❤️? Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz ?
❤️? Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda ?
Reklama uchun: @T1MoTel_23
Телеграм каналларимиз:
✅ @huda_uz
✅ @shams_solih
Мурожаат учун:
📨 @huda_murojaat_bot
Reklama: https://t.me/+uH4kNrCPGYRjNjky
Last updated 1 week, 2 days ago
Өмүрлүк жолдошту же жүрөк тандайт, же напси
Эгер напси аркылуу тандоо кылсаң, баарын майда-чүйдөсүнө чейин эсептөөгө, алдын алууга, баа берүүгө тырышасың. Өзүңдү кооптуу нерселерден коргоого аракет кыласың. Анын мүнөзүнө, билимине, ата-энесине, жумушуна, карьерасына маани бересиң...
Адашуудан абдан коркосуң. Анткени жаңылуу напсибиз үчүн өтө оор келет. Мына ошондуктан кийин үй-бүлөлүк жашоодо анын (жолдошуңдун) ката кетирүүсүнө жол берүү аябай кыйын. "Мен башында абдан ойлонуп, баарын эсептеп чыкпадым беле. Ал менин көңүлүмдү калтырып, оңтойсуз абалга салбаш керек. Так-даана эсептебедим беле"...
Жүрөк менен тандоодо гана чечимиңди логикалык жактан түшүндүрө албайсың. Эмне үчүн аны тандаганыңды ачык-айкын айтып берүү мүмкүн эмес. Себеби жүрөгүбүз Жараткандын карамагында. Андыктан жүрөк ар убак туура жол көрсөтө алат. Жаратканга толук баш ийүү менен соккон жүрөк так-даана багыт берет...
Котормо
Үйдүн эң улуусумун, ошондуктан "Байкем болсо, ал мындай кылмак, тигиндей кылмак" деген аттиңдерим бар болчу.
Кийин байкеси болгон тааныштарымды көрдүм. Көрсө, көпчүлүгүндө байкенин орду мен ойлогондой эмес тура. Коомубузда эмнегедир эркек балдарды карындаштарына күйүмдүү, алардын намысы үчүн туруп бергидей кылып тарбиялабайт. Карындаштарына кам көрмөк турсун, аларды ойлоп да койбогон агалар толтура экен.
Эркек балдарды кичинесинен үй-бүлөсүндөгү аялзаты үчүн жоопкерчилик алгыдай кылып тарбияласа, кийин мыкты уул, ага-ини, жолдош, ата болот беле... Жоопкерчиликсиз эркектер азаят беле...
Тарыхта айрым элдердин эркектери намысын, жоопкерчилигин жана эркектик сапаттарын жоготкон учурлар болгон. Ал эми ошол коомдун аялдары табиятына каршы чыгышкан; эркиндик үчүн бузукулукка барышкан; "теңдик" деп, эркектерди туурап, үйдөгү милдеттерине кайдигер мамиле жасашкан жана эне болуу деген жоопкерчиликтен кутулууга аракет кылышкан. Мындай эл кыйраган. Алардын мурдагы улуулугунан эч кандай из калган жок. Гректер, Рим империясы, перстер ушундай тагдырга туш болушту. Дал ушул жол менен Европа жана жалпы дүйнө жүзү кетип баратат.
Абул Хасан ан-Надви "Ислам жана дүйнө"
“Заманбап маданияттардын жана цивилизациялардын философиясы кызык. Эгер аял үйүндө күйөөсүнө жана балдарына тамак жасап отурса – регресс, эскичилдик. Бирок ошол эле аял стюардесса болуп, жүргүнчүлөрдү тейлөө менен сугалактардын көз карашына бута болуп берсе, прогресс жана эркиндик деп эсептелет. Эгер католик аял үйүнөн чыкпай, ата-энесинин, бир туугандарынын үй иштерин жүргүзсө – камоо жана кемсинтүү. Бирок ал дүкөнгө сатуучу болуп ишке орношуп, кардарларды сулуу жылмаюусу менен өзүнө тартса жана офис жетекчилигинин айткандарына моюн сунса, бул эркиндик жана ардак болуп саналат”.
Шейх Мухаммад Таки Усмани
Азыр күчтүү болууга умтулбайм. Күчтүүлүктүн артында тыйылбаган көз жаш, майыштырган оорчулук турарын аңдадым.
"Күч-кубат бер, бардыгына өз күчүм менен жетейин, Аллахым", - деп да дуба кылбай калдым.
Алсыздыгымды мойнума алдым . "Күчтүү бол" деп ичимдеги коркок, ыйлаак кызды кыйнабайм. Кыйынчылыктарды алсыздыгым менен жеңүүнү үйрөнүп атам.
Бүгүн класс жетекчиме, химия сабагынан олимпиадага даярдаган мугалимиме жолугуп келдим.
"Эмне үчүн мугалим болбой койдуң? Эгер мугалим болсоң, эң күчтүү мугалим болмоксуң" , - деди.
3-курста мугалим болууну ушунчалык каалагам. Экинчи билимимди мугалимдик боюнча алгым келген. Бирок бул кыялдарым кийин өчүп калды. Балким, мындай улуу кесип менен алектенүүгө татыктуу болгон убакта окутуучу болормун.
Жөн эле кыялданып жатсак керек деп ойлойбуз. Бирок алар ушунчалык маанилүү. Чын жүрөктөн кааласаң, бир күнү Аллах орундатып коёт. Жадагалса ошондой кыялданганыңды унутуп да калган болосуң.
Жеке байкоолорум боюнча, азыркы апалардын кыздарына берген кеңеши:
- Намаз окубаса, эмне болуптур. Кийин окуйт да. Өзүң үйрөтүп коёсуң.
- Үйү бар, "квартиралап" жүрбөйсүң. Сени бакса, болду да.
- Жакшы акча тапкан адамды тандасаң, "килем алам, идиш алам" деп убара болбойсуң.
"Кызым, Кудайдан корккон, такыбаа жигитти танда. Ошондо гана чындап бактылуу болосуң. Бул дүйнө эмне, өтөт-кетет" деп айта турган энелер азыр жокко эсе го. Өкүндүрөт...
❤️? Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz ?
❤️? Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda ?
Reklama uchun: @T1MoTel_23
Телеграм каналларимиз:
✅ @huda_uz
✅ @shams_solih
Мурожаат учун:
📨 @huda_murojaat_bot
Reklama: https://t.me/+uH4kNrCPGYRjNjky
Last updated 1 week, 2 days ago