Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий баракчасы
Официальная страница Кабинета Министров Кыргызской Республики
Last updated 2 weeks, 6 days ago
Тагдыр эмес деп койгонуңа жол болсун дейм кээде. Артынан капалык ээрчийт. Айрымдар күнү\-түнү тилеп алчу бактысын жеңил эле учуруп койгонуңа ичим түйүлөт…
Тагдыр кездештиргенин көзгө илбей тайсалдаганыңа түшүнө албайм.
Корктуңбу?
Коркоксуңбу?
Же жөн гана эч ким эмесминби?
Мен баарына даяр турганда,
сен баарынан баш тартканыңды качан кечирер экенмин?!
1 жыл болгонун эч ким билбейт.
Сен дагы…
Кээде мугалимдик жашоодон алаксыткан башка бир нерсе болушун каалайм. Мисалы, сен.
Ким бирөөгө сен жөнүндө айтып бергенде башкача бир жылуу сезимге оролом.
Бу жылуулук өчпөшүн тилегеним, тилеген…
“Ажар” мен “Ак-кемени” кайталап окуп алып, өзүмдү аябай оор сезип атам.
Балдар дүйнөсү кыйраса, аалам кыйрайт да…#жаш_адистин_жашоосу
Жанымдагы кыздар менден улуу. Тарыхы да бай кыздар. 3-4 тилде эркин сүйлөшөт. Мүнөздөрү ачык, түз жана эркин.
Айрини (Айгерим) - эжемдей эле жакшы көрө баштадым. Тамашалары да, кайгырганы да, жөн эле бир окуяны айтып бергени да өзгөчө стилде. Мен ыйлаакмын го десем, менден да өткөндөр бар экен.
Каси (Касиет) - өжөр кыз. Ортобуз 1 жаш. Юрис болгондуктан ойлонуусу таптакыр башкача. Азырынча толук тааный электей сезим бар.
Ыңгайсыз шартта мени кармап турган нерсе ушул эки жаратман кыз жана окуучулар. Муну силерге эмнеге айттым билбейм. Балким кийинчерээк кызыктуу күндөрдү жазуум үчүн киришүү деп кабылдап коёттурсуңар)
✈️ ??
`Сен мурун кыялымда өмүр сүрсөң,
а азыр дубаларда жашап жүрсүң.
Күнүмдүн айрым-айрым учурунда,
Кулакка угулгансыйт күмүш күлкүң.
Сен дагы мага окшоп бакыт жүктөп,
Дүйнөнүн бир бурчунда жүрсөң керек.
Күн келип кезигишсек, тилегеним
Менден да оор болсун сенин жүгүң!` ____#бүтпөс_романым
#диби_деди
?✨
Эч өкүнгүм келбейт. Өзгөчө сезилбей, жашалбай калган сезимдер үчүн дагы бир арман кылууну каалабайм. Башкалар эмне десе да, мага ыңгайлуу болгон нерсени сактап калууга жеткен күчүмдү жумшагым келет.
Баарын жасап көрөм. Насип этсе, бактылуу болом. Насип этпесе, дагы да бактылуу болом.
Арманды кучактап калгыдай өмүрүң түбөлүк эмес. Беш күндүк жашоо калса, беш жолу бактылуу болгум келет. Сени менен!
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий баракчасы
Официальная страница Кабинета Министров Кыргызской Республики
Last updated 2 weeks, 6 days ago