жатканың айланаңдагы көп адамдардын кыжырына тиет, алар өзүнүн жашоосун карап, эмнеге мен андай кыла албайм, эмнеге мен жылбай элем деген сезимдерди жаратып, сени жек көрүүсүнө алып келет” деген сымал көзөмөлүн айтканда ойлонуп калгам…

Анан жогоруда эскерген подкастты угуп, атың чыгып баштаганда, өзгөчө баары азыркыдай соц. тармактарда жайылган дүйнөдө бул нерсенин азайбай көбөйө турганын божомолдоп, адамдар менен канчалык жакын мамиле курам десең деле баары бир адамдын пенделик напсиси болгондон кийин, бирде болбосо бирде эмгегиңди көрө албай, өзүн башкара алган бийиктик деңгээлге жете албай калат окшойт деп ойлоп калдым…

Адамсың да, кээде сезимдериңдин курманы боло каласың, анан тирүүлүктүн маңызы ошол болсо керек, кечээ жасаган катаңды бүгүн кайталабайын, оңолоюн, адам болоюн деп өзүңдү талбай күндө тарбиялайсың…

Анан жан дүйнөңө ар кимди эле киргизбей, кылдат мамиле кылып, сүйлөшө турчу адамдарды иргеп, этият болуп, өзүңдү коргоп каласың.

Ошол болгону…

1 month, 2 weeks ago

Кутман кеч🌛

Инстаграмда тарыхчаларда азыр айтып бергендей, биз козгогон темаларды, өзгөчө эмоц. жетилүү, дени сак мамиле куруу, аң-сезимдүү жашоо темаларын кеңири талкуулайлы, мен блогдо айта албаган жеке тажрыйбаларымдан айтып берейин деп, телеграмда жабык группа түзүп жатам.

Кирүү акысы айына 500сом болот,

Кызыккандар болсо жеке катка жазсаңар э, кеңири маалымат жөнөтөм.

🫶

1 month, 2 weeks ago
Абдан маанилүү темада кыска видео бөлүштүм,

Абдан маанилүү темада кыска видео бөлүштүм,

бул жума бул туурасында дагы жакшылап кеңири айтып берем👇🏻

https://vm.tiktok.com/ZMMBcHNTw/

1 month, 2 weeks ago

Жашооңдон чыгып кеткен адамдардын улам жакшы тарабын эстеп, актап, кечиргенге аракет кылгандан көрө, аларды унутканга аракет кылуу канчалык пайдалуу э?

Отуз жашка келген маалдарда, жашоодо белгилүү бир орун таап, өзүңдүн ким, кандай адам экениңди таанып, айланамды кандай адамдар менен курчагым келет деп, катышчу адамдардыңды кылдаттык менен тандап калат экенсиң…

Анан өзүнө ишенген, жеке жашооңдо эле эмес, коомдук ишмердүүлүктө, коомдо да ордуңду таап, атың чыгып баштаганда айланаңда баягы таанып жүргөн адамдарың өзү эле эленип, сенден мурун сенин аброюңду көтөрө албай калат экен…

Бала чагыңдан бери тааныштар эле эмес, мобу жакында таанышкандар деле өйдөлөнүп, улам өсүп жатканыңды көтөрө албай калат экен…

Мурда башыңа чоң дөөлөт коно баштаганда дөөлөттү көтөрө билген, улам бийиктеген сайын жөнөкөйлөшүп жерге жакын болуп, адамгерчилигиңе дагы да жакындаганга кудуретиң жеткен бийик сапат деп билсем, эми,

жакындарың, тааныштарыңдын улам өсүп жатканын көрүп турсаң да, адамдык напсиңди, көрө албаган арам сезимдериңди башкара билип, сөзү, аты чыгып жаткан тууганыңды, досуңду, таанышыңды колдой билген да эбегейсиз зор, бийик сапат окшойт деп калдым…

Акыркы 3-4 жылда байланышпай же жылуу мамилем сууп калган дос, туугандарды эстеп, бир убактагы жагымдуу чогуу өткөзгөн убактарды жоктоп капаланып, мага жасаган адилетсиз мамилесин улам актаганга аракет кыла берип, улам жыйнаган жан дүйнөм жарылган жаздыктай уйпаланып пырлары туш тарапка учуп, өзүмдү жыйнай албай калат элем…

Азыр чыгармачылык эргүү өзгөчө оргуштап келгени аз келгенсип, биздин коомдогу айымдардын жашоосун жакшыртам, кыргыз бөбөк адабиятын жаңы деңгээлге алып чыгабыз деген сезимдер тынч уктатпай жатканда, жан дүйнө тынчтыгын алып келүүнүн баасы эмге болсо да алып жетейин деген чечимге келдим…

Чыгармачылыкта өзгөчөлүк, жаңы эч ким ойлоно элек жаңылыкты алып келүү үчүн, пенделикке жаткан майда-барат сезимдерди жашаганга жол бербегенге кудуретиңди жеткизүүнү үйрөнүү керек экен…

Анан эми мындан ары айланамдагы башка бирөөлөрдүн адамгерчилик, аң-сезим деңгээлине, напсисин башкара албаган алсыздыгына жоопкерчилик алып, улам бир аракетин актаганга аракет кылып, жан дүйнөмдү улам талкалабай, жашоомдон кеткен ар бир адамды жөн гана кое берейин, унутканды тандайын деп чечтим…

Кээ бир бузулган мамилелерди оңдогонго аракет кылган, сынган жумуртканы чогултканга аракет кылгандай эле экен.

Мен кечиримдүү адам эмес экем, канча аракет кылсам да таарынычтан айыкканым менен, мага жасалган адилетсиздиктерди унута албайт экем…

“Кечиримдүү бол” дешет…

Менимче кечирип, жыртылган мамилени улам жамап, канча кылдат жамасаң да тигиштери таманыңды өйкөй берген жамаачы байпак кийген сымал, кээ бир мамилелер канча жамасаң да жамалганы билинип калат экен…

Кечирип, өзүңдү зордоп, кыйнагандын ордуна, жашай турчу таарынычыңдын баарын жашап, жүрөгүңдөгү жүктү алып ыргытып ийип туруп, унутуп, мамилени токтотуп эле койгон кээде туура тандоо окшойт…

1 month, 2 weeks ago

Достор сүйүнчү☀️

Жөнөкөлүк китебим бүгүн Ош, Жалал-Абад шаарларына жетти…

Төмөндөгү дүкөндөрдөн алсаңар болот👇🏻

Алдей-Алдей Ош
Дареги: Курманжан Датка 213а/1
Инстаграм @aldey_aldey_osh
* Тел: 0507-49-53-12

Алдей-Алдей Жалал-Абад
Дареги: Джалал-Абад, “Плаза" соода борбору, 3-кабат, 13-бутик
Инстаграм @aldey_aldey_jalalabad
* Тел: 0702-49-53-12

Китептин баасы 800сом.

1 month, 3 weeks ago

Чыгармачылыгымды, коом үчүн жасап жаткан агартуу иштеримди колдоп, китебимди алып, убакыт бөлүп, окуп жаткан ар бир окурманыма терең ыраазычылык билдирем❤️

Китепти төмөндөгү дүкөнгө кайрылып алсаңыз болот.

Дүкөндүн региондорго жеткизүү кызматы дагы бар.

Бишкек шаарында:

Данек Буукс Бишкек
Дареги: Калык Акиев/Токтогул “Весна” соода борбору 3-кабат, с31-бутик
Инстаграм @danek_books
* Тел: 0777-85-84-10

Алдей-Алдей Бишкек дүкөндөрү
1-дүкөн: Калык Акиев/Токтогул “Весна” соода борбору 3-кабат, 24-бутик
2-дүкөн: Орто-Сай, Ж.Пудовк.146/Донецк көчөсү
* Инстаграм @aldey_aldey

Ош жана Жалал-Абад шаарларында:

Алдей-Алдей Ош
Дареги: Курманжан Датка 213а/1
Инстаграм @aldey_aldey_osh
* Тел: 0507-49-53-12

Алдей-Алдей Жалал-Абад
Дареги: Джалал-Абад, “Плаза" соода борбору, 3-кабат, 13-бутик
Инстаграм @aldey_aldey_jalalabad
* Тел: 0702-49-53-12

Китептин баасы 800сом.

We recommend to visit

Всем Карамба! Тут вас ждут мемы, юмор и приколы

По рекламе: @newbrandmediabot

Last updated 3 weeks, 3 days ago

хэлп от taehyung хелп

Last updated 7 months, 3 weeks ago

Last updated 1 month, 1 week ago