Жер-Ай

Description
Адам болууга
Чыныгы мусулман болууга
Өнүгүп-өсүүгө
Илим-билим алууга

💫УМТУЛУУ
We recommend to visit

❤️‍? Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz ?

❤️‍? Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda ?

Reklama uchun: @T1MoTel_23

Спортивный паблик 🇰🇬
Сотрудничество: @boryuwolf

Last updated 1 year, 6 months ago

Телеграм каналларимиз:
✅ @huda_uz
✅ @shams_solih

Мурожаат учун:
📨 @huda_murojaat_bot

1 year, 6 months ago

Эмне үчүн эркек жубай тандоого олуттуу мамиле кылуусу зарыл?

▪️Эркектин намысы - бул анын жубайы.
▪️Эркектин бедели - бул анын жубайы.
▪️Коомдун эркекке болгон урматы көбүрөөк анын жубайынан көз каранды.
▪️Балдарыңыздын интеллекти 90% өмүрлүк жарыңыздын генетикасына байланыштуу болот.
▪️Үйдөгү бактылуулугуңуз - бул сиздин жубайыңыз.
▪️Үйүңүздүн кадыр-баркы жубайыңыздын колунда.
▪️Ошондой эле үйүңүздөгү сыр да жубайыңыздын колунда.
▪️Маанайыңыздын жоктугу да, бактылуулугуңуз да жубайыңызга байланыштуу.
▪️Сырткы тазалыгыңыз жубайыңыздын колунда.
▪️Үйгө келүү каалооңуз жубайыңыздын иш-аракетинен көз каранды.
▪️Эркектин күч-кубаты анын жубайына байланыштуу.
▪️Эркектин кыйроосу өмүрлүк жарынын айынан болушу мүмкүн.
▪️Балдарыңыздын келечектеги билими жубайыңыздан көз каранды.

Котормо

1 year, 8 months ago
Бир күн келет... Аллах Таала көңүл …

Бир күн келет... Аллах Таала көңүл тилиңди түшүнгөн, артыкчылыктарыңды көрө билип, кемчиликтериң менен кошо кабыл алган жана чын жүрөктөн сүйгөн адамды белек кылат.

Бир күн келет... Жалгыз жүргөн чакта сенин акыретиң үчүн кыжалат болуп, ыйманыңа кам көргөн, бейиште да бирге болуу үчүн жан үрөгөн түбөлүктүү жолдошту насип кылат.

Бир күн келет.. Таттуу сүйүү сезимин жашайсың. Эңсеп күткөн кыялдарың орундалат. Дубаларың кабыл болот.

Бир күн келет... Өмүрлүк жарыңдын жанында өзүңдүн (жадагалса сага да байкалбаган) жашырылып келген накта "мениңди" ача баштайсың.

1 year, 9 months ago

Өмүрлүк жолдошту же жүрөк тандайт, же напси

Эгер напси аркылуу тандоо кылсаң, баарын майда-чүйдөсүнө чейин эсептөөгө, алдын алууга, баа берүүгө тырышасың. Өзүңдү кооптуу нерселерден коргоого аракет кыласың. Анын мүнөзүнө, билимине, ата-энесине, жумушуна, карьерасына маани бересиң...

Адашуудан абдан коркосуң. Анткени жаңылуу напсибиз үчүн өтө оор келет. Мына ошондуктан кийин үй-бүлөлүк жашоодо анын (жолдошуңдун) ката кетирүүсүнө жол берүү аябай кыйын. "Мен башында абдан ойлонуп, баарын эсептеп чыкпадым беле. Ал менин көңүлүмдү калтырып, оңтойсуз абалга салбаш керек. Так-даана эсептебедим беле"...

Жүрөк менен тандоодо гана чечимиңди логикалык жактан түшүндүрө албайсың. Эмне үчүн аны тандаганыңды ачык-айкын айтып берүү мүмкүн эмес. Себеби жүрөгүбүз Жараткандын карамагында. Андыктан жүрөк ар убак туура жол көрсөтө алат. Жаратканга толук баш ийүү менен соккон жүрөк так-даана багыт берет...

Котормо

1 year, 9 months ago

Үйдүн эң улуусумун, ошондуктан "Байкем болсо, ал мындай кылмак, тигиндей кылмак" деген аттиңдерим бар болчу.

Кийин байкеси болгон тааныштарымды көрдүм. Көрсө, көпчүлүгүндө байкенин орду мен ойлогондой эмес тура. Коомубузда эмнегедир эркек балдарды карындаштарына күйүмдүү, алардын намысы үчүн туруп бергидей кылып тарбиялабайт. Карындаштарына кам көрмөк турсун, аларды ойлоп да койбогон агалар толтура экен.

Эркек балдарды кичинесинен үй-бүлөсүндөгү аялзаты үчүн жоопкерчилик алгыдай кылып тарбияласа, кийин мыкты уул, ага-ини, жолдош, ата болот беле... Жоопкерчиликсиз эркектер азаят беле...

1 year, 9 months ago

Тарыхта айрым элдердин эркектери намысын, жоопкерчилигин жана эркектик сапаттарын жоготкон учурлар болгон. Ал эми ошол коомдун аялдары табиятына каршы чыгышкан; эркиндик үчүн бузукулукка барышкан; "теңдик" деп, эркектерди туурап, үйдөгү милдеттерине кайдигер мамиле жасашкан жана эне болуу деген жоопкерчиликтен кутулууга аракет кылышкан. Мындай эл кыйраган. Алардын мурдагы улуулугунан эч кандай из калган жок. Гректер, Рим империясы, перстер ушундай тагдырга туш болушту. Дал ушул жол менен Европа жана жалпы дүйнө жүзү кетип баратат.

Абул Хасан ан-Надви "Ислам жана дүйнө"

2 years ago

“Заманбап маданияттардын жана цивилизациялардын философиясы кызык. Эгер аял үйүндө күйөөсүнө жана балдарына тамак жасап отурса – регресс, эскичилдик. Бирок ошол эле аял стюардесса болуп, жүргүнчүлөрдү тейлөө менен сугалактардын көз карашына бута болуп берсе, прогресс жана эркиндик деп эсептелет. Эгер католик аял үйүнөн чыкпай, ата-энесинин, бир туугандарынын үй иштерин жүргүзсө – камоо жана кемсинтүү. Бирок ал дүкөнгө сатуучу болуп ишке орношуп, кардарларды сулуу жылмаюусу менен өзүнө тартса жана офис жетекчилигинин айткандарына моюн сунса, бул эркиндик жана ардак болуп саналат”.

Шейх Мухаммад Таки Усмани

2 years ago
2 years ago

Азыр күчтүү болууга умтулбайм. Күчтүүлүктүн артында тыйылбаган көз жаш, майыштырган оорчулук турарын аңдадым.

"Күч-кубат бер, бардыгына өз күчүм менен жетейин, Аллахым", - деп да дуба кылбай калдым.

Алсыздыгымды мойнума алдым . "Күчтүү бол" деп ичимдеги коркок, ыйлаак кызды кыйнабайм. Кыйынчылыктарды алсыздыгым менен жеңүүнү үйрөнүп атам.

We recommend to visit

❤️‍? Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz ?

❤️‍? Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda ?

Reklama uchun: @T1MoTel_23

Спортивный паблик 🇰🇬
Сотрудничество: @boryuwolf

Last updated 1 year, 6 months ago

Телеграм каналларимиз:
✅ @huda_uz
✅ @shams_solih

Мурожаат учун:
📨 @huda_murojaat_bot