Why Pay for Entertainment? Access Thousands of Free Downloads Now!

КР ӨКМ/ МЧС КР

Description
🇰🇬Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий Telegram каналы
—-
Официальный Telegram канал Министерства чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики
Advertising
We recommend to visit

Group👉 @StickerssGroup
Feedback👉 @Feedbacksebot
Cute Stickers👉 @CuteStickery

Last updated 6 months, 3 weeks ago

Энг керакли видеоларни бизда топасиз💯

Каналимиз Эркаклар ва Аёларимиз учун жуда фойдали👷‍♂️👩‍🍳

Янгиликлар бўлса юборинг биз каналга чиқар
Reklama: https://t.me/ReklamaFC

Last updated 1 month, 1 week ago

Она - бу Аллох томонидан берилган энг буюк тухфа...

Она - Унинг иккинчи номи мехрдир...

Она - Уни яхши кўрмасликнинг иложи йўқ бўлган ягона инсондир...

Онамизни асрайлик дўстлар!!!

Реклама бўйича: @Onalar_admin

Last updated 3 weeks ago

3 weeks, 2 days ago

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

Көңүл буруңуздар! КР ӨКМ эскертет!
Кыргыз гидрометтин маалыматына ылайык 2024-жылдын 27-апрель күнү жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт. Сак болуңуздар! Шамал катталган учурда үйлөрдүн терезелерин жабыңыздар, унааларды бак-дарактардын астына койбоңуздар! Кырсык катталган учурда 112 кызматына кайрылыңыздар.

ШТОРМОВОЕ ПРЕДУПРЕЖДЕНИЕ!

ВНИМАНИЕ! МЧС КР предупреждает! По данным Кыргызгидромета, 27 апреля 2024 года в ближайший час и вечером в городе Бишкек и в Чуйской долине ожидается гроза с усиление западного ветра до 15-20 м/с. Будьте осторожны! В случае сильного ветра закрывайте окна и не ставьте автомобили под деревьями!
В случае происшествий обращайтесь в службу 112.

3 weeks, 3 days ago

26.04.2024

НАРЫНДА КЫСКА АРАЛЫКТА СЕЛ ЖҮРДҮ

Нарын облусунун Нарын районунда сел жүрдү.
Алдын ала маалымат боюнча бүгүн, саат 9:30 чамасында Учкун а/а Куланак айылында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Кур-Жылга коктусунан сел жүрүп, бир турак үйдүн короосун каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жериндеги кырдаалды билүү үчүн саат 9:50дө өздүк автоунаа менен райондун акиминин орун басары, ӨКМдин Нарын райондук ӨК бөлүмүнүн башчысы жана ЖК бөлүмүнүн улук офицери жерине чыгып кетишти.

Жүргөн сел тууралуу кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

3 weeks, 3 days ago

25.04.2024
🔺ОШ ОБЛУСУНУН АЙМАГЫНДА СЕЛ КАЛДЫКТАРЫН ТАЗАЛОО ИШТЕРИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ
2024-жылдын 25-апрелине карата 786 турак жай жана 9 социалдык мекеменин короосу жертөлөсү сел калдыктарынан тазаланды.
Анын ичине Ош облусу боюнча :
турак үйдүн ичи - 51
турак үйдүн жер төлөсү – 123
турак үйдүн короосу – 612
мечит -2
бала бакча (социалдык мекеме)-3
мектеп(социалдык мекеме)-2
кафенин короосу – 1
Райондор боюнча:
Кара-Суу району боюнча: 155
турак үйдүн ичи-17
турак үйдүн жер төлөсү-9
турак үйдүн короосу - 129
мектеп(социалдык мекеме)-1
бала бакча (социалдык мекеме)-1
🔹Алай району боюнча: 57
турак үйдүн жер төлөсү-6
турак үйдүн короосу - 51
мектеп(социалдык мекеме)– 1
мечит - 1
🔹Өзгөн району:
Төрт-Көл а/а Жылалды айылы 1 км ички чарбалык жол.
Куршаб а/а Комплекс айылы 2,2 км ички чарбалык жол.
Кароол а/а Мырза-Арык айылы 1,8 км ички чарбалык жол.
Дөң-Булак а/а Дөң-Булак-1 айылы 1,4 км ички чарбалык жол.
Жалпак-Таш а/а Курбу-Таш айылы 1,6 км ички чарбалык жол.
🔹Ноокат району:
Исанов а/а Чеч-Дөбө айылы – 300м, ички чарбалык жол.
🔹Араван району:
Достук а/а Кара-Булак айылы – 100м, ички чарбалык жол.
🔹Алай району:
Тилектеш а/а Тогуз-Булак айылы – 1650 км , ички чарбалык жол.
🔹Кара-Суу району:
Датка а/а Топ-Терек айылы - 4 км, ички чарбалык жол.
Баш-Булак а/а Баш-Булак айылы - 8 км (2 км), ички яарбалык жол, 2 даана ички чарбалык көпүрө.
Папан а/а – 3 км ички чарбалык жол.
Мады а/а – 14 км ички чарбалык жол.
Манас а/а – 5 км ички чарбалык жол.
Ынтымак а/а – Жаңы-Араык – Кызыл-Суу авто унаа жолунун 19-чакырымында 5 участкасында калыбына келтирүү иштери.
Баш-Булак а/а Кара-Сөгөт ПАД 7-км авто унаа жолунун 11 участкасында калыбына келтирүү иштери.
Кара-Кулжа району:
Кара-Кочкор а/а Ак-Кыя айылы – 10 км ички жолу.
Кара-Кочкор а/а Ак-Кыя айылы – 1750 метр ички чарбалык жолу.
Кара-Кочкор а/а Сары-Булак айылы 1020 метр
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу авто унаа жолунун 18-20-чакырымында, 3 участкада тазалоо иштери.
Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу авто унаа жолунун 41- чакырымы Шмек участкасы 2 участка.
Бүгүн, 25-апрелге карата жалпы Ош облусу боюнча 983 үйдүн, 9 социалдык объекттин бөлмөлөрүнө, жертөлөсүнө, короолоруна сел суулары кирген. Учурда анын 786 турак жайынын, бардык социалдык мекемелердин короосу, жертөлөсү сел калдыктарынан тазаланды. Ал эми 197 үйдүн короо-сарайлары тазаланууда.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

3 weeks, 5 days ago
3 weeks, 5 days ago

Видео от АЛЫМБЕК БЕКТУРГАНОВИЧ

3 weeks, 5 days ago

23.04.2024
🇰🇬🤝🇷🇺"ОРЕНБУРГ ЖАРДАМ КЕРБЕНИ" ЖЕРИНЕ ЖЕТТИ

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Россия Федерациясынын Оренбург облусуна багытталган гумантардык жардам 23-апрель күнү жерине жеткирилди.

350 тоннадан турган "Жардам кербени" узак жана татаал жолду басып өтүп, облустун эки аймагына 10 унаадан бөлүндү. Тактап айтканда Оренбург жана суу каптоодон эң көп жабыркаган Орск шаарына жеткирилди.

Жардам кербенин Казакстандын чек арасынан өткөн соң Россия Федерациясынын Жарандык коргонуу, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу министрлигинин Оренбург облусу боюнча башкармалыгынын Жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын башчысы, полковник Сергей Рыжов тосуп алды. Андан соң Оренбург шаарынан вице-губернатору Сергей Балыкин Кыргызстандан келген жардам кербенин жылуу маанайда тосуп алып, ыраазычылыгын билдирди.

Белгилей кетсек, климаттык өзгөрүүлөрдөн улам Урал дарыясындагы суунун деңгээли болуп көрбөгөндөй көтөрүлүп, Оренбург облусунда 29 миңден ашуун турак жайды, 19 556 короо-жайды суу каптап, аймактардан 17 миңден ашуун эл эвакуацияланган. Бүгүнкү күндө суунун деңгээли акырындык менен тартылганы менен, 12 202 турак үйдү суу каптап турат.
Федералдык деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуда 2576 кызматкер 619 техниканын жардамы менен иш алып барууда. Кошумча маалымат берилет.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

2 months, 4 weeks ago

22.02.2024

КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР!

КАР КӨЧКҮ ТҮШҮҮ КООПТУУЛУГУ БАР

Кечээ, 21-февралда саат 15:00 чамасында Каракол – Эңилчек автоунаа жолуна кар көчкүсү түштү. 3 ирет түшкөн көчкүнүн көлөмү 23 000 метр кубду түздү.

Райондук жол тейлөө ишканасынын жолду бир тараптуу ачышты, учурда жолду кеңейтүү иштери аткарылууда. Ошентсе да аталган жолдо жүрүүнү убактылуу токтото туруңуз.

Себеби кар көчкү түшүү ыктымалдуулугу жогору болгондуктан, адам өмүрүнө кооптуулук жаралганына байланыштуу Ак-Суу райондук РМАнын №39 тескемесинин негизинде аталган жол 25-февралга чейин жабылды.

Белгилей кетсек, 19-февралда 76-83-чакырым аралыктарында көлөмү 24 769 м³ кар көчкү түшкөн.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

2 months, 4 weeks ago

20.02.2024

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!

Кыргызгидромет кызматынын билдирүүсүнө ылайык 21-февралдан 22-февралга чейин түзүлгөн метеорологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү, кар күрткүсү күтүлүүдө.

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115 чакырымдарында, Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 292-305-чакырымдарында (Долон ашуусу), 353-357-чакырымдарында (Кызыл-Бел ашуусу), Казарман — Ак-Тал — Чат унаа жолунун 42-44, 60-94-чакырымдарында (Кара-Гоо ашуусу, Ийри-Суу тилкеси), Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу), Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68 чакырымдарында (Сөөк ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

3 months ago

19.02.2024
❗️УРМАТТУУ ЖҮРГҮНЧҮЛӨР!
КАРАКОЛ – ЭҢИЛЧЕК УНАА ЖОЛУ 20-ФЕВРАЛГА ЧЕЙИН УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ
2024-жылдын 16-февралынан 18-февралга чейин кар көп жаап, унаа жолдун 82-112-чакырымдарына кар көчкү түшкөндүгүнө байланыштуу Ак-Суу районунун акиминин тескемесинин негизинде Каракол – Эңилчек автоунаа жолу 20-февралга чейин убактылуу жабылды.
Учурда катуу бороон болуп, көрүү аралыгы начар болгондугуна байланыштуу кар көчкүлөрдү тазалоо иштери убактылуу токтотулду. Кошумча маалымат берилет.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

5 months, 1 week ago

14.12.2023
ТИК УЧАК МЕНЕН ТООДО ЖАБЫРКАГАН АДАМ КУТКАРЫЛДЫ

Жалал-Абад облусунун Акташ айылында тоодон кокустуктан кулап түшүп, бутунан жана башынан жаракат алган М.У аттуу жаран бүгүн ӨКМге караштуу Авиациялык издеп-куткаруу кызматы тарабынан тик учак менен куткарылды.

Аталган жаранды учкучтар Акташ айылынан Бишкек шаарына тик учак менен алып келип, тез жардам кызматына өткөрүп беришти. Учурда жаракат алган адам дарыгерлердин көзөмөлүндө.

КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР

We recommend to visit

Group👉 @StickerssGroup
Feedback👉 @Feedbacksebot
Cute Stickers👉 @CuteStickery

Last updated 6 months, 3 weeks ago

Энг керакли видеоларни бизда топасиз💯

Каналимиз Эркаклар ва Аёларимиз учун жуда фойдали👷‍♂️👩‍🍳

Янгиликлар бўлса юборинг биз каналга чиқар
Reklama: https://t.me/ReklamaFC

Last updated 1 month, 1 week ago

Она - бу Аллох томонидан берилган энг буюк тухфа...

Она - Унинг иккинчи номи мехрдир...

Она - Уни яхши кўрмасликнинг иложи йўқ бўлган ягона инсондир...

Онамизни асрайлик дўстлар!!!

Реклама бўйича: @Onalar_admin

Last updated 3 weeks ago