Infinite Entertainment, Zero Cost: Get Your Free Books, Music, and Videos Today!

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

Description
🕋 Акыркы Үммөт, акыретке азык топто☝️☑️
Advertising
We recommend to visit

❤️‍🔥 Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz 🎶

❤️‍🔥 Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda 🎶

Reklama uchun: @T1MoTel_23

Last updated 3 weeks, 1 day ago

🔞 КАТТАЛАР УЧУН❗️
Ходиса расмий канали ✅️

🌐 Жаҳондаги муҳим воқеалар, тезкор ва махфий ходисалар!

⚡️Воқеа ёки ҳодисанинг гувоҳи бўлдингизми?
Унда бизга юборинг:

📩 Taklif uchun: @Reklama715

Last updated 1 month ago

1 week ago

*☪️ АЖЫЛЫК КЫЛУУ*

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
*🌴 АЯТ: "Анда ачык белгилер жана Ибрахимдин орду бар. Кимде-ким ага кирсе тынчтыкта болот. Мүмкүнчүлүгү жеткендерге Аллах ыраазылыгы үчүн Каабага ажылык кылуу милдети жүктөлдү. Ким мындан жүз үйрүсө, чындыгында, Аллах - ааламдагыларга муктаж эмес!"* ("Алу Имран" сүрөсү; 97-аят).

🌴 ХАДИС: "Ажыга баргысы келгендер чамдашсын. Анткени ооруп калууңар, мал-мүлкүңөрдөн айрылып калууңар жана башка бир нерселер тоскоол болуусу мүмкүн". (Ахмад ибн Ханбал).

🌴ОКУЯ: КУМУРСКАНЫН АЖЫГА БАРУУСУ

Бир буту чолок кумурска ажыга барууга ниет кылып, куттуу сапарга чыгат.

Аны көргөндөр:

- *Эй, кумурска! Сен бул кебетең менен ал жакка кантип жетесиң?!. - дешет.

Анда кумурска:

- Жете албасам да, эч болбогондо, ошол жолдо көз жумам! - деген экен.*

*📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен” Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media 📍 t.me/ummot_media 📍 youtube.com/c/UmmotMedia 📍 tiktok.com/@ummot_media 🥏WhatsApp⤵️
📍* wa.me/996505592222

Telegram

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

***🕋*** Акыркы Үммөт, акыретке азык топто***☝️******☑️***

*****☪️*** АЖЫЛЫК КЫЛУУ**
1 week, 1 day ago

*🔰* АЗИРЕТИ ЮСУФ (А.С.)

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ: "Чындыгында Юсуф менен анын бир туугандары ортосунда болгон окуяда сурагандар (акыл-эстүүлөр) үчүн (көп) сабак бар". ("Юсуф" сүрөсү; 7-аят)

🌴 ХАДИС: "Эгер абакта анын (Азирети Юсуфтун ) ордунда мен жатканымда, акыры мага бир чабарман келе турган болсо, абактан чыгуу жөнүндө дароо жооп берер элем. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) андан соң бул аятты окуду. "Чабарман ага келгенде, (Юсуф): "Кожоюнуңа кайтып бар. Колдорун кесип алган аялдардын абалдары эмне болгонун өзүнөн сура!" деди". (Тирмизи, Тафсир, Юсуф).

🌴 ОКУЯ: АЗИРЕТИ ЮСУФТУН (А.С.) СУЛУУЛУГУ

*Аллах Азирети Юсуфка (а.с.) өзгөчө сулуулук ыроологон. Ошондуктан фараондун вазиринин жубайы Зулайка дагы анын сулуулугуна суктанып, ага ашык болуп калган. Бул сүйүү жөнүндө бүтүндөй элге жайылып, Зулайканы ушактаган сөздөр элди аралайт. Бул жерде жашаган калк аны айыптай башташат. Бул кеп Зулайкага да жетет. Ал өзүн айыптаган аялдардын кээ бирлерине кабар берип, аларды үйүнө конокко чакырат. Аларга отура турган жер даярдап, астыларына мөмө-жемиштерди коюп, ар кимисине бир-бирден бычак берет. Зулайка ошол маалда Азирети Юсуфту (а.с.) аялдардын алдына чыгуусун буйруйт. Аялдар Азирети Юсуфтун (а.с.) өзгөчө сулуулугуна суктанышып, колдорундагы бычак менен мөмө-жемиштерди кесип бүтүп колдорун кесе башташат. Аялдар Азирети Юсуфтан (а.с.) көздөрүн ала албай, ооздорун ачкан бойдон колдорунун ооруганын да сезишпейт.

Мындай сулуулукту көргөн аялдар:
- Бул адам эмес, периште го! - деп таң калышат.*

Ошондо вазирдин жубайы:
- Мына, чындык ачыкка чыкты. Юсуф деген ушул адам! Мен андан ырахат алгым келди. Бирок, ал менден колунан келишинче алыс болду. Ант берем! Эгер менин буйругумду аткарбаса, ал сөзсүз түрдө зынданга камалат жана албетте, кордолот, - дейт.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️*

Бизге катталыңыз!☟︎*

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

Telegram

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

***🕋*** Акыркы Үммөт, акыретке азык топто***☝️******☑️***

*****🔰*** АЗИРЕТИ ЮСУФ (А.С.)
1 week, 1 day ago
𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀
2 months, 1 week ago

🔰 **ЫЗЫ-ЧУУ, ТЫГЫН, ЖАНТАЛАШУУ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.**

Ислам борборунун чакыруусу менен бир канча Гонконгдо болдум. Шаарды айланып кыдырып, тургундары кудум заводдун же поезддин ичинде жүргөндөй сезилди. Ызы-чуу, бирөө ары шашып, бирөө бери шашып, кыжы-кыйма элдин көптүгүн айтпа. Ашканада да, банкта да, аэропортто да, айтор кайсы эле жерге барбагын, каз-катар кезек күткөндөр. Жан дүйнөсүн азыктандырар убакыт табылбайт. Намазы да жок, башка ибадат да жок, өзүнө-өзү эсеп бермей жок. Ток этерин айтканда, Алланын алдына барганда бетине кармана турчу сооп-сыйлуу амалы жок, баары напсиси менен алек. Кудум сааттын жебесиндей, тынымсыз кыймылдан башканы көрбөйсүң. Аларды карап отуруп, "Бул жерде көбүрөөк калсам, баш-аягымды таппай калам го?"* — деген ойго да кеттим.

Напсини гана кубалап, жан дүйнө ачка калганы үчүн: көңүлү чөккөндөр, ал тургай жанын кыйгандар эсепсиз. Болбосо, көк челген үйлөрдө жашашат, жебегендин баарын жешет, эмнени издесе табат, эмнени кааласа кылат. Ибадат, зикир, тообо дегенди ойлонуп да коюшпай, бар мүмкүнчүлүктөрүн дене кумар үчүн жумшашат, мына ушул — алардын чоң көйгөйү, жашоодогу чоң катасы.

**Жан дүйнөнүн да, дененин да азыгын бирдей берген исламда жашап калганыбызга Аллага эсепсиз мактоо, шүгүрлөрдү айталы, боордошум!

📗 Булагы: “Бакыттын сырын ачтым” китебинен.**

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎*

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋*
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍*** wa.me/996505592222

Telegram

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

***🕋*** Акыркы Үммөт, акыретке азык топто***☝️******☑️***

***🔰*** **ЫЗЫ-ЧУУ, ТЫГЫН, ЖАНТАЛАШУУ
2 months, 1 week ago

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

2 months, 1 week ago

🔰 **КОЁНДОЙ ОКШОШ КҮНДӨР

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.**

*Мюнхенге тизелеримди дарылатканы эки жолу барып, экөөндө тең үч айдай туруп калдым. Кээде отуруп алып дарыгерлер менен баарлашам. Күндөрдүн биринде бирөөсүнөн бир күндүк иш планы кандай экенин сурадым. Айтымында, болгон максаттары эле жумуш, уйку, кайра жумуш, акырында сыйлык алуу экен. Намаз окуу, Куран окуу, зикир, тообо, Жараткандын кечиримин тилөө, жаратылышка баам салуу сыяктуу исламдагы маанилүү иштердин, кала берсе, туугандарга учурашуу, оорулуунун акыбалын суроо, көрүстөндөргө барып туруу, маркумдарга дуба кылуу сыяктуу адамдык сапаттардын бирин да таппайсың алардан.

Эртең менен кечикпей бар, кечинде кечикпей кайт. Таңды-кечке талпынгандары ушул гана. Жан дүйнөгө ырахат тартуулай турган, жашоонун багытын өзгөртө турган иш-аракеттерден ат чабым алыс калышып, милдетин так аткара турган кайсы бир тетик сыяктуу сезилишти.

Мекениме кайтканда, бизде жумуш, милдеттен сырткары, беш убак намаз, Куранга үңүлүү, ата-энени сыйлоо, туугандарды зыярат кылуу, колуңдан келишинче, алыңдын жетишинче пайдалуу иштерди жасоо сыяктуу амалдардын баарына шүгүр кылдым.

**Күндөрүбүздү ушундай амалдар менен кооздоп койгон Аллага дагы бир жолу мактоо айтам, бул амалдар бизди бул дүйнөдө бактылуу кылса, акыретте сооп-сыйлыкка марытат. Аллага чексиз мактоолор айтылсын!

📗 Булагы: “Бакыттын сырын ачтым” китебинен.**

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎*

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋*
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍*** wa.me/996505592222

Telegram

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

***🕋*** Акыркы Үммөт, акыретке азык топто***☝️******☑️***

***🔰*** **КОЁНДОЙ ОКШОШ КҮНДӨР
2 months, 2 weeks ago

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

2 months, 2 weeks ago

🔰 **НАМАЗ, КУРАН ЖАНА КАНИЕТ — БАКЫТТЫН АЧКЫЧЫ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.**

*Меккенин ал-Харам мечитине жакын турган устат Мухаммад Ибрахим йемендик бир аксакал тууралуу кеп салды. Жашы сексенге таяп калган карыя мечитти турак кылып алыптыр. Зарылчылыгы үчүн эле чыкпаса, дайыма мечитте дейт.

Көңүлү ачык, кийими таза, намаз окуп, Куран кайталап, Алланы зикир кылып, өзү менен өзү жашоо кечирет, бирөөдөн садага да, жардам да албайт. Абышка бул дүйнө жашоосун унутуп койгондой, Жараткандын ыраазычылыгын тилеп, эртели-кеч мечитте саждада, эң бир бактылуу жашоо кечирүүдө.

Устат ал тууралуу дайыма айтып келет. Мен да анын абалын сурап турам, кээде Мадинага пайгамбарыбыздын (ага Аллахтын тынчтыгы жана мактоосу болсун) мечитине кетип көрүнбөй калганы болбосо, ар качан көзү чалганын айтат.

**Бул кишиге да аябай таң калам, жашоонун оюн-күлкү, азгырык, шаан-шөкөтүн бакыт жолуна алмаштырып, чыныгы жашоодогу максатын таап алыптыр. Алланын бешенеге жазганына ыраазы, бергенине топуктуу, Аллага ибадат кылат, мунун баарын Алланын ыраазычылыгы үчүн, Алланын жолунда болуу үчүн, Алла жолунда аткарат.

📗 Булагы: “Бакыттын сырын ачтым” китебинен.**

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍* wa.me/996505592222

Telegram

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

***🕋*** Акыркы Үммөт, акыретке азык топто***☝️******☑️***

***🔰*** **НАМАЗ, КУРАН ЖАНА КАНИЕТ — БАКЫТТЫН АЧКЫЧЫ
2 months, 2 weeks ago

*🔰* КАРГЫШ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.

🌴 АЯТ: "Алар көп адамдарды туура жолдон адаштырат. Ал залимдерге адашууну гана арттыргын ". ("Нух" сүрөсү; 24-аят)

🌴 ХАДИС: "Бири - бириңерге Аллахтын каргышы, Аллахтын каары жана тозокту тилеп каргабагыла!" (Абу Дауд, Абад, 53; Тирмизи, Бирр, 48)

🌴 ОКУЯ: КАРГЫШТЫН ОРДУНА ДУБА...

Күндөрдүн биринде Маруфи Кархи олуя шакирттерин чогултуп, Тигр дарыясынын жээгине барып маек курушту. Ошол маалда дарыядан кайык өтүп бара жатканын көрүштү. Ичинде эки-үч бекерпоз балдар шарап ичип, ырдашып, кыйкырышып жатышты. Шакирттери аларга ачуусу келип, а түгүл кээ бирлери:

- Кайыгы оодарылып кетсе экен, ошондо көргүлүктү көрүшмөк, - деп жатышты.

Мындай ызы-чуу, каткырыктардан улам сабактарын уланта алышпагандыктан, Маруфи Кархи олуя Жаратканга жалбарып:"Оо, Жараткан Аллах! Бул кулдарыңды бул дүйнөдө кубандырганыңдай эле, акыретте да кубандыра көр... Аларга туура жолуңа сала көр..." *деп дуба кылды.

Ошол маалда кайыктагы бирөөсү жээктеги олуяны байкап калды да, бул жөнүндө досторуна айтты. Алар Маруфи Кархи олуяны көрүп, баш-аяктарын жыйноого киришишти. А түгүл, домбураларын сындырышып, ичимдиктерин сууга ыргытышты. Аябай уялышып, шейх Маруфи Кархи олуяга келип, кечирим сурап, ошол күндөн баштап устаттын шакирттеринин катарына кошулушту.*

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️*

Бизге катталыңыз!☟︎*

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media_
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

2 months, 3 weeks ago

🔰 **КЕЧИРИМДҮҮ БОЛ, ӨМҮР ӨТӨ КЫСКА.

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.**

*Жолдошторум менен Эфиопиянын борбору Аддис-Абебанын тургуну доктор Яхя ал-Хиндиге учурашканы барып калдык. Андагы динге чакыргандардын ортосунда майда келишпестиктер бар экен. Биз баарын чогултуп, бир аз насаат айтып, туура түшүнүк бердик. Булар табиятынан өтө жумшак, кечиримдүү калк болот экен. Кемчиликтерин дароо мойнуна алып, бири-бирине учурашып, кучакташып көрүшүп, ал тургай ыйлап, анан биздин маңдайыбызда келишпестик буга чейин таптакыр болбогондой чогуу отуруп калышты. Мындай бат ымалага келген элди көргөн эмесмин. Жүрөктөрүнүн тазалыгына, көралбастык, кек сактоо сыяктуу жаман сапаттардын такыр алыс экендигине таң калдым.

Алардын кечиримдүүлүгүн көрүп туруп, өзүбүздүн жаныбыздагы кээ бир жакын тууган-туушкандарды эстедим. Болоор-болбос дүнүйөнүн айынан ортосун кара мышык аралап, жылдар бою жүз карашпай калгандары канча?!.

Көрсө, маселе жүрөктө турбайбы. Алла Таала кимдин жүрөгүн жумшак, кечиримдүү кылып койсо, аманчылыкта тынч жашайт; чындыкты табат, жек көрүү, кастык деген оорулар менен оорубайт. Кече сактоо, өч алуудан ат чабым оолак болот.

Ошондуктан, кечиримдүү бол: өмүр-өтө кыска. Күндөр учкан куштай өтүп кетет. Жакында бул дүйнөдө кылгандарыбызга эсеп-кысап берүү үчүн Алланын алдына жөнөйбүз. Кайсы бир пенденин акысын жеп, же аны ушактап, же ага кек сактап, же аны жек көрүп, анан ошол тейде Алланын алдына барба, мүмкүн ал Алланын сүйүктүү пендесидир.

**АЛЛАХЫМ, БИЗДИ ЖАНА МУСУЛМАН БООРДОШТОРУБУЗДУН БААРЫН КЕЧИР, КҮНӨӨДӨН АРЫЛТ! ЖҮРӨГҮБҮЗДҮ ТАЗАЛА!

📗 Булагы: “Бакыттын сырын ачтым” китебинен.**

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️

Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋*
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍** wa.me/996505592222

Telegram

𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

***🕋*** Акыркы Үммөт, акыретке азык топто***☝️******☑️***

***🔰*** **КЕЧИРИМДҮҮ БОЛ, ӨМҮР ӨТӨ КЫСКА.
We recommend to visit

❤️‍🔥 Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz 🎶

❤️‍🔥 Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda 🎶

Reklama uchun: @T1MoTel_23

Last updated 3 weeks, 1 day ago

🔞 КАТТАЛАР УЧУН❗️
Ходиса расмий канали ✅️

🌐 Жаҳондаги муҳим воқеалар, тезкор ва махфий ходисалар!

⚡️Воқеа ёки ҳодисанинг гувоҳи бўлдингизми?
Унда бизга юборинг:

📩 Taklif uchun: @Reklama715

Last updated 1 month ago