Group? @StickerssGroup
Feedback? @Feedbacksebot
Cute Stickers? @CuteStickery
Last updated 1 year, 3 months ago
Энг керакли видеоларни бизда топасиз?
Каналимиз Эркаклар ва Аёларимиз учун жуда фойдали?♂️??
Янгиликлар бўлса юборинг биз каналга чиқар
Reklama: https://t.me/SIFATLIK_REK
Last updated 1 month ago
ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ!
АБА ЫРАЙЫ СУУКТАП, ЖОЛДОР ТАЙГАК БОЛОТ
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кыргызгидромет кызматынын билдирген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 15-17-декабрында Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. 15-декабрда күндүз жана 16-декабрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жашы күтүлүүдө. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Айрым жерлерге туман түшүүсү күтүлөт.
Жолдор тоңголок жана тайгак болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясында 19-24 метрге жетиши күтүлөт.
16-17-декабрда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн - 12... -17°, күндүзү - 4... - 9°, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -11... -17°, күндүзү - 4... - 9°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн - 11... -16°, күндүзү -3..., - 8°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -10.. -15°, күндүзү 0... -5° Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн - 11., - 16°, күндүзү - 1... - 6°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -20... -25°, күндүзү -5... -10°, республиканын тоо этектериндеги райондордо түнкүсүн - 15... - 20°, күндүзү -5... -10°, тоолуу райондордо түнкүсүн -13... -18°, күндүзү -7... -12°, Суусамыр өрөөнүндө жана бийик тоолуу райондордо түнкүсүн - 30.. -35°, күндүзү -13... -18° суукка чейин төмөндөйт.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБО
15.12.2024
❗️ШТОРМОВОЕ ПРЕДУПРЕЖДЕНИЕ!!!
НА АВТОДОРОГЕ БИШКЕК-ОШ ОЖИДАЕТСЯ СХОД СНЕЖНЫХ ЛАВИН
Сегодня, 15 декабря 2024 года в горных районах республики, а также на 198-255-м километрах автодороги Бишкек — Ош, на перевале Тоо-Ашуу и ущелье Чычкан ожидается сход лавин и снежные заносы.
УВАЖАЕМЫЕ ВОДИТЕЛИ!
На дорогах возможен гололед. Просим соблюдать дистанцию между транспортными средствами не менее 500 метров.
ПРЕСС-ЦЕНТР МЧС КР
15.12.2024
❗️ШТОРМОВОЕ ПРЕДУПРЕЖДЕНИЕ! В БИШКЕКЕ И ЧУЙСКОЙ ОБЛАСТИ ОЖИДАЕТСЯ СИЛЬНЫЙ ВЕТЕР!
В ближайший час и днём в Бишкеке и Чуйской области ожидается сильный ветер.
Ветер западный с порывами 15-20 метров в секунду.
УВАЖАЕМЫЕ ГРАЖДАНЕ!
Просим оставаться во время сильного ветра в безопасных местах. Держитесь подальше от линий электропередачи, не паркуйте транспорт под рекламными конструкциями и деревьями.
В любой экстренной ситуации звоните по номеру 112. Звонок бесплатный и доступен 24 часа в сутки.
ПРЕСС - ЦЕНТР МЧС КР
09.12.2024
КЫРГЫЗСТАНДА ЖЕР ТИТИРЕДИ
КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, саат 05:41де өлкө аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда (φ = 41° 01´с.ш.λ = 73° 34´в.д.) күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Орказган, Канжыга, Ак-Терек, Жийде айылдарында 3 балл, Салам-Алик, Кош-Этер айылдарында 2,5 баллга (Орказган айылынан 11 чакырым түштүк чыгышта, Ак-Терек айылынан 12 чакырым түндүк чыгышта, Жийде айылынан 15 чакырым түндүк чыгышта, Салам-Алик айылынан 19 чакырым түндүк батышта) чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
03.12.2024
БИШКЕКТЕГИ "СИМУРГ" МУНАЙ САКТООЧУ ЖАЙЫНДА ӨРТ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
Кечээ, 2-декабрь күнү ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгы Бишкек шаарындагы "Симург" мунай сактоочу базасында өрт тактикалык машыгуу өткөрүштү.
Өрт тактикалык машыгууда аталган мунай сактоочу базанын ыктыярдуу өрт өчүрүүчү кошуунунун өрт кырсыгындагы ыкчам аракеттери текшерилип, өрт өчүрүүчүлөр келгенге чейин кандай иштерди алып баруусу жана даярдыгы бааланды.
Белгилей кетсек, соңку 5 жыл ичинде Бишкек шаарында мунай сактоочу базаларда өрт кырсыгы катталган эмес, бирок, 2024-жылы жеке турак үйлөрдө мыйзамсыз мунай заттарды сактап саткан 3 турак үйдөн өрт кырсыгы катталган.
Ал эми өздүк курамдын өзгөчө кырдаалдагы күжүрмөн даярдыгы, тилсиз жоодогу татаал шарттарда өрт өчүрүүнүн ыкмаларын тоскоолдуксуз колдоно билүүсүнө шарт түзүлүп, аталган мунай сактоочу базада жаңы келген техникалардын күчү менен куткаруучулардын машыгуусу ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Машыгууга башкармалыктын өздүк курамы, 2 автошаты, 4 күжүрмөн эсеп, куткаруу кызматынын унаасы жана штаб тартылды.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
01.12.2024
НА 82-М УЧАСТКЕ СУУСАМЫР – ТАЛАС– ТАРАЗ ВВЕДЕНЫ ВРЕМЕННЫЕ ОГРАНИЧЕНИЯ
Из-за снегопада на перевале Отмок, в целях предотвращение несчастных случаев, ДТП, аварий, а также недопущения пробок, сегодня в 11:20 на 82-ом километре дороги Суусамыр – Талас – Тараз введены временные ограничения на проезд грузовых автомобилей.
Будет предоставлена дополнительная информация.
ПРЕСС – ЦЕНТР МЧС КР
01.12.2024
НА ПОСТУ «СОСНОВКА» ВВЕДЕНО ВРЕМЕННОЕ ОГРАНИЧЕНИЕ ДЛЯ ГРУЗОВЫХ АВТОМОБИЛЕЙ
Из-за снегопада, в целях предотвращения ДТП, предотвращения аварий и пробок, сегодня в 10:15 на посту «Сосновка» Жайылского района на трассе Бишкек — Ош введено временное ограничение на проезд всех видов грузовых автомобилей.
Будет представлена дополнительная информация.
ПРЕСС – ЦЕНТР МЧС КР
26.11.2024
❗БИШКЕК: ЦЕХТЕН ЧЫККАН ӨРТ ӨЧҮРҮЛДҮ
Бишкек шаарынын Свердлов районунун Лермантов көчөсүндө жайгашкан цехтен чыккан өрт саат 22:59да толук өчүрүлдү.
Аталган даректе өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 21:47де түшкөн. Жерине борбор калаанын Октябрь райондук №7 өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 , Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 кошумча саат 21:59да Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылган.
Такталган маалымат боюнча өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.
Тилсиз жоодон улам трансформатор оңдоочу жана тетиктерин чогултулган цехтин 170 чарчы аянты күйгөн.
КР ӨКМ ПРЕСС-БОРБОР
Group? @StickerssGroup
Feedback? @Feedbacksebot
Cute Stickers? @CuteStickery
Last updated 1 year, 3 months ago
Энг керакли видеоларни бизда топасиз?
Каналимиз Эркаклар ва Аёларимиз учун жуда фойдали?♂️??
Янгиликлар бўлса юборинг биз каналга чиқар
Reklama: https://t.me/SIFATLIK_REK
Last updated 1 month ago