Ҳаётингизда шунчаки кун ўтказманг. Вақтингизни дунё ва охиратингиз учун фойдали амалларга сарфланг...
Админ: @SayyoD3003
Last updated 1 year, 7 months ago
личка
🤍˖ ˚ @qsodxs ˚ ˖🌷
менеджер
@MECTRONx
Last updated 5 days, 10 hours ago
Кореяда ишлашни хоҳлайсизми?
Кореяда ўқишни хоҳлайсизми?
Ундай бўлса бизнинг каналимизни кузатиб боринг биз силарга қўлимиздан келгунича ёрдам берамиз
Реклама учун 👉 @korean_teacher07
Last updated 3 months, 1 week ago
Үлкөн билги Ал-Фудайл бин Ийад (Аллах ырайымына бөлөсүн) айтты:
"Туура жолду бекем тут, андагы жолоочулардын аздыгынан чочулаба.
Бузук жолдон оолак бол, андагы кыйроочулардын көптүгүнө азгырылба".
Алтын тамга менен жазыла турган сөздөр...
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
Дунуйө ишине баш оту менен кирип кетүү болбойт. Ким дунуйөну эрчисе, анын кулу болот. Ким Роббисин эрчисе, Аллах ага дунуйону кул кылып коет. Бирок, бул дүйнөнү тап такыр кылбаш керек деген сөз эмес.
حديث: "خير الأمور اوسطها" البخاري 3315 Хадистин мааниси: “Иштердин эң жакшысы ортолугу”. Башкача айтканда кандай гана иш кылба, анын ортолугун карманганын сен үчүн жакшыраак. Пайгамбарыбыз (САВ) дын ар бир айтканында пайда жана хикмат бар.
Аалымдар айтышат мал мулкун колунда, ыйманын жүрөктө болсун. Экөө ордулары менен алмашып кетпесин. Адамдар дунуйөну жана оокат кылышты тең алып кета албай калышты. Же дунуйөгө кирип кетет, же эч нерсе кылбай жатып алат. Бул наадандык!
Маида сурөөсүнүн 87-88 -аяттарынын маанисинде: «Эй, ыйман келтиргендер! Алла Таала силер үчүн адал кылган таза нерселерди арам кылбагыла жана чектен чыкпагыла. Албетте, Алла Таала чектен ашуучуларды жакшы көрбөйт. 88. Жана Алла силерге адал, таза кылып берген ырыскыларынан жегиле. Жана Алладан коркуп жүргүлө, Ага силер ыйман келтирүүчүсүнөр».
Имам Самаркандинин «Сауадул Аъзом» акыйда китебинде айтылынат: “Дуйнөнү бир убакытка таштап (токтотуп коюу) уруксат”. Б.а. жай мезгилинде эмгектенип, кышында азыктангандай эле. Бир убакыт тымбай иштеп, капчыктарды толтуруп, кыш келген мезгилде топтогон нерседен пайдаланып эс алгандай . Бирок дүйнөнү инкар кылуу бидъат деп айтылынат.
Эгер инсан мал ээси болбосо, көптөгөн улуу ибадаттардан тосулунат. (Мисалы: Зекет, ажылык...). Адам өзунө жана үй-бүлөсүнө жетишээрлик мал мулк топтосо болот. Азыркы кезде өтө муктаж инсандар көп, ошолорго жардам береин деп көбүрөөк мал топтоого да уруксат берилет. Жаратуучубуз өз пенделерине ыроолоп берген ырыскыдан (адалынан) пайдаланып (жеп, ичип), Аллага бекем ыйман келтирип, шүкүр кылып такыба болуулары зарыл иш. Бирок акча деп отуруп ибадат ташталып кетсе арам болот. Негизги максатыбызды унутпайлы. Ал максат ибадат (кулчулук) кылуу. Аллах Таала Куранда айтат: «Мен инсан менен жиндерди ибадат кылуу үчүн жараттым». Демек адам жеп, ичип, бей маани жашоону өткөрүп өлүп калыш эмес. Максаттуу (вазипалуу) жашоону жашап өткөрүү инсандын милдети. Инсан жаралган максатын унутуп, итаъатсыздык (баш ийбестик) жашоого өтүп кетти, ал эми жан-жаныбарлар өз милдеттерин так аткарып жатышат. “Акылдуу адам жашаш үчүн тамактанат, наадан адам жеш үчүн жашайт”.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
Суроо:
Исламда ар кандай депрессиядан кантип чыкса болот? Депрессия руханий оорууда. Ибдаттарды акыйданы туура кылуу учун эмнелерди кылуу керек?
Жооп:
1. Депрессия жүрөк ооруларына кирет. Бул орууну тасаввуф илими изилдейт.
Депрессия кыжалатчылыктан келип чыгат. Эгер инсан баласы Жаратканга таянып, өз ишин тапшырса жан дүйнөсүндө жеңилчилик, сакина (тынчтык) орнойт эле. Инсан өзүнө же өзүнө окшош алсыз пендеге таянып алгандыктан же дүйнөнүн кооздугуна алданып калгандыктан бул жашоодон түңүлүп жүрөт. Инсан баласы өзүн караңгылыкка батырса, ал жактан бир гана Алла Таала нурга чыгара алат...
Катталып, пайда алыңыз..
https://t.me/hanafiajordan
Шейхибиз Муаз Хава قدس الله سره айтты:
Шайтан ширеңке сымал.
А жүрөк жайык талаа сымал.
Эгер жүрөк Жаратканга сыйынып, жадыраган жаздагы шибердей болуп турса, ага канча ширеңке чаксаң деле ал күйбөйт. Анткени ал жашаң, жандуу.
А эгер жүрөк Жараткандан алыстап, соолуп-куураган өлөсө өлөң талаага окшоп турса, анын бир заматта тутанып, күйүп жок болушуна, бир тал чий жетиштүү. Анткени ал куураган, соолуган.
Андыктан жүрөгүбүздү Жаратканды эстөө мүрөгү менен суугарып, дайым көктөмдөгү көк майсаң сымал алып жүрөлү.
А тескерисинче, жүрөгүбүздү кууратып алсак, шайтандын бир тал чийи аны өрттөп, карайган үзүм этке айландырат.
Аныгында маселенин баары өзүбүздө, шайтандын азгырыгы да өзүбүзгө байланыштуу.
Биздин көкүрөк-көөдөнүбүз Жаратканга жалынып, багынып турса, шайтан эч нерсе кыла албайт".
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
قوله تعالى: «إِنَّ عِبَادِي لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَانٌ إِلَّا مَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ الْغَاوِينَ» (الحجر/٤٢)
Улуу Жараткан Эгебиз шайтан (каргыш тийгирге) айтып жатат:
"Сени ээрчип адашкандардан башка, Менин чыныгы кулдарыма сенин эч кандай бийлигиң өтпөйт (аларды азгыра албайсың)." (Хижр/42)
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
Тасаввуф эмне өзү?
"Тасаввуф бул жакшы кулк-мүнөздөр".
Шейх Абул Хасан Аш-Шазилий (Аллах ырайымына бөлөсүн) айтат: "Тасаввуф бул - өзүттү(нафс) кулчулукка, сыйынычка көндүрүү. Аны Жараткандын жарлыгына баш ийдирүү."
Улуу эшен Шах Бахауддин Ан-Накшыбандий(Аллах ырайымына бөлөсүн) айтат: "Биздин жолубуз бул - адеми эрдем-адептер."
Улуу олуялардын бири Абул Хасан Ан-Нурийден(Аллах ырайымына бөлөсүн) "Тасаввуф эмне" деп суралды. Ал айтты: "Өзүт каалаган нерселерди таштоо" Анткени Куранда: "Мен өзүмдү актабайм, чындыгында өзүт жамандыкка көп буйруйт".
Улуу билги Ахмад Заррук (Аллах ырайымына бөлөсүн) өзүнүн "Тасаввуф эрежелери" битигинде минтип жазат: "Тасаввуф илимине көптөгөн аныктамалар, чечмелемелер берилген. Алардын саны эки миңге чамалайт. Бирок ошолордун баары ЧЫН ЖҮРӨКТӨН ЖАРАТКАНГА БЕТ АЛУУ маанисин туйунтат.
https://t.me/Muazhawwa
Катталып, бөлүшүп коюңуздар
Ҳаётингизда шунчаки кун ўтказманг. Вақтингизни дунё ва охиратингиз учун фойдали амалларга сарфланг...
Админ: @SayyoD3003
Last updated 1 year, 7 months ago
личка
🤍˖ ˚ @qsodxs ˚ ˖🌷
менеджер
@MECTRONx
Last updated 5 days, 10 hours ago
Кореяда ишлашни хоҳлайсизми?
Кореяда ўқишни хоҳлайсизми?
Ундай бўлса бизнинг каналимизни кузатиб боринг биз силарга қўлимиздан келгунича ёрдам берамиз
Реклама учун 👉 @korean_teacher07
Last updated 3 months, 1 week ago