❤️? Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz ?
❤️? Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda ?
Reklama uchun: @T1MoTel_23
Спортивный паблик 🇰🇬
Сотрудничество: @boryuwolf
Last updated 1 year, 6 months ago
Телеграм каналларимиз:
✅ @huda_uz
✅ @shams_solih
Мурожаат учун:
📨 @huda_murojaat_bot
?Хадистин пайдалары:
Ислам дини тазалыкты сактайт жана ага көңүл бурат.
Жума күнү намазга жуунуу бекемделген мустахаб амал.
Хадисте дене жөнүндө сөз болсо дагы "башты" деп өзүнчө айтылуусу ага көңүл бурууну түшүндүрүп турат.
Кимден жагымсыз жыт келип, андан адамдар зыян тартып турса, анда ага жуунуу важиб болот.
Жуунуу үчүн эң жакшы күн – бул жума күнү, жума күнү пазилеттүү болгону үчүн.
Түшүндүрмө:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) күнүмдүк беш убак намазды майда күнөөлөрдү жана каталарды өчүрүүдө бирөөнүн эшигинин алдында агып жаткан дарыяга окшоштурган. Ал киши дарыяга бир күндө беш жолу жуунса, денесинде эч кандай кир калбаган сыяктуу.
?Хадистин пайдалары:
Бул артыкчылык майда күнөөлөргө эле тиешелүү, ал эми чоң күнөөлөргө тообо кылуу зарыл.
Беш убак намаздын шарттары, рүкүндөрү, ваажыбдары жана сүннөттөрү менен калтырбай толук аткаруу ушундай артыкчылыктуу иш.
Түшүндүрмө:
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мунафыктар жана алардын намазга өзгөчө куптан жана багымдат намаздарына баруудагы жалкоолугу жөнүндө кабар берип жатат. Эгер алар мусулман жамааты менен болуудагы сооп-сыйлыктардын кадырын билишкенде, анда бала колу жана тизеси менен жөрмөлөгөндөй жөрмөлөп болсо да келишмек.
. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, намаз окууга буйрук кылып намаз окулуп, өзүнүн ордуна башка бирөөнү адамдарга имам болууга дайындап андан соң жамаат намазга келбеген эркектерге отун көтөргөн бирөө менен барып, алар жамаатка келбей оор күнөө кылышканы үчүн үйлөрүн өрттөп жиберүүнү каалады. Бирок ал муну кылган жок. Анткени үйлөрдө эч кандай күнөөсү жок аялдар, балдар жана башка үзүрлүү адамдар бар болчу.
?Хадистин пайдалары:
Мечитте жамаат менен намаз окубай калуу коркунучтуу.
Мүнафыктар ибадат кылышканда эл көрсүн жана атак-даңкты гана максат кылышкан. Ошондуктан адамдар аларды көргөндө гана намазга келишкен.
Жамаат менен окулган куптан жана багымдат намаздарынын сообу чоң. Куптан жана багымдат намаздары жөрмөлөп болсо да барып жамаат менен окууга татыктуу.
Куптан жана багымдат намаздарын жамаат менен окуу эки жүздүүлүктөн сактайт. Ал эми эки намазды жамаат менен окубоо мунафыктардын сыпаттарынан.
Түшүндүрмө:
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, Ислам дининдеги беш сыпатты жана элчилердин сүннөттөрүн баяндады.
Биринчиси: сүннөткө отургузуу. Бул балдардын жыныс мүчөсүнүн баш жагындагы ашыкча терисин кесип алуу.
Экинчиси: жыныс мүчөлөрдүн айланасындагы түктөрдү кыруу.
Үчүнчүсү: мурутту кыскартуу. Эрин көрүнгүдөй кылып эркектин үстүнкү эрининен өскөн мурутту кыскартып алуу.
Төртүнчүсү: тырмактарды алуу.
Бешинчи: колтуктагы түктөрдү жулуу.
?Хадистин пайдалары:
Аллах сүйгөн, ыраазы болгон жана буйруган пайгамбарлардын сүннөттөрү кемчиликсиздикке, тазалыкка жана сулуулукка чакырат.
Бул нерселердин келишиминин шарияттагы мыйзамдуулугу жана аларды көз жаздымда калтырбоо.
Бул сыпаттардын диний жана дүнүйөлүк пайдалары бар, алар: сырткы көрүнүштү жакшыртуу, денени тазалоо, тазалыкка чараларды көрүү, каапырларга каршы болуу жана Аллахтын буйругуна моюн сунуу.
Бул беш сыпаттан башка адамдын табиятындагы кошумча сыпаттар башка хадистерде да айтылган.Мисалы:сакал коюу, тишти мисвак менен тазалоо ж.б. сыпаттар.
Түшүндүрмө:
Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) ар бир балакат жаш курагына жеткен мусулман таза ден-соолугуна шүгүр иретинде Аллах үчүн күн сайын дене мүчөлөрүнүн санынча садага бериши керектигин айткан. Бул садакалар мал-мүлктөн гана бере турган садака эмес, жакшы иштердин баарына тийешелүү садакалар. Алардын кээ бири төмөнкүлөр: Урушкан эки адамды жараштырып коюу - садака. Алсыз болгон бирөөнү улоосуна мингизип, жүгүн артып берүү да - садага. Дуба, зикир же салам айтуу сыяктуу жакшы сөздөрдүн баары - садака. Мечитке карай таштаган кадамдын баары - садага. Зыяны тийе турган нерсени жолдон алып таштоо - садака.
?Хадистин пайдалары:
Адам баласынын сөөк жана тарамыштарынын тартиптүү кыймылдап турганы Аллах Тааланын бизге берген эң чоң нээмат жакшылыгы. Ошон үчүн Аллахтын бул жакшылыгына шүгүр кылып, ар бир мүчөгө өзүнчө садака берилүүсү тийиш.
Аллахтын нээмат жакшылыгы дайыма уланып туруусу үчүн күн сайын ага жаңылап шүгүр кылуу керек.
Күн сайын нафил ибадаттарды аткарып, садакаларды берип туруу керек.
Адамдардын ортосун жараштыруу - артыкчылыктуу иштерден.
Мусулман боордошуна жардам берүү зарыл, анткени ага жардам берүү да садака болуп эсептелет.
Жамаат намазын окуу үчүн басып баруу керек. Мечит куруу да ушуга кирет.
Зыяндуу нерселерди алып таштоо аркылуу мусулмандардын ары-бери баскан жолун таза сактоо важиб.
Түшүндүрмө;
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдарга карыз берип жакшы мамиле кылган киши жөнүндө же аларга бир нерсени сатканда бир канча мөөнөттөн кийин төлөөгө макул болуп саткан киши жөнүндө кабар берип жатат. Ал адамдардагы карыздарын чогулткан кызматкерине мынтип айтат эле: «Эгерде карызды чогулткан учурда карыздар адам өтө муктаж болгондуктан алган карызын төлөй албай турган болсо, анда анын карызын же кечип жибер же болбосо кошумча убакыт бер жана аны шаштырба». Же болбосо карыздын канчасын төлөй алса ошону алып, калганын кечип жибер». Ал киши бул кылган иштери аркылуу Аллахтан кечирүүсүн үмүт кылган. Ошондуктан ал өлгөндө Аллах анын күнөөлөрүн кечирип, жамандыктарын жоюп салды.
?Хадистин пайдалары;
Адамдарга жакшы мамиле кылуу, аларга кечиримдүү болуу жана кедейдин карызын кечип жиберүү - бул кыямат күнү пенденин азаптан кутулуусунун эң чоң себептеринен болот.
Адамдарга жакшылык кылуу, Аллахка ыкластуу болуу жана анын ырайымын үмүт кылуу - бул күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот.
?Хадистин пайдалары:
Аллах Тааланын ырайымы жана Анын макулуктарына болгон боорукерлиги.
Өлтүрүүнүн жана союунун жакшылыгы – шарият көрсөткөн түрдө болуусу.
Шарияттын кемчиликсиздиги жана бардык жакшылыктарды камтышы. Мына ошол жакшылыктар жаныбарларга мээримдүүк кылууну жана аларга жумшак мамиле кылууну камтыйт.
Адамды өлтүргөндөн кийин денесин кескилөөгө тыюу салынат.
Жаныбарларды кыйнаган нерселердин бардыгына тыюу салынат.
❤️? Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz ?
❤️? Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda ?
Reklama uchun: @T1MoTel_23
Спортивный паблик 🇰🇬
Сотрудничество: @boryuwolf
Last updated 1 year, 6 months ago
Телеграм каналларимиз:
✅ @huda_uz
✅ @shams_solih
Мурожаат учун:
📨 @huda_murojaat_bot