Хадистер?

Description
?ЛАА ИЛААХА ИЛЛАЛЛАХ МУХАММАДУР РАСУЛУЛЛАХ ?
?_Суроо - жооп.❓
?_Хадистер. ?
?_Видео суроттор. ??
?_Баяндар. ?
?_Дубаалар. ?
?_Сүрөөлөр. ?
?_Жүрөкө жакын сөздөр. ?

?БИЗ МЕНЕН БИРГЕ БОЛУНУЗ ?

❤️Владельц akmatbekov Aktan
@amanatm99
We recommend to visit

Основатель и чикатила - https://t.me/xzkto322

Last updated 4 months, 3 weeks ago

Last updated 6 months, 4 weeks ago

“ каналига хуш келибсиз!

Uzbekistan бўлиб ўтаётган воқеа-ходисалар, янгиликлар, хабарлар бериб борадиган платформа.

Машина, уй, олди сотти реклама қабул қиламиз ?

Тижорий ҳамкорлик учун : @navroztravel

Last updated 10 months, 1 week ago

2 months, 2 weeks ago

Ассаламу ъалайкум жамаат кутман тан берекелуу кун намаздан дубадан садакадан зикирден башталат ?

2 months, 2 weeks ago

Жараткандын кечиримине ээ болуу учун окула турган дуба;

رَبَّنَا إِنَّنَا آمَنَّا فَاغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَقِنَا عَذَابَ النَّارِ

Роббанаа иннанаа ааманнаа фагфир - ланаа зунуубанаа уа кинаа?азаабан-наар.

Мааниси: Оо , Жараткан Роббибиз! Биз Жалгыз Озуно ишенип ыйман келтирдик. Куноодорубузду кечире кор,бизди тозок отунан сактай кор.

2 months, 2 weeks ago

Хадис

عن عمران بن حصين رضي الله عنهما عن النبي صلى الله عليه وسلم قال: « يخرج قوم من النار بشفاعة محمد صلى الله عليه وسلم فيدخلون الجنة يسمون الجهنميين.»

Имран Бин Хусайн (р.а)дан риваят : Пайгамбар (с.а.в):« Мухаммад (с.а.в)дын шапаатынын себебинен бир топ киши тозоктон чыгып, бейишке кирет .Алардын „тозокулар“ деген кошумча аттары болот» деген.

Бухари

2 months, 3 weeks ago

18 жашында үйлөнүү жетишкендик болбогондой эле, отузга чыгып жумушсуз болуу да ийгиликсиздикти билдирбейт.

Жашоодо баары эле дайыма биз каалагандай боло бербейт. Кээде башкалар өнүгүп, өсүп жаткандай, сенден
башкасынын баары окуп, иштеп, турмуш куруп кеткендей сезиле берет ко.

Анан социалдык тармактагы ар кандай коучтарды, ишкерлерди, блогерлерди карап, ошолордун сөздөрүн уксак эле биз дагы ошондой болуп кете тургандай боло беребиз.

Бирок бир нерсе бар да. Айрым нерселер жөн гана насип. Жумушуң, түгөйүң, ырыскыңда насип…

А башкаларга насип болгон нерсеге, башкалардын ырыскыларына суктануу, бизде да ошолордукундай болуусун каалоо канчалык деңгээлде туура?

Кээ бирөөлөр 20 жашында үйлүү болсо же байып кетсе эле, бизде дагы ошондой болсо дейбиз. Башкаларга окшошконго аракет кылабыз.

А чынында Кудай баарыбызды өзгөчө кылып жаратып, ар бирибизге өзгөчө ырыскы насип кылган да. Эмнеге өзүбүздүн өзгөчө экенибизди кабыл албай, баарына окшош болгубуз келе берет?

2 months, 3 weeks ago

????????

Уйку адептери:

? 1- Биринчиден, мусулман адам эч бир себепсиз уйкуну кечиктирбөө керек. Болушунча эрте уктоо түнкү тахажжуд жана таңкы багымдат намазын окууну жеңилдетет. Абу Барза (Алла андан ыраазы болсун), Алланын Элчиси (Алланын ага салам-салаваттары болсун) куптанды окуудан мурун уктоону жана андан кийин сүйлөшүп олтурууну жактырбаганын айткан.

? 2- Сүннөт боюнча уктаардын алдында намаздын алдындагыдай эле даарат алып, тишти мисвак менен тазалаган оң.

? 3- Уктоого баш койгондо оң каптал менен жатуу керек. Бул тууралуу: “Дааратчан төшөгүңө уктоо үчүн жатсаң анда оң капталың менен колуңду жазданып жат” деген бир топ хадистер бар." Курсак менен көмкөрөсүнөн жатууга тыюу салынат. Пайгамбарыбыз көмкөрөсүнөн жатууну Аллах жакышы көрбөйт деп айткан.

? 4- Мүмкүн болушунча жүзүбүздү кыбыла тарапка буруп жатуу. Кыбыланы тээп жатууга болбойт.

? 5- Уктоо алдында уйку дубасын окуу.Алланын элчиси (Алланын салам-дубалары болсун) айтты: "Уктоо үчүн төшөккө жатсаң анда намазга даарат алганыңдай даарат алгын жана оң капталың менен жатып бул сөздөрдү айткын: Оо Кудайым! Напсимди Сага моюн сундурдум, ишимди Сага тапшырдым, азабыңдан коркуп, кечиримиңе үмүттөнөм, баш калкалоо Сага гана болот, кутулууну Сен гана бересиң, түшүргөн китебиңе жана жөнөткөн элчиңе ишендим”. (Бухарий 6311).

Ал-Бара бин Азибдин (ага Аллахтын ырайымы жана саламы болсун) уктоого камынган кезде ал оң капталына жатчу да, анан минтип айтчу: “О, Аллах мен өзүмдү Сага тапшырдым (Сага толук моюн сундум), жүзүмдү сага бурдум (бүткүл турпатым менен тооба кылдым), иштеримди Сага тапшырдым (иштеримдин чечилишин Сага тапшырдым) жана сенин алдыңда корккондугумдан жана өз ыктырым менен Сага тобокел кылдым. Сенден качуунун жана кутулуунун Өзүңдөн (тиленүүдөн) башка жолу жок! Сенин түшүргөн Китебиңе (Ыйык Куранга), Сенин жиберген Пайгамбарыңа (Мухаммад алайхи саламга) ыйман келтирдим! “Аллахума, инниасламту анфси, илай-ка, ка важжтаху важхи илай-ка, ва фаватту амри илай-ка ва алжа’ту захри илай-ка рагбатан ва рахбатан илай-ка. Лаа малжа’а ва лаа манжа мин-ка илла илай-к! Аманту биКитаби-ка аллази анзалта ва-набиййи-ка аллази арсалта”. Андан соң Ал-Бара бин Азиб Пайгамбарыбыздын минтип кошумчалаганын айтат: Ушуну сен ар кечинде айтуучу өзүңдүн эң акыркы сөзүң кылып алгын” (Бухарий, Муслим). Хузайфанын (андан Аллах ыраазы болсун) мындай дегени кабардалат: “Аллахтын элчиси (Ага Аллахтын салам жана салавататры болсун) түнү уктоого камынып, жуурканына кирип жаткан кезде, оң алаканын оң жагына төшөп, анан мындай дечү: “О, Аллах, Сенин ысымың менен өлөмүн жана Сенин ысымың менен тирилемин” (Би-сми-ка, Аллахума, амуту ва ахйа). Анан ал ойгонгон кезде минтип айтчу: “Бизди өлтүргөндөн кийин кайра тирилткен Аллахка мактоолор болсун, кайра тирилгенден кийин Ага кайтып барабыз!” (Ал-хамду ли-Ллахи аллазии ахйа-на мин ба’да ма амата-на, ва илай-хи-н-нушуурур!) (Бухарий).

? 6- Уктаардын алдында, ошондой эле, «аль-Курси», «аль-Ихляс», «аль-Фалак» жана «ан-Нас», «Аль-Кафирун», «аль-Мүлк» сүрөлөрүн жана «аль-Бакара» сүрөсүнүн акыркы 2 аятын окуса болот. Пайгамбарыбыз бул сүрөлөрдү окуган соң 2 алаканына үйлөп, жүзүнөн баштап бүт денесин 3 ирет сүртчү. Алла Элчисинин хадистеринде айтылгандай, жогорудагы сүрөлөрдү окуган адамга таң аткыча эч кандай зыян келбейт жана башка көптөгөн зыяндардан сактайт. Мисалы, уктоо алдында “Аль-Мүлк” сүрөсүн окуу кабыр азабына калканыч болот. Ал эми «аль-Курсини» окуган адамга шайтан жакындай албайт.Истигфар айтууну да унутпоо зарыл. Анткени бул амал менен адам бейиште жогорку тепкичке жетет.

? 7-Уктардын алдын өзүңдөн өзүң 1 күндүн отчетун алып, кетирген күнөөлөрүң үчүн Аллахтан кечирим тилөө маанилүү. Ал эми кимдир-бирөө сени капа кылган болсо, аларды сен да кечирип, экинчи ирет бул негативдүү ойлордон өзүңдү бошотуу адамдын өзүнө эле пайда келтирет.
??????
ИншаАллах, уйкуга да олуттуу көңүл буруп, анын сүннөттөрүн аткаруу менен денебизди, жан дүйнөбүздү эс алдырып, 2 дүйнөдө тең жеңишке жетишкен болобуз.

2 months, 3 weeks ago

ТООБО ТУУРАЛУУ

Тообо бул- Куноодон Алланын тат-ибадатына кайтуу болуп эсептелет . Негизинен эки турго болунот :
1)- Алла менен пенде ортосундагы тообо
2)- Пенде менен пенде ортосундагы тообо
1)- Алла менен пенде ортосундагы тообо уч шарт менен кабыл алынат:
1)- Кылган жамандыгына жакындабоо
2)- Ал кылган жамандыгына окунуу
3)- Ал жамандыка экинчи жолуу кайтпайм деп каттуу ниет кылуу. Эгерде ушул уч шарттын бири жок болсо , анда Алла менен пенде ортосундагы тообо кабыл кылынбайт. Ал эми пенде менен пенде ортосундагы тообонун торт шарты бар, учоо жогорудагылар болсо , ал эми тортунчусу пенденин акын кайтаруу болот , эгерде малын алган болсо кайтарат же ар намысына тийген болсо ,ээсинен кечирим сурайт же куноосуно истигфар айтат. Улуу Курани Карим жана хадистер , уммоттун ижмасы корсоткондой эгерде бир киши куноо жамандык кылса , ал жамандыгына тообо кылышы ваажип болот. Улуу Алла Таала:
قَالَ الله تَعَالَى : ? وَتُوبُوا إِلَى اللَّهِ جَمِيعاً أَيُّهَ الْمُؤْمِنُونَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ ? [ النور (31) ] .
• (Аллага тообо кылгыла Оо момундар мумкун женишке жететтирсинер ) деп айтат. Бул жерде улуу Алла Тааланын " Мумкун " деген нерсеси " Анык болот " экендигин корсотот, себеби улуу Алла Таала бир нерсеге убада берсе созсуз аткарат. Ошондой эле жогорудагы аят чон кичине куноолорго тообо кылыш ваажип экендигин корсотот. Башка аятта :
وَقالَ تَعَالَى : ? فَقُلْتُ اسْتَغْفِرُوا رَبَّكُمْ إِنَّهُ كَانَ غَفَّاراً ? [ نوح (10)] .
( Жаратканынарга тообо кылгыла , албетте ал кечиримдуу деп айттым ) деп айтат. Бул аятта баардык куноолорго истигфар айтып Алладан куноо учун кечирим суроону корсотот. Башка аятта:
وَقالَ تَعَالَى : ? يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا تُوبُوا إِلَى اللَّهِ تَوْبَةً نَصُوحا ? [ التحريم (8) ] .
( Оо ыйман келтиргендер Аллага чын журоктон тообо кылгыла ) деп айтат. Улуу сахаба Умар (ра ) : " Чын журоктон кылынган тообо – пенде бир жамандыгына тообо кылып, ал ишине экинчи жолу кайтпашы болот , желинден чыккан сут, кайра желинге кайтпаган сыяктуу" деп айтат.
[13] وعن أبي هريرةَ ( قَالَ : سمعْتُ رسولَ الله ( يقول : « والله إنِّي لأَسْتَغْفِرُ الله وأَتُوبُ إِلَيْه في اليَوْمِ أَكْثَرَ مِنْ سَبْعِينَ مَرَّةً » . رواه البخاري .
Улуу пайгамбарыбыз (сав) : " Мен бир кундо Аллага жетимиш коп жолу тообо кылып , истигфар айтам " деп айтат. Бул хадис уммотту Аллага коп истигфар айтып тообо кылууга чакырат. Башка хадисте улуу пайгамбарыбыз :
- خادِمِ رسولِ الله ( - ( قَالَ : قَالَ رَسُولُ الله ( : « للهُ أفْرَحُ بِتَوْبَةِ عَبْدِهِ مِنْ أَحَدِكُمْ سَقَطَ عَلَى بَعِيرهِ وقد أضلَّهُ في أرضٍ فَلاةٍ » . مُتَّفَقٌ عليه .
• " Алла пендесинин тообосу менен силердин биринер чолдо тоосун жоготуп жиберип кайра табып алып суйунгондой суйунот " деп айтат. Бул хадис Алланын пендеси куноо кылып тообо кылганда Алла Таала аябай суйунот экендигин корсотот. Башка хадисте :
قَالَ : « إنَّ الله تَعَالَى يَبْسُطُ يَدَهُ بالليلِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ النَّهَارِ ، ويَبْسُطُ يَدَهُ بالنَّهَارِ لِيَتُوبَ مُسِيءُ اللَّيلِ ، حَتَّى تَطْلُعَ الشَّمْسُ مِنْ مَغْرِبِها » . رواه مسلم .
( Албетте Алла кундузу куноо кылган пендесине тообо кылышы учун туну колун жайат , жана туну куноо кылган пендесине тообо кылышы учун кундузу колун жайат ) деп айтат. Башка хадисте :
[17] وعن أبي هُريرةَ ( قَالَ : قَالَ رَسُولُ اللهِ ( : « مَنْ تَابَ قَبْلَ أنْ تَطْلُعَ الشَّمْسُ مِنْ مَغْرِبِها تَابَ اللهُ عَلَيهِ » . رواه مسلم .
( Ким кун батыштан чыкканга чейин тообо кылса , Алла анын тообосун кабыл кылат) деп айтат. Башка хадисте :
[18] وعن أبي عبد الرحمن عبد الله بنِ عمَرَ بنِ الخطابِ رضيَ اللهُ عنهما عن النَّبي ( ، قَالَ : « إِنَّ الله ( يَقْبَلُ تَوبَةَ العَبْدِ مَا لَمْ يُغَرْغِرْ » . رواه الترمذي ، وَقالَ : « حديث حسن » .
( Алла пендесинин тообосун оозуна гаргара келип калганга чейин кабыл кылат " деп айтат. Гаргара бул- адамдын жаны тамагына келип калышы болот. Бухарий Муслим рываят кылган хадисте :" Бир киши жуз кишини олтуруп , андан кийин мага тообо барбы ? деп айтканда , тообо бар деп айтылды, жана кыссанын акырында анын тообосу кабыл алынып бейишке кирди".

3 months ago
Сиздер үчүн жашооңуздарга керектүү болгон каналдар …

Сиздер үчүн жашооңуздарга керектүү болгон каналдар топтому
Болгону 24 саат сиздер менен каттплып жетишип калыңыздар?

Каналдарга кирүү үчүн ?

3 months ago

Сени кимдин капа кылгандыгы маанилүү эмес.

Маанилүүсү: кимдин жылмайтканы...?❤️

3 months ago

Хикая
Давуд а.с. доорунда бир жигит Давуд а.с менен баарлашып олтурат эле Азраил а.с Давуд а.с. га кабар берди: «Бул жигит үч күндөн кийин өлөт» деп, Давуд а.с. бул кабарды угуп, абдан капа болот. Үч күн откондон кийин ал жигитти тирүү жүргөнүн көрөт, жана арадан бир ай өтөт ал жигит соо жүргөнүн көрөт, Азраил а.с-ды көрүп калып сурайт: «Бул жигитти үч күндөн кийин өлөт дединиз эле тирүү эле жүрөтко» деп сураганда Азраил а.с. айтты: «Туура мен анын жанын алайын-деп келдим эле, Аллах-Тааладан мага буйрук болду анын жанын албай тургун! себеби ал жигит муктаж адамдарга 20 дирхам кайыр кылды эле ал адамдар өмүрүн узун болсун» деп дуба кылышты, мен алардын дубасын кабыл кылып ар бир дирхамына бир жылдан 20 жыл өмүр бердим» деди.

3 months ago

?СИЗДИН ТУУЛГАН АЙЫҢЫЗ КАЧАН??

We recommend to visit

Основатель и чикатила - https://t.me/xzkto322

Last updated 4 months, 3 weeks ago

Last updated 6 months, 4 weeks ago

“ каналига хуш келибсиз!

Uzbekistan бўлиб ўтаётган воқеа-ходисалар, янгиликлар, хабарлар бериб борадиган платформа.

Машина, уй, олди сотти реклама қабул қиламиз ?

Тижорий ҳамкорлик учун : @navroztravel

Last updated 10 months, 1 week ago