Урматтуу катталуучулар!
Тестке катышканыңыздар үчүн чоң рахмат🤗! Бул аркылуу Аллахтын ысымдары, касиеттери жана ыймандын негиздери боюнча билимибизди кеңейттик.😊
Жыйынтык боюнча:
Эгер көп суроолорго туура жооп берген болсоңуз, бул сиздин Аллахты таанууга кызыгууңуз жогору экенин көрсөтөт.
Эгер кээ бир суроолордо кыйналган болсоңуз, анда бул жаатта билимди тереңдетесиз деп ишенем ИншаАллах🤍
жана да тесттерди жакындарыңыз менен бөлүшүп койууну унутпаңыз 😊
Биздин каналга катталыныз??
????????:⬇️
https://t.me/baktyluulukis1amda
?????????:⬇️
https://www.instagram.com/baktyluulukislamda__?igsh=MWlxMXJkcnppa3c4dA==
???????? ⬇️ https://whatsapp.com/channel/0029VagWsNHCcW4zxr5hlu3P
Өлум периштесинен качып келдим ( икая)
Жер бетиндеги бардык жан-жаныбарларга өкүм жүргүзүп турган Сулайман пайгамбардын сарайына бир адам чуркап кирди. Дарбаза алдындагы кароолдорго, жумушу өлүм менен өмүргө байланыштуу экендигин айтып, жалынып-жалбарып пайгамбарга кирүүгө уруксат алды. Жүзү кубарып, өң-алеттен кетип калган кишиге таң кала караган Сулайман пайгамбар:
-Сага эмне болду, бир нерседен коркуп турасыңбы?- деп сурады.
-Эртең менен мага өлүм периштеси келди. Ал мени ушунчалык ачуулануу менен карады, мен жер түбүнө кирип кетейин дедим. Ал менин жанымды алганы келген го деп, коркуп жатамын, деди титиреп калтырап.
А мага эмне үчүн келдиң? деди Сулайман пайгамбар.
-Оо, бейбечарага кайрымдуу падышам, сен бардык жан-жаныбарлардын тилин билесиң. Шамал, тоо-таш сенин айтканыңдан чыга албайт. Сенден суранарым шамалың мени Индустан тарапка алып барып койсун, балким, өлүм периштеси мени таппай калар, - деп жал- барды тиги. Байкуш пендеге боору ооруган Сулайман пайгамбар шамалга буйрук берди. Шамал аны бир заматта Индустанга алып барып койду. Бир аздан соң Сулайман пайгамбар жамаатына келсе, алардын арасында өлүм периштеси да отуруптур. Сулайман пайгамбар ага карап:
-Оо, өлүм периштеси, сен бир адамды ачуулуу караган экенсиң, ал байкуш сенден коркуп, мага качып келди го?- деди.
Оо, дүйнөнүн улуу падышасы, мен ал кишини ачууланып караган жокмун, мен аны таңыркап карадым. Ал аны түшүнбөй коркуп кетсе керек. Анткени, Аллах Таала: «Бул адамдын жанын бүгүн Индустандан аласың» деп буйруган эле. Мен анын бул жерде жүргөнүн көрүп, «Мунун жүз канаты болсо да Индустанга учуп жете албайт, мен Аллахтын буйругун туура эмес угуп алдымбы» деп, таң калдым эле, бирок азыр Индустанга барсам, кантип барганын ким билет, ал жакта жүрүптүр, жанын алып келе жаткан учурум» - деди өлүм периштеси.
(икая)
?Периштени ыйлаткан наристе китебинен алынды?
Сиздерге бөлүшкөн Бактылуулук исламда каналы ?
Биздин каналга катталыныз??
????????:⬇️
https://t.me/baktyluulukis1amda
?????????:⬇️
https://www.instagram.com/baktyluulukislamda__?igsh=MWlxMXJkcnppa3c4dA==
???????? ⬇️ https://whatsapp.com/channel/0029VagWsNHCcW4zxr5hlu3P