Dive into the Ultimate Free Library: Your One-Stop Hub for Entertainment!

Manas academy

Description
We recommend to visit

📈 Acompanhe as principais notícias que podem mexer com seus investimentos em tempo real. Produzido pela equipe do InfoMoney (https://www.infomoney.com.br)

Last updated 2 weeks, 3 days ago

bcb.gov.br

Last updated 3 weeks, 4 days ago

Last updated 2 months, 1 week ago

1 month ago

Анда атам: "Аларды силер сыяктуу эле сураган адамдарга берем, силерге
анын эмне кереги бар, алар болсо керектейт", - деп кутулчу.
Бир күнү атам үйдө жокто Ысык-Көлдөн телефон чалып, бир бүркүтүнүн өлүп калганын айтышты. Аны атама кантип айтаарыбызды билбей бушайман болдук. Кайнежемдин Болот деген баласын атам аябай жакшы көрөөр эле. Баарыбыз Болотту алдап-соолап: "Айланайын Боке, атаң сени эркелетип отурганда мына ушуну айт", - деп эптеп көндүрдүк. Ал аңгычакты атабыз келип калды. Тамак үстүндө отуруп небересин эркелетип отурганда, Болот: "Ата, бир бүркүтүң өлүп калыптыр", - деп балп этип айтып салды. Эч нерседен капары жок атам, ичип жаткан тамагын токтото коюп: "Ок, антип айтчу эмес! Бул эмне дейт?" - деп чочуп кетти. Эки күн өткөндөн кийин атам ашып-шашып кийим-кечесин кийип: "Кайран гана Бозумум ай", - деп кейип-кепчиген бойдон Ысык-Көлгө жөнөп кетти. Ошентип бүркүтүн жоктоп, үйгө бир айдан кийин ооруп келип калды. Атам бүркүтүнө кайгырып кар кечип, тоо аралап жүрүп бутун оорутуп алыптыр, келип эле төшөккө жатып калды. Кан басымы дагы аябай көтөрүлүп, күндө врач чакырып атып көптө барып араң оңолду. Ошондо, атабыздын бүркүткө ооруп калгыча мынчалык терең маани бөлөөрүн билбептирбиз.
"Сакем манасчы эле эмес, олуя, көзү ачык дагы киши",- деп айтып калаар эле бирге жүргөн теңтуштары. Атын унутуп калдым, атам менен бирге бүркүт салып, ит агытып жүргөн бир жигит буларды айтып берген: "Сакем экөөбүз Семиз-Белде келе жатып бир аз тыныгып алалы деп аттан түшүп токтоп калдык. Алды жагыбызда кой жайылып келе жаткан. Аларды кайтарып жүргөн келин да таштын үстүндө койлорун карап отурган экен. Сакем ал келинди караган бойдон нес болгон немедей сүйлөп жаткан сөзүн токтотуп, келинден көзүн албай карап калды. "Ой Саке, сизге эмне болду? Жарыктык, аял киши көрүнсө эле жалдырап калдыныз", - дедим. Сакем таң калгандай, келинди караган бойдон: "Акетай ээй, бул келиндин эки ийининде шам жанып турат. Бечаранын иши оңолуп, жолу ачылат окшойт" деп калды. Ай айланып, жыл өтпөй бакыйган Социалисттик Эмгектин Баатыры деген төш белгиси берилип, Тоң районунан Кайыр Мукашева деген чабан келин чыкты. Ошондон кийин Сакемди көзү ачык экен деп калдым", - деген ал.

1 month ago
Атам кышкысын Ысык-Көлдөгү багылып жаткан бүркүттөрүнө …

Атам кышкысын Ысык-Көлдөгү багылып жаткан бүркүттөрүнө кетип, бир айдан ашык жүрүп калчу. Атам келгенде үйүбүзгө береке кирип, атамдын достору келип, бапырап жыргап калчубуз. Атам бүркүтүнө кетээр алдында апама аябай жакшы мамиле жасап, жагынып, анан
айтаар сөзүн: "Байбиче, мен Көлгө барып бүркүттөрүмдү көрүп келейин. Кудай буюрса бат эле келип калам, ал байкуштар мени күтүп, куса болду го", - деп жалооруй акырын айтчу. Бүркүт салып, тайган агыткан адамдар салбурундан өзүнчө бир рахат алышат окшобойбу. Атам дагы бүркүттөрүнө барып келгенден кийин бир топко чейин абдан көңүлдүү, шайыр болуп жүрчү.
Атамдын бүркүттөрүн Ысык-Көлдө көп кишилер бакты. Мен билгени өзгөчө Ашырбай деген аксакал көп бакты. Ашырбай ата үй-бүлөсү - байбичеси, балдары болуп дайыма шаарга биздикине келип-кетип турушаар эле.
Апам кез-кезде гана: "Кышты кыштай куш салымыш болуп жүрөсүң, кушуң алган аңдын терилеринен ала келбейсинби?", - деп булкулдап калчу.

1 month, 1 week ago

Дагы бир жолу майрамыңыздар менен!
Терең урматтоо менен Манас улуттук академиясын жалпы жамааты.

2 months, 2 weeks ago

https://www.youtube.com/watch?v=rz8owlY4NQc

YouTube

МАНАСЧЫЛЫК ААЛАМЫ ТАБЕРИК // БАКЫТ РОМАНОВ // "МАНАС" АКАДЕМИЯСЫ

#ЭлТР #ЭлТРМаданият ========================================== Ассаламу алейкум урматтуу бир туугандар, “ЭлТР Маданият / Кыргызстан” расмий ютуб каналга кош келиңиздер! ========================================== УРМАТТУУЛАР ВИДЕОНУ КӨЧҮРҮП АЛУУГА ТЫЮУ САЛЫНАТ…

2 months, 2 weeks ago

А вы как думаете?
Поделитесь своим мнением в комментариях⬇️

#МанасАкадемиясы
#ManasAcademy
#NationalAcademyManas

2 months, 3 weeks ago

Во исполнение Указа Президента Кыргызской Республики УП № 126 от 22 апреля 2022 года «О дополнительных мерах по всестороннему изучению и популяризации трилогии эпоса «Манас» (эпосы «Манас», «Семетей», «Сейтек») – бесценного духовного наследия кыргызского народа, 2 февраля 2024 года в Национальной академии «Манас» состоялась презентация мероприятий (мероприятия приуроченные к этим датам продлятся в течении года) под названием “Манасчылык – өнөрлөрдүн төрөсү” посвященное к 130 летнему юбилею великих манасчи Саякбая Каралаева, 100 летнему юбилею Кааба Атабекова, 90 летнему юбилею Уркаша Мамбеталиева и 90 летнему юбилею Сапарбека Касмамбетова.
В ходе презентации приветственным словом выступил Государственный секретарь КР Суюнбек Касмамбетов, Представитель Кыргызстана при ТЮРКСОЙ Канат Мамбеталиев, потомственный сказитель Кубанычбек Алмабеков, Талантаалы Бакчиев, Асанаалы Калил уулу и другие манасчи сопровождали сказыванием из эпоса “Манас”.

#МанасАкадемиясы
#ManasAcademy
#NationalAcademyManas

4 months, 2 weeks ago
Бүгүн 2023 -жылдын 11-декабрында "Манас" улуттук …

Бүгүн 2023 -жылдын 11-декабрында "Манас" улуттук академиясы" мамлекеттик мекемеси менен К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.
#МанасАкадемиясы
#ManasAcademy
#NationalAcademyManas

4 months, 2 weeks ago
ЗУУРАКАН СЫДЫКОВА 75 ЖАШТА!

ЗУУРАКАН СЫДЫКОВА 75 ЖАШТА!

#МанасАкадемиясы
#ManasAcademy
#NationalAcademyManas

4 months, 3 weeks ago

Кызыл байрагыбыз, гербибиз жана гимнибиз мамлекеттин символдору болсо, "Манас" эпосу – улуттук иденттүүлүктүн символу. Кылымдар кыйырын кырча басып келаткан түптүү кыргыз журтунун элдүүлүгү, биримдиги улуу “Манас” дастанында кашкая таасын айтылган. Ал эми көп этностуу Кыргызстандын улуттук идеологиясынын башаты дал ушул улуу биримдиктен угут алат.
Дүйнө өзгөрүп, дүрбөлөңдүү чакырыктар жаңырып турган маалда дүйнө элдери тарыхы менен өтмүшүнө кайрадан баш багып, өнүгүү багытына өзөк, руханий баалуулук издөөгө батыл киришти. Кудайга шүгүрчүлүк, улуу дастаныбызда бүткүл кыргыз элинин тарыхы менен тагдыры, нарк-насили менен каада-салты, турмуш-тиричилиги менен маданияты жуурулушуп, кылымдар бою аздектеген түп мүдөө-тилеги укмуштуудай чагылдырылган. “Башканы коюп “Манасты” айт” деп бекеринен айтылып калбаган чыгар, биздин башат алчу идеологиябыз, таяныч болуп такала турган өзөгүбүз, улуттук улуу рухубуз дал ушул “Манасыбызда”!
Мына ошондуктан 2022-жылдын 22-апрелинде “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) ар тараптуу изилдөө жана жайылтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгон элем. Буга удаа эле, 2022-жылдын 28-сентябрында “Манас” эпосун илимий багытта изилдөөгө, популярдаштырууга ар тараптуу зарыл шарттарды түзүү боюнча Жарлык менен “Манас” жана Чыңгыз Айтматов улуттук академиясы” мамлекеттик мекемеси “Манас” улуттук академиясы болуп өзгөртүлүп кайра түзүлдү. Бул кадамдар “Манас” эпосу боюнча мындан да келечектүү жана мазмундуу ар тараптуу изилдөө иштерин жүргүзүүгө өбөлгө түзүп бере алат деп терең ишенебиз.
Кадырлуу калайык-журт!
Уюткулуу журтубуздун улуттук рухунун насилин чагылдырып турган “Манас” эпосунун күнү менен жалпы кыргызстандыктарды дагы бир жолу куттуктаймын.
Мааниси бийик, шааниси ыйык “Манас” эпосу жаркын келечекке үндөөчү руханий өзөк катары кызматын аркалай берсин!
Ар бир кыргыз жаранында Айкөл Манастын деми болсун!”.

We recommend to visit

📈 Acompanhe as principais notícias que podem mexer com seus investimentos em tempo real. Produzido pela equipe do InfoMoney (https://www.infomoney.com.br)

Last updated 2 weeks, 3 days ago

bcb.gov.br

Last updated 3 weeks, 4 days ago

Last updated 2 months, 1 week ago