🌐Navoiyliklar.uz сайтининг расмий Telegram канали
Instagram: https://www.instagram.com/navoiyliklar.uzb
Facebook: https://www.facebook.com/navoiyliklar.uzb
📄АОКА томонидан берилган №1699 гувоҳнома асосида фаолият юритамиз
Реклама: @Navoiyadmin
Last updated 2 months, 2 weeks ago
🇰🇬кыргызча
https://tilimpoz.taplink.ws
Last updated 2 weeks, 1 day ago
💻: ИСЛАМ ИЛИМДЕРИ АЛАКАНЫҢДА !
📡: ССЫЛКА | TELEGRAM :
https://t.me/hanafimektebi
📡: ССЫЛКА | WHATSAPP :
https://chat.whatsapp.com/C2DJKMO7tYDBMM6UpkhWwc
АДМИН:
+996773998969
Last updated 3 months, 3 weeks ago
СУРОО:
Салам алейкум Устаз, Инна лилляхи ва Инна ляйхи деген дуа кайсы учурда окулат?
Ustaz Emil Andartegin:
Башка кыйынчылык түшкөндө айтылат.
{Биз силерди сөзсүз түрдө коркуу, ачкачылык, байлыктын азайышы, жакындардын өтүшү жана эгиндин кыйроосу менен бир аз сынайбыз. Сабырдууларды сүйунчуло! Алар кыйынчылык баштарына түшкөндө: “Инна лиллахи уа инна илейхи ражиуун” (Чындыгында биз Алла Тааланыкыбыз. Чындыгында биз Ага кайтабыз)- деп айтышат. Аларга Роббилеринен салават жана ырайм болот, ошолор туура жолдо} Бакара сүрөөсү 155-158- аяттар.
“Ким мусыйбат болгондо (Инна лиллахи уа инна илейхи ражиун) десе, Алла Таала ал мусыйбатты жоготот, аягын жакшы кылат, ордуна ал ыраазы болгон нерсе берет” Хадис.
﴿وَلَنَبۡلُوَنَّكُم بِشَیۡءࣲ مِّنَ ٱلۡخَوۡفِ وَٱلۡجُوعِ وَنَقۡصࣲ مِّنَ ٱلۡأَمۡوَ ٰلِ وَٱلۡأَنفُسِ وَٱلثَّمَرَ ٰتِۗ وَبَشِّرِ ٱلصَّـٰبِرِینَ﴾ [البقرة ١٥٥]
﴿ٱلَّذِینَ إِذَاۤ أَصَـٰبَتۡهُم مُّصِیبَةࣱ قَالُوۤا۟ إِنَّا لِلَّهِ وَإِنَّاۤ إِلَیۡهِ رَ ٰجِعُونَ﴾ [البقرة ١٥٦]الحُنُو و التعطف.
﴿أُو۟لَـٰۤىِٕكَ عَلَیۡهِمۡ صَلَوَ ٰتࣱ مِّن رَّبِّهِمۡ وَرَحۡمَةࣱۖ وَأُو۟لَـٰۤىِٕكَ هُمُ ٱلۡمُهۡتَدُونَ﴾ [البقرة ١٥٧]
وفي الحَدِيثِ: « “مَنِ اسْتَرْجَعَ عِنْدَ المُصِيبَةِ جَبَرَ اللهِ مُصِيبَتَهُ، وأحْسَنَ عُقْباهُ، وجَعَلَ لَهُ خَلَفًا صالِحًا يَرْضاهُ” »«وَطُفِئَ سِراجُ رَسُولِ اللهِ ﷺ فَقالَ: “إنّا لِلَّهِ وإنّا إلَيْهِ راجِعُونَ” فَقِيلَ: أمُصِيبَةٌ هِيَ؟ قالَ: “نَعَمْ كُلُّ شَيْءٍ يُؤْذِي المُؤْمِنَ فَهو مُصِيبَةٌ”. »
СУРОО:
Салам алейкум, устаз эгерде, тамашалашып кыз менен эркек баш кошууга макул болуп, жанында күбөлөр болсо нике кыйылып калуусу мүмкүнбү?
Ustaz Emil Andartegin:
Алланын элчиси (саллаллоху алайхи уа саллам) айткан: “Үч нерсерин азили да чын, чыны да чын: талак, кул азат кылуу жана нике”.
Эгер никенин шарттары толук табылган болсо, тамашалашып кыйса да нике байланып калат.
وَكَذَلِكَ الْجِدُّ لَيْسَ مِنْ شَرَائِطِ جَوَازِ النِّكَاحِ حَتَّى يَجُوزَ نِكَاحُ الْهَازِلِ؛ لِأَنَّ الشَّرْعَ جَعَلَ الْجِدَّ، وَالْهَزْلَ فِي بَابِ النِّكَاحِ سَوَاءً قَالَ النَّبِيُّ: ﷺ «ثَلَاثٌ جِدُّهُنَّ جِدٌّ، وَهَزْلُهُنَّ جِدٌّ الطَّلَاقُ وَالْعَتَاقُ وَالنِّكَاحُ» وَكَذَلِكَ الْعَمْدُ عِنْدَنَا حَتَّى يَجُوزَ نِكَاحُ الْخَاطِئِ وَهُوَ الَّذِي يَسْبِقُ عَلَى لِسَانِهِ كَلِمَةُ النِّكَاحِ مِنْ غَيْرِ قَصْدِهِ.
ص310 - كتاب بدائع الصنائع في ترتيب الشرائع
СУРОО:
Ассаламу алейкум менин суроом азыр убакта Ислам жатында сабактар чыгып атат мисалы ибадат менен тагдырынды озгорт Жана башка ушундай сабактар ушуларга катышса болобу?
Ustaz Emil Andartegin:
Исламдын атынан сүйлөгөн жахилдер көбөйдү. Напсини тизгиндегендин ордуна, шахватынын аркасынан ээрчип, шайтанга жетеленгендер көбөйдү.
Алла Таала бир нерсени жаратаарда, анын убактысын, ырыскысын, жээр тузун, ичээр суусун жана абалдарын кайгы- капа, кубанычын пенде эмнени тандаарын алдын ала билип, өлчөп , өзү каалагандай жаратат. Ошол тагдыр делет.
Алла Тааланын илими өзгөрбөгөндөй эле, тагдыр да өзгөрбөйт.
Пенде тагдырына эмне жазылганын билбейт, ошондуктан ал себептерди карманууга буйрулган. Ибадат - себеп. Күнөө - себеп. Дары - себеп. От - себеп… себепти сен кыласың, натыйжаны Алла Таала кааласа жаратат, каалабаса жаратпайт.
Сен кулсуң. Кожоюнуң Кудайың. Кожоюнуң каалаган нерсесин кылат. Себепти аткарып, андан бир нерсени талап кыла албайсың. Сенин абалың, Кудайга кор болуу, айтканын аткарып, тыйгандан тыйылууң. Кудайга баш бербей күнөө кылсаң, азабынан Өзүнө гана качып кутула аласың!
Суроодогу сабактарга катышуу - туура жолдон адашуу жана элди адаштыруу.
Алла Өзү хидаят берсин🤲🏻**
Жахил (ар. جاهل) - наадан, илимсиз, караңгы.
Шахват (ар. شهوة) - напсинин кумарына жетүү аракети.
Шайтан (ар. شيطان) - адамдардан жана жиндерден болгон Жаратканга баш ийбеген макулук.
**Хидаят (ар. هداية) - туура жол.
﴿إِنَّ رَبَّكَ فَعَّالࣱ لِّمَا یُرِیدُ﴾ [هود ١٠٧]
СУРОО:
Устаз, балдарыбыз квадробер болуп ойносо динибизде болобу?
Ustaz Emil Andartegin:
Квадробер - айбанды туурап, маска кийип, куйрук тагынып төрт буттап басып жүргөн адам.
Квадроберлик - оюн эмес, өзүнчө айбанча жашоону каалаган субкультура.
Динибизде, адамдын аябанга окшоп жашагысы келүүсү - арам.
Акыл берип Алла Таала адам баласын артык кылды. Акыл менен Кудайды тааныбаган каапырларды, айбанга окшош деп жемеледи.
Дин менен жашаганда гана адам “Кайдан келдим? Эмне үчүн? Кандай жашашым керек? Кайда барам?”- деген суроолоруна так жооп ала алат.
Исра сүрөөсү: 70- аят.
Фуркан сүрөөсү: 44- аят.
﴿وَلَقَدۡ كَرَّمۡنَا بَنِیۤ ءَادَمَ وَحَمَلۡنَـٰهُمۡ فِی ٱلۡبَرِّ وَٱلۡبَحۡرِ وَرَزَقۡنَـٰهُم مِّنَ ٱلطَّیِّبَـٰتِ وَفَضَّلۡنَـٰهُمۡ عَلَىٰ كَثِیرࣲ مِّمَّنۡ خَلَقۡنَا تَفۡضِیلࣰا﴾ [الإسراء ٧٠]
﴿أَمۡ تَحۡسَبُ أَنَّ أَكۡثَرَهُمۡ یَسۡمَعُونَ أَوۡ یَعۡقِلُونَۚ إِنۡ هُمۡ إِلَّا كَٱلۡأَنۡعَـٰمِ بَلۡ هُمۡ أَضَلُّ سَبِیلًا﴾ [الفرقان ٤٤]
СУРОО:
Салам алейуум, Устаз.
Ыйман алсырасанда эмне кылыш керек?
Ustaz Emil Andartegin:
Напсини сындырыш керек.
СУРОО:
Ас салааму алейкум таксыр !!!!
Сиз Сюцай,Квантовый психологияларды баарын обший эле современный бакшылар деп салдыныз.
Ушул баарын сразу 1 соз менен кыска айтып салган туурабы же катанызбы ?????
Мисалы мен Ислам динибизде тушунбогон коп суроомо жакшы туура тушунук алып,жашоомо коп важный тушунукторду берди.И элдерге да берип жатат тушунгондорго Сюцайды.
Пайгамбарыбыз айткан,Илимди Кытайга да болсо барып ал деген Хадиси барбы ? Ошондой болсо,Сюцай илиминин туура жагын кабыл алып окуп,туура эмес жагын Динибизге туура келбеген жагын кабыл албай озунор башынарды иштетип жашагыла Логиканарды десениз кандай болот эле ??????
Менимче ушул Сюцай,Квантовый психологтор современный бакшылар деп катуу айтып,аны коп адамдар коруп,элдердин акысына кирип калдыныз.Менин тааныштарым да сиздин видеонузду жонотуп сиздин айтканыныз менен жашап калышыптыр.Сюцайда да пайда жагы бар десем укпай жатышат !!!!!
УШУГА СОССУЗ ВИДЕО ЖООП КЫЛЫП БЕРИН КОЮН СУРАНЫЧ.АЛЛАХ АКЫСЫ УЧУН !!!!!!!!
Ustaz Emil Andartegin:
Сюцай, кванттык психология, нумерология, астрология ж.б. көзачылогиялардын баары - ЗАМАНБАП БАКШЫЛЫК. Пайдалуу жагы жок.
Буларды үйрөткөнүң үчүн жүз сом акча таап, ага самса алып жесең, жеген самсаң арам.
Алла Таала адаштырбасын🤲🏻
СУРОО:
Салам алейку устаз, мбанктан онлайн кредит алса болот, анткени ал жакта ислам каржылоосу бар деп жатвшат. Ушул туурабы?
Ustaz Emil Andartegin:
Кайсы банктан болбосун, онлайн кредит алуу - АРАМ!
Ислам каржылоосу, адаттагы банктардын шариат терезелери аркылуу шариятка туура келген адал келишимдери менен гана болот. Мисалы мурабаха, мушарака сыяктуу. Ал эми кайсы бир банкта шарият терезеси бар болсо, ал банк толук түрдө шарият боюнча иштейт деп ойлоо, чоң жаңылыштык.
СУРОО:
Асаломуу алейкуум Устаз
Сууроо ? Эмне учун Чочко Арам болсо Аллах эмне себептен жаараты?
Рахмат
Emil Andartegin:
Алла Таала адалды, жакшыны гана жаратыш керек беле? Анда арамды, жаманды ким жаратат? Ал өзүнө өзү бир жаныбар. Алланын макулугу. Сага тийишпесе тим кой, жүрө берсин жер бетин тазалап. Чочко ? негизинен арам же адал деп айтылбайт. Аны сен жегениң арам (тыйылган) деп эсептелет. Алла Таала Хаким Даанышман Зат эч бир нерсени жөн жаратпайт.
🌐Navoiyliklar.uz сайтининг расмий Telegram канали
Instagram: https://www.instagram.com/navoiyliklar.uzb
Facebook: https://www.facebook.com/navoiyliklar.uzb
📄АОКА томонидан берилган №1699 гувоҳнома асосида фаолият юритамиз
Реклама: @Navoiyadmin
Last updated 2 months, 2 weeks ago
🇰🇬кыргызча
https://tilimpoz.taplink.ws
Last updated 2 weeks, 1 day ago
💻: ИСЛАМ ИЛИМДЕРИ АЛАКАНЫҢДА !
📡: ССЫЛКА | TELEGRAM :
https://t.me/hanafimektebi
📡: ССЫЛКА | WHATSAPP :
https://chat.whatsapp.com/C2DJKMO7tYDBMM6UpkhWwc
АДМИН:
+996773998969
Last updated 3 months, 3 weeks ago