𝐒𝐔𝐍𝐍𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀

Description
We recommend to visit

Diydor shirin kanaliga xush kelibsiz?

Bizning kanalda chiroyli mavzular bor?

Telegram Tarmog'ida Yagona Yo'nalish??

Diydor Shirin Mehrli va sogʻinchli kanal doimo sizlar bilan birga?

Reklama Uchun: ? @Habibulo ?‍?

Kanal sotilmaydi!

Last updated 1 month, 3 weeks ago

Бахт-оиладан бошланади. 👨‍👩‍👧‍👧
Аллоҳ барча оилаларни паноҳида асрасин❤️🥰

🔎Оила мавзусидаги ҳар қандай маълумот, ведио ва фактларни ўзида жамлаган канал

Мурожаат учун: @BaxtliOilam1

Last updated 3 weeks, 4 days ago

Бизнинг каналдан топишингиз мумкин!?

• Маноли видео марузалар
• Ибратли ҳикоялар
• Қалбларни титратадиган марузалар

Реклама учун: @Malikaadminka2

Last updated 1 month, 4 weeks ago

1 week ago

*🎞꧁Видео тема:꧂
ОРОЗОНУ БУЗБАЙ ТУРГАН НЕРСЕЛЕР. ОРОЗО 2-сабак. Шейх Чубак ажы
*

Катталыңыз!
➤➤ https://t.me/ummot_media

💌 Башкалар менен бөлүшүңүз

1 week, 2 days ago
***🕋*** ***ЖУМА МОМУНДАРДЫН МАЙРАМ*Ы**

🕋 ЖУМА МОМУНДАРДЫН МАЙРАМЫ

Жума күнү кылынган ибадаттарга жок дегенде эки эсе сооп берилет. Ал күнү кылынган күнөөлөр да эки эсе жазылат. Хадиси шарифтерде айтылды:
"Сооптордун ичинде Жума күнү жана түнү кылынгандан да баалуусу жок, күнөөлөрдүн ичинде дагы Жума күнү жана түнү кылынгандан да жаманы жок.” [Рамуз]

“Төрт түндүн күндүзү дагы түнү сыяктуу пазилеттүү. Аллаху таала ал күндөрү дуба кылгандардын тилегин кайтарбайт, аларды кечирет жана алар ал күндөрү мол ихсанга ээ болушат. Ал күндөр: Кадыр түнү, Арафа түнү, Барат түнү, Жума түнү жана күндөрү.” [Дайлами]

"Жума күнү куштар жапайы жаныбарлар бири-бирине: "Силерге салам, бүгүн Жума”, - деп айтышат.” [Дайлами]

"Жума келерки Жумага чейин жана үч күндүн ичинде кылынган күнөөлөргө кафарат болот. Себеби, жакшы бир амал кылган адамга он эсе сооп берилет.” [Табарани]

Жума маарек болсун!🌹🤗

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️*

Бизге катталыңыз!☟︎*

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

1 week, 2 days ago
𝐒𝐔𝐍𝐍𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀
1 week, 2 days ago

☪️ **БАРААТ КЕЧЕСИ БОЮНЧА

Ассалааму алайкум!

БҮГҮН МЕККЕ МЕДИНА ДА ШААБАН АЙЫНЫН 14-ТҮНҮ “БАРААТ КЕЧЕСИ” БИЗДЕ 13-ТҮН ЖЕ 14-ТҮН БОЛУП КАЛЫШЫ МҮМКҮН

Нафил амалдардын өкүмү: *Акыйкатта, нафил амалдарды канчалык аткарууга күчү жетсе ошончолук аткаруу керек.
М: Куран окуу, зикир кылуу, нафил намаз окуу, салават айтуу, дуба кылуу булардын баары ибадат, ошондуктан аталган түндөрү да жана башка түндөрү да жасаса боло берет. Бир күндү белгилеп, өзгөчө нафил амалдарды ошол түнү гана аткаруу керек, башка күндөрү кереги жок деген ишенимге баруу туура эмес. Себеби, нафил амалдарды мусулман адам күн сайын аткарып жүрүүнү өзүнө адат кылып алганы эң жакшы. Ошондой эле нафил амалдарды мечиттен көрө ар бир мусулман өз үйүндө аткарганы максатка ылайыктуу.**

Бүт аалымдардын сөзүндө нафил намаздарды үйдө окуган жакшы делинген. Нафил намазды жамаат менен окуунун өкүмү Ханафий мазхабында макрух тахрими (арамга жакын) болот. Эгер нафилди жамаат менен окуса сооп болгондун ордуна тескерисинче күнөө болот.

Ал эми фарз намаздар диндин белгиси. Андыктан аны мечитте окуу зарыл. Эгерде бирөө мечитте намаз окуу рия (эл көрсүн) болот деп ойлосо туура эмес. Ал үчүн мечитке барып фарз намазын жамаат менен окуусу шарт, анткени анын себебинен диндин бир улуу белгиси жарыяланып, даңазаланып жатат.

Нафил бир гана пенде менен Жараткандын ортосундагы мамиле. Азирети Абу Бакр Сыддыктан (р.а.) Пайгамбарыбыз (с.а.в.): “Сен эмне үчүн Куранды үнүңдү чыгарбай окуйсуң”- деп сураганда: Абу Бакр Сыддык(р.а.): “Кайсы Затка угуза турган болсом ошого угуздум эми башкага угузуунун эмне зарылчылыгы бар?!”- деп жооп берген. Ошондуктан нафил амалдар пенде менен жалгыз Жараткандын ортосунда боло турган ибадат.

Аллах Таала: “Менин пендем мага түздөн түз байланышта болсун”- деп каалайт. Ошондуктан нафил ибаадаттарды жамаат менен чогулуп аткаруу макрух делинген.

Улуу Зат Аллах Таала менен жалгыз байланышта болуу пенде үчүн кандай чоң ниъмат (белек). Имам Абу Ханифа: “Нафл амалды кадырлабай койбогун! Аны кадырлоо-сен жана сенин Жараткан Заттын ортосундагы мамилени кадырлоо менен барабар дегени”- деп айткан.

Аллах Таала Куран Каримде: “Кечирим талап кылган ким бар?! , Мен аны кечиргенге (мен аны кечирем). Жалгыздыкта менден сура”- деп айткан. Бул аятта Жараткан зат “ким” деп жекелик түрдө айтып жатат “кимдер” деп көптүк түрдө айткан жок. Ошондуктан бүгүнкү күндөгү “Бараат кечеси” деген шылтоо менен мечиттерге чогулуп, баян кылып, жамаат менен нафл намаздарды окуу сыяктуу амалдардын бирине да негиз жок.

Муфти Таки Усмани. “Ислаахи Баянат” китебинен алынды. Аллах Таала баарыбызды динге гана амал кылганга мүмкүнчүлүк берсин, динде жок амалдарга амал калгандан алыс кылсын!!!!!!

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️*

1 week, 2 days ago

2025-ЖЫЛ РАМАЗАН АЙЫ

1 week, 2 days ago
*****🔰*** БАРААТ ТҮНҮ

*🔰* БАРААТ ТҮНҮ

Бисмиллаахир Рохмаанир Рохиим.
🌴 АЯТ*: "Алар (түн ортосунда) төшөктөрүнөн турат да, Жаратканга коркуу жана үмүт менен жалынышат. Алар биз берген ырыскылардан кайрым кылышат". ("Сажда" сүрөсү; 16-аят)

🌴ХАДИС: "Аллах Таала Шаабан айынын он бешинчи түнү (Бараат түнүндө) ырайымы менен асманга жакындап, ошол жерде болуп, Калб уруусунун койлорунун жүндөрүнүн санынан да көп сандагы күнөөкөрлөрдү кечирет". (Тирмизи, Савм, 39)*

🌴 ОКУЯ: БАРААТ ТҮНҮНҮН АРТЫКЧЫЛЫГЫ

Бул окуяны Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтып калтырган: "Шаабан айынын он бешинчи түнү Жебрейил (а.с.) мага келип:

- Эй, Мухаммед! Бул түнү башыңды көтөр! - деди.

- Бул түн кандай түн экен?- деп сурадым мен.

- Бул түнү Аллах Таала ырайым эшиктеринин үч жүзүн ачат. Өзүнө ширк кошпогондордон тышкары, адамдардын да күнөөлөрүн кечирет. Ал түгүл, күнөөсүн кечире тургандар, сыйкыр колдонгондор, көзү ачыктар, дайыма ичкилик ичкендер, сүткорлор жана зына кылгандар болсун, алар тообо келтирмейинче, Аллах алардын күнөөлөрүн кечирбейт, - деди Жебрейил (а.с.).

Түндүн төрттөн бири өткөндөн кийин, Жебрейил (а.с.) кайрадан келип мындай деди:

- Эй Мухаммед, башыңды көтөр!
Башымды көтөрүп карасам, бейиштин эшиктери ачылган экен. Бейиштин биринчи эшигинен бир периште минтип чакырык салды:

- Бул түнү руку кылгандар кандай гана бактылуу!
Экинчи эшикте турган периште:

- Бул түнү сажда кылгандар кандай гана бактылуу!

Үчүнчү эшикте турган периште:

- Бул түнү дуа кылгандар кандай гана бактылуу !

Төртүнчү эшикте турган периште:

- Бул түнү, Аллахты зикир кылгандар кандай гана бактылуу!

Бешинчи эшикте турган периште:
- Бул түнү Аллахтан коркконунан ыйлагандар кандай гана бактылуу!
Алтынчы эшикте турган периште:

- Бул түнү мусулмандар кандай гана бактылуу!
Жетинчи эшикте турган периште:
- Күнөөлөрүнүн кечирилишин тилеген жокпу, күнөөлөрү кечирилсин ! - дешти.
Булардын баарын көргөндөн кийин, Жебрейилден ( а.с.):

- Бул эшиктер качанга чейин ачык болот? - деп сурасам, ал мындай деди"

- Эй, Мухаммед, Аллах Таала бул түнү калб уруусунун койлорунун жүндөрүнүн санынан да көп сандагы күнөөкөрлөрдү тозоктон куткарат.

📗 Булагы: “Ар бир күнгө бир аят, бир хадис, бир окуя китебинен”

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️*

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media 📍 t.me/ummot_media 📍 youtube.com/c/UmmotMedia 📍 tiktok.com/@ummot_media 🥏WhatsApp⤵️
📍* wa.me/996505592222

2 weeks, 2 days ago
***☪️*** **РАМАЗАНГА ДАЯРДЫК

☪️ **РАМАЗАНГА ДАЯРДЫК

•Орозо тууралуу көп сабак алуу:
•Куран окууну үйрөнүү:
•Убакытты туура колдонуу:
•Зикир салават көп айтуу:
•Ушак айтуудан алыс болуу:
•Үммөт үчүн дуба кылуу:
•Көп истигфар айтып тооба кылуу:
•Арам иштерди таштоо:
•Жеген тамактын адалдыгына маани берүү:
•Адам акысынан кутулуу таарынтып акысына кирип алган адамдардан кечирим суроо:
•Аз болсо да күнүгө садака берүү:
•Сабырдуу болууга аракет кылуу:
•Ата-Энеге бир тууган жакындарга белек берүү Рамазан айы менен куттуктоо:
•Бирө сизди капа кылган болсо баарын Аллах үчүн кечирүү:
•Адамдарга даават кылып жакшылыкка чакырып жамандыктан кайтаруу:
•Жакшылык сооп иштерди көп кылуу:
•Орозонун пайдасын пазилетин көп окуу жана башкаларга айтып берүү:
•Жаман адаттарды таштоо:
•Намаз окубай жүргөндөр намаз үйрөнүү окуп баштоо:
•Ден соолукка кам көрүү:**

Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️*

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media 📍 t.me/ummot_media 📍 youtube.com/c/UmmotMedia 🥏WhatsApp⤵️
📍* wa.me/996505592222

2 weeks, 3 days ago
***🔰*** **САРАҢДЫК**

🔰 САРАҢДЫК

*Сараңдык бул кедей болуп калуудан коркуп мал-дүйнөсүн сарптабоо. Алла Таала сараңдыктан эскертип мындай деген:

قال تعالى: } وَأَمَّا مَنْ بَخِلَ وَاسْتَغْنَى وَكَذَّبَ بِالْحُسْنَى فَسَنُيَسِّرُهُ لِلْعُسْرَى {(الليل:8-10)

Алла Таала айтты:
“Ал эми, ким (байлыгын Алла Таала жолуна сарптоодон) сараңдык кылып (Алла Таала бере турган сооптордон) текеберленсе, жана жакшылыкты (Бейишти) жалган десе,анда Биз ага (дүйнөдө жана Акыретте бактысыз боло турган) оор жолду “жеңил” кылабыз” (Лайл: 8-10)

Сараңдык ээсин зулумдукка, адам өлтүрүүгө акысыз адамдардын мал-мүлкүн жегенге, акылардын жоголуп кетүүсүнө жер бетине бузукулуктун жайылуусуна алып барат.

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «اتَّقُوا الظُّلْمَ فَإِنَّ الظُّلْمَ ظُلُمَاتٌ يَوْمَ الْقِيَامَةِ وَاتَّقُوا الشُّحَّ فَإِنَّ الشُّحَّ أَهْلَكَ مَنْ كَانَ قَبْلَكُمْ حَمَلَهُمْ عَلَى أَنْ سَفَكُوا دِمَاءَهُمْ وَاسْتَحَلُّوا مَحَارِمَهُمْ» {رواه مسلم: 2578}

Алланын элчиси (ага Алланын салават—саламдары болсун) айтты:
“Зулумдук кылуудан сактангыла! Анткени, ал Кыямат күнү көп караңгылыктарга (кыйынчылыктарга) айланат. Сараңдыктан сактангыла! Анткени, ал силерден мурдакыларды кыйраткан (жок кылган). Аларды кан төгүүгө жана арам нерселерди адал кылууга алып барган” (Муслим: 2578)

Кыямат күнү мусулман пендеден сурала турган суроолордун бирөөсү мал-мүлкүн кайдан таап, каякка жумшагандыгы жөнүндө болот.

قال تعالى: }وَلَا يَحْسَبَنَّ الَّذِينَ يَبْخَلُونَ بِمَا آَتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ هُوَ خَيْرًا لَهُمْ بَلْ هُوَ شَرٌّ لَهُمْ سَيُطَوَّقُونَ مَا بَخِلُوا بِهِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ{ (آل عمران: 180)

Алла Таала айтты:
“Алла Таала Өз пазилети себептүү берген нерселерин (зекетин) берүүгө сараңдык кылган адамдар, бул (жоругу) өздөрү үчүн жакшы (пайда) деп ойлобосун. Бул алар үчүн жамандык. Сараңдык кылып бербеген нерселери Кыямат күнү алардын мойнуна оролот” (Али Имран: 180)

قَالَ رَسُولُ اللَّهِ صَلى اللهُ عليه وسلّم: «لَا تَزُولُ قَدَمَا عَبْدٍ يَوْمَ الْقِيَامَةِ حَتَّى يُسْأَلَ عَنْ عُمُرِهِ فِيمَا أَفْنَاهُ وَعَنْ عِلْمِهِ فِيمَ فَعَلَ وَعَنْ مَالِهِ مِنْ أَيْنَ اكْتَسَبَهُ وَفِيمَ أَنْفَقَهُ وَعَنْ جِسْمِهِ فِيمَ أَبْلَاهُ» {رواه الترمذي: 2417}

Алланын элчиси (ага Алланын салават-саламдары болсун) айтты:
“Кыямат күнү пенде өмүрүн кайда өткөргөндүгү, алган илимине эмне амал кылгандыгы, мал-мүлкүн кайдан таап, каякка сарптагындыгы жана денесин кайда чириткендиги (каарыткандыгы) жөнүндө суралмайынча эки буту ордунан жылбайт” (Тирмизий: 2417)

Инсандын руханий садакасыз (Алла Тааланы эскерүү сыяктуу) же материалдык садакасыз (нафака[1], белек берген сыяктуу) өткөргөн ар бир күнү анын зыянына күбө болот. Момун пенде мал-мүлкүн Алла Таала жолунда сарптайт жана башкаларды да ага үндөйт. Ал эми, каапыр болсо, сараңдык кылат жана башкаларды да сараңдыкка буюрат.

قال تعالى: }إِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ مَنْ كَانَ مُخْتَالًا فَخُورًا الَّذِينَ يَبْخَلُونَ وَيَأْمُرُونَ النَّاسَ بِالْبُخْلِ وَيَكْتُمُونَ مَا آَتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ وَأَعْتَدْنَا لِلْكَافِرِينَ عَذَابًا مُهِينًا{ {النساء: 36-37}

Алла Таала айтты:
“Алла Таала текебер, мактанчаак адамдарды сүйбөйт. Алар өздөрү да сараңдык кылышат, адамдарды да сараңдыкка буюрушат жана Алла Таала Өз пазилетинен берген нээматтарды (адамдардан) жашырат. Биз мындай каапырларга кор кылуучу азапты даярдап койгонбуз” (Ниса: 36-37)

Ошондуктан мусулман бир тууганым сени Алла Тааладан алыстатып, шайтанга жакындата турган бул жаман сапаттан алыс (сак) бол!
Даярдаган: “Үммөт медиа” жамааты..✍️*

Бизге катталыңыз!☟︎

🕋ҮММӨТ МЕДИА🕋
━━━━━━━━━━━━━━
📍 instagram.com/ummot_media
📍 t.me/ummot_media
📍 youtube.com/c/UmmotMedia
📍 tiktok.com/@ummot_media
🥏WhatsApp⤵️
📍 wa.me/996505592222

2 weeks, 3 days ago
𝐒𝐔𝐍𝐍𝐎𝐓 𝐌𝐄𝐃𝐈𝐀
We recommend to visit

Diydor shirin kanaliga xush kelibsiz?

Bizning kanalda chiroyli mavzular bor?

Telegram Tarmog'ida Yagona Yo'nalish??

Diydor Shirin Mehrli va sogʻinchli kanal doimo sizlar bilan birga?

Reklama Uchun: ? @Habibulo ?‍?

Kanal sotilmaydi!

Last updated 1 month, 3 weeks ago

Бахт-оиладан бошланади. 👨‍👩‍👧‍👧
Аллоҳ барча оилаларни паноҳида асрасин❤️🥰

🔎Оила мавзусидаги ҳар қандай маълумот, ведио ва фактларни ўзида жамлаган канал

Мурожаат учун: @BaxtliOilam1

Last updated 3 weeks, 4 days ago

Бизнинг каналдан топишингиз мумкин!?

• Маноли видео марузалар
• Ибратли ҳикоялар
• Қалбларни титратадиган марузалар

Реклама учун: @Malikaadminka2

Last updated 1 month, 4 weeks ago