Why Pay for Entertainment? Access Thousands of Free Downloads Now!

Emil Andartegin Ustaz "СУРОО-ЖООП" КАНАЛ

Description
We recommend to visit

❤️‍🔥 Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz 🎶

❤️‍🔥 Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda 🎶

Reklama uchun: @T1MoTel_23

Last updated 3 weeks, 1 day ago

🔞 КАТТАЛАР УЧУН❗️
Ходиса расмий канали ✅️

🌐 Жаҳондаги муҳим воқеалар, тезкор ва махфий ходисалар!

⚡️Воқеа ёки ҳодисанинг гувоҳи бўлдингизми?
Унда бизга юборинг:

📩 Taklif uchun: @Reklama715

Last updated 1 month ago

1 month, 3 weeks ago

СУРОО:
Салам алейкум Устаз.
Тулпар футболкасын сатып алып, лотерея ойносо болобу?

Ustaz Emil Andartegin:
Кардарларды тартуу максатында товар сатып алгандардын арасында байге утуш ойнотуу төмөнкү шарттар менен уруксат:
1. утуш (лотерея, розыгрыш) ойнотуу үчүн товардын баасына кошулбашы керек б.а. утуш ойнотулган товар ошондой эле бирок утушу жок товардын баасындай болуусу керек.
2. Утуш ойнолуп жаткан товардын өзү, сатып алууда биринчи кезекте, утушка карабастан максат кылыныш керек.
Ушул шартты товардын сатуучусу жалпыга жарыялоосу кажет. Эгер товарды сатып алуунун негизги максаты - байге утуу болсо, бул абалда утуш ойнотуу дурус болбой.
3. Утуш мүмкүнчүлүгү бардык кардарларда бирдей болуусу керек.
4. Утушка катышуу үчүн кошумча төлөмдөр түз же кыйыр түрдө коюлбоо керек.

Сиздин маселеңизде айтылган шарттар табылган болсо, товарды сатып алып, байге утушка катышса болот. Эгер жогорку шарттар табылбаса, кумар оюндарына кирип калгандыктан шариятта уруксат эмес.

#andartegin

3.3.3: يجوز منح جائزة يشترط للدخول في السحب عليها شراء سلعة أو خدمة بالشروط الآتية:
3.3.3.1 ألا يزاد في ثمن السلعة أو الخدمة المشترط شراؤها للدخول في السحب عن سعرها بدون حق السحب.
3.3.3.2 أن تكون السلعة أو الخدمة المشترط شراؤها للدخول في السحب مما يقصد شراؤه بصرف النظر عن الجائزة، و على المؤسسة تنبيه الجمهور إلى ذلك عند الإعلان عن الجائزة. فإن غلب على الظن أن الداخلين في السحب لا يشترونها إلا لغرض الحصول على الجائزة، فلا يجوز وضع الجائزة في هذه الحال.
3.3.3.3 أن تكون فرص الفوز في كل سحب متساوية لجميع الداخلينفي السحب.
3.3.3.5 لا يجوز اشتراط دفع رسم أو ثمن للدخول في السحب على الجائزة بشكل مباشر أو غير مباشر.

المعايير الشرعية: المعيار رقم 55. صـ 1288.

2 months ago

СУРОО:
Саламатсызбы!
Хотела спросить: допускается ли аборт если муж категорически против?
Или можно ли развестись с мужем будучи беременной, если он не хочет ребенка.
PS: есть двое маленьких детей.
Причина аборта-отсутствие своего дома, и мое состояние (головокружения частые)

Ustaz Emil Andartegin:
{Кедейликтен коркуп балдарыңарды өлтүрбөгүлө! Аларга да, силерге да ырыскыны Биз беребиз. Акыйкатта, аларды өлтүрүү - чоң күнөө} (Исра: 31-аят).

Эркектик белсуу менен энелик жумуртканын уруктануусу - түйүлдүктүн пайда болуусуна себеп.
Себепти тоссо болот (сактануу каражаттарын колдонуп).
Урукташып, түйүлдүктүн байлануусу - Алланын өкүмү.
Эненин жанын сактап калуу максатынан башка эч бир абалда Алланын өкүмү менен пайда болгон жанды кыйганга болбойт (өлтүрүү).

Ажырашпаңыз. Анда ал оңой кутулат. Силерди баксын. Милдети.

﴿وَلَا تَقۡتُلُوۤا۟ أَوۡلَـٰدَكُمۡ خَشۡیَةَ إِمۡلَـٰقࣲۖ نَّحۡنُ نَرۡزُقُهُمۡ وَإِیَّاكُمۡۚ إِنَّ قَتۡلَهُمۡ كَانَ خِطۡـࣰٔا كَبِیرࣰا﴾ [الإسراء ٣١]

2 months ago

СУРОО:
"Аль-Анкабут" сүрөөсүнүн 45- аяты. Иним ушул сүрөөнү окуп алып, намаз андай эле маанилүү эмес деп жатат. Туурабы?

Ustaz Emil Andartegin:
Курандын котормосун устазсыз окуганга болбойт. Дин илими китептерден алынбайт, аалымдардын жүрөктөрүнөн алынат. Ким устаздардан илим албаса, шайтан анын устазы болот.

Имам аль-Байдавий (و لذكر الله أكبر)[ал эми Алланы эстөө (зикр) эң чоң!]- деген аятты мындай деп тафсирлейт:
Биринчи мааниси - Намаз башка итааттарга (ибадаттарга) караганда эң чоң итаат. Анткени намазды башка ибадаттардан артык кылган, күнөөлөрдөн тоскон нерсеси - зикр (Алланы эстөө), намаздын өзөгү.
Экинчи мааниси - Алланын силерди ырайымы менен эстөөсү, силердин Алла Тааланы ибадат менен эстөөңөрдөн да чоң!

3 months, 2 weeks ago

СУРОО:
Ассалоому алейкум. Узтаз сурайын дегем… Балалуу болуш үчүн кыз же уул болушун кээ бир адамдар санатат экен. Баланча жылы баланча айда кыз болот.( же эркек болот) деп ошого ишенсе, Кудайга ширк кылган болуп калабызбы?

Ustaz Emil Andartegin:
Аялдын тазалык күндөрүнү санап, тажрыйбадан, адатта ушул күндөрү бойго бүтсө уул болот, мындай болсо кыз болот деп, болжолдуу түрдө себеп катары санатса уруксат. Бирок мынчанчы жылы, мындай айда уул же кыз болот деген акыйдабызга туура келбейт. Ал бакшылык. Ширк.

3 months, 2 weeks ago

СУРОО:
Ассаламу алейкум устаз гайморитте чыккан ириң дааратты бузабы?

Ustaz Emil Andartegin:
Гаймориттен чыккан ириң (чимкирик) дааратты бузбайт.

النتف في الفتاوى لأبي الحسن السغدي البخاري ــ - (1 / 35)
قسم منه طاهر وبخروجه لا ينتقض الوضوء وان اصاب شيئا لا ينجسه وهو عشرة اشياء
1 وسخ الاذان
2 ودموع العين
3 والمخاط
4 والبزاق
5 والبلغم
6 واللبن
7 والعرق
8 ووسخ جميع البدن
9 والرمص
10 واللعاب

3 months, 2 weeks ago

СУРОО:
АССАЛАМУ АЛАЙКУМ ВА РАХМАТУЛЛОХИ ВА БАРАКАТУХУ! 5 АЙЛЫК,ВАРАЧТАР ПОРОК СЕРДЦЕ ДЕП ДИАГНОЗ КОЙГОН.БИРӨӨЛӨРДҮН ТАЖЫРЫЙБАСЫНАН УГУП КАЛДЫК.АЛИМРОН СҮРӨӨСҮНҮН 82 АЯТЫНАН 84 ЧҮ АЯТЫНА ЧЕЙИН КАГАЗГА ЖАЗЫП,АНАН ЗАМЗАМ СУУГА КОШУП ИЧИРЕТ ЕКЕН.АНДАН СОН ЗАМ ЗАМ СУУГА ЖУУНТАТ ЭКЕН,ТАЖЫРЫЙБАСЫНДА ЖЫЙЫНТЫК БОЛУПТУР.АЛБЕТТЕ БИЗ СЕБЕБИН КЫЛАБЫЗ ,АЛЛАХ ШЫПАА БЕРҮҮЧҮ.СИЗДЕЙ ААЛЫМДАРДЫН КӨЗ КАРАШЫ КАНДАЙ ЖООБУНУЗДУ КҮТӨМ.АЛЛАХЫМ ИЛИМИНИЗГЕ БЕРЕКЕСИН БЕРСИН🤲🤲БАШКАЛАРГАДА ПАЙДАЛУУ БОЛООР АЛЛАХ КААЛАСА.

Ustaz Emil Andartegin:
Себеп катары дем салып, шыпааны Алладан күтүп мындай нерсени кылсаңыз шариятта уруксат. Аллахым перзентиңизге шыпаа берсин, өмүрүн берекелүү кылып, Өзүнүн такыба пенделеринен кылсын

3 months, 2 weeks ago

Далили жок сөз — чала күйгөн чычала.
Бирөө, экөөнүн катасын тууралап койсоң, жаны калбай чычалап “жамаатка душмансың” дешет. Жамаатты аралаштырбай эле жаңылганды оңдо.
Зыярат кылып койсоң, Брелвийсиң, такфиристсиң дешет.

Мен, Эмиль Андартегин - брелвийге тиешем жок! Таблиг да эмесмин!
Орто азияда миң жылдан бери салтуу болуп калыптанган матуридий, ханафиймин. Египетте окуганмын. Азхариймин. Матуридий акыйдасы боюнча ким менден ката тапса, жарыялап айтсын.

Брелвийлерге аалымдар кеңеши, расмий иш сапары менен барганыбыз чын. Таблигчилер чакырса, аларга да сөзсүз барабыз.

Аллахым! Кыргызымды брелвий менен таблигтин ортосундагы фитнадан сакта🤲🏻

(бревлий - дегенди көбү биринчи жолу укса керек😄😄😄)

3 months, 3 weeks ago

СУРОО:
Салам алейкум Устаз, бизге кичинебизде энелерибиз тумар тагып коюшат эле. Жаш балага тумар жасатып, тагып коюу динибизде ширкпи?

Ustaz Emil Andartegin:
Тумардын арабчасы тамима (تميمة). Тамима деп – жамандыктан сактануу үчүн кагазга бир нерселерди жазып, жаш баланын мойнуна, үйгө же унаага илип койгон нерсеге айтылат.
Тумарга Куран же башка нерселер жазылат. Сахабалардын аалымдары, алардын ичинде Айиша энебиз (Р.А) жана үммөттүн имамдары, төрт мазхаб Куран жазылган тумарга уруксат беришкен жана ширк болбоорун айтышкан. Араб тилинен башка тилде жазылган тумарларды тагынуу макүрөө дешкен. Ал эми Пайгамбарыбыздын (С.А.В) тумарларды тыюу салган хадистерин, “мушриктер жасаган тумарлар” деп жоорушат.

[فَرْعٌ] فِي الْمُجْتَبَى: التَّمِيمَةُ الْمَكْرُوهَةُ مَا كَانَ بِغَيْرِ الْعَرَبِيَّةِ
(قَوْلُهُ التَّمِيمَةُ الْمَكْرُوهَةُ) أَقُولُ: الَّذِي رَأَيْته فِي الْمُجْتَبَى التَّمِيمَةُ الْمَكْرُوهَةُ مَا كَانَ بِغَيْرِ الْقُرْآن...ِوَلَا بَأْسَ بِالْمُعَاذَاتِ إذَا كُتِبَ فِيهَا الْقُرْآنُ، أَوْ أَسْمَاءُ اللَّهِ تَعَالَى، ... إنَّمَا تُكْرَهُ الْعُوذَةُ إذَا كَانَتْ بِغَيْرِ لِسَانِ الْعَرَبِ، وَلَا يُدْرَى مَا هُوَ وَلَعَلَّهُ يَدْخُلُهُ سِحْرٌ أَوْ كُفْرٌ أَوْ غَيْرُ ذَلِكَ، وَأَمَّا مَا كَانَ مِنْ الْقُرْآنِ أَوْ شَيْءٍ مِنْ الدَّعَوَاتِ فَلَا بَأْسَ بِهِ اهـ

3 months, 3 weeks ago

СУРОО:
Устаз, жалгыз жашагым келет,болбойбу?

Ustaz Emil Andartegin:
Болот. Бирок жалгыздык эң жаман нерсе.

3 months, 3 weeks ago

СУРОО:
Кыз багып алганбыз, балагатка жет-де куйомо намахрамбы?

Ustaz Emil Andartegin:
Бала асырап алуу, өзүнүн атына өткөрүп, элден да өзүнөн да бакма экенин жашыруу - эң чоң күнөөлөрдүн бири. Алланын каарынан сактангыңыз келсе жана сооп табайын десеңиз, кызды бакма экенин билдирип чоңойтуңуз. Эгер сизди эмген эмес болсо, күйөөңүз жана башка балдарыңыз ага махрам эмес. Алардын көзүнчө жоолугун чечпеши керек.

We recommend to visit

❤️‍🔥 Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz 🎶

❤️‍🔥 Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda 🎶

Reklama uchun: @T1MoTel_23

Last updated 3 weeks, 1 day ago

🔞 КАТТАЛАР УЧУН❗️
Ходиса расмий канали ✅️

🌐 Жаҳондаги муҳим воқеалар, тезкор ва махфий ходисалар!

⚡️Воқеа ёки ҳодисанинг гувоҳи бўлдингизми?
Унда бизга юборинг:

📩 Taklif uchun: @Reklama715

Last updated 1 month ago