❤️🔥 Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz 🎶
❤️🔥 Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda 🎶
Reklama uchun: @T1MoTel_23
Last updated 1 month, 1 week ago
🔞 КАТТАЛАР УЧУН❗️
Ходиса расмий канали ✅️
🌐 Жаҳондаги муҳим воқеалар, тезкор ва махфий ходисалар!
⚡️Воқеа ёки ҳодисанинг гувоҳи бўлдингизми?
Унда бизга юборинг:
📩 Taklif uchun: @Reklama715
Last updated 1 month, 3 weeks ago
Бармагы менен мал тапкан
Өнөрлүү, өтө чебер, колунан бардык иш келген, абдан устат.
Балкасы менен зар чапкан,
Бармагы менен мал тапкан
(Тоголок Молдо).
Медер тутуу
Ишенүү, жөлөк катары саноо, бел тутуу.
Балдарын медер туткан топуктуудай (Бейшеналиев).
Көпчүлүк Күлташырдын сөзүн медер тутуп ынанды (Абакиров).
Эжесинин боорум деп жалгыз медер туткан ишеничи Төлөмүш болчу (Бердикев).
Каяша
огрызание;
каяша айт- или каяша бер- огрызаться.
Тил тийгизүү
Көбүнчө улгайып калган же улуу адамдарга каяша кылып, тил кайрып, орунсуз, начар сөз айтып көңүлүн калтырып коюу.
Орозкул аба болсо, өзү күйөө бала экенине карабайт, картаң кайнатасын жекирип, тил тийгизет (Айтматов).
Май казан
Кең пейил, март, берешен.
Ылайыгы келген жерлерде Кадыйдын май казан болуп кетээр жери да бар (Ш. Үмөталиев).
Мага десең
Айткан тилди албасаң, дегенге көнбөсөң, эмне кылсаң өзүң бил, мага баары бир деген мааниде колдонулат.
Мага десең эки колуңду төбөңө алып басып кет. Мага десең билгениңди кыла бер (Сайдуллаев).
Ташка тамга баскандай
Ачык-айкын, даана, так, унутулгус.
Жакшынын акылы ташка тамга баскандай (макал).
Саламы түз
Жаман мамиледе эмес, ниети түзүк.
Экөөбүздүн саламыбыз түз болуп
жүрөт.
Оозуңа май!
Кандайдыр бир жакшылык же жакшы кабар жөнүндө билгизген кишиге карата сүйүнүү, толкундануу менен алкоо маанисинде колдонулат.
Оозуңа май, айланайын, оозуңа май! Кана, окуп жиберчи! - деп Чотур сүйүнгөнүнөн эмне кылаарын билбей турду (Абдукаимов).
Суйдаң
❤️🔥 Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz 🎶
❤️🔥 Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda 🎶
Reklama uchun: @T1MoTel_23
Last updated 1 month, 1 week ago
🔞 КАТТАЛАР УЧУН❗️
Ходиса расмий канали ✅️
🌐 Жаҳондаги муҳим воқеалар, тезкор ва махфий ходисалар!
⚡️Воқеа ёки ҳодисанинг гувоҳи бўлдингизми?
Унда бизга юборинг:
📩 Taklif uchun: @Reklama715
Last updated 1 month, 3 weeks ago