Главный новостной telegram-канал Могилева
Реклама 👉 @glavnoebel
🔈 Предложить новость — @suggestmogilevbot
Last updated 1 month, 3 weeks ago
Реклама: @adsell
На біржі: adsell.io/r/5xY6ik
Зарядити канал - https://t.me/boost?c=1639183051
Last updated 4 months ago
📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚📚
📍Бүгүн "Мухтасар Ал-Кудуурий" китебинен, кезектеги сабагыбыз уланат.
📖Тема: Ижара маселелери.
👨🏫Устаз: Уларбек Ташболотов.
⏰Убактысы: кечки саат: 20:00.
📲Бөлүшүңүз:
🔗Биздин телеграмм каналыбыз⤵️:
https://t.me/ilimnurusabaktar
🔗Ватсап группабыз⤵️:
https://chat.whatsapp.com/KtCm3SWFAKrIh8j7SyjEEp
🔗Ватсап каналыбыз⤵️:
https://whatsapp.com/channel/0029VasSYOT1t90UZFy1261j
Балдарыма болсо бир даана китеп сатып алып келбепмин.Ушунчалык наадан ата боломбу? Сизге жалган мага чын, ата болуп бир да жолу мектепке чогулушка барбапмын. Дайыма апасы барат. Бир нерселерди айтып келет. Чынын айтсам чогулушта эмне кеп болду маани берип кызыкпапмын. Ушундай да боломбу. Келинчегим мектептеги чогулуштан эмнелерди айтып келгендигин канчалык аракет кылсам да такыр эсте албай койдум. Бирок. мектепке сиз айткандан кийин ойлосом болоор болбос. айтууга арзыбас берген акчаларымдын баарын эстедим. Өзүмдөн-өзүм уялып кеттим. Ошол жерде шарттан пайдаланып бала тарбиясында мени аябай кыйнап жаткан суроону узатып калуу кыялыма кылт этти. Ал да болсо чоң уулумдун кылыгы болчу. Акыркы убактары ал такыр апасынын да, менин да сөзүмү укпай калган болчу. “Азыр келемин” деп кеч кирери менен чыгып кетип, түн бир оокумда келет. Сураштырсам, досторум менен тигинин, мунун үйүндө олтурдук деп жооп берет. Иши кылса чоңубузга байланыштуу мугалимдерден арыз угуп, түзүгүрөөк тарбия бере албай жүдөп жаткан болчубуз. Ошону кантсек болот таризинде суроо сундум сизге.
-Баланыз өткөөл куракта экен. Аны туура түшүнүп чөйрөсүнө маани бериңиз. Чоң адамга деле чөйрө чоң таасир берет- деген жооп алдым. Ошол жылы уулубузду келинчегим экөөбүз кеңешип олтуруп, районубуздагы эң жакшы делген лицейге окууга киргиздик. Айтсам ишенбейсиз. Уулубуз сентябрдан эле өзгөрө баштады. Колунан китепти көрө баштадык. Аптасына бир жолу үйгө келсе да. эртең кетпейсиңби дегенибизге болбой лицейге жекшемби күнү жөнөйт. Ошентип лицейден жакшы баалар менен бүттү. Бирок биз каалаган окуу жайга кире албады. Бир жыл кайрадан ЖРТга даярдоо боюнча мугалимдерден кошумча билим алып жатты. Кудай сунуп кийинки жылы Бишкек шаарындагы ИИМдин милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиясына окууга кирип. аны аяктады. Азыр күч түзүмдөрүндө иштеп жатат.Ким билсин балким мен ошол күнү отурушка барбаганда ата-бала мамилеси такыр башка нукка бурулуп кетиши мүмкүн эле. Андыктан агай ушул катым аркылуу сизге дагы бир ирет ыраазычылык айтып коюууну туура таптым. Анан дагы бир нерсе мен бул катымда биздин айылдагы мектепте өз кесибин чындап сүйгөн эжей-агайлар эмгектенишээрин баса белгилегим келет.Тек гана биз ата-энелер балдарыбыздын билими мугалимдерге гана керек сыяктуу тарбия ишинде аларга жардам бербейт экенбиз. Ушуну өзгөчө айткым келет. Баса, мен азыр такыр өзгөргөнмүн. Бала тарбиясына башкача көз караштамын. Баягы катуу кол, бакырчаак аталыгым акырындык менен калып кетип жатат. Азыр уул-кыздарыма көбүрөөк убакыт бөлүп, алардын илимдүү, билимдүү болуусуна аракет жасап келемин.Азыр калган уул -кыздарым айылдагы эле мектепте мыкты окуп жатышат. Чама-чаркым келе калганда мектептеги иш чараларга демөөрчүлк кылып да коемун Ушундай ишке себепчи болгон сизге дагы бир жолу ырахмат агай.
Мурзарахим. Ноокат району. Жаңы-Ноокат айылы.
⠀
👤Автор: Нуркамил Абдуллаев.
⠀
📘 “Шоктугунан коркпо” аттуу китебинен алынды.
📧АГАЙГА КАТ
⠀
ЧӨЙРӨСҮНӨ КАРАДЫМ, СИЗГЕ ЫРАХМАТ АЙТАМЫН.
⠀
-Ассаламу алейкум агай, амансызбы? Замандаш, анан калса тең-туш болгонума карабай агай деп кеп баштадым. Туура кабыл аласыз деген ойдомун. Менин сизге ватсап аркылуу жазган бул катымда катасы аябай көп. Аны туура түшүнөсүз деген ишеничтемин. Анткени мектепте жакшы окуган эмесмин. Ал үчүн али күнгө чейин өкүнөм. Ушул жазгандарымды макала кылып өзүңүз иштеген газетагабы, китеп жазсаңыз агабы кыстара кетсеңиз жакшы болмок. Балким аны окуган окурмандар бала тарбиясында мендей каталарга жол бербей калса ажеп эмес. Эми кепти көп созбой максатыма өтөйүн. Ошол күнкү сиз келген отурушта чындап эле турмушта билбеген, таназарга илбеген көп нерселерге маани бербей, кайдыгер экенимди аңдап билдим. Кыскарта айтканымда ушул күнгө чейин төрт балалуу болгонума сыймыктанып, анан калса машырканып эле жүрүпмүн. Көрсө, ким айтмакчы аталыктын “А” сына ылайык иш аткарбапмын. Балким сиз ал отурушту унутуп калсаңыз керек. Мындан көп жыл мурда достордун кезектеги аш отурушуна сизди келээрин айтышты. Ачыгын эле айтайын, жактырбадым. Анткени биздин аш көбүнчө айылдагы анча-мынча маселелердин чечилишин талкууламыш болуп, саясат-маясаттан кеп уруп, азына арада карта ойноп, түн бир оокумга чейин бака-шака болуп, иши кылса ушундай “программа” менен өтчү. Анын үстүнө баарыбыз алаканыбыз калың, табышыбыз күч балдарбыз. Бирөөбүз мал базарда иштейт. Экинчибиздин райборбордо дүкөнү бар. Дагы бирибиз жеке нотариус. Мен болсо касапчылык кыламын. Үч-төрт жигиттерибиз болсо бышыкчылык башталгандан баштап, кеч күзгө чейин Россияга мөмө-жемиш жиберишет. Эми ошондойлордун башын бириктирген аптада бир болчу ашыбызга агайдын келип, баш оорутуп, сабак өтүшүн чындыгында каалабадым. А тургай агайлардан дагы деле кутула элекпизби? Бул эмне кылганың? Жөн эле отуралычы. Болбосо мен барбаймын деп жоро башчыбызга да сүйлөндүм. Ал :“Келгениңде көрөсүң. Келе бер.”-деп кутулду. Биздин ошондогу ашыбыз Ноокаттагы аты Орто Азияга чейин угулган айтылуу “Сахаба” эс алуу багындагы чайханалардын биринде өттү.
“Ар бир иш ниетке жараша болот эмеспи. Уруксат берсеңиздер бүгүн мында жалаң аталар отурат. Андыктан отурушубуз баарыбыз үчүн пайдалуу, анан жугумдуу болсун деген ниетте “Аталар сааты” деп коелу” -дедиңиз сизге сөз берилгенде. Чындыгында да ошол күнкү ашыбыз, ниетибизге жараша биз-аталар үчүн абдан пайдалуу болду. Бала тарбиясында кетирип жаткан көптөгөн каталарыбызды түшүндүк. Башкаларды билбеймин, ошол олутурушта мага эки нерсе аябай таасир берди.
-... Ооба. Аталар перзенттерин тамак-аш, кийим-кече менен камсыз кылуу керек. Көпчүлүк ата-энелерге бул жагынан сөз жок. Аныңарга ырахмат. Бирок, тарбия жаатына келгенде айтылчу көйгөйлөр абдан көп. Маселен, мала базарда иш кылган аталар бар. Алар тыйын табуу үчүн мал базардан бир да күн кеч калбайт. Тескерисинче эрте барат. Анын мындай тиричилигин тыңдоо үчүн тырышып жаткан аракети эң жакшы. Алкоого алаарлык. Өкүнүчтүүсү ошол эле атаны эртең анын жолун улай турчу перзенттеринин мектепте өткөн чогулушуна чакырса аны-муну шылтоо айтып, барбайт Же болбосо балдарын “ Китеп окубайсың!” деп жемелеген аталар четтен чыгат. Өздөрүнөн сураштыра келсең, балдарга адабий китеп сатып бермек турсун, мектепти бүткөндөн бери бир да китеп барактабаган болуп чыгат. Анан ошондой аталардын балдарына “Китеп окубайсың!” деп кине коюууга аксы барбы жокпу? - дедиңиз кеп арасында.
Чынын айтсам сөздөрүңүз башкаларга эмес, мага айтылып жаткандай сезилип кетти. Заматта ойлор оромуна оролуп калдым. Ар бир сөзүңүздү уккан сыяктуу башымды ийкеп олтурганым менен ичимде өзүмө-өзү эсеп-кысап бере баштадым. Сиз “жемелеген” деп жумшартып айттыңыз. А мен болсо балдарды “окубайсың” деп жемелеп олтурбаймын, керек болсо келтектеп саламын. Байкуш балдарымдын менин ачуум келгенде бөжүрөйүп үйдүн бурчунда тургандарын көз алдыма элестеп кетти. Жүрөгүм тызылдап чыкты. Андан ары ойлор дагы эзе баштады. 43 жашка келипмин.Ушуга чейин өзүмө канчалаган пачке-пачке тамеки сатып алдым.
?Көз жаш
⠀
Эч кимге дартыңды айтпа, өзүңдүн жүрөгүңө батпаган кайгы бирөөнүкүнө батмак беле? Убактылуу жаратылгандарга эмес, түбөлүктүү Жаратканга таян. Жүрөгүңдүн дартын бир гана дайыма уга турган "Ас-Самиъ" бардык жашыруун жана ачык дабыштарды, сырларды Угуучуга айт...
⠀
Сырларыңдын түйүнүн чечип, чечимин жүрөгүңө салып, туура жолго багыт бере турган "Ар-Рашид" туура жолду көрсөтүүчү бардык жүрөктөрдүн Ээси болгон Жаратканга жалбарып дуба кыл!
⠀
Жаздыгыңа көз жаш төккөнчө, бир тамчы болсо да жайнамазда башыңды саждага коюп, Аллах үчүн көз жашыңды төгүп, ичиндеги бардык көйгөйлөрүңдү айтып, жеңилдик сура...
⠀
Океандын суусу өчүрө албаган тозок отун, Жараткандан коркуп аккан бир эле тамчы көз жаш өчүрө алат. "Булут ыйлабаса жер кайдан көгөрмөк" дегендей, көз жаш болбосо дуба кайдан кабыл болсун.
⠀
Эмне үчүн ыйлабайбыз? Анткени жүрөгүбүз күнөөнүн көптүгүнөн катып калган. Эмне үчүн күнөөнү көп кылабыз? Анткени өлүмдү эстебейбиз. Эмне үчүн өлүмдү эстебейбиз? Анткени бул дүйнө жашоосуна алданып калганбыз. Бул дүйнөгө эмне үчун алдандык? Анткени үмүтүбүз узун, пландарыбыз көп...
⠀
Бирок...
⠀
О, Жараткан Аллах, ыйлабаган көздөн, ойгонбогон жүрөктөн сакта.
⠀
Дүйнө үчүн, дайынсыз сүйүү үчүн көз жаш төккөндөрдөн эмес, акырет жашоосу үчүн көз жаш төккөндөрдөн кылгын.
⠀
?Автор: Насиба Абдуллаева
⠀
? "Эртең дебе" китебинен
⠀
https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907
??Табияттан алган үч сабак
⠀
"Гүлдөй болуп айланага жыпар жыт, кооздук тартуулайлы. Топурактай сизди кадырлаган инсан өзү келет", — дептир Шамс Тебризи.
⠀
?Биринчи сабак: бал аарыдан алынчу сабак. Учканы жарыктык, конгону кооздук, көргөнү сулуулук, бергени жылуулук. Жашоо бакчасында сөздөрдүн, иштердин, мамилелердин жакшысын кылып, башкалардын жүрөгүнө уу сеппей, гүл эгели. Башкалар бизди эстегенде кубансын, жолубузду карап күтсүн, сүйлөшүүгө шашылсын...
⠀
Бири-бирибизге Жараткандын улуктугун, жакшылыгын эстетип, жакшы жолго чакырып, жаман жолдон кайтарып туралы.
⠀
?Экинчи сабак: курма дарагынан алынчу сабак. Жалбырагы да, мөмөсү да тээ бийиктикте. Майда-чүйдө менен иши жок. Жалбырагы түшүп жерди бытыратпайт. Жакшыга да, жаманга да көлөкөсүн аябайт. Акмак таш ыргытса, ал бышкан мөмөсүн ыргытат. Адамдарга айрыкча, аңкоо, наадандар менен мамиле кылууда ушундай бийик болгон жакшы. Бурулуп карабай, айтканына жооп кайтарбай, кечиримдүү болуп, көңүл бурбай, алдыга баса берели.
⠀
?Үчүнчү сабак: кумурскадан алынчу сабак. Тамактын тазасын жеп, аз эс алып, көп иш кылган, аракетчил, мээнеткеч, көздөгөн жерине көктүк менен жеткен, өзүнө берилген жумушту жоопкерчиликтүү аткарган, багыты бир жолго гана багытталган кумурскадан алчу сабактар көп. Алдыга максат коёлу, анан ага жетүүгө тырышалы. Балким жүз жолу артка кетишибиз мүмкүн, бирок жүз биринчисинде эмне үчүн алдыга кетүүгө болбосун...
⠀
О, Жараткан Аллах, бал аарыдай пайдалуу, оозунан балдай таттуу сөз чыккан, жакшы мүнөздүү адамдардан кыл!
⠀
Курма дарагындай бийик, эч кимге зыян жеткирбеген сабырдуу пенделерине кош.
⠀
Кумурскадай мээнеткеч, аракетчил кыл.
⠀
?Автор: Насиба Абдуллаева
⠀
? "Эртең дебе" китебинен
⠀
https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907
Күз айынын акыркы күндөрүнөн көз ирмемдериннен айланама карап, тафакур кылып, ойго салдым. Укаланып жерде жаткан чирик жалбырактарды учуруп жок кылгын шамалдын ызгырыгына термелип, ой - жүгүрттүм да ..тереземе карап, Жараткандан" чирик жалбырак сымал мүнөзүмдү күүп жок кылгын, сырткы келбетимди кооз кылгандай, ички дүйнөмдү, кулк - мүнөзүмдү чырайлуу кылгын, сүйлөгөн, жазган сөздөрүм амалыма дал келсин, мусулман деген атыбызды жүрөгүмдүн күзгүсүнөн карап, башкаларга үлгү, суктанган, ээрчиген суйүктүү кулдарыңдын катарында болууну насип кылгын! " деп дуба кылдым....
⠀
Жашоодо ар бир күнүңдү күлүп, кубанып тосуп, кылган жумушуңду ибадаттарыңды өз убагында аткарып, ырахат алып жашоону кааласаң ден соолугуңа көңүл бур...
⠀
Момун амалы менен жете албаган соопту даражага чырайлуу кулк - мүнөзү менен жетет. Динибиздин эшиктерин ача турган ачкычы да адеп - ахлак. Жакшы мусулман болбоңуз эң мыкты мусулман болуңуз...
⠀
Адамды жакшы көрүүнү кааласаң сыртына карап эмес, ички дүйнөсүнө карап жакшы көр. Себеби баары эле көргөнүн сүйөт, сен көпчүлүк көрбөгөнүн сүй. Эгер сүйүүнүн даамын таткың келсе, сыртына эмес жүрөгүнө ашык бол, ошондо бактылуу болосуң. Анткени адамдын адамдык сыпаты жүрөктө гана катылган. Эгер билсеңиз Жаратканда пендесинин жүрөгүнө карайт. Илим амал менен мөмөлөсө, чырайлуу адеп - ахлак, кулк - мүнөз периштелер даражасына жеткирет. Мусулман жүзүндөгү сулуулугу менен эмес, ички сулуулугу менен башкаларга күзгү, үлгү болот.
⠀
?Аиша, радияллаху анха, айтты: Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтчу эле: «О, Аллах! Менин келбетимди кооз кылып жаратканыңдай эле кулк-мүнөзүмдү да кооз кыл». (Ахмад)
⠀
?Насиба Абдуллаева.
⠀
https://whatsapp.com/channel/0029VaQYm319MF8wbonIs907
Ин шаа Аллах. Жакшы күндөр алдыда ?❤️
Главный новостной telegram-канал Могилева
Реклама 👉 @glavnoebel
🔈 Предложить новость — @suggestmogilevbot
Last updated 1 month, 3 weeks ago
Реклама: @adsell
На біржі: adsell.io/r/5xY6ik
Зарядити канал - https://t.me/boost?c=1639183051
Last updated 4 months ago