"Жᥲн дүᥔнөⲙ" ?н᧘ᥲᥔн κᥙᴛᥱᥰ дүκөнү

Description
Advertising
We recommend to visit

По рекламе / сотрудничеству:
[email protected]
@exs_ad/ t.me/ExSCompany

Last updated 1 month, 3 weeks ago

ЛИСА 01.10.2024

Last updated 2 months ago

📩 [email protected] +7 (919) 779-11-98 Кирилл Сёмин

Мой Rutube-канал:
https://rutube.ru/channel/31539567/

Last updated 1 month, 1 week ago

5 months, 3 weeks ago

Айым, күнүм, жаным дейин, Сүйүп алган жарым дейин. Тилегимди кабыл кылып, Кудай берген багым дейин.

Гүлүм ?****

5 months, 3 weeks ago

`Басып өткөн издеримди барактай,
Азын эмес, көбүн чийдим жаратпай.
Өтсөм деймин зыян бербей эч кимге,
Эл алдында - жүзүмдү жер каратпай.

Мен алдаттым, сен алдатпа, чеберде,
Жаштыгыңды күлкү, оюнга чегербе.
Аттиң, туура пайдаланып калмакмын,
Ал учурду кайрып берсе эгерде.

Жаштыгыңды куру кетирбей билим ал,
Напсиндин эмес, акылыңдын тилин ал.
Жөлөп, таяп колдоп турган ата - энең,
Тирүүсүндө - сен күчтүүсүң билип ал!`
к. Мухаммад Абилов

5 months, 3 weeks ago

Ичиңе жуткандардын баары эле тамак боло бербейт. Бирок кээде тоюп кетесиң!
с.Рустам Абилов#Дилазык*?***

5 months, 4 weeks ago

Урматтуу окурмандар.
Инвестор керек.
Жакшы бир идея бар. Жол жобосун кенешебиз.
Байланыш үчүн:
@Abilovv_m
https://wa.me/qr/YPDI5EI6H7ETH1

WhatsApp.com

Share on WhatsApp

WhatsApp Messenger: More than 2 billion people in over 180 countries use WhatsApp to stay in touch with friends and family, anytime and anywhere. WhatsApp is free and offers simple, secure, reliable messaging and calling, available…

Урматтуу окурмандар.
5 months, 4 weeks ago

Гүлүмө?****

`Ысымынды жүрөгүмө жазып алдым,
Эркелетип гүлүм деп атап алдым.
Көз тийип же сөз тийип калбасын деп,
Көргөзбөй эч бир жанга катып алдым.

Күндүр - түндүр оюмдан кетпей койдуң,
Уурдап алдың акыл-эсти, бүткүл ойду.
Тажаганда бул жашоонун түйшүгүнөн,
Сүрөтүңө карап туруп күлүп койдум.

Унутпагын, качсаң дагы менден канча,
Дубам менен жетем баарыбир сага...?`
Гүлүм?****

Автор: Мухаммад Абилов

5 months, 4 weeks ago
Бүгүн дүйнөдө менден өткөн бактылуу инсан …

Бүгүн дүйнөдө менден өткөн бактылуу инсан жок. Себеби бүгүн мен көптөн бери көксөп, жетпей жүргөн китептериме жеттим. Алхамдулиллах.
Бул жерде 5 китеп дагы 2 китеп бар алар сүрөткө кошулбай калыптыр аларды да бүгүн сүрөтүн жиберем сиздерге.

Менин кубанычыма себеп болгон "Аалам ачкычы" китеп дүкөнүнө ыраазычылык билдирем. Ишиңиздерге ийгилик, Аллахым ишиңиздерди берекелүү кылсын. Аллах жолунда кызмат кылуудан чарчабаныздар?
https://t.me/aalamahkyhy

5 months, 4 weeks ago

ГҮЛҮМ `Салам гүлүм,сени ойлоп ыр жазам,
Өзүң менен ырларымда сырдашам.
Таң каламын кээ кездерде өзүмө,
Нур жүзүндү элестетип
ырдасам.

Ашык болдум карагаттай көзүңө,
Байлап алдың, бүт эркимди өзүңө.
Ашыктыктан акын болдум сыягы,
Көңүл буруп кулак салчы сөзүмө.

Ушунчалык ийкемдүүсүн татынам,
Аны неге байкабагам башынан.
Чынын айтсам көптөрүнөн өзүңдү,
Кызганамын аны кантип жашырам.

Калп болобу, сен сулуусуң чынында,
Сен окусаң жандангансыйт ырымда.
Ашык болуп бирибизге сен экөөбүз,
Даңктайлычы махабатты кылымга.

Күлкүң менен менин жашоом нурданат,
А башкасы нур жүзүңдөн кур калат,
Болгон кайгы маселемди сен гана,
Коёсуң да бир сөз менен бурмалап.

Карасанчы тагдыр буйруп койгонун,
Сени карап деги такыр тойбодум.`
Гүлүм ?****

6 months ago

КӨҢҮЛ

Көңүл... Көзгө көрүнбөйт да, колго кармалбайт. Эгер ага түс берсе кандай болот эле? Улпүлдөп жаңы жааган кардайбы? Жок, анткени, кар күн тийип, жер жылышы менен эрип кетет, бирок, бир муздап тоңгон көңүлдүн ээриши кыйын, кээде мүмкүн эмес. Балким, таажысын эми эле ачып үлбүрөгөн гүл кейпиндедир. Ай, ким билет... Ташты тешип чыккан, катуу шамалга сынбаган, кар алдында соолбогон гүлдөр бар. Бирок, көңүл, бир акын айткандай, болор\-болбос желге үшүп, чыйрыга түшөт. Көңүл, мүмкүн, Кара\-Суунун жупжумшак ак пахтасындайдыр... Бирок, пахта менен муздакты жылуулантабыз. Андан кийим кийип, кычыраган чилденин суугунан үшүбөй чыгабыз. Кебелбей Арктика менен Антарктиданы кезип жүргөндөр, ал тургай Айга конуп, таман издерин калтыргандар бар. А Айдын түнкү суугу цельсий боюнча \-150 градустан ашары белгилүү... Көңүл байкуш, тескерисинче, жылуу денебиздин чок ортосундагы ысык жүрөктө туруп бат эле муздап калат... ...Көңүлдү көрүп да, кармап да кереги жок. Аны болгону аёо керек...

Эгер, билип-билбей көңүлүңөрдү оорутсам, КЕЧИРГИЛЕ!!!
*✍?Мухаммад Абилов*

6 months ago

Нуржигит Кадырбеков

We recommend to visit

По рекламе / сотрудничеству:
[email protected]
@exs_ad/ t.me/ExSCompany

Last updated 1 month, 3 weeks ago

ЛИСА 01.10.2024

Last updated 2 months ago

📩 [email protected] +7 (919) 779-11-98 Кирилл Сёмин

Мой Rutube-канал:
https://rutube.ru/channel/31539567/

Last updated 1 month, 1 week ago