Солдат Бастрыкина
soldatbas@tutanota.com
Last updated 3 weeks, 2 days ago
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий баракчасы
Официальная страница Кабинета Министров Кыргызской Республики
Last updated 2 weeks ago
`Өзүмдөн эки жашка улуу болгон, алтындай болгон бир тууган эжем бар. Медде окуунун азабын медиктер жакшы билет чыгар. Жаштыгымда анча-мынча иштеп, акча таап телефон алып берип, кийим-кече, кем-кетигин каралашчумун. 18 ге толуп, толбой Маскөөгө барып, эжемдин 6 жыл бою эч нерсеге муктаж болбой окуусуна болушунча шарт түзүүгө агам экөөбүз тырыштык. Арадан жылдар өттү. Эжем да өзү сыяктуу врач, чыныгы мырзага турмушка чыкты. Азыр эми Альхамдулиллях.. Ким ооруса, ким бир дартка кабылса күнү-түн тик аякта турушат. Субхан Аллах, эже деген ушундай мээримдүү жан болот экен. Сыркоолоп калсам алыстыгына карабай кайын журтунан жетип келип, мени бир жумалап даарылап кетет. Акыйкатта менин кылган аз мынча кызматым, жакшылыктарым эжемдин бир күндүк мээнетине да татыбасын эми сезип, туйдум. Кечөө күнү чоң абам оор акыбалда шыпааканага жеткирилип, 3 саат бою каракуш мээсинен операция болду. Орозодо дуба кылабыз, Аллахым шыпаасын берсиг. Эжем менен жездем 24 сааттык сменинен эми үйгө барышканына карабай, шыпааканага жетип келип, тик аякта кызматта турушуптур. Операцияга чейин кирип катышышыптыр. Субахан Аллах, көзүмө жаш тегеренди…
Айтайын дегеним, эжесин же карындашын окутуп жүргөн эркектер болсо, эч качан алардан эч нерсе аябагыла. Аллах Таала кыз балага кылынган жакшылыгыңды эселеп кайтарат. Энемден кийин эле мага эң күйгөн эки эжем экенин көп туям. Жана да менин ырыскымдын кеңдиги; ата-энемдин ыраазычылыгында, бир туугандарым, тууган-уругум менен болгон карым-катнашымда жатат.
Аллах Таалам баардык бир туугандарга ынтымак берсин!🤲🏻`
с
.Рустам Абилов#Дилазык*🌾***
Бир сөз.. Болгону бир сөз, бир амалың менен жылдар бою бекемделип келе жаткан ишенимди солгундатып коюшуң толук ыктымал.
с
.Рустам Абилов#Дилазык*🌾***
Эй, Хадижа! Мен кедей элем. Аллах мени сени менен байытты..***🫀***
с.Мухаммад с.а.в
Бул дүйнөдө баарыбыз мусаапырбыз. Жолубуз жеңил эмес, кыска эмес. Жоонубузга керексиз жүктөрдү алуу бизди түйшөлтөт. Жүрөгүбүзгө да керексиз адамдарды кошуп алуу бизди маарага аман\-эсен жетүүдөн тосот.
с
.Рустам Абилов#Дилазык*🌾***
Жаман адам мечитте да оңолбойт,
Жакшы адам шарапканада да бузулбайт.
к.Рустам Абилов#Дилазык*🌾***
Бирөө жатсын миллион доллар кучактап,
Бирөө жүрсүн мени артымдан ушактап.
Кемчиликти таба албасаң жашоомдо,
Түркөй болсоң; изден, току ушак тап.
с
.Рустам Абилов#Дилазык*🌾***
Аял кишиге “сенин ушундай болушуңду каалайм” деп эмес, “сен ушундайсың, сенде ушундай сонун сапаттар бар” деп айтсак туура болот. Качан аялга комплимент айтсак, ал өзүндө жок нерсе болсо да, аны пайда кылууга тырышат.
с
.Рустам Абилов#Дилазык*🌾***
Көл жээги, эки даана олтургуч, сени кунт коюп уккан адам.***☘️***
с
.Рустам Абилов#Дилазык*🌾***
Жашоону толук жашап койдук беле,
Үмүттүн жанган отун өчүргүдөй..
с
.Рустам Абилов#Дилазык*🌾***
Бул дүйнөдө берген болсоң, ал жакта аласың. Бул дүйнөдө алган болсоң, ал жакта бересиң..
Рустам Абилов#Дилазык*🌾***
Солдат Бастрыкина
soldatbas@tutanota.com
Last updated 3 weeks, 2 days ago
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий баракчасы
Официальная страница Кабинета Министров Кыргызской Республики
Last updated 2 weeks ago