Підтримка - @ecobank_bot
Інформування - @eco_sms_bot
Last updated 2 weeks, 6 days ago
Аллахым айтат: "Пендем мага алакан жайып кайрылса куру кол кайтаруудан уяламын"
Альхамдулиллах Аллахым кандай мээримдү
Last updated 2 months ago
‼️ Түрмөдө жатып буюртма берген. ИИМ адам өлтүрүүгө бөгөт коюлганын билдирди
✔️ ИИМге буйрутма киши өлтүрүү даярдалып жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Маалыматка караганда, киши өлтүрүүгө алдамчылык боюнча абакта жазасын өтөп жаткан 1962-жылы туулган М.Э буюртма берген. Ал өзүнүн мурдагы бизнес өнөктөшүн өлтүрө турган адамды издеген.
✔️ Тергөөнүн маалыматында, кардар адам өлтүрүү кокустук сыяктуу болушу керек деген шарт койгон. Ал үчүн аткаруучуга 30 миң доллар төлөнмөк.
✔️ Шектүүлөрдүн изине түшүү үчүн Уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери адам өлтүрүү уюштуруп, баарын сүрөткө тартып, кардарга жөнөтүшкөн.
✔️ Андан соң 15-декабрда 33 жаштагы адам аткарылган заказ үчүн акча алып келген. Ал оперативдүү кызматкерлер тарабынан кармалган. Ал кардардын тууганы болуп чыкты.
*‼️ Аба ырайы: Кыргызстанда 15-17-декабрда үшүк болот жана кар жаайт.*
✔️ Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаашы, кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.
‼️ Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Ак Күла" атмайданынын жер тилкеси боюнча журналисттик иликтөөгө жооп берди
‼️Президент өтүнүч менен кайрылган алкоголдук продукцияларды импорттоочулар менен өндүрүүчүлөргө жооп берди.
✔️ Импортерлор менен өндүрүүчүлөр алкоголдук продукцияларга акциздерди кайра чаптоо мөөнөтүн алты айга узартуу өтүнүчү менен президентке жана салык кызматына кайрылышкан, бирок президент жообунда алкоголдук продукцияларда акциздик маркаларды алмаштыруу мөөнөтү узартылбай турганын айтты.
✔️ Мамлекет өзү акциз чыгарып баштаганы, мындан ары өлкөдө продукцияларга бир гана "Учкундан" басылып чыккан акциздер чапталарын айтты.
✔️ Анын айтымында, буга чейин акциздер чет мамлекеттерден алынып келип, биринчиден, жасалмалоого оңой болсо, экинчиден, Салык кызматындагы коррупцияга кынык алган айрым кызматкерлерге акциздерди чаптабай туруп, өзүлөрүнө алкоголдук продукциянын керектүү санын көрсөтүүгө ыңгайлуу болуп келген. Ал эми ишкерлер кошумча чыгымга кептебеш үчүн ошол эле продукциялардагы эски акциздин үстүнө “Учкундан” чыгарылган акциздер мамлекет тараптан акысыз чапталып берилет.
‼️ Депутат Элвира Сурабалдиева өкмөт башчынын отставкасын талап кылды
Россия эми Киевтин чечим кабыл алуу борборлорун аткылашы мүмкүн
Орусиянын жаңы ракеталык чабуулдарынын бутасы Киевдеги чечим кабыл алуу борборлору болушу мүмкүн, деди Путин. Анын айтымында, учурда Коргоо министрлиги менен Башкы штаб Украинанын аймагында сокку уруу үчүн буталарды тандап атат. «Бул Киевдеги аскердик объектилер, коргонуу өнөр жай ишканалары же чечим кабыл алуу борборлору болушу мүмкүн», - деди орус президенти Астанага сапары учурунда. Бул тууралуу DW жазды.
Путин Орусиянын аймагына Батыш өндүрүшүндөгү алыскы аралыкка атуучу ракеталар менен жасалган чабуулдарга "анын ичинде Орешникти согуштук шарттарда сыноону улантуу менен" жооп кайтараарын айтты. Ал ошондой эле Россия Федерациясында бул ракеталык системанын сериялык өндүрүшү башталганын билдирди.
Підтримка - @ecobank_bot
Інформування - @eco_sms_bot
Last updated 2 weeks, 6 days ago
Аллахым айтат: "Пендем мага алакан жайып кайрылса куру кол кайтаруудан уяламын"
Альхамдулиллах Аллахым кандай мээримдү
Last updated 2 months ago