Infinite Entertainment, Zero Cost: Get Your Free Books, Music, and Videos Today!

ОКУРМАНЫММ📖📚

Description
Ассаламу алейкум аманбызбы, окурманым.
Сиздер:Диний, мотивациялык, руханий, китептерди.
Аудио жана пдф форматын табасыз.
Advertising
We recommend to visit

❤️‍🔥 Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz 🎶

❤️‍🔥 Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda 🎶

Reklama uchun: @T1MoTel_23

Last updated 1 month, 3 weeks ago

Для рекламы 👉 @Reklama_admini_massaj

❗Реклама бершда етиборли бўлинг Номер Расм Масаж турларн ту‌ғр бернг

❗Begonalarga 1ch tulov qilmang

❗Sog'lgz ozzga muhm bulsa sfatli VA toza masaj olng

❗МАССАЖ СПА ЛАРИ ФАҚАТ ТОШКЕНТ ШАХАРДА

Last updated 3 weeks, 6 days ago

2 months ago
2 months ago

— Аялдын акылына теңелбегин,
Аялды түшүнбөйсүң кылымдарда.
Жөн гана ууртуңдан жылмайып кой,
Аялды сүйүү керек кылымдарга.

Рустам Абилов
📚Каректен аккан көз жаш 📚

2 months ago

— Хамза сен билесиңби күйөөсү үчүн эң берекелүү аял кайсы аял экенин ?
— Жок билбейт экем.
— Анда ук. Күйөөсү үчүн эң берекелүү аял, калыңы жеңил болгону жана кулк мүнөзү жакшы аял.

Рустам Абилов
📚Каректен аккан көз жаш📚

🤫мен бул китеп менен ооруп калгам🫢

2 months ago

Бул китептен көп нерсени үйрөнүүгө болот.
Албетте түшүнгөн инсандарга.
Тагыраак айтканда бул чоңдорго жомок

2 months, 1 week ago

Бүгүн бир нерсени ойлосоң дароо аткарып көр.
Эртеңкиге калтырсан ал жөн гана ой болуп калып кетет.
Унутасын!

2 months, 1 week ago
2 months, 1 week ago

откуда ты****

2 months, 2 weeks ago

Өзүбүздү кантип тааныйбыз?

Алгач өзүңүзгө жакпаган жана жаккан сапаттарыңызды жазып чыгыңыз. Жок, сизге жакпагандарын гана жазыңыз жакканы өзү чыгат.

Мисалы, мен кекчилмин. Негизи көңүлүмдү ооруткан адамдарды унутпайм, бирок мага жакшылык кылгандарды да унутпайм.
Кээ бир жерлерге кечигип барам, бирок кимдир бирөөгө бир буюм же акча берсем, же мага карыз болсо ошону кечирээк алганга аракет кылам.

Бат ачууланам, аябай таарынчаакмын. Бирок ошол эле учурда бирөөлөрдү да бат жакшы көрөм, мага кылган кичинекей жакшылыгына деле жүрөгүм жылып калат.

Бир нерсе жакпаса дароо айтып салам. Көрсө, бир нерсе же бирөө жакса да дароо айта алат экенмин.

Демек, чынында мен өзгөрткүм келген сапаттар, мен жаман деп эсептеген тараптарымдын экинчи жагы, жакшы жагы да бар. Сизде дагы ошондой. Ал сизде кайсы бир окуялардан, адамдардан улам калыптанган болушу мүмкүн.

Эми сиздин жаман сапатыңыз жок болуп кетиши мүмкүнбү? Жок, анда экинчи жакшы сапаттарыңыз дагы жок болуп кетет да. Эмоционалдык ресурс бир эле. Бардык нерсенин эки тарабы бар. Бар нерсе жок болуп кетпейт да.

Мисалы, картайган адамдар мурда жакшы болуп жүрүп эле, кийин башкача характерлерин көрсөтүп калат ко. Себеби ал сапаттар жок болуп кеткен эмес. Биз өмүр бою жаман сапаттарыбыздын үстүнөн иштеп, жалаң жакшы сапаттарыбызды көрсөткөнгө аракет кылышыбыз керек. Өзгөрүү деген ушул, жаман сапаттар жок болбойт, болгону биз өзүбүздүн үстүбүздөн иштеп турганда формасын гана алмаштырат. Качан өнүкпөй калганда, кайра эле ошол сапаттарыбыз чыгып калышы мүмкүн.

Ошондуктан сиз өзгөрөм деп ар ким кылган нерселерди кылбай эле, өзүңүздү кабыл алыңыз, тааныңыз. Машинаңыз бузулуп жатканын анын үнүнөн эле билесиз го. Өзүңүздү таанысаңыз эле сиз деле “бузулуп” кетүүнүн алдын ала аласыз.

✍️ Ширин Маратовна.

2 months, 2 weeks ago

Жашоосун, өзүн жакшы жакка өзгөртүүнү каалагандар үчүн…

Ушул сөздү көп угам. Баарыбыз эле жакшы адам болуп, жакшы жакка өзгөргүбүз келет да. Анан бул үчүн ар кандай китептерди окуйбуз, курстарга катышабыз, чөйрөбүздү алмаштырабыз же психологго барышыбыз мүмкүн. Баса, Инстаграмдагы ар кандай мотивациялык видеолорду сактап, ошол видеонун авторлору туура айтып жаткандай кабыл алабыз.

Мен дагы эки жылдан бери өзгөргөнгө, “жакшы адам” болууга аракет кылып, катышпаган психологиялык сабактар, тренинг, курстар калган жок окшойт🤣. Анан өзгөрдүмбү? Жок.

Кеп, курстарда, кооз сөздөрдө эмес, болгон нерселерди кабыл алганда башталат экен. Эң алгач, ата-энемди, алардын тандоолору менен тагдырын кабыл алып, аларды сыйлагандан башталды. Андан кийин өзүмдү, кебетемди, характеримди, башымдан өткөн окуяларды, жашоомдогу адамдарды, кылган катачылыктарымды, чөйрөмдү кабыл алганда өзгөрө баштаганымды байкадым.

Баары Кудайдын каалоосу менен болорун, буга чейин болгон окуялар, адамдар, жумуштар, таанышуулар өз убагында, ошондой шартта болгонун кабыл алдым. Жана чөйрөм, туугандарым, досторум, кесибим, улам алмаштырган жумуштарым дагы ошондой болуш керек Болгону үчүн болду, мен үчүн пайдалуу болгону үчүн болуп жатат. Эч кимдин тагдыры, башынан өткөн окуялары, чөйрөсү, ою дагы меникине окшош болбошу керек, болууга да милдеттүү эмес.

Сиздин жакшы жакка өзгөрүшүңүзгө, өзүңүздү таанууга салыштыруулар, мурдагы травмаларыңыз, ата-энеңизге болгон таарынычыңыз гана тоскоолдук кылат. Биринчи Кудайды таанысаңыз, анан сөзсүз өзүңүздү тааныйсыз. Өзүн тааныган адам гана өзгөрө алат.

Болбосо, өзүң жакшы билбеген адамды миң тренер, психолог дагы тааный албайт, өзгөртпөйт. Сиз өзүңүздү өзүңүз гана өзгөртө аласыз.

(Кийинкиде кантип өзүн тааныса болорун жазам)

✍️ Ширин Маратовна.

2 months, 2 weeks ago
We recommend to visit

❤️‍🔥 Eng sara yangi trend qoʻshiqlarni siz uchun taqdim etamiz 🎶

❤️‍🔥 Barcha qoʻshiqlar original va pechatsiz holatda 🎶

Reklama uchun: @T1MoTel_23

Last updated 1 month, 3 weeks ago

Для рекламы 👉 @Reklama_admini_massaj

❗Реклама бершда етиборли бўлинг Номер Расм Масаж турларн ту‌ғр бернг

❗Begonalarga 1ch tulov qilmang

❗Sog'lgz ozzga muhm bulsa sfatli VA toza masaj olng

❗МАССАЖ СПА ЛАРИ ФАҚАТ ТОШКЕНТ ШАХАРДА

Last updated 3 weeks, 6 days ago