Танланган картинкалар 🖤
Видеолар 💞
Perfluence
#LeaveChannel
Last updated 1 month, 1 week ago
Таптым сени таңда ырдаган
Булбулдардын ырынан.
Түбөлүктүн түбүн көрдүм,
Ырдап айткан сырынан.
Чексиздикке моюн сунуп
Бул жалгандын кырынан,
Ак сүйүүнүн АКтыгына
Тизе бүгүп, сыйынгам!
Таптым сени наристенин
Ыңаалаган ыйынан.
Ыргагына батпай кетип,
Ташып жаткан бугунан:
- Эй, Адамзат, уккун мени!
Көңүл коюп угуп ал!
Мен - сүйүүнүн жарчысымын! -
Деген укмуш ыр угам!
Таптым сени ээн талаада
Кеңирсиген белестен.
Бар жеринде бажырайып
Кызыл-кызыл гүл өскөн.
Торгой сайрап асманында
Тоо гүлүнө ашыгып,
Күү черткенде ыргалышып
Гүлдөр вальсын бийлешкен.
Таптым сени акылмандын
Айткан жомок сөзүнөн.
Жомоктогу алма-бактын
Бышып турган кезинен.
Ал бакчаны издеп жүргөн
Жолоочунун изинен.
Таптым сени куса болуп
Араң жүргөн өзүмөн!
— Аскат Жетиген
Сен баарын жасай аласыңбы билбейм, бирок сен мага эң камкорум болчудай туюласың…
Ар кимдин ашыгы көп,
Ай күндүн жазыгы көп.
Айтылып калар сенсиң
Акындын ашыгы деп,
Акындын асылы деп.
—Баян Акматов
Эгер жашап жатам деген жашооң – бул жөн гана түш болсочу?✨
Жанга кубат болууга сенден бөлөк,
Жүрөк анан кимди барып издемек?
Кокус бирөө кагып келсе эшигин,
«Кокуй, мунуң деги өзү ким?» – демек.
Астанасын чоочунга аттаттырсам,
Анда дүйнөм ошол замат кирдемек.
Кимге төрүн беришти билбеген соң,
Кантип анан ак-караны иргемек?
— Куткелди Шабданбеков
Пенде үчүн эмес
Өмүрдүн эртеңине шаша берип,
Өкүнүч, муңдан башка эмне таптык?
— Э. Иманалиев
Сабырдуулугуң үчүн эмне берээрин билгениңде, өз сыноолоруңа ашык болмоксуң...
✍🏻: Бекиева Сабира
•✨🕊
Өмүрдө өзүң тандаган кээ бир тандоолоруң өзүң үчүн кайырсыз болуп калышы мүмкүн, бирок мажбурлуу түрдө тандаган тандоолор сиз үчүн кайырлуу болот...)
Танланган картинкалар 🖤
Видеолар 💞
Perfluence
#LeaveChannel
Last updated 1 month, 1 week ago