Infinite Entertainment, Zero Cost: Get Your Free Books, Music, and Videos Today!

АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA

Description
Бул Кыргызстандагы көз карандысыз маалымат булагы Archa Media’нын телеграмм каналы. Биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан окуялардын баарын болгонун болгондой, чындыкты гана жазабыз. Сөз эркиндигине КАТТАЛЫҢЫЗ!
We recommend to visit

❤️‍🔥 Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz 🎶

❤️‍🔥 Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda 🎶

Reklama uchun: @T1MoTel_23

Last updated 2 Wochen, 4 Tage her

🔞 КАТТАЛАР УЧУН❗️
Ходиса расмий канали ✅️

🌐 Жаҳондаги муҳим воқеалар, тезкор ва махфий ходисалар!

⚡️Воқеа ёки ҳодисанинг гувоҳи бўлдингизми?
Унда бизга юборинг:

📩 Taklif uchun: @Reklama715

Last updated 1 Monat her

1 month ago
***‼️*** **Крокус Сити Холлдо 100дөн ашык …

‼️ Крокус Сити Холлдо 100дөн ашык адамды куткарып калган кыргызстандык Ислам Халилов «Спартак» командасынын оюнчулары менен жолугушту

✔️ Спортчулар өспүрүмдү эрдиги үчүн ыраазычылык билдирүү үчүн чакырышкан. Ислам жана анын досторуна стадиондо экскурсия уюштурулуп, команда менен тааныштырылды. Жаш баатырга ошондой эле жекечелештирилген футболка жана «Спартактын» өз талаасында ойнолуучу бардык беттешүүлөрүнө абонемент берилди. Оюнчулар мындай күйөрмандар менен сыймыктанарын белгилешти.

1 month ago

‼️ Москвага келген кыргызстандыктар аэропортто эки күндөн бери тамак-ашсыз камалып отурушат

✔️ Бул тууралуу “Азаттыкка” мигранттардын бири билдирди. Анын айтымында, алардын бардыгынын документтери жайында болгону менен, аларды кармоонун себебин эч ким айтпай жатышат.

✔️ Бардыгынын манжаларынын изи алынып, мазмуну белгисиз болгон кагаздарга кол коюуга мажбурланган. Алардын телефондорун да бир нече саат текшеришкен. Мигранттар эмне болуп жатканын Крокус Сити Холлдогу теракт менен байланыштырууда.

🎥 Азаттык

1 month ago

‼️ Москвадагы “Крокус Ситиде” 100гө жакын адамды куткарган кыргызстандык Ислам Халилов сыйлыкка көрсөтүлөт

“Крокус Ситиде” 100дөн ашуун адамды куткарып калган кыргызстандык 15 жаштагы Ислам Халиловду Орусиянын муфтийи Равиль Гайнутдин сыйлыкка көрсөттү. Орус басылмаларынын билдирүүсу боюнча, муфтий Ислам Халиловдун өзүнө жана атасына жеке чакыруу жөнөткөн. Келе жаткан жүма күнү ага Орусиянын мусулмандарынын “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы тапшырылары кабарланган.

Ислам Халилов “Крокус Сити Холлдун” концерттик залындагы гардеробдо сабактан кийин кошумча акча таап иштеген. Теракт учурунда ал 100дөн ашуун адамды кызматтык эшик аркылуу коопсуз жайга чыгарып кетүүгө үлгүргөн.

Мындан тышкары, Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин дагы “Крокус Ситиде” элди куткарууга жана жардам көрсөтүүгө катышкандардын тек-жайын тактоо тапшырмасын бергенин аталган орган кабарлап, андан соң аларды сыйлыкка көрсөтүү маселеси караларын билдирди.

Орусиялык ырчы Алишер Моргенштерн өзүнүн баракчасында Исламга 1 млн рубль сыйлык бергенин жарыялады.

15 жаштагы Ислам Халилов Москва шаарындагы мектептердин биринде 8-класста окуйт. Ал орус жарандыгын алган кыргызстандык үй-бүлөнүн уулу. Анын ата-энеси 15 жыл мурун Орусияга иштегени барып, Ислам Москвада чоңойгон.

@azattyk_radiosu

3 months ago
***‼️*** **Ташиев камалбайт деген депутат Эмиль …

‼️ Ташиев камалбайт деген депутат Эмиль Жамгырчиев эмнеге кармалганын УКМК түшүндүрдү

✔️ Атайын кызмат ал тергөөдөн жашыруу максатында өлкөдөн чыгып кетүүнү пландап жатканы тууралуу маалымат түшкөндүктөн кармашканын билдирди. Буга чейин Ташиев депутат камалбайт деп кепилдик берген.

✔️ УКМК депутатка карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө акыркы баскычта экенин жана жакын арада сотко өткөрүлөрүн кошумчалады.

3 months ago
3 months ago

‼️ Бийликти сындабайм. Издөөдөгү активист Тилекмат Куренов саясаттан четтегенин билдирди

3 months, 1 week ago

‼️ Садыр Жапаров "апрелчилер" менен жолугуп, Бакиевди актоо боюнча сөз болгону айтылууда. Жолугушууга катышкандар аны четке кагышты

3 months, 1 week ago
АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA
3 months, 1 week ago
АРЧА МЕДИА // ARCHA MEDIA
3 months, 2 weeks ago
**Евробиримдик Кыргызстанга санариптештирүү тармагы үчүн 3 …

Евробиримдик Кыргызстанга санариптештирүү тармагы үчүн 3 млн евро бөлдү
Евробиримдик 8-январда Кыргызстандын санарип өнүктүрүү тармагын колдоо үчүн Министрлер кабинетине 3 миллион евро (295 миллион сом) бөлдү. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 11-январда билдирди.

Ага ылайык, которулган каражат Жогорку технологиялар паркындагы санариптик инновациялык борбордун ишине көмөк көрсөтүүгө, жарандарга электрондук кызмат көрсөтүү үчүн “Санарип-Аймак” системасын өлкө аймагына жайылтууга жумшалат. Ошондой эле, бул колдоо өлкөнүн киберкоопсуздугун бекемдөөгө, Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик аркылуу жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылууга да тиешелүү.

Гранттык жардам менен министрликтердин жана өлкө аймагында санарип экономиканы өнүктүрүү үчүн маалымат базаларын түзүп, аны тейлөөгө да жумшалат.

@azattyk_radiosu

We recommend to visit

❤️‍🔥 Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz 🎶

❤️‍🔥 Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda 🎶

Reklama uchun: @T1MoTel_23

Last updated 2 Wochen, 4 Tage her

🔞 КАТТАЛАР УЧУН❗️
Ходиса расмий канали ✅️

🌐 Жаҳондаги муҳим воқеалар, тезкор ва махфий ходисалар!

⚡️Воқеа ёки ҳодисанинг гувоҳи бўлдингизми?
Унда бизга юборинг:

📩 Taklif uchun: @Reklama715

Last updated 1 Monat her