Aisuluu Almaz✨

Description
Кыргызча күндөлүк #кыргызча
We recommend to visit

Мурожаат учун ёки бепул батафсил малъумот олиш учун https://t.me/Uzbekmigrant_bot
Юристга ёзилиш +7 (495) 190-77-94

Last updated 2 months ago

Last updated 10 months, 1 week ago

Агар сиз идеал она,идеал рафиқа,идеал бека,идеал келин,бир сӯз билан айтганда идеал аёл бўлишни хохласангиз бизнинг каналимиз айнан сиз учундир.
РЕКЛАМА бўйича мурожаат:? Админ @ZamzamaS

Last updated 1 month, 3 weeks ago

3 months, 3 weeks ago
Ал арада жаңы тредс аябай жакты, …

Ал арада жаңы тредс аябай жакты, кыскача оюңду жазып коюп жылып кетет экенсиң??

https://www.threads.net/@madamize/post/DAnzfz1R5KR/?xmt=AQGzkO5GY2yYKVdrCnbPEVmN84DxSUqtRtJ14bt-8dbw1A

3 months, 3 weeks ago
Кандайсыңар?

Кандайсыңар?

Кечээ ушундай жарыктар арасы курчалган кооз жерге бардык, анан тынчтыкта жарыктарды аралап жүрүп, көп нерсени ойлодум…

Аткарчу жоопкерчиликтерим аябай көп болуп кеткенине байланыштуу учурду жашаганды жакшы биле албай жатыптырмын.

Анан жабык чөйрөдө бул ай уюштуруп жаткан белгилүү суроолор негизинде жазылчу ыраазычылык күндөлүгүн бир күн да калтырбай жазайын деп жазып баштадым.

Балким, улам келечекке эле фокус боло бербей учурда эмнем бар, кандай абалдамын, анализдеп түшүнүп, ыраазы болгонду жакшыраак үйрөнүп алсам, жерге койгон бутум күчтүүрөөк, таамайыраак болуп кыялдарыма кыйналбай, процесстен рахат алган боюнча жылат белем деп ойлоп калдым…

Анан дагы түрдүү ойлорум болгондо тартынбай жазып койчу окурмандарым болгонуна аябай ыраазы болдум, болом да дайым?

Сиз бүгүн эмнеге ыраазысыз?

4 months ago

Кыялдарыңа жетүү үчүн психологиялык 4 тепкич, кеңеш??****

*1️⃣ Жыйынтыкка эмес, кыялга жетүү жолунда үйрөнүүгө, өнүгүүгө багытталган максаттарды коюу:*

баланча кг арыктайм, баланча км марафон чуркайм, дүйнөдөгү белгилүү университетке өтөм, үй сатып алам, 50 өлкөнү кыдырам ж.б. деп кыялдарды белгилеп алып, жалаң гана жыйынтыкка умтулуп, ошол кыялга жеттүү үчүн кандай тепкичтерден өтүп, аракеттерди кылам, эмне үйрөнөм, ал кыялга жетүү жолунда кандай пайда табам деп багытыңды деталдуу аныктап албаган үчүн кыялга жетүү оор сезилип, ашыкча сарсанаа болуп, натыйжасында эч бир жыйынтыкка келе албайсың.

*2️⃣ Кыялдарың жашоого болгон баалуулуктарың менен бир багытта болгону маанилүү:*

жашоого болгон көз карашың өзгөрүп, чоңоюп, өнүккөн сайын жашоого болгон баалуулуктарыңдын да өзгөргөнү нормалдуу көрүнүш, анан сени менен бирге мурда ээх деп кыялдандан кыялдарың сени кызыктырбай, азыркы жашоо агымыңа дал келбей калышы мүмкүн

өзүңө аяр мамиле жасап, кыялыма жетпей калдым деп өзүңдү жебей, кыялдарыңды алмаштырып, өзгөртүп, багытыңды, пландарыңды жаңыдан жазып алгандан эч нерсе болбойт.

*3️⃣ Кыял жетпей калсам эмне болот деген коркунуч эмес:*

багытыңды кыялга жетпей калсам эмне болот деген коркунуч менен эмес, кыялга жетүү жолуңда рахат алам, үйрөнөм, чыйралам деп ойлоруңду оңдоп-түздөп алып аттанган жакшы.

Жыйынтык кандай болгон күндө да кийин өзүңдү жебей, маселеге реалдуу карап, жашооңду андан ары улантууга өзүңө алдын ала шарт түзгөн болосуң.

*4️⃣ Кыялдарыңды сени колдоп, маанайың түшүп, мотивацияң жок отуруп калганда кыялдарыңды эскертип, ордуңан кайра тургузчу жакын, ишенген адамдарыңа айтуу:*

Жакындарыңдын жектебей колдогону аябай маанилүү, бирок баары эле сени туура багытта колдогонду билбеши мүмкүн. Ошол үчүн кыялдарыңды бөлүшкөн адамдарыңды иргеп алганың маанилүү.

? окуп жаткан ар бириңердин кыялдарыңар орундалышына тилектешмин?

6 months, 4 weeks ago
6 months, 4 weeks ago
7 months ago

Бирок бүгүн табигатымды таанып, бул жашоодогу багытымды табуу жолумда мага жолдош болгон күндөлүктөрүмдү колума алып, жүздөгөн жылдар мурун курулуп, дүйнөнүн эң мыктыларын окуткан университеттин кампусун аралап жүрүп, жашоого жаңы барак ачканга эрким жеткенине кубанып, өзүмдү өзгөчө бактылуу, баягы 17 жашта алгачкы жолу жогорку окуу жайына тапшырып жаткандай жаш, кубаттуу сездим.

Жашоонун маңызын билип, башаламан дүйнөдө бактылуу жашап өтүү үчүн адамга себеп керек дешет.

Окурмандарым эле эмес, санаалаштарым деп билип калган миңдеген сонун адамдардын жан дүйнө жараттарынан айыгып, жашоосун жакшыртуусуна көмөкчү боло ала турган мүмкүнчүлүгүм бар кезде, жыйырма канчанчы катта бирөөлөрдүн миллион, миллиарддарын эсептеп отургум келген жок, жүрөгүм эмне каалап турса ошол ишти жасагым келди... бул жашоого келген себебим балким ушул жол чыгар…

Алдыда адам табигатын таануу багытында дүйнөлүк билим, жаңы таанышуулар, жаңы демилгелер менен бирге далай-далай сабак окуган уйкусуз күндөр болот буюрса.

Окууга тапшырып жатам деп тарыхчаларда силерди кабарлап жаттым эле, мени колдоп жылуу сөздөрүн айткан, жазган ар бир жанга чоң рахмат❤️

7 months, 1 week ago

Билесиңерби бирөөнүн эмгегинен пайда тапсаң, кайрылып рахмат айтып койгон, эң жок деген лайк басып койгон эмоционалдык жактан жетилгендин белгиси.

Мен мисалы бир канча жыл мурун өзүм менен ушул темада ойлонуп иштегем…

Казсаң лайк баспаган адатыңдын аркасында көп комплекс чыгат…

We recommend to visit

Мурожаат учун ёки бепул батафсил малъумот олиш учун https://t.me/Uzbekmigrant_bot
Юристга ёзилиш +7 (495) 190-77-94

Last updated 2 months ago

Last updated 10 months, 1 week ago

Агар сиз идеал она,идеал рафиқа,идеал бека,идеал келин,бир сӯз билан айтганда идеал аёл бўлишни хохласангиз бизнинг каналимиз айнан сиз учундир.
РЕКЛАМА бўйича мурожаат:? Админ @ZamzamaS

Last updated 1 month, 3 weeks ago