𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

Description
🕋 Акыркы Үммөт, акыретке азык топто☝️☑️
Tags
We recommend to visit

❤️‍? Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz ?

❤️‍? Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda ?

Reklama uchun: @T1MoTel_23

Телеграм каналларимиз:
✅ @huda_uz
✅ @shams_solih

Мурожаат учун:
📨 @huda_murojaat_bot

Reklama: https://t.me/+uH4kNrCPGYRjNjky

Last updated 2 weeks, 6 days ago

1 month ago

**Хашр сүрөсү 19-20-аят

Катталыңыз!**
➤➤ https://t.me/ummot_media

1 month ago
******🔰*** ЖАРАТКАНГА ЖАЛБАРУУ.

**🔰* ЖАРАТКАНГА ЖАЛБАРУУ.

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.***

🌴 АЯТ:"Силерге кандай гана жакшылык ыроолонбосун, анын баары - Аллахтан. Силер башыңарга кандайдыр бир мүшкүл иш түшкөндө (гана) Аллахка жалбарасыңар" ("Нахл" сүрөсү; 53-аят).
🌴 ХАДИС:"Жанымды чексиз кудуретинде кармап турган Затка ант ичем! Элди жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтаргыла! Болбосо Аллах тарабынан келген бир балээге учурайсыңар. Ал учурда канчалык жалынып-жалбарасаңар дагы дубаңар кабыл болбойт".

🌴 ОКУЯ: ТАКЫБАА АДАМДЫН ЖАРАТКАНДАН СУРАГАН ТИЛЕГИ.

Жакыр бир такыбаа адам чөлдө бара жатып тоодой үйүлүп калган кумдун дөбөсүнө туш болот. Анын жанына келип ичинен: "Оо, Жараткан! Бул кумдун дөбөсү болбой эле ундун дөбөсү, мен аны чын көңүлүм менен ач олтурган кедей-кембагалдарга таратып берээр элем" деп ойго батат.

Ал муну чын дилинен каалагандыктан, ошол мезгилдин пайгамбарына Аллах: "Баланча адамга кабарлап кой! Анын чын жүрөктөн тилеген ак тилеги жолдогу кум дөбөсү унга айлангандай болуп, аны Менин ыраазылыгым үчүн гана кедей-кембагалдарга тараткандай ага сооп жазышыма себепкер болду" деген кабарын жөнөтөт:

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️*

Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
🥏WhatsApp⤵️
📍* wa.me/996505592222

1 month ago
𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀
1 month ago
******🔰*** ШҮГҮР КЕЛТИРҮҮ.

**🔰* ШҮГҮР КЕЛТИРҮҮ.

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.***

🌴 АЯТ: "Аллах адамдарга мол ырыскы ыроологон. Бирок адамдардын көбү ага шүгүр келтирбейт". ("Намл" сүрөсү; 73-аят)
🌴 ХАДИС:"Ким таң атканда: "Оо, Жараткан Аллах! Бүткүл мүлк Жалгыз Өзүңө гана таандык. Сен Жалгызсың! Эч ким Сага тең келе албайт! Чыныгы даңк, чыныгы алкыш Сага гана жарашат! Сага чексиз шүгүр келтирем!" деп айтса, ошол күн үчүн Аллахка шүгүр келтирүү милдетинен кутулган болот. Ошондой эле кимде-ким ушул дубаны күн батканда айтса, ал дагы ошол түн үчүн Аллахка шүгүр келтирүү милдетинен кутулган болот". (Абдуллах ибн Ганнам ал-Баязыдан).
🌴 ОКУЯ: ШҮГҮР КЫЛГАНДЫ БИЛҮҮ.

Бир аалым киши Мухаммад ибн Васинин бутуна чыккан сыздоокту көрүп:
- Сага боорум ооруп жатат, - дейт.

Анда Мухаммад ибн Васи ага өтө маанилүүлүк менен

**- Мен бул сыздооктун көзүмө чыкпаганына миң мертебе шүгүр келтирем! - деп жооп бериптир.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”**

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️*

Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍* wa.me/996505592222

1 month ago
𝐔𝐌𝐌𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀
1 month, 1 week ago

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

1 month, 1 week ago

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

1 month, 1 week ago
***🔰*** **АЯЛДАН АМАЛ КАЧЫП КУТУЛБАЙТ**

🔰 АЯЛДАН АМАЛ КАЧЫП КУТУЛБАЙТ

*Чаңкаган жолоочу суу ичүү үчүн айыл четиндеги кудуктун жанына токтоду. Кудуктан бир аял суу алып жаткан экен. Ал жолоочуга ашкабактын кабыгынан жасалган чөмүчү менен суу сузуп берди. Чаңкоосу канган жолоочу ыракмат айтып, - эркектерден айланса болот, бул чөмүчтү жасаган эркектин колу гүл экен го чиркин, - деди.

- Эркекти эркек кылган аял, алганың жакшы болсо жакаң агарат, алганың жаман болсо чачың агарат, эркек канчалык кыйын болбосун аялдын айласынан кутула албайт, - деди аял суу алып жатып.

- Аялдардын куулугун жакшы билем, бирок баардык эле эркектер алдана бербейт, - деди жолоочу кетүүгө камынып.

-Эгер кааласам, сени өлүмгө кириптер кыла алам, кааласам сыйга татыктуу кылам, - деди аял олуттуу сүйлөп.
- Аны кантип ишке ашырасың, мен күбө болсом болобу, - деди жолоочу шылдың аралаш.
Ошол замат аял чакаларын жерге коё коюп, топуракка жата калды да, кыйкыра баштады:

- Оой, эл-жуу-уурт, жардамга! Өлтүрдүү-үү...!

Аялдан мындайды күтпөгөн жолоочу же качып кете албай же аны токтото албай, эмне кылар айласын таппай калды. Ошол учурда аял үнүн басып токтоду да:

- Мына азыр менин күйөөм жана туугандарым келип, сени өлүм эшигин көздөй алып жөнөйт, - деди.

Жолоочу эмне дээрин билбей шашып калды: - мени кечирип кой, мен сөзүмдөн жаңылдым, чындап эле силерден айла качып кутулбайт экен...

Аял жолоочунун сөзүнө көңүл бурбастан бир чака сууну алды да өзүнүн башынан ылдый куя салды. Жолоочунун эми чындап айласы кетти. Артка бурулуп качмакчы болду эле, айылдан чуркап келе жаткан кишилерди көрүп кайра токтоп калды.

- Эмне болду?! Ким сага кол тийгизди? – деп кыйкырганча жетип келди эңгизээрдей болгон бир жигит. Артынан дагы үчөө-төртөө жете келди.

- Эч нерсе эмес, - деди аялы үстү-башын кагынып, мына бу азамат жолоочу болбогондо кудукка түшүп кетмекмин, аз жерден сактап калбадыбы.

Аялдын сөзүн уккан жолоочу оор үшкүрүп кудуктун кырына көчүк басты.

- Ыракмат сага, ак жолтой жолоочу. Менин аялымды сактап калдың. Жүрү эми үйгө баралы, сыйлуу коногум бол, - деди жанагы эңгизээрдей болгон эме.
- Жок, - деди жолоочу калтыраган үнү менен, - жолдон калбайын, менин да аялым бар, кокус ал да бир жамандыкка учурап жүрбөсүн. Жолоочу ордунан ыргып туруп артына кылчайбастан жолго түштү. Анын бул кылыгына жалгыз аялдан башка эч кимиси оңдуу түшүнбөй таңыркап кала беришти.*

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️*

Бизге катталыңыз!☟︎
🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍* wa.me/996505592222

1 month, 2 weeks ago
***☪️******"ЭМНЕ ҮЧҮН НАМАЗ УЙКУДАН ЖАКШЫ?"***

☪️"ЭМНЕ ҮЧҮН НАМАЗ УЙКУДАН ЖАКШЫ?"

Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: "Багымдат намазынын эки рекет сүннөтү дүйнө жана дүйнөдөгү нерселерден жакшыраак".
Багымдаттын эки рекет сүннөтүнүн даражасы ушунчалык болсо, эки рекет парзынын даражасы канчалык деп ойлойсуз?. Азыр мен сиздерге намаздын уйкудан жакшыраак экендигине далил болгон бир канча себептерди атап өтмөкчүмүн:

***Намаз - уйкудан жакшыраак:
Анткени уйку напсинин чакырыгына жооп берүү. Ал эми намаз Алланын чакырыгына жооп берүү.

Намаз - уйкудан жакшыраак: Анткени уйку - кичинекей өлүм. Ал эми намаз - тирүүлүк.

Намаз - уйкудан жакшыраак: Анткени уйку - денеге ырахат тартуулайт. Ал эми намаз - жан-дүйнөгө ырахат тартуулайт.

Намаз - уйкудан жакшыраак: Анткени мусулман да, мусулман эмес адам да уктайт. Ал эми намазды мусулман адам гана окуйт.***

Мына ушул себептен, азанчы күн сайын багымдаттын азанына: "Намаз" "уйкудан" *жакшыраак деген сөздү кошо кыйкырат.

Мурда колуна кылыч кармап чабышкан адам баатыр болуп эсептелчү. Бүгүнкү күндө өз напсисин жеңе алган адам баатырга тете болуп калды. Анткени, мечитке карай ташталган кадамдар азайып, арамга карай ташталган кадамдар көбөйүп калды. Илимге, сабакка карай умтулган жандар азайып, тамеки-аракка карай ташталган кадамдар көбөйүп калды. Напсисинин кулу болуп, жылуу төшөгүн кыялбай жүргөн жандардын багымдат намазы каза болуп баштады. Бир сөз менен айтканда чыныгы "Адамдар" азайып баштады. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовтун: "Адамга күн сайын адам болуу кыйын деген" сөзү таамай айтылган улуу сөз. Мен ушул сүйлөмдүн үч сөзүн алмаштырып: "Адамга күн сайын багымдат намазына туруу кыйын" - деп айтсам жаңылышпайм.
**Аллахым бардыгыбызды угуучу пенделерден кылып, уккан аят-хадистерге амал кылуучулардан кылсын!.
Акыйкат жолдон адаштырбасын, арам жолдон алыс кылсын!. Кыяматта жүзүбүздү жарык кылып, сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алайхи васаллам) менен бейиште чогу болгонду насип кылсын!. Амин...

Абдишүкүр ажы Нарматов
Бизге катталыңыз!☟︎
🕋*ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

1 month, 2 weeks ago

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

We recommend to visit

❤️‍? Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz ?

❤️‍? Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda ?

Reklama uchun: @T1MoTel_23

Телеграм каналларимиз:
✅ @huda_uz
✅ @shams_solih

Мурожаат учун:
📨 @huda_murojaat_bot

Reklama: https://t.me/+uH4kNrCPGYRjNjky

Last updated 2 weeks, 6 days ago