Ҳаётингизда шунчаки кун ўтказманг. Вақтингизни дунё ва охиратингиз учун фойдали амалларга сарфланг...
Админ: @SayyoD3003
Last updated 1 year, 7 months ago
личка
🤍˖ ˚ @qsodxs ˚ ˖🌷
менеджер
@MECTRONx
Last updated 5 days, 10 hours ago
Кореяда ишлашни хоҳлайсизми?
Кореяда ўқишни хоҳлайсизми?
Ундай бўлса бизнинг каналимизни кузатиб боринг биз силарга қўлимиздан келгунича ёрдам берамиз
Реклама учун 👉 @korean_teacher07
Last updated 3 months, 1 week ago
ЭРКЕМ.
Өткөндө кырктын кырынан ашып.
Өзүңө кылды кудайым ашык.
Кыйноого салып, азапты берген.
Кылганмын кандай, эмнеден жазык.
Атыңды атап эрке деп бүгүн.
Ашыктык ырын турамын жазып.
Бурала бассаң, кыялап эркем.
Көркүңдөн гүлдөр уялат эркем.
Күлгөнүң күндөй жаркыган кезде.
Күн дагы батат уялап эркем.
Артыңдан калбай арбалып жүрөм.
Көлөкөң сыңар кубалап эркем.
Ойлосом оюм, ой кырды ашат.
Оң жолду пенде, солду да басат.
Бирөөгө бакыт күттүрбөй келсе,
Биринен кетип, жеткирбей качат.
Бирикпес бирок, сүйүүлөр таза.
Жүрөктөн чыккан ырларда жашайт.
Ар күнү чалып абалың сурап.
Акылым менен адебим турат.
Алсамбы десем жарыңдан тартып,
Абириң ойлоп, ыйманым турат.
Өнөрдүн жолу тосулбайт экен.
Өзүңө жүрөк ыр арнап сунат.
Жаралган пенде, бир дүйнө кем дейт.
Жараткан теңир бардыгын теңдейт.
Сагынган кезде санаага батып.
Сен жазган ырлар жаратым эмдейт.
Жашынып барып жолугуп качып.
Сүйүүмдү таза булгагым келбейт.
Кыялым менен тоо куштай эчен.
Сен менен бирге тоого учам эркем.
Бакыттай мага сезилип жатат.
Сени деп жүрөк ооруткан эркем.
Жалгандан өтсөк көп жылдан кийин.
Үр кызы болуп жолуксаң экен.
Арзыган жанга ак сүйүү берсин.
Бергенде ал да кечикпей келсин.
А биздин сүйүү таптаза бойдон.
Сабалап учуп тарыхты кезсин.
Сүйүүнү таза сактаптыр ах- деп.
Агасы менен эркеси дешсин.
✒️✒️ Абдырасулов.С✒️✒️
Аралаба топ кыздарды,
кыздын баркы кетпейби.
Арасынан бирди сүйсөң,
ошол эле жетпейби.
Аралаба топ гүлдөрдү,
Гүлдүн баркы кетпейби.
Арасынан бирди үзсөң,
Ошол эле жетпейби.
Мааниси терең ыр 😊
Бугун дагы мен бир тарбия алдым.. Адамдар бул бирибизге тарбия экенбиз 🥲🥲🥲 жумуштан чыгып бир фрукты саткан дуконго кирдим.. сонун бир жашы ортолоп калган жигит соода кылып жатыптыр.., намаз окуйт экен. Фрукты алып таразага коюп бериниз десем.., келиниз таразаны басып озунуз тартып алыныз дейт.., очки тагынып алыптыр. Токтоп, тиктеп калдым.., корсо эки козу корбойт, сокур экен.. соода кылат экен. 😭😭😭 акчаны кантип тааныйсыз десем.., размеринен билем дейт.. кантип иштейсиз анан десем, ушинтип аракет жасап бала чакамды багамын деди 😭😭😭 тууганын деле бир жардам берет, эки жардам берет анан милдет кылат дейт. Канчалаган дени карды соо адамдар, бироодон умут кылып, байлар бербейт, саран деп догурунуп жашайт.. озу болсо огуздой. А сокур адам Аллахтан умут кылып, аракет жасап бала чакасын багып жатат. Ушунчалык ошол кишиге ыраазы болуп кайттым 😭😭😭эми дайыма сизден соода кылып турам дедим. Адамдар сизди алдап кетсе эмне болот десем? Мага сизге окшогон журогундо ыйманы бар адамдар кооп келип турат дейт. Алдаса озуно кыйын деп 😥😥😥мени менен коштошту!
Бай жашоого болот,
Бирок өрнөктүү жашоо кыйын.
——— Исхак Раззаков.
Биз билбейбиз,өмүр качан аяктайт,
Балким эртең күндөгүдөй таң атпайт.
Бул жашоонун убактылуу экенин,
Ичтен сезип,тообо кылган адашпайт.
**МАРКУМДАР УНУ.
Короздор биринин артынан бири жарыша кыйкырып, чыгыш тараптан таң кылайып атып келаткан экен. Тирүүлүккө моокуму канбай, көктү мостоё тиктеп, балбылдап күйүп турган бу жылдыз кезекти эми Касымга ыйгарып "Бу түбү тешик, тар дүйнөдөн армандуу кетип аткан биринчиси, же эң акыркысы эмессиң сен. Кантели, жолуң ошол, бара гой..." дегендей муздак жымыңдады. Касым кудайга ишенчү. "Э, кудай, алдыңда акмын,- деди ичинен, - бу жалганда эч кимге жалган айтып, жамандык кылбадым. Карызым да, аласам да жок..."
- Кана, анда даярсыңбы?
Бул үн Касымдын оюн бузду. Бери бурулду. Күнүнө эртели кеч тамактанган жаман үстөлүнүн үстүндө закүскөсү менен бир стакан арак турганын көрдү. Өлүмгө аттанар алдында оозанчу бул ырыскыны түрмө кызматкери азыр эле коюп кеткен болучу. "Кана анда, буга караңыз" дегендей полковник Касымды карап, үстөл үстүнө кол жаңсады. Касым үстөлгө көңүл кош тиктеди.
- Ыракмат... Андан көрө мага бир чыны суу бергилечи...
Касым бир чыны сууну кош колдоп кармап турду. "Акыркы ичээр суум ээ! Акыркы ичээр суум башка жерде эмес, ушу түрмөдө буюрган экен ээ!" сууну шашылбай жутуп, анан полковниктин алдына түштү. "Бисимилла. Баштагы бир өлүмдү татыктуу тос. Дабдырап калба, э, кудай, аягына чейин мага күч бер!"
Колидорго чыкты. Абдыкадыр Орозбековду замбилге салып көтөрүп баратышыптыр. Тергөө учурунда катуу тепки жеген Орозбеков Касымдын дубалын тыкылдатып сүйлөшүүгө да алы келбей калган. Тигине, Жусуп Абдрахмановду да замбилге салып, камерасынан алып чыгышты. Аны кийинки күндөрү Касымды суракка алган камчысынан кан тамган дойур тергеп аткан. Айтууда, сурак учурунда Жусуп аны тамагынан алып, басып жыгылыптыр. Ушундан кийин ал да катуу тепкиленген, буту-колу сынган. Кууш колидордон түрмөнүн короосуна чыкчу эшиктин жанында турган мылтыкчан желдеттин жанына келгенде Касымды токтотуп, колдорун артына бурап байлашты. Айрыкча колун артына байланганда жүрөгүнүн кайсы бир талуу жери тыз дей түшкөнсүп, ичинен Касым оор муңканып алды. Өлүмдөн ким коркпойт? Тирүү пенде бүт эле коркот, бирок бу коркунучту Касым акылы менен жеңип турду. "Баштагы бир өлүмдү татыктуу тос. Дабдырап калба. Э, кудай, аягына чейин мага күч бер!"
Касымдын солк этпеген жүзүнөн баятан бери көзүн албаган желдет аны ушунчалык урматтаган үн менен асте шыбырап:
- Жүрүңүз, - деди.
Касым сыртка чыкты. Өлүм жакындаган сайын өмүрдүн ушунчалык кымбат экенин ашкере сезе баштады. Өтүп аткан ар бир мүнөтү, ар бир жылга татып аткансыды. Эгер тагдыр жазып-тайып ага дагы бир күн өмүр буюрса, кудай ага жүз жыл өмүр ыйгаргандай эле ыраазы болор эле.
Касым сыртка чыкты. Түрмөнүн туюк дубалында жети-сегиз киши катар тизилип, алардын катарындагы Абдыкадыр менен Жусуп буту менен турууга аракеттенип, бирок тура албай атыптыр. Касым алардын жанына барып турду. Бир четтен баарын көздөрүн ак мата менен таңа баштады.
- Эй, эки буттуу айбан! - деди Жусуп, Касымды коштоп келген желдетке. - Бизди тургузуп Касымга жөлөп кой, өлүмдү жатып тоспой, туруп тосолу!
Желдет алардын көздөрүн таңып, экөөнү Касымдын эки тарабына эптеп жөлөп коюшту.
Түрмөнүн ичинен он чакты мынтыкчан чыкты. Короодо турган төрт мотоцикл бир учурда татырата от алдырып (мылтыктын үнү угулбас үчүн атайын ушинтишчү), мынтыктар кезелди. Жусуп түзөлө берип, кекене кыйкырды:
- Эй, кулдун тукумдары! Элдин мыкты уулдарын минтип кур жалаа менен кырып отурсаңар, социализмди бүт дүйнөдө эмес, бир өлкөдө да кура албайсыңар. Эгерде...
Мынтыктар удаа атылды. Касым маңдайынын ысый түшкөнүн гана сезбесе, башка эч нерсе сезбеди. Эки кашынын ортосуна тийген октун ойоктой орду саамга кубара түшүп, анан шүүшүндөгөн кан чыга келди...
Көчкөн Сактанов (Маркумдар үнү китебинен)**
Алаксытып оюмду арбадың го Дана кыз,
Алыстатып боюңду кармадың го Дана кыз.
Ичим жанып турганын сезбедиң го Дана кыз,
Имерилип жаныма келбедиң го Дана кыз.
Алоолонтуп жанымды ойнодуң го Дана кыз,
Ак жүзүңдөн сүйгүзүп койбодуң го Дана кыз
Сага жакын бара албай ыза болдум Дана кыз,
Сагынычым таралбай куса болдум Дана кыз.
Ой Дана кыз, Дана кыз
Эй Дана кыз, Дана кыз.
Улуу тоодо таңшыган улар болдуң Дана кыз,
Угуп үнүң жете албай кумар болдум Дана кыз.
Кол жетпеген мен үчүн дабаң болдуң Дана кыз,
Козгоп жүрөк сырларын аваң болдуң Дана кыз.
Ойдо жоктон жолугуп, оору кылдың Дана кыз,
Оорунун да онтотпос зору кылдың Дана кыз.
Көздөрүңдүн учкунун жылт эттирдиң Дана кыз, Көөдөндөгү жүрөктү зырп эттирдиң Дана кыз.
Бир көргөндө өзүңдү сүйдүрдүң го Дана кыз,
Билиги жок, майы жок күйгүздүң го Дана кыз.
Чогуу жүргөн кыздардан бөлүндүң го Дана кыз,
Чолпон болуп көзүмө көрүндүң го Дана кыз
Ой Дана кыз, Дана кыз,
Эй Дана кыз, Дана кыз.
Асман тиреп шаңкайган бийик болдуң Дана кыз,
Ага жетпей аңкайган кийик болдум Дана кыз.
Түйүп ичке сырыңды чечпей койдуң Дана кыз,
Түнү-күнү эсимден кетпей койдуң Дана кыз.
Ой Дана кыз, Дана кыз.
Эй Дана кыз, Дана кыз.
Ассаламу алейкум!
Кандайсыздар жамаат?
Админканыздар ден соолугуна байланыштуу кире албай жатат.
Эжебиз учун дуба кылып коюнуздар суранабыз!!!
Ҳаётингизда шунчаки кун ўтказманг. Вақтингизни дунё ва охиратингиз учун фойдали амалларга сарфланг...
Админ: @SayyoD3003
Last updated 1 year, 7 months ago
личка
🤍˖ ˚ @qsodxs ˚ ˖🌷
менеджер
@MECTRONx
Last updated 5 days, 10 hours ago
Кореяда ишлашни хоҳлайсизми?
Кореяда ўқишни хоҳлайсизми?
Ундай бўлса бизнинг каналимизни кузатиб боринг биз силарга қўлимиздан келгунича ёрдам берамиз
Реклама учун 👉 @korean_teacher07
Last updated 3 months, 1 week ago