📩 [email protected] +7 (919) 779-11-98 Кирилл Сёмин
Мой Rutube-канал:
https://rutube.ru/channel/31539567/
Регистрация канала: https://clck.ru/3Fk3Gn
Last updated 1 month, 3 weeks ago
По рекламе / сотрудничеству:
[email protected]
@exs_ad/ t.me/ExSCompany
№ 5040038424
Last updated 2 months, 1 week ago
Сүйүп калыш үчүн 3 секунд эле жетет дешет. А биз ар 2 секунд сайын көздөрүбүздү ала качып жатып сүйлөштүк.
“Көпкө көрүнбөй кеттиңиз го” деди.
“Көпкө көрүнбөй кеттиңиз го” дедим.
Чет жакта окуп келгенин айтты.
“Келип туруңуз” деди.
“Келип турам” дедим.
Коштошуп жатып атын сурадым.
“Жыпар.”
Жыпар. Атын ичимен кайталадым. Мен билген Жыпарлардын баары эсиме түштү: айылдагы Жыпар эже; апамдын досу, Бекболоттун апасы Жыпар аяш эне; Алыкулдун чарчап калган Жыпары…
“Өлдү бөбөк жүргөн каны токтогон…”
“Жыпар жытың жыттайын аябачы, белек болсун өзүңдөн ошол мага…”
“Сиздин атыңызчы?”
“Тыныстан.”
“Оо, профессор Касым Тыныстанов!”
Ооба, ошол эле. Менин атым романтизмге сеникинчелик бай эмес.
Дагы эмнени ойлоду, билгим келип көздөрүнө тигилем. Бир… эки… Көздөрүм телефонго качып кутулат. Пронесло.
3 секунд деген ерунда дечи. Бирок чыгып баратып артыма кылчактайм. Дагы бир секунд, бир секунд…
"Чыгарма жакшы болуш үчүн анын башы менен аягын кесип салыш керек,"-деген экен Чехов. Кезектеги китептин акыркы беттерин окуп жатып ошол сөздөр мээмде кайталанып туруп алды. Китептин барактары түгөнүп баратканы менен, сөздөрү түгөнбөй, бир ойду беш кайталап, улам жаңы сүйлөмгө, жаңы абзацка узара бериптир. Начар китептер ушинтип бүткүсү келбейт окшойт.
Адам өмүрү дагы ошондой да. Начар адам өлбөстүккө умтула берет. Бирок өлбөстүк дайым өлүм менен айкалышып жүрөт да.
Кинодо деле ошол. Режиссерлордун чыгармачылыкта кыскабы, узунбу, айтор, кандайдыр бир чектелүү өмүрү бар. Анан ошол өмүрү бүткөндө деле алжып, тантып бир нерселерди тарта бергендер бар. Барактары түгөнүп, сөздөрү түгөнбөй жаткан китеп сыяктуу.
Баштоо кыйын дешет. Бирок бүтүрүү андан да кыйын го. Башташ үчүн эч качан кеч да, эрте да болбойт. А бүтүрүү... бүтүрүүнүн убагын сезе алуу дайым кыйын.
Былтыр "Байконурда" жаш режиссерлорго залдан мындай суроо берилди.
"Киночулар эң эле көксөгөн Канн, Берлин, Оскар сындуу дүйнөнүн беделдүү сыйлыктарын алгандан кийин эмне кыласыңар?"
Ар ким ар кандай жоопторду берди. Бирок бул жерде жооптордон мурун суроонун өзү кызык. Сыйлыктар кинодогу негизги максат эмес, кийин гана коштоп келчү кыйыр таасир (побочный эффект). Ал эми кино тартуунун максатын ар ким өзү үчүн чечип алышы керек.
Мен үчүн кино тартуу "самоцель" эмес экенин башынан эле билем. Кино мен үчүн өзүмдү, дүйнөнү таануу үчүн жардам берчү курал. Мен ичип жаткан суунун идиши. Сууну ичип болгондон кийин бош идишти колуңда кармап жүрө берүүнүн мааниси жок. Идишти ыргытып коюп, басып кетиш керек. Ал күн эртең келиши мүмкүн, же кечээ өтүп кеткендир. Кеп ошондо. Ска.
Тээ төрт жыл мурунку бир эсседеги акыркы абзацты тиркегим келди ушу жерге:
"...Адам бүтүүдөн качып жашайт. Ал дайым уланууну, башталууну издей берет. Ошондуктан өмүрдүн бүтүшү кыйын. Ошондуктан бизди бул дүйнөдө кармаган шылтоолор чыга берет. Ата-эне, жакындар, Кудай, окуялар. Ошондуктан Бейиш жана Тозок бар. Адамга баары түбөлүк гана болсо.
Бирок текст, текст башка. Ал башталганда эле бүтүүгө ашыгат. Ошондуктан кээде бир ууч текст бир адамдын өмүрүнө караганда кызыктуу, терең, чексиз көрүнүшү мүмкүн. Ошондуктан ушул текст ушул жерден аяктайт. Чекит."
Аны улай, ошол эле жылкы башка ырымды таап алдым. Мен азыр мынтип өлсөм да жазбайм (жаза деле албайм). Бирок акыркы алты сап жакты.
Билбейм деги, жүрөктө кагат санаа,
Балким бир күн бул сезим табат дабаа.
Ага чейин жылмайып күлүп койчу,
Гүлүм эркем, күлгөнүң жагат мага.
Туш кадамды сен жакка ыктасам дейм,
Таңдан кечке жаныңдан чыкпасам дейм.
Жасарымча дүйнөнү шилтей салып,
Жашаарымча чачыңдан жыттасам дейм.
Кайгырсам, капамды кууп кубулчусуң,
Муңкансам, музам болуп угулчусуң.
Көтөрчү үнүн бийик махабаттын,
Дүйнөдө биздин ырлар кубулжусун!
Билемин, сен мен үчүн жаралгансың.
Ортодо музду ээритип, жара алгансың.
А менчи? А мен сен деп жаралуу үчүн,
Ишенгин, аркы ааламга бара алам чын.
Жалгызым, жалгыз дебейм, мен бар сенде...
Жалгызың, жалгыз дебе, сен бар менде...
03.08.2018 01:30 Бишкек ш.
Ойготкуч кулактын кужурун жеп салды. Ойгонгум келбей, түш көрүп жата бердим. Түшүмдө эбактан бери көрүшө элек тааныш кызды чимирилте кучактап жатыпмын. Көкүрөгүм толо ойгондум. Салкын сууга жуунуп жатып чимирилте кучактагым келген толтура кыздарды эстедим. Анан бул жөнүндө бир кызыктуу текст жазса болорун ойлогом. Компьютерге отуруп жатып, анын кызыгы жок сезилди. Же жөн эле эрким жетпеди окшойт. Адамга өз кемчиликтери, алсыздыктары жөнүндө айтууга дайым чоң эрк керек. Бүгүн менде андай эрк жок. Чимирилте кучактоолор жабык кала берсин.
Чыгармачылыкта жашаган бардык адамдын күнү ушундай белем. Эрте менен өзүндү сындыра алсаң, күн жакшы башталат. Себеби жакшы чыгарма сен сынганда гана жаралат да. Жок дегенде ийилип койсоң...
"Акыркы жолу качан ыйладың,"- деп сурады. Эстей албай койдум. Балким кино көрүп, же китеп окуп, же түшүмдө ыйлагандырмын. Эстей албай койдум.
Көпүрөдө турабыз. Көпүрөдө суу өйдөдөн сага агып келип, сенден ылдыйга агып кетет. Мен ылдыйды, ал өйдө жакты карап турабыз.
- Сага кайсынысы жагат, суунун агып келгениби, же агып кеткениби? - деп сурадым.
- Хмм. Сени сүйгөндүбү, же сен сүйгөндүбү деп сурап жатасың го ээ? - дейт.
- Жок. Суу жөнүндө эле сурадым - дедим аккан суудан көз албай. Ал ойлонуп калды. Анан колдорун көкүрөгүнө коюп:
- Менден кетип жаткан суу - деди.
Эми мен өйдөнү, ал ылдыйды карап калдык.
- Сенчи, - деди ал бир убакта. - Сенчи?
- Мен... Мага көчөнүн ортосунда туруп алып, машинелердин агымын карап турган жагат. Андайда мага менден кетип жаткан машинелер жылуу көрүнүшөт, артындагы кызыл жарыктары менен. А бул жерде... а бу жерде өйдө караган жагып жатат - дедим. Агымды бойлоп баш көтөрсөм, суу аккан канал ичкерип отуруп, анын башына калпактай тоолор кийилип калышыптыр.
- Демек, сүйүлгөн жагат экен да - деди сынаган үнү менен.
- Билбейм. Мен болгону суу жөнүндө айттым.
Анан экөөбүз унчукпай калдык. Батып бараткан күндөн кызарган тоонун чокуларына кошулуп көчөлөрдөгү чырактар күйө баштады. Биз суунун дабышы менен ары жактагы машинелерди тыңшап, бир аз унчукпай турдук. Анан китептер жөнүндө сүйлөшүп баштадык. Колдорубуздагы китептерди карап туруп, бир күн жолугуп, сүйлөшпөй эле китеп окуп отурсак деп макулдаштык. Бир убакта тилимден бирөө бурагансып:
- Уксаң, сен менен көп сүйлөшкөн сайын кубанып жатам. Сен акылдуу болгонуң үчүн кубанычтамын. Башында андай сезилбедиң эле, - деп алышы деп алып, тишимдин кирин соруп туруп калдым. Ал да унчукпайт. Болгону "рахмат" демиш болду. Көңүлү түшүп-түшпөгөнүн күүгүмдөн байкай албай, колумдагы китепти мыжыгып алып, ар нерсени айтып сөзүмдүн актыгын далилдегенче аны жооткото баштадым. Сөз башкага бурулгандай болду. Дагы бир топко турдук. Жылуу коштошкондой болдук.
Бул окуянын аягы жок. Ошентип эле унутулуп кетмек. Баягыда Кочкордон келатып, 16-жылкы курмандар үчүн эстеликке токтоп, куран окудук. Ошол жерде көзүм жашылданып отуруп, көпүрөдөгү кечти эстедим. Анан мен ыйлаган күндөрдүн баары эсиме келе түштү. Кайрадан көпүрөгө жетип барып, ага баарын айтып бергим келди. Ал мени угуп отуруп сөзсүз ыйламак. Себеби, анын ый тууралуу суроосуна "сенчи?" деп сураганымда, көп ыйларын, күн сайын ыйларын айткан болчу. Мен ошондо анын ыйлай аларына суктандым эле. Ыйлай алган кандай жакшы. Ыйлабай койгон жаман деле эмес. Бирок ыйлай алган кандай жакшы.
Менин азыр ыйлагым келген жок. Жөн эле, унута электе жазып коеюн дедим. Баягыда Үркүндү эстеп жашыганым болбосо, көптөн бери ыйлай элекмин. Бирок ыйлаган күндөр эсимде.
Көпүрөдө суу өйдөдөн сага агып келип, сенден ылдыйга агып кетет. Кээде аны карап туруп, ыйлап аласың, көздөрүң кургак бойдон.
“Бакытты көп ойлочу болдум. Бакыт. Беш эле тамга. Бирок ошол беш тамганын бирөө да мага ашпаган сыяктуу…”
45 жаштагы аял каарманымды түшүнүш үчүн анын атынан күндөлүк жазып жатам. Тырмакчадагы сүйлөмдөр ошонуку — баш каарманымдыкы, Махабаттыкы.
Адамдар оңой эле алыстап кетерин ойлоном. Айрыкча мен, мен адамдардан оңой эле алыстап кетем. Сагынып атып, уялып атып, оңой эле алыстап кетем.
Бул жерден да алыстап кеттим. Жазбай калдым. Сөз жоктугунан эмес. Сөз көп. Сөз мурдагыдан да көп. Алыстаган сайын сөз көбөйөт экен. Сөз көбөйгөн сайын сүйлөш кыйын болот экен. Сөз көбөйгөн сайын жазыш кыйын болот экен.
Бул жер менин Токмогум болду. Күн алыс “белегимди камдап, гүл көтөрүнүп”, жаңы текст менен кирип келгим келет. Узакка созулган үнсүздүктү бузгум келбей, оюмду ойго жутуп, сөзүмдү аборт кылып тим калам.
Текст эмнеге жазылсын, эмнеге окулсун? Билбейм. Жазгым келе бергенин билем. Окугусу келе бергендер бар экенин билем.
Каналга эң алгач жазылган тексттердин биринде мындай сүйлөмдөр бар:
“Көл бетинде тең жарылган муздун эки тарабында калгандай, улам бири-бирибизден алыстай бердик. Балким, бул – тагдыр. Барыбир ал муз жарылышы керек беле. Ким билет...
Ортобуздагы аралык чоңоюп отуруп, чоң деңизге айланды. Эки аралдын жээгинен кээде гана кол булгалашып койбосок, дээрлик корүшпөй калдык.”
Алыстап кетүү канчалык оңой. Унчукпай коюу канчалык ыңгайлуу. Азыр өзүмдөн алыстап кеткендеймин. Бул каналдагы тексттер берки жээкте туруп алып аркы жээктеги өзүмө кол булгалоом болчу.
Кол булгалашып туралы.
Сүйлөшө жүрөлү.
Кээде бир смске жооп берүү ушунча оор түйшүк болуп алат.
13-майда келген катка жооп берип коюп, бул текстке кириштим. Катты алганымдан бери 9 күн өтүптүр. Эч нерсе болбогондой "Жакшы. Кандайсың?" деп башталган катымды көрүп алып эмне дейт болду экен. Кеч жооп бергениме кечирим сурадым дечи. Кечиреби, жокпу ишим деле жок дечи.
Менин да сааттар мурун, күндөр мурун, жума мурун жазган каттарыма жооп бербегендер бар. Жооп бербей эле коюшса дейм. Алардын жообуна жооп жазам деп жүрүп өмүрүм өтүп кетсе...
Кат алышуу - баарлашуунун асинхрондук түрү. Өткөн кылымда бир ак киши радио толкундарды тизгиндөөнү үйрөнүп алганы үчүн эле мен жапа чеге бергим келбейт. Музыкага балкып сейилдеп, же жаздыкты кучактап сасып жаткан жериңден эле бирөө чыга калып желкеден алса - кимге жаксын. Капыстан келген билдирүү - чакырылбай эле үстүңө бастырып келген конок да. Мен андай "конокторго" күндөп, жумалап эшик ача албай кайга тарта берем. Кантейин анан. Оор да, түйшүк да. (жазбагылачы)
Ойгонуп, душ алып келип, телефондун интернетин көзүмдү бүрүштүрүп атып ачам. Кат келбесе - күн жакшы башталды. Кат келсе, каттар келсе...
Уйкум келген сезимди жакшы көрөм. Жашап жаткандай болосуң. Жашалып жаткандай болгон көйгөйлөр салмагын жогото түшүшөт. Ойлоруң убакыттын айланасында гана тегеренип алат. Убакыттын чексиз мейкиндигин жана сен эңсеген бир нече сааттык уйку.
Мен азыр уйкум келип олтурам. Кечээ кечинде күтүлбөгөн жерден Нарынга кетип калып, бүгүн эрте менен кайтып келдик. Экспромт менен сапарга чыгуу ар дайым күтүлбөгөн ирмемдерди жашатат. Мен кечээ ошентип күтүлбөгөн ирмемдерди жашадым. Жаңы эле ичеги-карды жулунуп куурулган балыкты жедим, тааныш эмес тартуучу топтун локациясында ыш жыттанган төшөктөргө оронуп уктадым, караңгы талаада төбөдө салаңдаган жылдыздарды карап сийдим, жол кырсыкка учураган айдоочуга жолугуп, ӨКМге чалып картадагы координаттарды айттым. Мен бүгүн аз уктап, көп жашадым. Жаңы тарткан тасмамдын монтажеруна жолугуп, тасма тууралуу маектештим, орто муундагы режиссердун жаңы жасалып жаткан тасмасын көрүп, ой бөлүштүм, жайында тартчу тасмама композитор менен жолуктук, продюсерим экөөбүз караңгыдагы имараттын тепкичине көчүк басып алып, чогуу жасап жаткан 5 долбоорубуздун ар кайсы стадияларын талкууладык. Анан мен тантып баштадым. Уйкум келгенинен го деп мурдумдун суусун сүртүп алып үйгө жөнөдүм.
Ачкалык сезимди жакшы көрөм. Жашоону даамдап жаткандай болосуң. Жашооңдогу жагымсыз даамдар ырахат тартуулай баштайт. Аз нерсеге маалкып, жок нерсеге жоошуп каласың. Бул текстти баштаган кезде ачка болчумун. Жазып жатып тоок шорпо менен Америка тостун жеп алдым. Анан мага жан, денеме дем, манжаларыма күч кирип алды.
Мен өтө чанда ачка болом. Күн бою оозума наар албасам деле ашказаным уктаган бойдон жүрө берем. Ошондуктан ачка болгон мүнөттөрдө сүйүнөм. Тамакты ыракаттана жеп-жеп алам. Ачкалык - бул дайымкы изденүү да. Изденбей калыштан, тоюп калыштан чоочуйм. Бирок аз ачка болом. Ска.
Мен сүйгүм келген сезимди жакшы көрөм. Көкүрөгүңө толгон кубанычты, мээримди, каалоону бирөө менен бөлүшкүң келген сезимди жакшы көрөм. Менин азыр сүйгүм келип отурам. Жаз айы бар экенине, а мен жаз айындагы бир жаныбар экениме ыраазы болом. Антпесе сүйө албай калат белем дейм. Жаныбар болгондун эмнеси жаман дейм. Сүйбөй калгандан чоочулайм, көкүрөктө таарыныч менен жашагандан чоочулайм. Ска.
Нарындан машинеде көзүмдү жумуп келатсам, мындай сөздөр келди:
«Мен жашоомдо эки кызды сүйдүм дейм. Ал экөөнө болгон сүйүү сага жоктой, а сен менен болгон сезим ал экөөнө жоктой. Билбей калдым, ошондо, кайсынысы сүйүү».
Жо-жок. Мен эч кимди сүйбөй элемин. Кызыктуу сөз экен. Эч болбосо эрте менен машинеде көзүмдү жумуп келатканымда укмуш сонун сөздөрдөй сезилип жаткан. Азыр манжалар мүдүрүлүп, тилим бурмаланып калды окшойт. Уйкум келди. Уйкум келгенде төрт бурчтук ойлонуп калам. Күндүзү иштеп жүргөн мээ клеткалар чарчап, бурчтарда каралбай калган облустариштеп баштагандан болуш керек. Азырынча ушул нерселерди жакшы көрөм, бүгүнчө ушул нерселерди жакшы көрдүм. Эртең билбейм. Эртең - табышмак.
Бүгүн дүйнөлүк театр күнү. Театрга махабатым тууралуу көп жазсам керек. Дагы бир текст жиберип койсом, ашыкча болбос.
Былтыр күз айлары Алай театрынан юбилейге карата китеп чыгарып жатабыз, сенден да бир-эки ооз сөз кошуп коелу китепке деп жазып калышты. Мен ал кезде деле бутум жерге тийбей чуркап иш бүтүрүп, манжаларым көрүнбөй калгыча шакылдатып сценарий жазып жүргөн кезим. "Убактым жок" десем таарынып туруп алышты. Анан чарчаган көз менен бир барак текст жазып бердим эле. Ошол жазуу төмөндө:
Википедия Кыргызстанда театр кыймылы 1914-жылкы Рахмонберди Мадазимовдун астындагы өнөрканадан кийин башталган деп айтат. Бирок Кыргыз театрынын тамырлары андан да терең экенине элибиздин маданий мурасы айгине . Манасчылык, айтыш, акыйнек, жомокчулук, кошок, апыртма, чечендик, мунун баары формасы байыркы Грекиядан келген Театрдын ички мазмуну эмей, эмине? Адам тагдырындагы өйдө-ылдый кубулуштарды искусствого ороп көрсөтүү, айтып берүү – кыргыздын канында атам замандан жашап келаткан нукура өнөр. Алайдагы музыкалык-драма театр буга жакшы далил.
Айбаттуу Алай тоолорунун арасындагы маданий аралча болгон театрдын артисттеринин басымдуу бөлүгү элден чыккан тубаса таланттар. ГИТИСте беш жылдап окуп, сахнага диплом көтөрүп чыкпастан, эл ичинде тапталган эл уулдары, эл кыздары. Алар күндүзү жаңы спектаклге даярданышып, кечинде сөздөрүн кайталаганча үйүндөгү малына жем беришет. Алар күндүзү талаада кол жоорута тер төгүп, кечки сахнада Алымбек датканы, Курманжан ханышаны, Король Лирди ойношот. Алардын көрүүчүсү тоо жүрөк, ак пейил Алай эли. Ар жолку оюну жыкжыйма зал менен, уу-дуу шаан-шөкөт менен өтөт. Алар ушундай, алыскы аймактагы маданияттын миссионерлери, искусствонун даватчылары.
Менин адам болуп калыптанышыма, чыгармачылыкта чыйралышыма бул театрдын, андагы адамдардын салым зор. Атам Темиржандын арты менен “бешиктеги” кезимден сахнага чыгып жүрүп, Алай театрындагылардын баары мага ата, апа болушту.
“Мен сахнаны сүйөм. Сахнада, жашоого салыштырмалуу, бардык нерсе чындыкка бир топ жакыныраак,” - деп жазыптыр Оскар Уайльд. Мен да сахнаны сүйөм, айрыкча Алай сахнасын. Анткени ал жерде кадимки карапайым тиричилик менен улуу искусство өжөр эмгектин артынан бекем жуурулушуп турат.
01.10.2023. Бишкек
📩 [email protected] +7 (919) 779-11-98 Кирилл Сёмин
Мой Rutube-канал:
https://rutube.ru/channel/31539567/
Регистрация канала: https://clck.ru/3Fk3Gn
Last updated 1 month, 3 weeks ago
По рекламе / сотрудничеству:
[email protected]
@exs_ad/ t.me/ExSCompany
№ 5040038424
Last updated 2 months, 1 week ago