Китеп дүйнөсүнө саякат

Description
??‍♀️Китептер, жашоо-турмуш жөнүндө жана пайдасыз нерселерди жазам.
#Күндөлүк

?Жасалмасыз
?Боёксуз

✨Биздин дүйнөбүзгө кош келдиң, окурман!
We recommend to visit

По рекламе / сотрудничеству:
[email protected]
@exs_ad/ t.me/ExSCompany

Last updated 2 months, 3 weeks ago

❄️СИНИЙ ИНЕЙ УЖЕ ВЫШЕЛ!❄️

Last updated 6 days, 22 hours ago

? [email protected] +7 (919) 779-11-98 Кирилл Сёмин

Мой Rutube-канал:
https://rutube.ru/channel/31539567/

Last updated 2 months, 1 week ago

3 months, 2 weeks ago

??

Кандай китеп окуп жатасыңар? Сүрөттөрдөн бөлүшкүлөчү??️

Мен дагы кечээ китепканага барып күздүн күнүнө дал келген китеп алып келгем?

3 months, 2 weeks ago

*?*?

10.10.2024**
Бүгүн балалыктан бери чогуу ойноп, чогуу чоңойгон досумдун, тууганымдын үлпөт тою. Өзүмдүн тоюм болгондой сүйүнүп жатам. Кичинебизде (7-8-класс болсок керек) ким биринчи турмушка чыкса 101 роза гүл белекке берет деп убадалаштык эле.
Мына ошол убаданы аткарган күн дагы келди.
Жанында болуп көйнөгүн оңдоп, жүрөккө жүрөк, демине дем болуп тура албаганым өкүнүчтүү, бирок жакшы тилектерим менен жаныңдамын.

Бактылуу бол, курбум!

#Күндөлүктүнкүкүмү

3 months, 2 weeks ago

??

4600 адамдан 233 гана жооп келиптир. Менимче бул өтө эле аз.
Ушул жума дагы күтө турайын, буюрса кийинки жуманын 5-күнү жоопторго карата өз чечимимди билдирем?

А силер жогоруга чыгып жооп берип койсоңор сүйүнөм??

6 months, 2 weeks ago
6 months, 2 weeks ago

Кооз жерге келдиң, бирок кооз жерге көрк берген инсандар жок…

Көзүң сулуулукту көрөт, бирок көөдөнүңдүн көзү жумук…

Айланаңда адамдар көп, бирок сен өзүңдү жалгыз сезесиң…

6 months, 2 weeks ago

-Кызым,
-Оуу, апоуу
-Ысык нан менен тамакты салып койдум. Мына коңшунун (атын айтып) үйүнө алып барып берип келчи.
-Макул, апа!

Коңшунун үйүндө:

-Эже, апам мынаны сиздерге берип жиберди.
Бүгүн нан жаптык эле.
-Ии алдыгана кетейин, азыр гана эмне тамак кылсам деп ойлонуп отурдум эле.
Токтой тур, азыр табакты бошотуп берейин.

5 мүнөттөн кийин:

-Кызым, мына таттуулар сага. Балам Москвадан салып жиберди эле. Сактап баарын жебей отургам.
-Рахмааат, эже.
-А мынаны апаңа ала бар, менден салам айт.
Кеч өтөм.
-Макул.

Кичинемдеги айылдагы ушул окуя эсиме түштү. Бизде деле белек берүү салты бар экен эле.
Чоңойгондо акыркы жолу коңшунун үйүнө барганымды эстей албайм…

6 months, 3 weeks ago

“Мотивация керек болуп жатат, бирок эмнеден алууну билбей жатам“ деп келген жаш жигитке акылман: “Ата-энеңдин иштеген жерине барып жарым саат аларга көрүнбөгөн жерден карап тур…” деген экен.

?

6 months, 3 weeks ago
6 months, 3 weeks ago

Инстаграмды өчүргөнүмө 4 күн болду. Ал арада Айдана эжем байкап калып кечээ ал-акыбалымды сурап жазыптыр.
Жоктугумду байкап жазганына өтө кубандым.

Соңку күндөрү бир башкача болуп кетип жатам. Эч ким менен сүйлөшкүм келбей, соц тармактар кызыксыз болуп, жолугушуу ж.б нерселерди каалабай…
Ошого да инстаграмды убактылуу өчүрүп салдым.

Эң кызыгы барган сайын немисчем жакшыргандын ордуна артка кетип жатат.
Мурда сүйлөп жүргөн эле сөздөрдү таппай калып жатам. Бул жагына эч түшүнбөй элемин.
Отпусктан жаңы келип, ал арада жалаң кыргызча сүйлөшүп жүргөндүктөнбү, же катуу чарчап калып жаткандыктанбы, айтор жоопсуз.

Адамдар каналымды окуйбу, же жөн эле ачып карап кетип калабы билбейм. Кээде суроолорго жооп келбегенде тиги оюм дагы да бышыкталат.
Жашоодо көрбөй, инсан катары тааныбай туруп окуу, чынында кызыксыз да.
Анда да азыркыга окшоп арманыңды айта берсең…

7 months ago

Айылда агып жаткан арыкка дарбызды салып, муздап калганда ысык нан менен жеп алат го.

Ошол вайбды сагынып кеттим?

We recommend to visit

По рекламе / сотрудничеству:
[email protected]
@exs_ad/ t.me/ExSCompany

Last updated 2 months, 3 weeks ago

❄️СИНИЙ ИНЕЙ УЖЕ ВЫШЕЛ!❄️

Last updated 6 days, 22 hours ago

? [email protected] +7 (919) 779-11-98 Кирилл Сёмин

Мой Rutube-канал:
https://rutube.ru/channel/31539567/

Last updated 2 months, 1 week ago