Главный новостной telegram-канал Могилева
Реклама 👉 @glavnoebel
🔈 Предложить новость — @suggestmogilevbot
Last updated 4 days, 10 hours ago
Підтримка - @ecobank_bot
Інформування - @eco_sms_bot
Last updated 2 months, 1 week ago
Кыргызстанга ЖОЖдор 29,5 миңден ашуун абитуриентти кабыл алды.
Бүгүн, 23-август саат 13:00дөгү ачык маалыматка ылайык, 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайлар 29 миң 551 абитуриентти кабыл алган.
Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, 5 раунддун жыйынтыгына ылайык, талондорду каттоо боюнча төмөндөгү ЖОЖдор алдыга чыккан:
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 8240,
И. Раззаков атындагы КМТУ – 7457,
ОшМУ – 6369,
Б.Ельцин атындагы КРСУ – 5414,
И. Арабаев атындагы КМУ – 4644,
И. Ахунбаев атындагы КММА – 4420,
Х. Карасаев атындагы БМУ – 3953,
«Ала-Тоо» Эл аралык Университети - 2804.
Эң көп тастыктама төмөнкү ЖОЖдорго берилди:
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине – 4930 абитуриент,
ОшМУ – 4009,
И. Раззаков атындагы КМТУ – 3749,
И. Арабаев атындагы КМУ – 2349,
Х. Карасаев атындагы БМУ – 2022,
Б. Ельцин атындагы КРСУ – 2108,
И. Ахунбаев атындагы КММА – 1064,
«Ала-Тоо» Эл аралык Университети - 1004.
❗️23-25-август күндөрү нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, таш кулайт
ӨКМ кооптуу аймактардын тизмесин берди:
?Баткендин Лейлек, Баткен, Кадамжай райондору;
?Чүйдүн Жайыл, Ысык-Ата, Чүй, Панфилов, Аламүдүн, Москва жана Сокулук райондору;
?Нарындын Ак-Талаа жана Нарын району;
?Жалал-Абаддын Ала-Бука, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Чаткал, Тогуз-Торо райондору;
?Оштун Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондору;
?Таластын Бакай-Ата, Манас, Айтматов жана Талас райондору.
??Руслан Акундун "Бейиш эненин таманында" тасмасы "Оскар" сыйлыгына Кыргызстандын атынан катышат
Кинокартина абройлуу кинофестивалда "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясы боюнча ат салышмакчы.
Маданият министрлиги "Оскардын" чет мамлекеттердеги комитеттери учурда талапкерлердин узун тизмесин түзүп жатканын, андан кийин шортлист (кыска тизме) түзүлүп, жеңүүчү аныкталарын айтты.
"Оскар" сыйлык тапшыруу аземи 2025-жылдын 2-мартында Лос-Анжелесте өтөт.
Бул фильмде акыл-эси жаш баланыкындай тейде калган жигит менен улгайган апасынын жылуу мамилеси, айылдагы жашоосу, алардын Меккеге сапары көрсөтүлөт. Тасманы Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Египет жана Меккеде тартып, бир нече тилге которулган.
Курск облусуна биринчи жолу Батыштан чыккан ракеталар менен, божомолдоо боюнча Американын HIMARS системасы аркылуу сокку урулганын Мария Захарова билдирди.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлүнүн айтымында, Глушковск районунун Сейм дарыясы аркылуу көпүрөдөн жасалган чабуулдан ал толугу менен талкаланып, эвакуацияланып жаткан жай тургундарга жардам көрсөткөн ыктыярчылар каза болгон.
ТИМ адамкерчиликсиз иштерди жасаган күнөөлүүлөрдүн баары катаал жазага тартыла турганын кошумчалаган.
Эрназар Акматалиев Париж Олимпиадасындагы жүрүшүн токтотту
Эркин күрөш боюнча 65 килограммга чейинки салмактагы балбан 1/8 бөлүктө дүйнө чемпиону венргиялык Исмаил Мусукаевге утулуп калган.
Жарым финалда Мусукаев ирандык балбанга жеңилип, Акматалиев коло медаль үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырады
??Айпери Медет кызы алгачкы атаандашын жеңди
1/8 финалда атаандашы кытайлык Ван Цзюанды 4:1 упай эсеби менен жеңди. Ошентип кыргызстандык спортчу чейрек финалга өттү.
Олимпиада: бүгүн беш спортчу өлкө намысын коргойт
Чыга турган убактысы:
▪️15:00 — эркин күрөш боюнча Айаал Лазарев (125кг) жубатуучу беттеште Канаданын спортчусу Амарвир Деси менен кез келет.
▪️15:30 — Эрназар Акматалиев (65 кг) 1/8 финалда венгриялык Исмаил Масукаев менен күрөшөт
▪️Эрназардын артынан эле Айпери Медет кызы (76 кг) өзүнүн алгачкы атаандашы кытайлык Ван Цзюань менен беттешет
▪️23:15 — Айсулуу Тыныбекова коло үчүн беттеште румыниялык Криста Инце менен канадалык Анна Гонзалес жубунун жеңүүчүсү менен кез келет
▪️11-августка караган түнү саат 01:47 — бокс боюнча Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) өзбекстандык Абдумалик Халоков менен алтын үчүн рингге чыгат
3-август – Дарбыз күнү
Ишенесизби, ишенбейсизби, бүгүн дарбыз күнү. Бул майрамдын тарыхы АКШга барып такалат. Маалыматка ылайык, АКШ дарбызды керектөө боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат.
Бүгүнкү күндө дарбызды жетиштүү жегиле деп кеңеш беребиз, анткени дарбыз да көптөгөн ооруларга даба.
Главный новостной telegram-канал Могилева
Реклама 👉 @glavnoebel
🔈 Предложить новость — @suggestmogilevbot
Last updated 4 days, 10 hours ago
Підтримка - @ecobank_bot
Інформування - @eco_sms_bot
Last updated 2 months, 1 week ago