Infinite Entertainment, Zero Cost: Get Your Free Books, Music, and Videos Today!

Дин&Илим

Description
Дин жана Илим: Дин илими(аяттар хадистеп ж.б.), Илим бул дүйнөлүк маалыматтар(талашуусу жок фактылар, жаныбарлар, табият, жана башка кызыктуулар)

Максат: Алланын Ыраазычылыгына жетүү. Сиздерди, динден гана маалымат берип калбай -дүйнөлүк фактылар менен
Advertising
We recommend to visit

https://t.me/+ELOQFYVCHR1mYjcy
http://T.me/+K9zxUdvvJhw0NDUy

🧑‍💻 Reklama: @Rek_Kanalda 👈

Last updated 9 months, 2 weeks ago

یوتیوب دنیای انیمه https://www.youtube.com/c/Animworld_official

2 months ago
Дин&Илим
2 months, 1 week ago
Дин&Илим
2 months, 1 week ago
Дин&Илим
3 months, 3 weeks ago
Дин&Илим
3 months, 3 weeks ago

Жаңы материал менен иштөөдөн мурун, бул тема боюнча белгилүү болгон нерселердин бардыгын алдын ала эстеп алуу сунушталат. Ушундайча мээ жаңы маалыматка даярданат жана керектүү мамилени калыптандырат.

Китепти окууну баштаардан мурун бул темада окуган же уккан нерселердин баарын эстеп алыңыз.

  1. Душмандын образы

Маалыматка көбүрөөк көңүл буруу үчүн, бул ыкманы колдонуп көрүңүз: сиз окуп жаткан текстти душманыңыз жазган деп элестетиңиз. Эгерде сиз тексттен каталарды жана так эместиктерди издесеңиз, анда сиз байкалаарлык жакшыраак көңүл топтоп, көбүрөөк эстеп каласыз.

Ушул эле ыкманы сиз аудиокитепти угуп, ага көңүл бура албай жатканыңызда колдонсоңуз болот.

  1. Кайталап айтып берүү

Окулгандан кийин текстти кайра айтып берем деп өзүңө убада берүү да мыкты эффект болун саналат. Эгер сиз аны кайра айткыңыз келбесе да, бирок айтам деп өзүңүзгө сөз берсеңиз, концентрацияңыз жогорулайт. Сиз окуй баштайсыз, маанилүү эмес маалыматтарды өткөрүп жиберип, кайра айтып жатканда көңүлүңүздү эң маанилүү нерселерге бурасыз.

Текстти кайра айтып берүүгө убада бериңиз.

  1. Бир нерселерди аралаштырыңыз

Мурда жаттаган материалдан улам жаңы материал унутулуп калат. Мурунку китепке канчалык окшош болсо, таасири ошончолук күчтүү болот. Эгерде сиз Биографияны беш саат окуп, анан эс албастан дагы башка Биография өтсөңүз, анда сиздин эс тутумуңуздагы эки Биографияны чаташып калышы мүмкүн, (балким, чаташып калышы мүмкүн.)

Бир китептен же бөлүмдөн экинчисине өткөндө - кофе ичүү, сейилдөө, үй иштеринт кылуу менен тыныгып алыңыз

  1. Көптөн - бир жолу же бир нече жолуга караганда - Аз-аздан көп жолу жакшы.

Башында жана аягында алынган маалымат эң жакшы эсте калат. Китеп, кино же маек жөнүндө ойлонуп көрүңүз — башталышы менен аягы дайыма эсиңизде так көрүнүп турат. Ошондуктан, кыска үзүндүлөр менен күн сайын көп жолу окуу жакшы, башынан аягына чейин узак окууга караганда

БУЛ МААЛЫМАТТАР
"Кантип баарын жана ар дайым эстеп калуу",
"Кантип окуу, эстеп калуу жана эч качан унутпаш керек",
"Баарын эстеп калуу",
"Тез окуу"
КИТЕПТЕРДИН МАТЕРИАЛДАРЫНАН АЛЫНДЫ:

3 months, 3 weeks ago

Кызыктуу бир нерсени окуганда, эсибизге бардык майда-чүйдөсүнө чейин сактап калгыбыз келет. Бирок убакыт өтүп майда-чүйдөсүн гана эмес ал тургай, маңызын эстей албай калганыбызды байкайбыз.

Эстутумду жоготтумбу? Склерозмунбу? деген ой болблсун, андай эмес. Жөн гана окуу жана эстеп калуу эки башка процесс. Маалыматты башыңызда сактап калуу үчүн эс тутумуңузду жандаттууңуз керек. Бул жерде сизге жардам бере турган 10 ыкма бар.

  1. Жыпар жыттуу окуу

Сиз качандыр бир күнү бөлмөгө кирип, эмеректин же буюмдун жытын сезип, дароо бир нерсени эстедиңиз беле?. Кандайдыр бир окуя, жайлар жана башкаларды?

Жыт сезүү эстутум менен тыгыз байланышта, анткени жыт анализаторлору жайгашкан аймак мээнин эс тутумду башкарган бөлүгүнө абдан жакын жайгашкан. Илимпоздор айтышат; эгер окуучулар жыты бар бөлмөдө экзамен тапшырса, жыты жок бөлмөдө экзамен тапшыргандардан караганда жакшыраак экенин аныкташкан.

Окуп жатканда сүйүктүү гүлүңүздү, атырыңызды же жыттуу майыңызды жыттап алыңыз. Маалыматты эстеш керек болгондо, ошол эле жыт менен кайра дем алыңыз.

  1. Окуунун жайы

Бир жерге туташуу же ар дайым бир жерде окуу маалыматты эстеп калууга да жардам берет. Муну кызыктуу изилдөө тастыктайт: алты водолаз 40 сөздөн турган тизме берилди. Алар 20 сөздү суу жээкте, дагы 20 сөздү суу астында үйрөнүшкөн. Андан соң водолаздар бир жолу жээкте, бир жолу суу астында сыноодон өтүштү. Суу астында үйрөнгөн сөздөрү суу астында жакшыраак эсте калган болуп ошол эле сөздөрдү жээкте эстей алышкан жок. Анан ушунун эле тетириси (суу жээкте).

Эгерде сиз уктоочу бөлмөңүздө окусаңыз, анда окуганыңызды эстеп калуу оңой. Бирок бир нерсени эстөө керек болгон сайын уктоочу бөлмөгө чуркай бербейсизда. Лайфхак колдонуңуз.

Уктоочу бөлмөнүн атмосферасын эске сала турган нерсени табыңыз: жаздык, чырак, жууркан. Өзүңүздү уктоочу бөлмөгө акыл-эсиңиз менен элестетиниз, эс тутумуңуз иштейт.

  1. Сүрөттөө

Мээ маалыматты сөз менен эмес, сүрөттөлүш аркылуу кабылдайт. Мунун эң белгилүү далилдеринин бири -“Бейкер парадоксу”. Эксперименттин катышуучуларын топторго бөлүшөт. Бир топко адамдын сүрөтү берилип анын фамилиясын «Бейкер» жаттап калууну айтышты. Экинчи топко анын кесиби «наабайчы» экенин эстеп калууну айтышты.

Эки жумадан кийин алардан эмнени эстей аларын сурашат- фамилиясын же кесибин. Сүрөттү көргөзгөндө кесибин эстеп калган адамдар оной эле «набайчы» экенин айтышса, а фамилиясын эстеп калууга сунушталган топтордун арасынан бирөөсү гана айта алган.

Муну төмөнкүчө түшүндүрүүгө болот: наабайчы кесибин ойлогондо бир нерсе бышырып жаткан адамдын элеси элестейт. Аны визуализациялоо оңой. “Бейкер” атын эстеп калуу анчалык деле оңой эмес — эгер сиз окшош ысымдуу адамды таанымайынча мээңизде эч кандай сүрөттөлүш пайда болбойт.

Окуп жатып, сөздөрдү сүрөткө айландырыңыз, өзүңүздүн киноңузду башыңызда ойноңуз (Өзүңүз режиссер, өзүңүз оператор). Сүрөттөр аркылуу маалымат эс тутумга так жана таза жазылат.

  1. Максат

Баарын эстеп калуу таптакыр мүмкүн эмес. Өзүңүзгө белгилүү бир максат коюп, сизге эмне керек экенин билип алсаныз тезирээк окуй аласыз.

Максат коюу үчүн өзүңүзгө эки суроо беришиңиз керек.

• Мен окуп жаткан материал канчалык маанилүү?
• Мен окуй турган материалдан эмнени (мүмкүн болушунча өзгөчө) эстегим келет же эмнени эстеп калышым керек?

Эки саптуу текст болсо да, окуганыңыз үчүн максатты аныктап алыңыз. Бул, адатта, бир секунддан ашык убакытты талап кылбайт жана эффект укмуштуудай болот.

  1. (Китеп)Четтердеги белгилер

Жогоруда айтып өткөндөй, окуу менен жаттоо эки башка иш. Эстутумду иштетүү үчүн кошумча иш-аракеттер керек: четтердеги жазуулар, маанилүү ойлорду бөлүп белгилөө, астын сызуу. Бул окуп жатканда материалды жакшыраак эстеп калууга жардам берет жана аны кийинчерээк белгилерди карап чыгуу менен кайра эс-тутумду калыбына келтире аласыз.

Четтерине эскертүүлөрдү белгилеп же электрондук китептердеги маанилүү идеяларды түстөр менен белгилеңиз.

  1. Мазмун колдонуңуз

Белгилүү бир предмет боюнча канчалык көп алдын ала билимиңиз болсо, ал тема боюнча жаңы маалыматты ошончолук жакшы эстеп каласыз.

5 months, 3 weeks ago
Дин&Илим
5 months, 3 weeks ago
Дин&Илим
5 months, 3 weeks ago
6 months ago
Дин&Илим
We recommend to visit

https://t.me/+ELOQFYVCHR1mYjcy
http://T.me/+K9zxUdvvJhw0NDUy

🧑‍💻 Reklama: @Rek_Kanalda 👈

Last updated 9 months, 2 weeks ago

یوتیوب دنیای انیمه https://www.youtube.com/c/Animworld_official