Ҳаётингизда шунчаки кун ўтказманг. Вақтингизни дунё ва охиратингиз учун фойдали амалларга сарфланг...
Админ: @SayyoD3003
Last updated 10 months, 4 weeks ago
Last updated 4 months, 4 weeks ago
Кореяда ишлашни хоҳлайсизми?
EPS-TOPIK ва (SKILL-TEST) имтихони учун курсимиз 👉 910067746 👈
Кореяда ўқишни хоҳлайсизми?
Ундай бўлса бизнинг каналимизни кузатиб боринг биз силарга қўлимиздан келгунича ёрдам берамиз
Реклама учун 👉 @korean_teacher07
Last updated 1 month ago
Тарыхтагы эң оор коштошуу сөзү...
"Балким бул жылдан кийин, силер менен көрүшпөй калам..."
Азирети Пайгамбар Мухаммад صلى الله عليه وسلم дын акыркы коштошуу сөзү...
Бул кайрылууну уккан азирети сахабаларга, кандай гана оор күн болгон.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
Жүрөкө дүйнө кирсе, кең ааламды тар кылат.
Жүрөкө ыйман кирсе, тар ааламды кең кылат.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
https://youtu.be/mvrmH3sauyQ?si=mtzN0heCSWNzlNtJ
YouTube
"Берекелүү Рамазан" берүүсү | Алманбет Осмон уулу | 13-бөлүм | 2024
***✅***#Аманат\_медиа медиа расмий каналга кош келиңиздер! ***✅*** ПОДПИСАТЬСЯны басып коюңуз ====================================== Биз Сиз үчүн дүйнө, акыретте пайдасы тийе турган эң кызыктуу видеолорду даярдоого дайым дилгирбиз. Дубаңызда бизди да эстеп коюңуз;) …
РАМАЗАНДА КӨП ДУА КЫЛЫҢЫЗ!
Кээ бир бата-дубалардын кыргызча айтылуусу:
Баардык мактоолор ааламдардын Эгесине Алла Таалага болсун! Канчалык шүгүр-мактоолор келтирсек да аздык кылат! Өтө мээримдүү, боорукер зат!
Сүйүктүү жолдоочубузга анын үй- бүлөсүнө жана жолдошторуна алкыш-саламдар болсун!
Алла Таала бул дүйнөнүн жана акыреттин жакшылыгын берсин!
Кылган сыйыныч-ибадаттарыбызды кабыл кылсын!
Алла Таала баардыгыбызга ыйман, туура жол, такыбалык, насип кылсын! Пайгамбарлар, шейиттер жана такыбалар менен бирге тирилткен болсун! Жакшыларга жанаштырып, жамандардан адаштырсын!
Күн чыгыштан, күн батышка чейин бүткүл үммөттүн ыйманга келүүсүнө баардыгыбызды себебчи кылсын!
Ооруп жаткандарга жеңил, тез, толук сакайык берсин!
Ооруп өткөргөн күндөрүн билип-билбей кылган жазыктарына өтөм (каппарат) кылсын!
Бизден алдын кеткен маркум, маркумаларга ырайым кылсын!
Тирүүлөргө ынсап, топук, жардам берсин!
Оо, Аллахым! Пайдасыз илимден, айыкпаган жүрөктөн, тойбогон напсиден жана кабыл болбогон дубадан сактай көр!
Оо, Алла Таалам сен асман менен жердин нурусуң. Биз күбөлүк беребиз сенден башка кудай жок!
Сен жалгызсың, сенин сөзүң акыйкат, сенин убадаң акыйкат, сени көрүүбүз акыйкат, кыямат күн акыйкат, жаннат менен тозок акыйкат, пайгамбарларың жана акыркы пайгамбарың акыйкат.
Оо Алла Таалам бизди туура жолго баштай көр, туура жолдон адаштыра көрбө!
Акыйкатта сен пенделериңе өтө ырайымдуусуң!
Оо, Алла Таалам кайсы максатта пенделериңди жаратсаң ошол максатта жашашка насип кыл!
Кайсы иштен ыраазы болсоң, ошол ишти аткарганга мүмкүнчүлүк бере көр!
Тозоктун отунан, кабыр азабынан, дажжалдын азгырыктарынан бизди сактай көр!
Өзүң бизди мусулман кылып жараттың, мусулман абалда жашап өтүшкө насип кыл! Акыркы сөзүбүздү "Лаа илаха иллаллох, мухаммадур росулуллах" кыл!
Оо Ааламдардын Эгеси!
Дуабыз кабыл болуу ниетинде "Фатиха" сүрөөсүн жана Сүйкүмдүү жолдоочубузга алкыш-саламдарды айтасыз.
https://t.me/Muazhawwa
Пайгамбарыбыздын صلى الله عليه وسلم жүрөгүнө сүйүнүч тартуулагысы келген адам, үммөтүнө жакшылык кылсын.
Пайгамбарыбыз صلى الله عليه وسلم дын үммөтү сүйүнсө, сүйүнөт. Капа болсо, капа болот.
Ар бир мусулман колдон келишинче бири бирине жардамдашсын. Кайдыгерлик жаман сыпат. Муктаж адамга кол сунган пайгамбарыбыздын صلى الله عليه وسلم сүннөтү.
Ислам дининен бөлөк эч ким мындайды үйрөткөн эмес.
Ислам диниңер менен сыймыктангыла, кичипейил болгула.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
Шейхибиз Шейх Муаз Хава (Аллах өмүрлүү кылсын) айтты:
"Изги, такыба кишилердин дубалары дайыма эле Куран менен Сүннөттөн боло бербейт, бирок ал дубаларда Куран менен Сүннөттүн маңызы бар.
Анткени алар Жаратканга толук мойун сунуп, кулчулукка берилгендер,
Анткени алар Жаратканды чындап тааныгандар".
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
Шейхим قدس الله سره айтты:
"Зикирди талап кыл!". (Б.а. көп зикир айт. Ар бир абалда зикир кылганга аракет кыл. Кээде оор сезилсе дагы).
"Бара бара зикир сени талап кылып калат". (Б.а. зикирге көнүп калгандан кийин, аны таштай албай каласың. Дүйнө азгырыгы алаксытайын десе да, зикир Жаратканды эскерүүгө эскертип турат).
Албетте, бул нерсе сабыр жана Алла Таалага чынчыл мамиле жасоо менен келет. Ниетибиз бир гана Алла Таала үчүн болсун.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
Балага ат коюу кандай болот? Акыйка шарият боюнча кандай өткөрүлөт?
Жооп: Бала жаңы төрөлгөндө атасы же аалым, такыба адам наристенин оң кулагына уккудай кылып азан айтып, сол кулагына коомат айтат. Дуа- тилек айткан жакшы.
Дуада: Роббиң Аллах, пайгамбарың Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам), диниң Ислам, китебиң Куран, кыбылаң Кааба, атың (Баланча), өмүрүң узуун, ырыскың кенен болсун деп тилек дуа кылынат.
Сүннөттөрдүн бири аалымга же фазилеттүү адамга курма чайнаттырып наристеге даамдатуу. Муну табаррук деп коет.
Акыйка сүннөт менен мустахабтын ортосундагы амал. Уул- кыздуу болсо курбандык чалып, Жаратканга шүкүр келтирет. Союулган малдын этинен үй-бүлөсү, жакын туугандары, жоро-жолдоштору, кошуна колоңдору менен жентек той кылып элден бата алуусу мустахаб. Тойго бир гана байларды чакыруу макрүх. Эттин кээ бир бөлүктөрүн кедей кембагалдарга садака кылып берген жакшы.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
Ассаламу алайкум уа рохматуллахи уа барокаатух!
Биздин “Ханафий фикхына киришүү” сабагынын телеграм каналына кош келиңиздер🌹
Урматтуу мырзалар жана айымдар, биздин сабак 16-январь башталып, андан соң ар жуманын жекшемби күндөрү кечки саат 20:00дон 21:00го чейин болот.
📚Сабак өтүүчү: Иорданиядагы дүйнөлүк ислам илимдери университетинин жогорку диплом бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, учурда Кара-Балтадагы “Хазрети Осмон” атындагы ислам институтунун окуу бөлүм башчысы устаз Мухаммадалим Халил.
https://t.me/+7QuqkP1YdG85ZWIy
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
Ҳаётингизда шунчаки кун ўтказманг. Вақтингизни дунё ва охиратингиз учун фойдали амалларга сарфланг...
Админ: @SayyoD3003
Last updated 10 months, 4 weeks ago
Last updated 4 months, 4 weeks ago
Кореяда ишлашни хоҳлайсизми?
EPS-TOPIK ва (SKILL-TEST) имтихони учун курсимиз 👉 910067746 👈
Кореяда ўқишни хоҳлайсизми?
Ундай бўлса бизнинг каналимизни кузатиб боринг биз силарга қўлимиздан келгунича ёрдам берамиз
Реклама учун 👉 @korean_teacher07
Last updated 1 month ago