📩 Ka.kasparyants@gmail.com +7 (919) 779-11-98 Кирилл Сёмин
Мой Rutube-канал:
https://rutube.ru/channel/31539567/
Last updated 1 month, 4 weeks ago
По рекламе / сотрудничеству:
@exs_ad/ t.me/ExSCompany
commercial.offers.am@mail.ru
Last updated 1 month, 2 weeks ago
*🌱*
Эң курч бычак болуу үчүн миңдеген сокку жеш керек.**
*🕊️***Алтынайдай арзуу кылсам
билимди,
Дүйшөн болуп турасыңбы артымда…
Мен элестеткен сүйүү балким китептерде гана кездешет. Ашыкча идеялаштырып алып реалдуусу менен бетме-бет келгенде көңүлсүз болууну каалабай элемин…
Же мен даяр эмесмин…
**Германияда BIZ уюму тарабынан атайын китеп проект ачылган.
📌** Мында КРдан кыргызча китептерди алып келип, мекендештерди эне тилдеги китептер менен камсыз кылуу башкы максат болуп эсептелет.
📌 Түшкөн каражаттар кайра эле китеп алып келүүгө жумшалат. Себеби Айтматов, Т.Касымбековдун романдары көлөмү жагынан бир топ эле оор болуп, бул жакка алып келүү өзү эле чоң түйшүк жаратат экен.
📌 BIZ уюму коммерциялык багытта иш алып барбаганы, түшкөн акча кайра эле кыргыздар үчүн жакшы бир иш-чараларга жумшалганы бул жакта ыктыярчы болгонумдун жалгыз себеби.
📌 Учурда ошол Китеп проектти мен жетектейм.
Инстаграм баракчасын кооздоп, сммдик кызмат аткаруу да менин моюнумда😊
Кечээ бир видео тарткам.
Колдоп, бөлүшүп, Германиядагы тааныштарыңарга жөнөтүп койсоңор аябай сүйүнмөкмүн. Баракчага катталып алсаңар кызыктуу контент тартканга аракет жасайм.
📌 А бул баракчанын ссылкасы.
https://www.instagram.com/reel/C2hIOdiM0Ad/?igsh=MnBxOWRoNnI0aHY3
Карайсың. Айланаңа көз чаптырасың. Сонун деп эсептеген мамилелер үзүлөт. Жагат деген жер жакпай калат. Ушу жол менен түбөлүк деген нерсе жокко чыгат. Адамдар сенден кетет же сен адамдардан. Багытыңды өзгөртөсүң. Максатың, планың, кыял-тилегиң өзгөрүлөт. Мунун баары сенин жамандыгыңдан же айланаңдын жамандыгынан эмес, бар болгону сага ал жерлердин дал келбегендигинен. Сен өзүңө туура келген чөйрөнү, жумушту, тармакты, адамды, жарды, сүйүктүүнү, досту, кийимди тандаганга укугуң бар. Фокусуңду рессурс алып келген нерселерге бурганга да болот. Болгону бардык нерсе шарияттын чегинде болуусу керек. Бактылуулук ушунда…
Көңүлдүн түбүнөн чыккан сөздөр,
Көңүлгө чөмүлөт тереңирээк.
Жүрөктү жылытуу кыйын болот,
Көбүнчө тоңдуруу жеңилирээк.
🖊️**Саид Султан-Али
🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂🍂**
📩 Ka.kasparyants@gmail.com +7 (919) 779-11-98 Кирилл Сёмин
Мой Rutube-канал:
https://rutube.ru/channel/31539567/
Last updated 1 month, 4 weeks ago
По рекламе / сотрудничеству:
@exs_ad/ t.me/ExSCompany
commercial.offers.am@mail.ru
Last updated 1 month, 2 weeks ago