Unlock a World of Free Content: Books, Music, Videos & More Await!

ПолитКлиника медиа

Description
ПолитКлиника - такталган гана маалыматтар!
Advertising
We recommend to visit

Hello, World!

Last updated 1 month ago

- пранк учун расм видеолар
- сториес учун расм видеолар


по поводу рекламы - @prankdareklama

https://t.me/boost/prank_rasmlarr

Last updated 1 month ago

✅ “Namangan Uylari” Ҳақиқий телеграм каналидасиз

👨‍💻Мурожаат учун: @Uyjoy_agenti
902225646

👉 youtube.com/@Namangan_Uylari
👉 Instagram.com/NamanganUylari
👉 tiktok.com/@namangan_uylar

🏡 Намангандаги кўплаб уйлар бизнинг каналимизда

Last updated 1 month, 3 weeks ago

2 days, 13 hours ago

‼️Абактан кат: Актилек Капаров өз өмүрү, ден соолугу үчүн жооптууларды атады   “Темиров лайф” жана “Айт-айт-десе” долбоорлорунун мурдагы кызматкери, абакта жаткан Актилек Капаров абактан кат жазды. Андагы катында Актилек Капаров беш айдан бери күнөөсүз абакта…

2 days, 14 hours ago

*‼️Президент тигүү цехтери, курулуш компаниялары токтой баштаганын айтып, жумушка чакырды*

Садыр Жапаров акыркы убактарда жумушчу күчү жетишпегендиктен тигүү цехтери, курулуш компаниялары токтой баштаганын Фейсбук баракчасында айтып, жарандарды эмгек министрлигине кайрылып, жумушка орношууга чакырды.

-Өлкө боюнча жумушчу күчү жетишпей жатат. Акыркы эки жылдан бери активдүү иштеп баштаган тигүү цехтери, курулуш компаниялары, ж.б. токтой баштады, -деди Садыр Жапаров.

“Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүшүбүздү суранышууда”.

Ошондуктан ушундай кайрылуу кылууга туура келди. Кимде ким жумуш таппай жүргөн болсо, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылыңыздар. Алар сиздерге жумуш сунуштайт. Эмгек акылардын көлөмү 20 -30 миң сом (иш жөндөмүнө жана  көлөмүнө жараша мындан да жогору болот). Иш боюнча суроолоруңуздарга эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин тийиштүү адистери жооп берет.
Булар тууралуу президент Фейсбук баракчасында маалымдады.

@politklinika

2 days, 16 hours ago

*⚡️Ысык-Көлдө чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды*

Бүгүн, 30-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көлдө чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.  
Мыйзам долбоорунун толук аталышы — “Ысык-Көл” экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” .  

Демилгечилер – Жогорку Кеңештин депутаттары Балбак Түлөбаев, Эльмурза Сатыбалдиев, Бактыбек Сыдыков.  
Экинчи окуудагы мыйзам долбоорун агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Аманкан Кенжебаев тааныштырды.

Мыйзам долбоорунда чет өлкөлүк жактарга рекреациялык объекттерге менчик укугун жана пайдаланууга берүү менен байланышкан түзөтүүлөрдү киргизүү сунушталууда.  
Талкууда депутаттар Султанбай Айжигитов, Гуля Кожокулова мыйзам долбоорундагы рекреациялык аймактардын тизмесин тактоо, алардын катарынан жер аянттарын алып салуу сунуштарын айтышты.  Демилгечи депутаттардын бири Эльмурза Сатыбалдиев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты рекреациялык аймактарда мурда салынып калган обьекттерди чет элдиктерге сатууга уруксат берүү. 

Депутат Жаныбек Кыдыкбаев мыйзам долбоорун колдоого алып, ал туризм тармагына инвестиция тартууга жол ачарын белгиледи. Эл өкүлү Дастан Жумабеков жер участокторун чет өлкөнүн жарандарына менчикке берүүгө тыюу салган конституциядагы норманы эске салып, мыйзамдардагы терминдерге так түшүндүрмө берүү жагдайын айтты. 

@politklinika

1 week, 2 days ago
1 week, 2 days ago
1 week, 2 days ago

*Кара магия, көзү ачыктык менен алектенгендерге каршы мыйзам долбоору ЖКда экинчи окууда кабыл алынды*Бүгүн, 23-майда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көзү ачыктык, кара магия, мистика менен алектенгендерге каршы, «Жарнама тууралуу мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору экинчи окууда каралууда.

Мыйзам демилгечилери депутаттар Марлен Маматалиев, Бактыбек Чойбеков, Таалайбек Масабиров, Айбек Маткеримов, Алишер Козуев, Ырысбек Атажанов, Улан Бакасов, Карим Ханджеза, Айбек Алтынбеков, Русланбек Жакышов, Сүйүнбек Өмүрзаков, Тазабек Икрамов, Жалолидин Нурбаев, Чынгыз Ажибаев, Алишер Эрбаев, Элдар Абакиров, Талант Мамытов, Шарапаткан Мажитова, Балбак Түлөбаев, Лейла Лурова, Мурадил Сыдыков, Эрулан Кокулов, Бакыт Тентишев, Исатбек кызы Аида, Камила Талиева.

Мыйзамды “Ата журт-Кыргызстан” фракциясынан Жылдыз Садырбаева алып чыкты.

Депутат Элвира Сурабалдиева мыйзам долбоору эмне жөнүндө болуп жаткандыгына, кимдер бул категорияга кирээрине кызыкты.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири Марлен Маматалиев алдоо фактылары көп катталып жаткандыгын, көзү ачыктыгын көрсөтүп, жарнамалап, жеке баюу максатында элди алдап жаткандарга күрөш жарыялаш керектигин белгиледи.

@politklinika

2 weeks, 2 days ago

*‼️Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт*Эртең, 17-майда Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Мунициалитеттен билдиришкендей, саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү аймактарда суу болбойт:

— Аламүдүн суусу – темир жол тилкеси – 7-Апрель – Салиева көчөлөрү.

— Фрунзе – Курманжан Датка – Шабдан Баатыр – Лермонтов көчөлөрү.

— Лермонтов көчөсүнүн батыш тарабы Шабдан Баатыр проспектисинен тартып Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү.

Суу шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, калкты жана уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алууга чакырат.

@politklinika

2 weeks, 2 days ago
2 weeks, 2 days ago

*⚡️*‼️Кыргызстанда уран иштетүүгө уруксат берүү сунушталган мыйзам долбоору парламентке түштү

Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү сунушталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке** түштү.
Министрлер кабинети сунуштаган долбоордо 2019-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө» мыйзамды жокко чыгаруу сунушталат. Мындан сырткары «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү камтыйт.
Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп,  Кызыл-Омпол кенин мамлекет иштетүүнү пландап жатканын айткан.  Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

2019-жылдын жазында «Кыргызстандагы ЮрАзия» деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразылык чыккан. Мындан кийин, ошол эле жылдын декабрында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

3 weeks, 3 days ago

*УКМК интернетке тараган алтын боюнча видео боюнча билдирүү таратты*«Интернет социалдык түйүндөрүндө алтын куймалары бар кандайдыр бир жүк тууралуу чагымчыл видео таралып, анда белгисиз адам алар Кыргыз Республикасынын саясий жетекчилиги менен туугандык байланышы бар адамдарга таандык экенин белгилеген.
Ошол эле учурда, колдо болгон маалыматтар боюнча, бул чагымчыл видеотасманы даярдоого республиканын чегинен тышкары жүргөн, аларга карата мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон айрым жарандар тартылган.

УКМК азыркы учурда деструктивдүү күчтөр социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратууга багытталган максаттуу маалыматтык иштерди жүргүзүп жатканын, анын максаты Кыргыз Республикасында жетекчиликти каралоо жана коомдук саясий терс пикирди жаратуу экенин белгилейт. Деструктивдүү күчтөрдүн мындай аракеттери республиканын стабилдүүлүгүнө жана прогрессивдүү өнүгүүсүнө потенциалдуу коркунуч туудурат, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн», — деп айтылат билдирүүдө.

УКМК жарыяланган маалымат чындыкка дал келбей турганын, интернет колдонуучуларды бул факты боюнча чагымчыл сөздөрдү таркатпоого чакырат. Ошондой эле атайылап жалган маалымат тараткандыгы үчүн каралган кылмыш жоопкерчилигин эскертет.

@politklinika

We recommend to visit

Hello, World!

Last updated 1 month ago

- пранк учун расм видеолар
- сториес учун расм видеолар


по поводу рекламы - @prankdareklama

https://t.me/boost/prank_rasmlarr

Last updated 1 month ago

✅ “Namangan Uylari” Ҳақиқий телеграм каналидасиз

👨‍💻Мурожаат учун: @Uyjoy_agenti
902225646

👉 youtube.com/@Namangan_Uylari
👉 Instagram.com/NamanganUylari
👉 tiktok.com/@namangan_uylar

🏡 Намангандаги кўплаб уйлар бизнинг каналимизда

Last updated 1 month, 3 weeks ago