Infinite Entertainment, Zero Cost: Get Your Free Books, Music, and Videos Today!

«Азаттык» радиосу

Description
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
We recommend to visit

📩 Елон бериш учун |•➥  @FargonaIshBor_Uz

𝗔𝗨𝗗𝗜𝗧𝗢𝗥𝗜𝗬𝗔🌐

𝗙𝗔𝗥𝗚’𝗢𝗡𝗔, 𝗤𝗜𝗥𝗚𝗨𝗟𝗜, 𝗠𝗔𝗥𝗚𝗜𝗟𝗢𝗡, 𝗥𝗜𝗦𝗛𝗧𝗢𝗡,𝗢𝗟𝗧𝗜𝗔𝗥𝗜𝗤 𝗤𝗨𝗩𝗔,𝗧𝗢𝗦𝗛𝗟𝗢𝗤,𝗕𝗢𝗚𝗗𝗢𝗗

𝗛𝗔𝗠𝗗𝗔 𝗙𝗔𝗥𝗚𝗢𝗡𝗔 𝗧𝗨𝗠𝗔𝗡𝗟𝗔𝗥𝗜𝗗𝗔𝗡 𝗜𝗕𝗢𝗥𝗔T🇺🇿

Last updated 3 months, 3 weeks ago

$WEB3 utility-токен экосистемы TON DNS Club @tondnsclub на блокчейне TON внутри Telegram

💬 Чат: @web3jetton
Сайт: web3ton.io

Рекламные предложения: @ego_identity

Last updated 1 week, 1 day ago

ЎЗБЕГОЙИМ ОРИГИНАЛ канали №1
Аввал БИЗДА кейин бошқаларда

Реклама учун
Ўзбегойим 👉 @D2989

Last updated 7 hours ago

5 days, 23 hours ago
*****⚡️*** БШК Жусупбек Коргонбай уулун депутаттык …

*⚡️ БШК Жусупбек Коргонбай уулун депутаттык мандаттан ажыратты*

Борбордук шайлоо комиссиясы 23-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулунун мандатын тапшыруу боюнча арызын карап, анын ыйгарым укуктарын токтотту. Чечимди БШКнын 12 мүчөсү тең “макул” деп добуш берди.

Натыйжада №5 Ноокат шайлоо округу боюнча шайлоо жарыялоо чечими кабыл алынды.

Коргонбай уулу арызын 22-апрелде жазган. Анын мандатын тапшыруусунун себеби айтыла элек.

@azattyk_radiosu

6 days, 1 hour ago
6 days, 2 hours ago
2 months, 1 week ago

HRW уюму Кыргызстандагы адам укугу боюнча абалга тынчсыздануусун билдирди
Human Rights Watch (HRW) уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча директору Хью Уильямсон Кыргызстанда сунушталып жаткан “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы жана 11 журналисттин камалышы жөнүндө сөз кылып, адам укугунун абалынын начарлап жатышына тынчсыздануусун билдирди. Ал бул тууралуу Х (Twitter) баракчасында жазды.

Анда уюм Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын АКШдагы элчилиги менен жолугууга даяр экенин билдирди.

@azattyk_radiosu

2 months, 1 week ago
2 months, 1 week ago
4 months, 2 weeks ago

Кордай ашуусунда бороон-чапкын болууда

Кыргызстан менен чек арага жакын Кордай ашуусунда бороон-чапкын болууда. 150дөн автоунаа Кыргызстанга өтө албай калды. Жамбыл облусунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жеринде куткаруучулар менен атайын техника иштеп жатат. Кыргызстандын ӨКМи өз куткаруучуларын жана кар тазалоочу техникаларын жөнөттү. Жолдо калгандарга убактылуу түнөк жай жана ысык тамак берилди.
Кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда.

4 months, 2 weeks ago

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Казакстандын Алматы-Ташкент автожолундагы кар күрткүсүнөн улам жол тыгынында калган кыргызстандыктарга куткаруучуларды жөнөттү.

Министрликтин маалыматына ылайык, Алга айылы менен Кордай айылынын ортосунда 100-150дөй машина жүргүнчүлөрү менен Кыргызстанга өтө албай калган.

Ал аймакка Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 99 куткаруучу жана 37 оор техника тартылган.

Жол тыгынында калып калган адамдарды чыгарууга жардам берүү үчүн Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин 39 куткаруучусу, беш оор техника, бир Ниссан Пикап жана башка шаймандары менен Ак-Жол чек ара бекетинен Казакстандын аймагына киришти.

Алдын ала маалымат боюнча, 14-декабрда Казакстандын Жамбыл облусунун Кордай районунда жааган кардын кесепетинен Алматы-Ташкент жолунда кар күрткүсү пайда болуп, автоунаа жолу жабылган.

Видео: ӨКМ

4 months, 2 weeks ago

Рысбек Акматбаевдин өлүмү: кримдүйнөнүн кандуу тиреши

Кылмыш дүйнөсүнүн анабашы аталып, ошол жылдары саясатка чейин аралашкан таасирдүү фигура Рысбек Акматбаевдин өлүмү эмнеге буга чейин ачылган эмес? Анын өлүмү саясатка байланышы барбы же криминалдык таасир талаш болгонбу?

Көлбаевдин "киллеринин" көрсөтмөсү
Коопсуздук комитети буйрутма киши өлтүрүүлөр сериясына тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө көп жыл мурда атылган Рысбек Акматбаевди өлтүрүүнү маркум Камчы Көлбаев (Асанбек), Алманбет Анапияев, Болот Самсалиев (“Боха Казарманский”) жана Марат Раимбеков (“Рэмбо”) уюштуруп, ишке ашырганы аныкталганын билдирди.

“Рысбек Акматбаевди жок кылууну жогоруда аталган катышуучулардын баары аткарышы керек болгон. Бирок адам өлтүрүү учурунда автоунаанын рулунда М.Раимбеков, ошондой эле кылмышты көзөмөлдөө үчүн автоунаанын артында К.Асанбек отурган. А.Анапияев менен Б.Самсалиев К.Асанбектин чыгышын күтпөстөн, Р.Акматбаевди маңдайына атып, андан кийин белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Бул фактылар К.Асанбектин киши өлтүргүчүнүн (киллер) көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталды, анын аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт”, – деп белгиленет УКМКнын маалыматында.

Көлбаев, Анапияев, Самсалиев жана Раимбеков
Оболу УКМК Акматбаевдин өлүмүнө айыптагандар жөнүндө кыскача айтып берели.

Кыргызстандагы кримтөбөл Камчы Көлбаев (Асанбек) 2023-жылдын 4-октябрында Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

Кылмыш дүйнөсүндө “мыйзамдагы ууру” статусун алган, Кыргызстанда саясий-коомдук турмушуна аралашып, таасирдүү ири мафия түзгөн делген Көлбаев баңгизатка байланыштуу АКШнын "кара тизмесине" кирген. Анын уюшкан кылмыштуу тобунунда жүздөгөн мүчөсү бар экени айтылган.

1973-жылы туулган Алманбет Анапияев 2015-жылы Беларуста киши колдуу болгон. УКМК маалыматында, ал Көлбаевдин жакын адамдарынын бири болчу. 2003-жылы “адам уурдоого” байланыштуу сегиз жылга соттолуп, үч жылдан кийин мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулган.

2011-жылы “адам уурдоо”, “каракчылык”, “мыйзамсыз эркинен ажыратуу” беренелери менен сыртынан айыпталып, издөө жарыяланган. Анапияевди мурдагы президент Бакиевдер менен жакшы мамиледе болгону айтылып жүрөт.

1972-жылы туулган Болот Самсалиев кылмыш дүйнөсүндө “Боха Казарманский” деген ат менен белгилүү болгон. Расмий маалыматта Самсалиев дагы Көлбаевге жакыны жана кримчөйрөдө Бишкектин “көзөмөлдөөчүсү” болгон. Ал “адам өлтүрүү”, “каракчылык” боюнча соттолгон. 2006-жылы Бишкекте белгисиз адамдар өлтүрүп кеткен.

“Рэмбо” каймана аты менен таанылган Марат Раимбековду 2007-жылы үйүнөн белгисиз адамдар уурдап кеткен боюнча дайынсыз жоголгон.

Макаланы толугу менен шилтемеден окуңуз.

@azattyk_radiosu

Азаттык Υналгысы

Рысбек Акматбаевдин өлүмү: кримдүйнөнүн кандуу тиреши

Кылмыш дүйнөсүнүн анабашы аталып, ошол жылдары саясатка чейин аралашкан таасирдүү фигура Рысбек Акматбаевдин өлүмү эмнеге буга чейин ачылган эмес? Анын өлүмү саясатка байланышы барбы же криминалдык таасир талаш болгонбу?

**Рысбек Акматбаевдин өлүмү: кримдүйнөнүн кандуу тиреши**
4 months, 3 weeks ago

8-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

We recommend to visit

📩 Елон бериш учун |•➥  @FargonaIshBor_Uz

𝗔𝗨𝗗𝗜𝗧𝗢𝗥𝗜𝗬𝗔🌐

𝗙𝗔𝗥𝗚’𝗢𝗡𝗔, 𝗤𝗜𝗥𝗚𝗨𝗟𝗜, 𝗠𝗔𝗥𝗚𝗜𝗟𝗢𝗡, 𝗥𝗜𝗦𝗛𝗧𝗢𝗡,𝗢𝗟𝗧𝗜𝗔𝗥𝗜𝗤 𝗤𝗨𝗩𝗔,𝗧𝗢𝗦𝗛𝗟𝗢𝗤,𝗕𝗢𝗚𝗗𝗢𝗗

𝗛𝗔𝗠𝗗𝗔 𝗙𝗔𝗥𝗚𝗢𝗡𝗔 𝗧𝗨𝗠𝗔𝗡𝗟𝗔𝗥𝗜𝗗𝗔𝗡 𝗜𝗕𝗢𝗥𝗔T🇺🇿

Last updated 3 months, 3 weeks ago

$WEB3 utility-токен экосистемы TON DNS Club @tondnsclub на блокчейне TON внутри Telegram

💬 Чат: @web3jetton
Сайт: web3ton.io

Рекламные предложения: @ego_identity

Last updated 1 week, 1 day ago

ЎЗБЕГОЙИМ ОРИГИНАЛ канали №1
Аввал БИЗДА кейин бошқаларда

Реклама учун
Ўзбегойим 👉 @D2989

Last updated 7 hours ago