Unlock a World of Free Content: Books, Music, Videos & More Await!

ТИЛМЕЧ

Description
Advertising
We recommend to visit

✅ Квартира Ижарага бериш

♻️ Хар куни янги эълонлар

🇺🇿 Эълон бериш ПУЛЛИК!
🇷🇺 Размещение объявления ПЛАТНОЕ!

✅ Админ 👉 @Kvartira_Adminuz

⏲ Иш вақти: 24/7

Спамлар учун:
https://t.me/+bVVd_k1NI-pjYTEy

Last updated 3 weeks, 6 days ago

Коллеги, давайте асапом, у нас горят сроки.

Сотрудничество: @NeuroNeron

Рекламодателям: bit.ly/n1ab8p

Last updated 6 days, 9 hours ago

по поводу рекламы: @mmnxx77
ваши идеи: @hadostlar_bot

Last updated 2 weeks, 5 days ago

1 week, 1 day ago
1 week, 4 days ago

🔴 ЖЫЛ ИЧИНДЕГИ ЭҢ ЫЙЫК ОН КҮН КЕЛДИ

Зулхижжанын баштапкы он күнү жыл ичиндеги эң берекелүү жана ыйык күндөр. Аллах таала бул күндөрдүн урматына Куранда ант берип мындай деп айткан:

«Таңга ант. Он түнгө ант». (Фажр сүрөөсү, 1-2-аяттар)

Абдуллах ибну Аббас, радыяллаху анхума, бул аятта айтылган он түн деген сөздү Зулхижжанын он күнү деп тафсирлеген. 

Күндөрдүн биринде пайгамбарыбыз ﷺ сахабалар менен олтурганда мындай деп айтты:

«Башка күндөргө караганда мына бул Зулхижжа айынын баштапкы он күнүндө кылынган жакшылык иштер Аллах үчүн эң сүйүктүү». Сахабалар: «Аллах жолунда согушуудан да сүйүктүүбү?» – деп сураганда, ал айтты: «Ооба, Аллах жолунда согушуудан да сүйүктүү. Бирок өз жаны жана мал-мүлкү менен Аллах жолуна чыгып, кийин кайра кайтып келбеген адамдыкы гана сооптуураак». (Сахих Бухари)

Андыктан ар бир мусулман ушул күндөрү көптөгөн ибадаттарды кылууга аракеттенүүсү керек. Мисалы, намаз окуу, Куран окуу, зикир чалуу, истигфар айтуу, туугандык мамилени бекемдөө, садака берүү ж.б.

Бул күндөрү кылынган ибадаттардын эң жакшысы – орозо тутуу. Анткени пайгамбарыбыз ﷺ да ушул күндөрү орозо кармаган. Бул туурасында пайгамбарыбыздын ﷺ кээ бир аялдары мындай деп айтышкан: 
«Аллахтын элчиси ﷺ Зулхижжанын баштапкы тогуз күнүндө орозо кармачы». (Абу Дауд)

Ошондой эле Арафат күнү тутулган орозо тууралуу да мындай деп айткан:

«Арафат күндүн орозосу өткөн жана келерки жылдагы күнөөлөрдүн кечирилишине себеп болот деп Аллахтан үмүт кыламын». (Сахих Муслим)

⚠️ ЭСКЕРТҮҮ:

Быйыл 2024-жылы Зулхижжа айы 7-июнда башталат.

ТИЛМЕЧ | Эрланбек Кушчубек уулу

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз

1 week, 4 days ago

❏ СУРОО:

Айт күнү курмандык чалам деген адамга чачын жана тырмагын алганга болбойбу? Бул анын аялы, бала-чакасына да тийиштүүбү?

❏ ЖООП:

Курман Айтта мал соём деген адамга чачын, тырмагын жана денесиндеги (б.а. колтуктагы, жыныс мүчөлөрдүн айланасындагы) түктөрдү алууга болбойт. Андыктан мал соём деген адам Зулхижжа айы кире электен алдын чачын, тырмагын жана денесиндеги түктөрүн алып тазалануусу зарыл. Умму Салама риваят кылган хадисте Аллахтын элчиси ﷺ айткан:

«Кимде-ким курмандыкка мал соё турган болсо, анда Зулхижжа айы жаңыргандан баштап курмандык чалганга чейин чачын кыркпасын жана тырмактарын албасын». (Сахих Муслим, 1977)

Бул өкүм курмандык чалган адамдын жеке өзүнө гана тийиштүү, анын аялы, бала-чакасына тийиштүү эмес. Ал эми ким чачын же тырмагын билбестен алып алган болсо, анда сойгон курмандыгынын сообу азайбайт жана күнөө болбойт. Ханафи мазхабы боюнча Айтка чейин чач менен тырмак албастан кечиктиргени мустахаб деп айтылган.

Курмандык чалган адамга чачы менен тырмагын албасын деген буйруктун негизги сыры – курмандык чалган адам ажылык кылган адамга окшош ибадаттарды кылуусу, мисалы, ажылыкка барган адам курмандык соёт, ошондой эле ал ажылыкта ихрам кийгенден баштап ага чачын, тырмагын, денесиндеги түктөрүн алууга тыюу салынган. Ошол сыяктуу курмандык чалган адам да ушул ибадаттарды кылуу менен ажылык кылган адамга окшошот, аларды аткаруу менен Аллахка жакындайт.

⚠️ ЭСКЕРТҮҮ:

Быйыл 2024\-жылы Зулхижжа айы 7\-июнда башталат.

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

*💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз*

2 weeks, 1 day ago

​​🔴 БАЛАГА АКЫЙКА КЫЛУУНУН ӨКҮМҮ

Акыйка – бул Аллах Таалага шүгүр кылуу максатында жаңы төрөлгөн баланын атынан жандык союу. Акыйка кылуунун төрөлгөн балага да, анын ата-энесине да чоң пайдасы бар. Акыйка кылуу менен бала шайтандын азгырыгынан амандыкта болот. Ал эми баланын ата-энеси акыйка кылып элге садака бергендиги үчүн акыретте көптөгөн сооп-сыйлыктарга ээ болот. А бул дүйнөдө болсо элдерден жакшы бата-тилектерди алат. Садака бергендигинин себебинен ар түрдүү кырсык балээлерден алыс болот.

📌 АКЫЙКА КЫЛУУНУН ӨКҮМҮ

Бала төрөлгөндө жандык союп акыйка кылуунун­ өкүмү шариятта сүннөт иштерден болуп са­налат. Ошондуктан сүннөттү аткарып, төрөлгөн ар бир балага калтырбай акыйка кылуу жакшы иштерден. Уул балага эки кой, ал эми кыз балага бир кой союлат. Эки кой союуга мүмкүнчүлүгү жетпесе, анда уул бала үчүн бир кой союп койсо жетиштүү болот. Эң башкысы, максат кылынган акыйка кылуу амалы аткарылды. Самурат ибну Жундуб, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте, Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Бала өз акыйкасына байланган. Аны бошот­уу үчүн жетинчи күнү ага атап жандык ­союлуп акыйка кылынат жана ага ат коюлуп, чачы алынат». (Насаи)

Аиша, радыяллаху анха, риваят кылат:
«Аллахтын элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, уул бала үчүн эки кой, кыз бала үчүн бир кой союп акыйка кылууга бизди буйруган». (Ибну Маажах)

Эгерде мурда балага ата-энеси акыйка кылбаган болсо, анда ал бала чоңойгондо өзүнүн атынан өзү акыйка кылса да болот. Анас ибну Малик, радыяллаху анху, риваят кылып айтат:
«Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, пайгамбар болгондон кийин өзүнүн атынан өзү акыйка кылган». ("Ас-Сильсилат ас-Сахиха", Абдурраззак)

Хасан аль­-Басри, рахимахуллах, айтат: «Эгерде сага акыйка кылынбаган болсо, анда сен өзүңдүн атыңдан өзүң акыйка кыл». ("ас-Сильсилат ас-Сахиха")

Акыйка кылуу үчүн жандыкты союп жатканда Аллахым бул жандыкты сен үчүн баланчанын уулу баланчанын атынан деп жүрөгүнөн ниет кылып: “Бисмиллахи, Аллаху Акбар” – деп мууздайт.
Акыйка кылуу – кой, эчки, уй жана төө сыяктуу жандыктардын бирин союу менен аткарылат. Кой менен эчки бир жашка толгон болуусу керек. Эгерде кой семиз жана чоң болсо, жарым жашка толсо да жарай берет. Эчки бир жаштан өткөндө, уй экиден үчкө өткөндө, төө төрттөн бешке өткөндө сойгонго жарактуу болуп эсептелет. Ал жандыктар ургаачыбы же эркекпи айырмасы жок, баары тең акыйкага сойгонго жарай берет. Эң негизгиси, акыйкага аталган жандыктын дене-мүчөлөрү бүтүн жана оорукчан болбошу шарт. Көзү көр, чолок, мүйүзү түбүнөн сынган, кулагы түбүнөн кесилген, өзү баса албай тургандай арыктаган, араңжан жандыктар акыйкага жарабайт.

Кыскасын айтканда, курмандык кылууга кандай жандыктар жараса, акыйка кылууга да ошондой жандыкты сойсо жарайт.

Акыйкага союлган жандыктын этин садака кылса болот, же ал этти бышырып тууган-урук, кошуна-колоңдор жана жоро-жолдошторду чакырып меймандаса да болот. Бир бөлүгүн кийин өз үй-бүлөсү менен жегенге сактап койсо да болот.

📌 АКЫЙКА КЫЛУУНУН УБАКТЫСЫ

Наристе төрөлгөндөн кийин жетинчи күнү жандык союлуп, акыйка кылынат. Эгерде жетинчи күнү соё албай калса, анда он төртүнчү күнү союп койсо болот. А эгерде он төртүнчү күнү да сойгонго үлгүрбөй калса, анда жыйырма биринчи күнү, анда да соё албай калса, анда мүмкүнчүлүк болгон күнү союп койсо жарай берет. Бурайда, радыялла­ху анху, риваят кылган хадисте пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты:
«Акыйка кылууга даярдалган жандык жетинчи күнү, же он төртүнчү күнү, же болбосо жыйырма биринчи күнү союлат». (Байхаки, "Сахих Ал-Жаамиь")

═════════
➤➤ https://t.me/tilmech
➤➤ https://t.me/tilmech

*💌 Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз*

[​​](https://telegra.ph/file/b1e2fd33072b22e298c7c.jpg)***🔴*** **БАЛАГА АКЫЙКА КЫЛУУНУН ӨКҮМҮ**
2 weeks, 2 days ago
2 weeks, 3 days ago
2 months, 2 weeks ago

🎞 КАДЫР ТҮНДҮ КАЙСЫ ТҮНҮ ТОСУУ КЕРЕК? (ПАЙДАЛУУ САБАК)
Чубак ажы Жалилов

https://youtu.be/RoQBvo8yo2Y?si=1EDuv6eUTFhRy6X9

YouTube

КАДЫР ТҮНДҮ КАЙСЫ ТҮНҮ ТОСУУ КЕРЕК?Чубак ажы Жалилов

2 months, 2 weeks ago
2 months, 2 weeks ago
***⚠️*** **Бүгүн (1-апрель) ооз ачкандан кийин …

⚠️ Бүгүн (1-апрель) ооз ачкандан кийин Рамазан айынын 23-түнү башталат.
Аллахтын элчиси ﷺ айтты: «Кадыр түндү Рамазандын акыркы он түнүнүн так түндөрүнөн издегиле». (Сахих Бухари)

‼️ КАДЫР ТҮНҮ:

• Намаз окуңуз
• Куран окуңуз
• Дуба кылыңыз
• Зикир сөздөрүн айтыныз

➤➤ https://t.me/tilmech

2 months, 3 weeks ago
**Рамазан** дуба-тилектер кабыл кылынуучу ай. Бул …

Рамазан дуба-тилектер кабыл кылынуучу ай. Бул улуу айда дуба кылууну унутпаңыз. Айрыкча ооз ачуу убактысында кылынган дуба сөзсүз кабыл кылынат.

➤➤ https://t.me/tilmech

We recommend to visit

✅ Квартира Ижарага бериш

♻️ Хар куни янги эълонлар

🇺🇿 Эълон бериш ПУЛЛИК!
🇷🇺 Размещение объявления ПЛАТНОЕ!

✅ Админ 👉 @Kvartira_Adminuz

⏲ Иш вақти: 24/7

Спамлар учун:
https://t.me/+bVVd_k1NI-pjYTEy

Last updated 3 weeks, 6 days ago

Коллеги, давайте асапом, у нас горят сроки.

Сотрудничество: @NeuroNeron

Рекламодателям: bit.ly/n1ab8p

Last updated 6 days, 9 hours ago

по поводу рекламы: @mmnxx77
ваши идеи: @hadostlar_bot

Last updated 2 weeks, 5 days ago