«Азаттык» радиосу

Description
«Азаттык» радиосунун кызыктуу маалыматтарын окуңуз.
Кайрылуулар үчүн: @azattyk_elunu +996550988755
Орусча канал: @azattykrus
We recommend to visit

$WEB3 — utility-токен экосистемы TON DNS Club на блокчейне TON

? Сайт: web3ton.io
? Сообщество: @web3jetton
? Маркетинг: @ego_identity

Last updated 1 month, 2 weeks ago

Профиль учун чиройли обойлар,видеолар,статуслар,чиройли расмлар,жума ва байрам табриклари
Админ @ZamzamaS

Last updated 1 month, 3 weeks ago

ЎЗБЕГОЙИМ ОРИГИНАЛ канали №1
Аввал БИЗДА кейин бошқаларда
Реклама учун
Ўзбегойим ? @D_Uzbegoyim

Last updated 1 month, 4 weeks ago

2 weeks, 2 days ago
**Жаңылыктар | 05.02.2025 | Жапаровдун Кытайдагы …

Жаңылыктар | 05.02.2025 | Жапаровдун Кытайдагы мамлекеттик сапары, кол коюлган документтер

- Президент Садыр Жапаровдун Кытайдагы мамлекеттик сапары алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Соңку жылдары Кыргызстанда Кытайдын таасири артып бара жатышы ар кандай пикирлерди жаратууда.

- АКШнын президенти Дональд Трамп Газадагы палестиндерди башка жерге көчүрө турууну сунуш кылып, Кошмо Штаттар тилкени кайра курарын айтты. Бул план палестиндердин жана Жакынкы Чыгышта эки мамлекет түзүү принцибин жактаган өлкөлөрдүн сынына кабылды.

- Ош шаарынын негизги көчөлөрүндөгү дарактардын жапырт кыйылышына байланыштуу “Интербилим” уюму сотко кайрылды. Мэрия 3,5 миңден ашык дарак кыйылып, ордуна жаңы дарактар тигилерин билдирген. https://www.youtube.com/live/M92yN66tm5Q

2 weeks, 2 days ago
**Милиция: Журналистти 825 миң сомго алдап …

Милиция: Журналистти 825 миң сомго алдап кеткен шектүү кармалды

Бишкектин Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы Кыргызпатент ишканасынын маалымат катчысы, журналист Мээрим Ташыбекованы 800 миң сомдон ашык каражатка алдап кеткен деген шек менен 23 жаштагы адам кармалганын билдирди.

Маалымат боюнча, журналист 2024-жылы 17-октябрда райондук милицияга өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери деп тааныштырган белгисиз адамдар телефон аркылуу 825 миң сом акчасын алдап котортуп алганын айтып арызданган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси – “Алдамчылык” менен кылмыш иши козголгон. Бул кылмышка шек саналып, 23 жаштагы адам кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кененирээк: https://www.azattyk.org/a/33304073.html

2 weeks, 2 days ago
**Президенттин Кытайга сапары, Мишустиндин талкууга түшкөн …

Президенттин Кытайга сапары, Мишустиндин талкууга түшкөн билдирүүсү | ЭКСПЕРТТЕР ТАЛДАЙТ

Президент Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзинпиндин чакыруусу боюнча Кытайда мамлекеттик сапар менен жүрөт. Кошуна жайгашкан Кытай Кыргызстандагы ири долбоорлорго аралашып, эки өлкөнүн ортосундагы соода алака 22 миллиард доллардан ашканы айтылып жатат. Ал тапта Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мушистин Кыргызстанды орус компанияларына негизсиз доомат артты деп сындап, билдирүүсүндө “опузалоо” деген сөздү да колдонду. Бул эки окуя Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги тема болуп турат. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө тышкы саясаттагы соңку окуяларды талкуулайбыз. https://www.youtube.com/watch?v=kP_jDa6CfS4

3 months ago
**Эл аралык кылмыш соту Нетаньяхуну, Галантты …

Эл аралык кылмыш соту Нетаньяхуну, Галантты жана ХАМАС командирин кармоого ордер чыгарды

Эл аралык кылмыш соту бүгүн 21-ноябрда ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) аскердик командири Мохаммед Дейфти, ошондой эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну жана бул өлкөнүн мурдагы коргоо министри Йоав Галантты кармоого ордер чыгарды.

Бул тууралуу аталган сот мекемесинин 21-ноябрдагы билдирүүсүндө айтылды.

Үчөө тең ХАМАСтын былтыркы кол салуусуна жана Израилдин ошондон кийинки аскердик кийлигишүүсүнө байланыштуу адамзатка каршы кылмыш жана согуш кылмышы үчүн айыпталууда. Толук окуңуз ?? https://smarturl.click/opD2e

3 months ago

‼️Ноокатта жетекчисине арызданган милиционер кызматтан алынды
Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) жетекчиси Талгат Өскөналиевдин үстүнөн даттанган Тимур Абдисатар уулу ички иштер органдарынан кызматтан бошотулду. Ал эми РИИБнүн жетекчиси Талгат Өскөналиев ээлеп турган кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду.

Мындай чечим Ички иштер министрлигинин (ИИМ) анын арызын текшерүү үчүн түзүлгөн комиссиянын корутундусуна ылайык чыгарылганын министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

РИИБ башчысынын эки орун басары, кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси, коомдук коопсуздук кызматынын дагы бир инспектору да кызматынан төмөндөтүү менен алынды. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) жетекчиси Нурланбек Буркановго, орун басарларына жана бир катар жооптуу кызматкерлерине эскертүү жана сөгүш берилген.

@azattyk_radiosu

3 months ago
3 months, 1 week ago
**Бишкекте бычак жеген келин көз жумду, …

Бишкекте бычак жеген келин көз жумду, күйөөсү жандандыруу бөлүмүндө
15-ноябрь күнү саат 7:40 чамасында Бишкектин Арча-Бешик конушунун тургуну, 27 жаштагы Н. А. аттуу келин бычактан жараат алып, "Тез жардам" ооруканасына жеткирилген. Көп өтпөй каза болгон. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, ооруканага ошондой эле бычактан алган жарааты менен маркумдун күйөөсү - 34 жаштагы А. Р. аттуу адам да жеткирилген, учурда жандандыруу бөлүмүндө. Аны милиция кайтарууга алганы кабарланды.

РИИБдин маалыматына караганда, жубайлардын экөөнү тең ооруканага туугандары жеткиришкен. Иликтеп-текшерүү иштери учурунда жубайлар чатакташканы аныкталган.

@azattyk_radiosu

3 months, 1 week ago
**Шайлоо: "Адилет" партиясынын ишин кароо жылдырылды**

Шайлоо: "Адилет" партиясынын ишин кароо жылдырылды
Бишкек шаардык кеңешине ат салышып жаткан "Адилет" партиясынын добуш сатып алууга шек саналып жатканына байланыштуу арызды кароо жылдырылды. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын маалыматында, буга партиянын кошумча документтерин суратуу зарылдыгы себеп болгон.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы 14-ноябрда "Адилет" саясий партиясынын үгүтчүсүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш ишин козгогону маалым болгон. (Иллюстрация сүрөт)

@azattyk_radiosu

3 months, 1 week ago
3 months, 2 weeks ago
**"Кошумча текшерүүлөргө даяр болгула". Орусияга бараткандарга …

"Кошумча текшерүүлөргө даяр болгула". Орусияга бараткандарга эскертүү

Тышкы иштер министрлиги Орусияга барууну пландаган жарандарга кайрылып, Москванын мигранттарды тескеген эрежелерине көңүл бурууну эскертти. Тышкы иштер мекемеси соңку бир аптада экинчи ирет мындай эскертүү жолдоду. Жаңы жылдан тарта Орусияда чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби өзгөрөт. Кененирээк макаладан окуңуз: ?? https://smarturl.click/mp9q5

We recommend to visit

$WEB3 — utility-токен экосистемы TON DNS Club на блокчейне TON

? Сайт: web3ton.io
? Сообщество: @web3jetton
? Маркетинг: @ego_identity

Last updated 1 month, 2 weeks ago

Профиль учун чиройли обойлар,видеолар,статуслар,чиройли расмлар,жума ва байрам табриклари
Админ @ZamzamaS

Last updated 1 month, 3 weeks ago

ЎЗБЕГОЙИМ ОРИГИНАЛ канали №1
Аввал БИЗДА кейин бошқаларда
Реклама учун
Ўзбегойим ? @D_Uzbegoyim

Last updated 1 month, 4 weeks ago