Kyrgyz Football Union

Description
Кыргыз футбол биримдигинин расмий телеграм-каналы ??
Advertising
We recommend to visit

Бизнинг каналдан топишингиз мумкин!?

• Маноли видео марузалар
• Ибратли ҳикоялар
• Қалбларни титратадиган марузалар

Реклама учун: @Malikaadminka2

Last updated 2 months, 1 week ago

🔄 Интернетда видео каналлар кўп, лекин энг энг энг зўрларини саралаб берадигани йўқ!

☝️Сиз эса айнан шундай сараланган видео каналидасиз!

@Mallbra_SS

Last updated 5 days, 13 hours ago

Буюртма учун ?
902222399

@chustlik_admin

Last updated 1 year, 3 months ago

2 months, 2 weeks ago
АЛА-ТОО АЯНТЫНДА ИРАН-КЫРГЫЗСТАН ФУТБОЛ КУРАМАЛАРЫНЫН БЕТТЕШИН …

АЛА-ТОО АЯНТЫНДА ИРАН-КЫРГЫЗСТАН ФУТБОЛ КУРАМАЛАРЫНЫН БЕТТЕШИН КӨРҮҮ ҮЧҮН ИРИ ФАН-ЗОНА УЮШТУРУЛАТ

5-сентябрь күнү саат 20:00дө Бишкектин Ала — Тоо аянтында бардык футбол күйөрмандары үчүн Иран жана Кыргызстан улуттук курама командаларынын беттешин бирге көрүүгө фан-зона уюштурулат.

Акшумкар курама командасы 2026-жылкы Дүйнө Чемпионатынын тандап алуу оюндарынын үчүнчү айлампасында сапарын баштайт. Бул фан-зона биздин улуттук курама командабызды биримдик жана ынтымак атмосферасында колдоо үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

Сизди кызыктуу шоу-программа, оюнаянтчалары, баалуу белектер менен ойнотулган конкурстар күтөт. Шоу-программанын алкагында эстрада артисттери— Баястан, Nilo жана Айым Айылчиеваырдашат. Иш-чаранын алып баруучусу Алинур Абдыкалыков жана Нурсултан Курсанали уулу болмокчу.

Иш-чарага кирүү акысыз. Үй-бүлөңүз менен келиңиз, Кыргызстандын курама курамасын колдоңуз жана кечени футбол сүйүүчүлөрү менен кошо өткөрүңүз! КФБ иш-чарага ЖМК өкүлдөрүн чакырат.

-

НА ПЛОЩАДИ АЛА-ТОО ПРОЙДЕТ МАСШТАБНАЯ ФАН-ЗОНА ДЛЯ ПРОСМОТРА ФУТБОЛЬНОГО МАТЧА ИРАН-КЫРГЫЗСТАН

5 сентября в 20:00 на площади Ала-Тоо в Бишкеке состоится яркое событие для всех футбольных болельщиков — фан-зона для совместного просмотра матча национальных сборных команд Ирана и Кыргызстана.

Сборная Акшумкар начнет свой путь в третьем раунде отбора на Чемпионат мира 2026. Это уникальная возможность поддержать нашу национальную сборную в атмосфере единства и сплоченности.

Вас ждет насыщенная шоу-программа, игровые зоны, аквагрим, конкурсы и подарки. В рамках шоу-программы выступят эстрадные артисты — Баястан, Nilo и АйымАйылчиева. Ведущими мероприятия станут Алинур Абдыкалыков и Нурсултан Курсанали уулу.

Вход на мероприятие свободный. Приходите всей семьей, поддержите сборную Кыргызстана и проведите вечер в кругу болельщиков Акшумкар! КФС также приглашает на мероприятие представителей СМИ!

?️ Күнү / Дата: 5 сентября 2024 года
Убактысы / Время: 20:00
⚽️ Оюндун башталышы / Время старта матча: 22:00
? Жери / Место: Площадь Ала-Тоо
?️ Для болельщиков будет организована выездная точка продаж билетов на матч ????

#kfu_kg

2 months, 2 weeks ago
Kyrgyz Football Union
2 months, 3 weeks ago

АФКНЫН ОЮН КОМИССАРЛАРЫ ҮЧҮН СЕМИНАР ОРУН АЛДЫ ?

26-29-август күндөрү Куала-Лумпур шаарында (Малайзия) АФК 2024 оюн комиссарларынын семинары болуп, ага АФКнын курамына кирген бардык өлкөлөрдүн футбол ассоциацияларынын 100 өкүлү катышты.

Кыргызстандан Михаил Толкачев жана Ильдар Гарифулин катышты.

Аталган семинар АФКнын клубдук мелдештеринин жаңы сезонуна даярдык көрүү максатында өткөрүлдү. Төрт күндүн ичинде АФКнын комиссарлары жана АФКнын комиссарларына талапкерлер атайын билим берүү программасынан өтүштү. Семинардын катышуучулары оюн күнү боло турган иш-аракеттери боюнча терең түшүнүккө ээ болушту. Ошондой эле, АФКнын оюндарды башкаруу системасы менен таанышып, эл аралык деңгээлдеги мелдештерди ийгиликтүү өткөрүүгө көмөктөшүүчү иш багыттар боюнча кеңири түшүнүк алышты.

Белгилей кетсек, семинардын катышуучулары тест тапшырышты, аны ийгиликтүү өткөндөр алдыдагы сезондо АФКнын алкагындагы турнирлерге чакырылат.

#kfu_kg

2 months, 3 weeks ago

ФУТЗАЛ БОЮНЧА УЛУТТУК КУРАМА БИШКЕКТЕ ЖАПОНИЯГА КАРШЫ ЭКИ ЖОЛДОШТУК БЕТТЕШ ӨТКӨРӨТ

?? Кыргыз Республикасынын футзал боюнча Улуттук курамасы Бишкек шаарында Жапонияга каршы эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

Оюндар 20 жана 22 сентябрь күндөрү борбор калаадагы «Газпром» спорткомплексинде орун алат.

Эске салсак, Таиландда болуп өткөн Азия Кубогунун «С» тайпасындагы оюндарында Кыргыз Республикасынын курамасы ошол кездеги континенталдык чемпионду Жапонияны 3-2 эсеби менен жеңген.

Билеттер тууралуу маалымат жана оюндардын убактысы кошумча жарыяланат.

-

НАЦИОНАЛЬНАЯ СБОРНАЯ ПО ФУТЗАЛУ В БИШКЕКЕ СЫГРАЕТ СО СБОРНОЙ ЯПОНИИ

?? Национальная сборная Кыргызской Республики по футзалу проведет два товарищеских матча в домашних стенах. Соперником команды в данных товарищеских играх станет сборная Японии ??.

Матчи пройдут 20 и 22 сентября в столичном ФОК «Газпром».

Напомним, на Кубке Азии 2024 в Таиланде, в рамках игр группы «С», сборная Кыргызстана обыграла Японию, которая на тот момент являлась действующим чемпионом, матч был завершен со счетом 3-2.

Информация о билетах и другие подробности будут опубликованы дополнительно.

#futsalkgz #kfu_kg

2 months, 3 weeks ago
Kyrgyz Football Union
2 months, 3 weeks ago
***??******??*** БОРБОР АЗИЯЛЫК ДЕРБИ

???? БОРБОР АЗИЯЛЫК ДЕРБИ

10-сентябрда 2026-жылкы Дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү раунду алкагында Кыргызстандын улуттук курама командасы Өзбекстан менен беттешет. Оюн борбор калаанын жаңыланган башкы аренасы – Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, саат 20:00дө башталат. Белгилей кетсек, бул биз үчүн тарыхый беттеш-анткени, улуттук курама команда алгачкы жолу Дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо баскычынын алкагында өз оюн талаасында оюн өткөрөт.

Үчүнчү баскычта 18 курама алты командадан турган үч тайпага бөлүнөт. Бул этаптагы оюндардын жыйынтыгы боюнча ар бир тайпадан эң мыкты эки команда 2026-жылкы Дүйнөлүк биринчиликке жолдомо алышат. Төртүнчү квалификациялык раундда Азиядан дагы эки катышуучуну аныкталат жана континенттер аралык плей-офф аркылуу Дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дагы бир орун үчүн күрөш жүрөт. Биздин курама команда Иран, Катар, БАЭ, Түндүк Корея жана Өзбекстандын курама командалары менен биргеликте «А» тайпасында орун алган.

Учурда Максим Лисицындын командасы Стамбул шаарында (Түркия) окуу-машыгуу жыйынын өткөрүүдө, андан соң турнирдин старттык туру алкагында, 5-сентябрда Иранга каршы конокто ойнойт.

Кыргызстан-Өзбекстан беттешине билеттер жакынкы арада kassir.kg сайтынан сатыкка чыгат.

-

???? ЦЕНТРАЛЬНОАЗИАТСКОЕ ДЕРБИ

10 сентября в рамках второго тура третьего раунда отборочных игр Чемпионата мира 2026 года состоится матч Национальной сборной Кыргызстана против Узбекистана. Игра пройдет на обновленной главной арене столицы — стадионе имени Д. Омурзакова и начнется в 20:00. Матч станет поистине историческим, так как наша команда проведет свой первую домашнюю игру в рамках третьего раунда отбора на мировое первенство.

В этом раунде 18 сборных команд распределены на 3 группы по 6 команд. По итогам игр этого этапа две лучшие команды из каждой группы получат путевки на мировой чемпионат. Команды, занявшие третьи и четвертые места, пройдут в четвертый раунд, где будут определены еще два участника чемпионата мира. Еще одно место может быть получено через межконтинентальный плей-офф. Наша сборная находится в группе «А», в которую также входят национальные сборные Ирана, Катара, ОАЭ, Северной Кореи и Узбекистана.

Команда Максима Лисицына сейчас проводит учебно-тренировочный сбор в Стамбуле (Турция), после которого, 5 сентября в рамках первого тура турнира сыграет с Ираном в гостях.

Билеты на матч Кыргызстан-Узбекистан в самом скором времени будут доступны на сайте kassir.kg.

#kfu_kg

3 months ago

«Мурас Юнайтед» окуу машыгуу базасынын курулушунун жүрүшү боюнча Кыргыз Спорт ТВ каналынын толук репортажын шилтеме аркылуу көрүңүздөр ?

#kfu_kg

YouTube

"Мурас Юнайтед" клубунун базасынын курулушунун 80% га пайызга жакыны бүттү

3 months ago

«Мурас Юнайтед» окуу машыгуу базасынын курулушунун жүрүшү боюнча кыскача репортаж ?

#kfu_kg

3 months, 1 week ago

Бишкектин четиндеги жаңы стадиондун курулушунун жүрүшү ?

Шилтеме ✔️

YouTube

Строительство нового стадиона на окраине Бишкека продолжается

В Бишкеке продолжается строительство нового футбольного стадиона. Стадион строится на юго-западе Бишкека у села Орок. Строительные работы планируется завершить через два года. [ Официальный канал ИА АКИpress ] Смотрите и читайте нас: Наш сайт: www.akipress.org…

5 months, 3 weeks ago
Kyrgyz Football Union
We recommend to visit

Бизнинг каналдан топишингиз мумкин!?

• Маноли видео марузалар
• Ибратли ҳикоялар
• Қалбларни титратадиган марузалар

Реклама учун: @Malikaadminka2

Last updated 2 months, 1 week ago

🔄 Интернетда видео каналлар кўп, лекин энг энг энг зўрларини саралаб берадигани йўқ!

☝️Сиз эса айнан шундай сараланган видео каналидасиз!

@Mallbra_SS

Last updated 5 days, 13 hours ago

Буюртма учун ?
902222399

@chustlik_admin

Last updated 1 year, 3 months ago