🔞КАТТАЛАР УЧУН❗️
🪓 Jonli Bolta Шиоримиз «Тезлик»
Янгиликларни бизнинг каналдан олдин бошқасида кўрдизми Унда биздан бемалол «Отписатся» қилишингиз мумкин.
👤Основатель канала; @NodirMillion
👤Админ канала
💰Реклама учун👇
@JonliBolta_Reklama
Last updated 1 month, 2 weeks ago
- пранк учун расм видеолар
- сториес учун расм видеолар
по поводу рекламы - @reklama_sahifa
https://t.me/boost/prank_rasmlarr
Last updated 2 months ago
‼️Бишкектин 11-кичирайонунда жылуулук жана ысык суу өчүрүлөт
Бүгүн, 7-январда саат 08:30дан 18:00гө чейин борбор калаанын 11-кичирайонунда жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай иш-чара эски жылуулук түйүнүнүн бөлүгүн алмаштыруу жана жаңы орнотулган жылуулук түйүнүнө кошуу иштерин улантуу үчүн көрүлүүдө.
Өчүрүлүүчү даректер: 11-кичирайон, № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 15, 16, 17, 17а, 17/1, 18, 19, 20, 22, 23, 24, 25, 26, 27, ДС94-турак үйлөр, сүрөтчүлөрдүн жеке үйлөрү, түрк мектеби.
«Бишкек жылуулук тармагы» муниципалдык ишканасы келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт»,- деп айтылат маалыматта.
7-февралга карата валюталар курсу
Сомго карата евро 33 тыйынга түштү, ал эми кытай юаны 3 тыйынга арзандады. Ал эми теңге менен рублдун (2 тыйын) баасы өстү. АКШ долларынын курсу өзгөргөн жок.
‼️Бир жума мурун Бишкекте таштанды челектен табылган ымыркай ооруканада чарчап калды. Бул тууралуу Kaktus.media Саламаттык сактоо министрлигине шилтеме берип, жазып чыкты.
Эске салсак, 28-январда «102» кызматына окуучулар Интергельпо көчөсүндөгү таштанды челектен ымыркай табышкан. Анда ымыркай тирүү экени айтылган. Бул иш боюнча Ленин районунда кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.
*?*‼️23-ноябрда Улуттук банктын сайтына жарыяланган расмий валюта курсу менен таанышып алыңыздар**
*⚡️*‼️Экс-депутат Канатбек Исаевдин кармалганы айтылууда**
Бүгүн, 22-ноябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаевдин кармалганы айтылууда. Бул тууралуу «Азаттык» анын жактоочусу Бакыт Осмоналиевге шилтеме берип, жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, жактоочу Канатбек Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 20-ноябрда кармаганын билдирген. 22-ноябрда сотто анын бөгөт чарасы каралат деп күтүлүүдө.
«Ал саясатчы кайсы иш менен кармалганы жана кайсы берене менен айып коюлганы азырынча белгисиз экенин айтты»,- деп жазды «Азаттык».
Учурда УКМК бул тууралуу маалымат бере элек.
*⚡️*‼️Ноокат РИИБинин жетекчисинин үстүнөн даттанган милиционер кызматтан бошотулду**
Ноокат РИИБде болгон окуя боюнча текшерүү аяктап чечим кабыл алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ИИМдин борбордук аппаратынын кызматкерлеринен турган комиссия Ноокат райондук милициясында болгон окуя боюнча текшерүү жүргүзүп чечим кабыл алынды.
• Ош ОИИБдин Ноокат РИИБдин К.Асранов атындагы Көк-Жар АМБнын башчысы милициянын майору Абдисатар уулу Темурду ички иштер органдарынан кызматтан бошотулду;
• Ноокат РИИБдин башчысы милициянын полковниги Осконалиев Талгат ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
• Ноокат РИИБдин башчысынын орун басары, ал эле КККнын башчысы милициянын подполковниги Исраилов Алмазбек ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
• Ноокат РИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары милициянын подполковниги Абдиев Бактияр ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
• Ноокат РИИБдин КККнын уруксат берүү системасы боюнча тескөөчүсү милициянын кенже лейтенанты Аскар уулу Акжол ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
• Ош ОИИБдин кадрлар бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Сатаров Асан ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
• Ош ОИИБдин башчысынын кадрлар боюнча орун басары милициянын полковниги Ахунов Ашырбек кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү тартиптик жазасы берилди;
• Ош ОИИБдин башчысынын коомдук коопсуздук боюнча орун басары милициянын подполковниги Бекташов Эрнист катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди;
• Ош ОИИБдин башчысынын ыкчам иштер боюнча орун басары милициянын полковниги Увалиев Нургазы катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди;
• Ош ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Бурканов Нурланбекке, катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди.
• Кыргыз Республикасынын ИИМдин ИИКтин Ош шаары жана Ош облусу боюнча ИИБнүн башчысы милициянын полковниги Жаманов Улукбекке сөгүш тартиптик жазасы берилди;
• Ош ОИИБдин КККнын башчысы милициянын подполковниги Алымов Таалайбекке катуу сөгүш тартиптик жазасы берилди.
Эске салсак, Ноокат районунун Көк-Жар аймактык милиция бөлүмүнүн айрым кызматкерлери өлкө бийлигине кайрылуу жолдоп, райондук милициянын жетекчиси Талгат Өскөналиевге каршы даттанышкан. Алар мамлекет башчысы Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жасаган видео кайрылуусунда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы менен иштеше албай турганын айтышкан.
*⚡️*‼️Бишкек шаардык кеңешине беш партия өттү**
Шайлоо участокторунун 97,22% нын маалыматтары боюнча, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына ат салышкан алты саясий партиянын бешөө өттү.
Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.
Алар:
1.“Жаңы күч” партиясы – 29,40% (16 мандат);
“Эмгек” партиясы – 21,93% (12 мандат);
“Адилет” партиясы – 15,11% (9 мандат);
“Ынтымак” партиясы – 14, 02% (8 мандат);
5.”Эл үмүтү” 11,04% (6 мандат).
“Улуу журт” партиясы 1,34 % добуш алып, 5% чектен өтө алган жок.
Бишкек шаарында 8686 же 7,16% шайлоочу баарына каршы добуш берди.
#БулЖумада: Матраимов бошотулду, Жапаров сөз эркиндиги бар деди, жаңы айыл ачылды
Апта ичинде болуп өткөн маанилүү жаңылыктар менен таанышыңыз?
⚡️‼️ИИМ Жумгалда дайынсыз жоголгон ата-баланын бирөөсүнүн сөөгү табылганын билдирди
Бүгүн, 14-ноябрда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Нарын облусунун Жумгал районунда дайынсыз жоголгон 45 жаштагы жарандын жансыз денеси табылганын билдирди. Аны менен кошо жоголгон баласы табыла элек.
Маалыматка ылайык, ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Кинологиялык борборунун кызматкерлери иттердин жардамы менен жансыз денени дарыянын жээгинен табышкан.
«Ит жоголгон жарандын жытын алып, анын сөөгүн Көкөмерен суусунун боюнда аныктады. Учурда издөө иштери анын уулун табууга багытталган»,- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, ата-бала 16-октябрь күнү мал кайтарууга жайлоого кетишкен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 19-октябрь күнү кабарланган.
Бакальчук Кыргызстандын жарандыгын жазында алганын, жана бул кадам сонун жана достук мамиледеги өлкөдө ишкердик жүргүзүүгө жардам берерин айткан.
«Кыргызстан — биз ири логистикалык борбор курууну пландаштырган өлкөлөрдүн бири, эми мен компанияга кайтып келерим менен бул ишти мүмкүн болушунча натыйжалуу ишке ашыра аларыма ишенем»,- деген ал.
Ошондой эле Владислав Бакальчук Wildberries компаниясына кайтып келүүнү жана компаниянын кызыкчылыгы үчүн иштегенди улантууну пландап жатканын билдирген. «Орусиядан кетейин деген оюм жок»,-деген ал.
🔞КАТТАЛАР УЧУН❗️
🪓 Jonli Bolta Шиоримиз «Тезлик»
Янгиликларни бизнинг каналдан олдин бошқасида кўрдизми Унда биздан бемалол «Отписатся» қилишингиз мумкин.
👤Основатель канала; @NodirMillion
👤Админ канала
💰Реклама учун👇
@JonliBolta_Reklama
Last updated 1 month, 2 weeks ago
- пранк учун расм видеолар
- сториес учун расм видеолар
по поводу рекламы - @reklama_sahifa
https://t.me/boost/prank_rasmlarr
Last updated 2 months ago