БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ

Description
Formula.KG - Бактыңыздын багыты!
Advertising
We recommend to visit

Підтримка - @ecobank_bot
Інформування - @eco_sms_bot

Last updated 2 months ago

Last updated 1 month ago

Formula.KG - Бактыңыздын багыты!

Last updated 1 week, 2 days ago

6 days, 18 hours ago

📖 "Эң сонун ысымдар Алланыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”

(Аьрааф сүрөсү, 180-аят)

"Ар Роззааку- Ырыскы берүүчү" Эгем менин! Бакыты менен кошо келген ырыскыбыздын казынасын кенен кылгын, иштерибизди  ийгиликтүү, тапканыбыз адалдан болсун, Сен жакшы көргөн жакшылыктарга насип кылгын. Өзүңдөн башканын эшигин каккылатып, карыз алып, карыз болуудан оолак кылып,  жалынтпа, кол сундурба, муктаж кылба...

" Ал Мужибу- Пенделеринин дубаларына жооп берүүчү" Эгем менин! Сенден перзент сурагандарга, перзентерине дуба кылгандарга  көзүбүздү кубанткан, эки дүйнөбүзгө бактылуулук алып келген, артыбыздан дуба кылып, жаназабызды өздөрү окуп, өздөрү жууган уул - кыздардан насип кыл..

" Ал  Вааси- Илими менен ырайымы кенен" болгон Эгем менин! Илим сурап, илим алууга ниет кылып, илим жолуна түшкөн пенделериңе Өз илимиңдин сырларын кенен ачып, терең түшүнүк берип, эки дүйнөбүзгө пайдалуу кылгын, билгенибизге амал кылып, билбегендерге үйрөтүп, адашкандардын жүрөгүн ойнотуп, туура жолго түшүүсүнө себепчи болууну насип кыл...

" Ал Валий - Момундардын досу жана жардамчысы" болгон Эгем менин! Өзүң сүйүп, сүйүнткөн, Өзүңдү эстетип, эскертип, туура жолуңа шам чырак болуп, пайдасына пайдаланып эмес, пайдасын бөлүшүп, пайда көрсөткөн Өзүнө дос болгон чыныгы акыреттик достордон насип кыл...

📍Аллахтын элчиси (С А В) айтты:"Эки учурда Аллах дубаны сөзсүз кабыл алат: Намазга азан айтылганда жана жамгыр жааганда".
Жамгыр- Аллахтын мээрими жерге түшүп турган убагы, ошондуктан, дубалардын кабыл болуусуна мүмчүлук чоң.

🤲Жамгырда окулуучу дуба:

"Аллоохумма саййибан-на-афи'а".

Мааниси: Оо Аллах! Жамгырды бизге жакшылык жана пайдалуу кыла көр.

🧕🏻Автор: Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

WhatsApp.com

"Бактылуулук Формуласы" | WhatsApp Channel

"Бактылуулук Формуласы" WhatsApp Channel. . 734 followers

***📖*** "Эң сонун ысымдар Алланыкы. Ага ошол сонун ысымдары менен дуба кылгыла.”
1 week, 3 days ago

Бүгүнкү күнүбүз да рахматы жааган жамгыр менен башталды. Жамгырдын себеби менен кылган дуба тилектерибиз кабыл болсун. Кутман таң жакшылар!😊🤲🏻💞

1 week, 5 days ago

😊Урматтуу менин сүйүктүү окурмандарым!

📍Сиздер үчүн жакшы жаңылыгым бар!
Китебим жарыкка чыккандан бери окурмандардан: “Менин жашоом өзгөрдү” “мен эми эч качан жашоомо наалыбаймын”, “мен билбеген жакшылыктардын сыры бул жакта экен”, “ мен эми дубалар менен жашоомду кооздоймун" деген сыяктуу көп ыраазылыктарды уктум. Китеп жетпеген, кайдан табарын билбеген бир туугандарым да көп болду.
Жараткандын жакшылыгы жана жакшы инсандардын жардамы менен эми минтип "Эртең дебе" китебимдин аудио форматы чыгыптыр. Китепти көркөм окуп, ого бетер көркүнө чыгарган Эрнис Кыязов агайга терең ыраазылык. Угуп пайдаланыңыздар.

2 months ago

💫ОТУЗ КҮНГӨ ОТУЗ БАЯН

📍17- БАЯН

📍КАРАНДАШ

Бир күнү карандашты ойлоп тапкан адам өзүнүн карандашына мындай дептир:
Мен сенин жасап чыгардым, эми сенин төрт касиетиң бар экенин билип жүр:

📍Биринчиси: Сендеги эң башкы нерсе ал сенин~ өзөгүң (стержень). Ал нерсе болбосо отун болосуң.

📍Экинчиси: Сени уучтаганда кыйналасың. Бирок андан кийин жакшы жазып кетесиң.

📍Үчүнчүсү: Эгер ката жазып алсаң, башыңдагы өчүргүч менен өчүрүүгө болот.

📍Төртүнчүсү: Бир күнү түгөнөсүң, бирок артыңда изиң калат. Сени колдонгон адамга байланыштуу жакшы же жаман издер болот.

☝🏻Эгер биз дагы өмүрүбүздү ушул карандашка салыштырып карап көрсөк, анда болжол менен мындай болот экен:

📍Биринчиси: Биздеги эң башкы нерсе ал~ жүрөгүбүз. Эгер ал жок болсо адамдык касиетибиз болбойт.

📍Экинчиси: Жашообузда далай жолу сыналып, карандаштын уучталгандыгы сыяктуу кыйынчылыктарга учурайбыз. Бирок ошол сыноолордон сабак алып, андан ары күчтүү болушубуз керек.

📍Үчүнчүсү: Жаңылыштык кетирип же атайлап башкаларга зыяныбыз менен кесепетибиз тийсе, анын ордун жакшылык менен толтуруп койсок болот.

📍Төртүнчүсү: Бир күнү ырыскыбыз түгөнүп жарыкчылык менен коштошобуз. Бирок артыбызда жасаган иштерибиз калат. Албетте жүрөгүбүзгө байланыштуу жакшы же жаман иштер калат...

🤲🏻Аллах Таала биздин жүрөгүбүздү денебиздин падышасы кылып жаратты. Башка мүчөлөр болсо, анын аскерлери сыяктуу. Демек, качан падыша жакшы болсо, аскерлери дагы жакшы болот...

📍Хадис:

Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам айтты: «Денеде бир бөлүк эт бар. Эгер ошол таза болсо, бүт дене таза болот, эгер ал бузулса, бүт дене бузулат. Уккула: ал- ЖҮРӨК!".

📍Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам айтты: «Аллах силердин сырткы келбетиңерге ( сырткы көрүнүшүңөргө жана мал- дүйнөңөргө) эмес, жүрөгүңөргө жана амалыңарга карайт деген.
( Имам Муслим )

«Жакшы иштер -жаман өлүмдөрдөн сактайт. Купуя садака кылуу-Жараткандын каарын өчүрөт. Туугандык жакшы карым -катнаш – өмүрдү узартат»
(Бухари)

👤Даярдаган:Асейин Саралаев.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

WhatsApp.com

"Бактылуулук Формуласы"

WhatsApp Channel

***💫***ОТУЗ КҮНГӨ ОТУЗ БАЯН
2 months, 1 week ago

💰САДАКА – АЛЛАХ МЕНЕН БОЛГОН КИРЕШЕЛҮҮ СООДА.

📍Бир дан эгип жети жүз дан алуу – кандай сонун киреше!

📍 Аллах Таала айтты: «Мал-дүйнөлөрүн Аллах жолунда сарптаган кишилердин мисалы – дан сыяктуу. Ал дан жети машак өндүрөт. Ар бир машакта жүздөн дан болот. Аллах каалаган пендесине көбөйтүп берет. Аллах – Кенен, Билүүчү. Мал-дүйнөсүн Аллах жолунда сарп кылып, аны колко (милдет) кылбаган жана анын артынан заар сөз айтпаган адамдар үчүн Раббисинин алдында (көптөн-көп) сооптор бар. Аларга (келечекте) эч коркунуч жок жана (өткөнгө) алар кайгырышпайт» 📖 (Куран, аль-Бакара 2:261-262).

Соодагер соодадан түшкөн кирешесин улам эсептеп турат. Ыймандуу адамдар да бейишке алып бара турган сооптуу амалдарын эсептеп турууга тийиш. Соодагер кайсы учурда соода жакшы болорун билген сыяктуу, ыймандуу адам дагы кайсы учурда аткарган амалды сооп-сыйы көп болурун билиши керек. Азыр орозо айында турабыз. Бул айда жөнөкөй напил ибадаттар башка айдагы парздай, парз ибадаттар болсо, башка айдагы жети жүз парздай сообу көп болот. Алла кааласа андан да көбөйтүп берет. Орозо айындагы өтө сооптуу иштердин бири зекет жана садага. Жашоодогу көйгөйдү чече турган, балээ-кырсыктан сактай турган,   оорудан айыктыра турган, ырыскыга береке бере турган эң оңой амал садага берүү.
Садага  үчүн  атайын  каражат  бөлүп  коюуга  напсиңизди көндүрүңүз. Жубайыңызга, балаңызга,  же  досуңузга  берген  тыйындан сырткары, атайын  жарды, муктаждарга деп  тапканыңыздан бир кичинекей бөлүгүн бөлүп койуңуз. Садаганы  кедейдин,  жетимдин,  жакырдын  колуна  карматканда  гана  анын  чыныгы  даамын  сезесиз. Жашообуз жакшылыкка толот. Ишенбесеңиз сынап көрүңүз. Өзүмдөн артса берем деген адам эч качан садага бере албайт. Алыңызга жараша бере берсеңиз, Алла да сизге бере берет. Садага берүүну бүгүндөн баштаңыз, азыр орозо айы, садаганын айы. Садаганын аратынан өзүңүздө кандайдыр бир жакш өзгөрүүнү байкасаңыз, мага ырахмат айтып, дуба кылып коюңуз...

📍Аллах Таала Курани Каримде минтип айткан: "Эмнени садака кылсаңар, Аллах анын ордун толтуруп берет. Ал эң жакшы ырыскы берүүчү" (34:39)

📍Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи ва саллам) айткан: «Садаканын эң абзели (жакшысы) Рамазанда берилгени» (Имам Тирмизий).

Кармаган орозоңуздар кабыл болсун!

🧕🏻Насиба Абдуллаева.

https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907

WhatsApp.com

"Бактылуулук Формуласы"

WhatsApp Channel

***💰***САДАКА – АЛЛАХ МЕНЕН БОЛГОН КИРЕШЕЛҮҮ СООДА.
2 months, 1 week ago

Бир жөөт ишкеринен “Мусулмандар сиздердин товарларынызды байкот кылып жатат, завод фабрикалараңыз катуу чыгашага учурап жатса керек ?” деп сураганда ал минтип жооп берет : “Ооба, азыр бир канча күн катуу чыгашага учурап жатабыз. Бирок бир күнү товарларыбызга ушунчалык арзандатуу, акция, конкурстарды уюштурабыз бечара жана ач көз мусулмандар байкот кылганга чейин сатып алган товарларынан да эселеп көп товарларыбызды сатып алат . Себеби мусулмандардын дарты ашказаны болуп калган.”

Өкүнүчтүүсү акыйкат ачык көрүнүп, чындык чыркырап турса да көргөн көзүбүз көрмөксөн, уккан кулагыбыз укмаксан болуп, чын - чынына келгенде чындыктын чызыгын кесе салып, напсибиздин каалоосуна жетеленип кетебиз. Эгерде жөөт товарлары 40-50% арзандатуу болуп кетсе... “мага ким күйөт, мага ким берет, менин жашоом өзүм билем, өзүм чечем “ деп кезектешип, талашып кетерибиз анык. Көрүп эле жүрөбүз. “Мусулман жыланга бир чаккан жерин экинчи жолу чактырбайт “ ушундай кыйын күндөрдө оюбуз жеткен жерге, колу - бутубуз жетпесе да моралдык жактан, ар намыс, ыйманыбызды бекем кармап, бири - бирибизди бир бир билек, бир дене болуп колдоп жардам берели...Ыйманыңа, ар намысыңа, диниңе, бир туугандык милдетиңе бекем бол бир тууганым!

4 months, 1 week ago

"Жүрөк сокур болгондон кийин, көздүн көрүүсүнүн  пайдасы жок "

Азирети Али (Р.А.)

🌹Жума маарек болсун, Жараткандын жакшылары!

4 months, 1 week ago

Жашоонун жарыгы жакшы адамдар менен жанып, жакшы мамилелерден  бекемделип, жакшы сөздөрдөн кубат  алат. Жүз күндүк ибадаттан бир жакшы адам менен олтурганың артык дейт. Кээде  жакшы сөздөргө суусап, жакшылардын жылмайган жүздөрүн, күлүңдөгөн  көздөрүн көксөгөн  жан дүйнө тууган, досторду издеп каласың. Адамдын ички оорусун дарылабай туруп, сырткы оорусун айыктыра албайсың. Жакшы сөз жүрөкө шыпаа. Жакшы сөз, жакшы мамиле, жакшы адамдар, жакшылык иштер,  жакшы ойлор жалаң жакшылыктын эшиктерин ачып берет. Күнүбүз, күнүңүздөр берекелүү болсун жакшылар! 🥰🤲☺️

© Насиба Абдуллаева

4 months, 1 week ago

Ассаламу алейкум уа рахматтуЛлоохи уа баракатуху!

😍Сиздер үчүн жагымдуу жаңылык!

Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ ды сагындыңызбы?
Көп салават айтып, Умра сапарына акысыз баргыңыз келеби?
Анда Кыргызстан боюнча жалпы айымдар үчүн өткөрүлө турган "салават айтуу" марафонуна катышып, утуп алыңыз!

☝🏻Шарттары: Болгону "Эртең дебе " деген китепти бизден сатып аласыз.
Салават айтуу 1- февралда башталып, 25 - февралда аяктайт.

Сизге айтарым ушуну эч качан унутпаңыз! Салават айтып, утсаңыз да утпасаңызда эч качан уттурбайсыз, өкүнбөйсүз. Анткени:

📍Пайгамбарыбыз (саллаллоохи алейхи васаллам) айтты: "Ким мага салават окуса, Аллах Таала он рахмат жөнөтөт " (Муслим) ..

📍Пайгамбарыбыз (саллаллоохи алейхи васаллам) айтты: "Салават окуучулардын он күнөөсү кечирилет, он даражасы көтөрүлөт. Кыямат күнү ал мага баарынан жакыныраак болот "(Тирмизи)

📍Салават окугандарга Пайгамбарыбыз (саллаллоохи алейхи васаллам) ды зыярат кылуу, өлүм учурунда жеңилдик берилет.

📍Салават окугандарга Пайгамбарыбыз (саллаллоохи алейхи васаллам) дын шапааты берилет..

📍Салават окугандарга Пайгамбарыбыз (саллаллоохи алейхи васаллам) дын урматыга дубалары кабыл болуп, муктаждыгы чечилип, бактысыздыктан алыс болот...

Эми ушундай немат сизге берилип жатат. Салаваттын шылтоосу менен канча салават айтып Пайгамбарыбыз саллаллооху алейхи васалламдын шапааты берилип, бирге бейишке кирип каласыз ин шаа Аллах!

Сурап билүү үчүн байланың телефон номерлер: 📲 0779878752: 0 779 681 055....

Салаватка катышуу үчүн ушул сылканы басыңыз:👇🏻👇🏻👇🏻
https://chat.whatsapp.com/Iaky6at9SFU3a9TVb0cPct

WhatsApp.com

Салават марафону 📿🕋🤍🤲

WhatsApp Group Invite

Ассаламу алейкум уа рахматтуЛлоохи уа баракатуху!
6 months, 1 week ago

🍁КҮЗ... жалбырак саргайса саргайсын....  ыйман, үмүт, сүйүүлөр саргайбасын..

Ар бир адамдын жакшы көргөн мезгили болот эмесби. Мага жаз жагат. Жакшы сөзү менен жан дүйнөмдү дарылаган, жакшы жашоонун кооздугун көрсөткөн, жүрөгүмдү жаз кылган, жаз мүнөздүү жакшыларды баалаймын. Коңур күздү досум деп билемин. Анын айлананы ар түркүн түскө боёгон кооздугу ар кандай мүнөздөгү адамдардан, жакшысынан үлгү, жаманынан сабак алганды үйрөтөт. Чириген жалбырактары жанына барсаң, жаман оюу, жаман сөздөрү менен  сени жүдөткөн, тажаткан адамдарды эстет. Дүйнөдө аз гана бороон мүнөз, боло турган иштин чаңын, майын чыгарган, шамал  мүнөз  жандар бар, чирик жалыбарктарды сапырган, учурган, жок кылган. Ушундай адамдарды жакшы көрөмүн. А, кыштын аппак кири жок карга кыялдарга оролгон тилектерди сүрөткө салып,  кычырата из салып баскан  жагат. Айлана аппак карга бөлөнүп, тазалыктын, аруулуктун символун көрсөткөн мезгил. Канчалык жааган кар, тоңдурган суугу, бороону болбосун, жыл айланып, абасы бузулган, чарчаган айланага, түйшүктүн тушоосунда түйшөлгөн  пенделерге таза абасы менен: " эми дем алып, тазалангыла " дегенсип, кабар бергенсийт. Жок, эң жакшы жай айы...Ооба, биз ушинтебиз. Суук болсо ысыкты эңсейбиз, жамгыр болсо күндүн чыгуусүн күтөбүз, кышка наалыйбыз. Эч жашообузга ыраазы болбой,  тирүүлүктүн, күндүн - түндүн, жакындардын, өмүрдүн баркын билбей жашайбыз. Табият менен сүйлөшкөндү, мамиле кылганды билсек, табият өз тилинде бизге жашоонун сырларын үйрөтөт. Тирүүбүздө тирүүлүктүү баалап, тирүү  болуп жашаганды үйрөнөлү, үйрөтөлү ....бүгүн мен бармын эртең жокмун. Күндүн күзөтчүсү сурабай келет...

😊Жума маарек жакшылар!

Автор: Насиба Абдуллаева.

꧁ БАКТЫЛУУЛУК ФОРМУЛАСЫ


Катталуу үчүн:👇🏻👇🏻👇🏻

📲WhatsApp:

👳🏻‍♀️https://chat.whatsapp.com/GJVQh0FGVW20izqeasERVp

🧕🏻https://chat.whatsapp.com/849c6yQk7Tp9tAfUynNydR

══════════════════
OK.ru/Formulasy
Fb.com/Formulasy
T.me/formulakg
Youtube.com/FormulaMediaKG
Instagram.com/Formulasy
WWW.FORMULA.KG

WhatsApp.com

👳‍♂3-Бактылуулук Формуласы

WhatsApp Group Invite

***🍁***КҮЗ... жалбырак саргайса саргайсын.... ыйман, үмүт, сүйүүлөр саргайбасын..
We recommend to visit

Підтримка - @ecobank_bot
Інформування - @eco_sms_bot

Last updated 2 months ago

Last updated 1 month ago

Formula.KG - Бактыңыздын багыты!

Last updated 1 week, 2 days ago